Айпери Кубик кызы: "КАЗАКТАР МЕНЕН ИШТЕШҮҮДӨН КОРКТУМ"

№755 21-27-апрель, 2017-ж.

– Айпери, акыркы жолу былтыр маектешкенбиз. Анда төрөттөн уламбы, айтор, өтө арык болчусуң. Азыр бир аз салмак кошуп, келбетиң өз калыбына келип калыптыр...
– Рахмат, чындыгында, баламды төрөгөндөн кийин арыктап, 43 килограмм болуп калгам. Азыр өзүмдү карап, спорт менен машыгып салмак коштум. Эл "диета кармайт" деп ойлошу мүмкүн. Ашказаным ооругандыктан тамаксыз тура албайм. 2 саат сайын тамактанам. Өзүмө деле арыктыгым жагат. Боюмда бар кезде 15 килограмм салмак кошуп кыйналып кеткем.

– Көбүнчө аялдар төрөгөндөн кийин депрессияга түшөт эмеспи. Сенде дагы ошондой болду беле? Ал абалдан кантип чыккансың?
– Былтыркы маектеримди окуп алып "көрсө, нерв болуп жүргөн экенмин" деп ойлоп калам. Депрессияга көбүнчө уйкунун аздыгынан кабылат экенсиң. Биринчи балаң болгонго "Баарын туура кылып жатамбы?" деп кыжалат боло бересиң. Бир убакта иштеп, үйдөгү милдетти аткарып, бала багып кыйналдым. Ошондо ачуум чукул болуп, бирөөнүн сүйлөгөнүнө кыжырым келип беттен алып, таарынчаак да болуп кеткем. Апам "эмне болуп жатасың?" деп көп айта баштады. Өзүмдү сыртымдан карасам, көп нерсени туура эмес кылып жатыптырмын. Жакындарымдан да сындарды угуп, депрессиядан чыгууга аракет кылдым. Буга жол көрсөткөн адам болуш керек, мага апам жардам берди. Кудайга шүгүр, ал күндөр да өттү. Балаң чоңоюп, өзүңдү карап калганда жан дүйнөң тынч алып өз калыбыңа келет экенсиң.

– Жеке жашоого байланыштуу ыңгайсыз суроо болушу мүмкүн. Ошентсе да берейин. Сени "ажырашып кетиптир" деген сөздөр айтылууда...
– Жеке жашоом тууралуу азырынча маалымат бербей эле коёюн. Убагы келгенде бул суроого ачык жооп берем.

– Гастролго чыкканда балаңды ким карайт?
– Былтыр гастролго баланы көтөрүп алып, үй-бүлөм менен чыккам. Балам Даян 2 жашка толду, аны караган киши көп. Көбүнчө таята, таенесинде калат. Аларды "ата, апа" дейт. Жаш кезде иштеп, үй салып алайын. Шайлоо маалында иштеп үйлүү болууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок жаңы төрөп, биринчи жолу эне болуп жаткандыктан балама мээримимди төккүм келип сунуштардан баш тарткам.

– Макул, анда кептин нугун чыгармачылыкка буралы. Клиптериң арты-артынан чыгып чыгармачылыгың жанданып баштады. Дагы кандай жаңылыктарың бар?
– Жакында Москвага 3 күнгө концерт коюп келдик. Буюрса, май айында түштүк жергесине гастролго чыгам. 10 күндүк турне Баткенден башталат. Кайрадан талыкпай иштей турган маал келди окшойт. Анткен менен чыгармачылыгым токтоп деле калган эмес. Боюмда бар кезде, төрөгөндөн кийин деле ыр жаздырып жаттым. "Турмушка чыккандан кийин үйдө эле отурбайбы" дегендер болот. Бул жумуш менен нан таап жаткан соң кантип таштайсың? Эсептеп көрсөм, кийинки жылы сахнада жүргөнүмө 10 жыл болот экен.
Шоу чөйрөнүн өкүлү бир калыпта жүрө берсе элди тажатып жиберет. Ошондуктан өзгөрүп туруубуз абзел. Мен ар кайсы тараптан өзүмдү сынап көргүм келет. Эл "бул өзүн таппай эле ар кандай боло берет" деп ойлошу мүмкүн. Албетте, өзгөрүүнүн да чеги болот.
Мен өтө ачык кийинбейм, ага башынан эле каршымын. Өткөндө сиздердин гезиттин биринчи бетине ийини ачык көйнөк кийип чыкканым үчүн катуу сынга кабылдым. Шоу чөйрөнүн, деги эле азыркы заманбап кыздардын көбү кыска, ачык кийинип жүрүшөт. Элге болсо меники эле көрүнүп калганына таң калам. Бир чети сүйүндүм "жабык кийинип жүрүп күйөрмандарымды көндүрүп койгон турбаймынбы" деп.

– Сен унаа айдап баратып ырдап, бийлеген видео социалдык тармактарда талкууга алынды. Бул жол эрежесин бузууга жатат да...
– "Папито" деген ырды аябай жакшы көргөндүктөн берилүү менен ырдап жатканымды дос кызым тартып алган. Мындай жорук өзүмдүн да, башка бирөөнүн да өмүрүнө кооптуу. Бирок мен унааны абайлап башкардым. Видео интернетке жайылып, мени "сендейлердин айынан канча адам каза болуп жатат" деп каргап жатып калышты. Сайттардын бири "Эмне үчүн рулда баратып коопсуздук курун тагынган жоксуз? Жол эрежесин бузганыңыз үчүн айып пул төлөңүз, муну эл талап кылып жатат" деп чалышты. Мен "мамлекетке ушунчалык зарыл болсо төлөгөнгө даярмын" десем ошол боюнча чалбай калышты.

– Кийин бул ырды жаздырып ырдап да чыктың?
– Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын солисти болуп иштейм. Ал жакка араб улутундагы делегация келер алдында атайын араб тилиндеги популярдуу ырларды попурри кылып "Папитону" кошуп жаздыргам. Соцтармактагы баракчама жүктөп койсом, казактардан күйөрмандар пайда болду, иштешүү боюнча сунуш түштү. Жакшы сунуш, жакшы акча. Бирок тааныбаган адамдар менен иштешүүдөн корктум.

– Интернеттеги баракчаңа сүрөт же видео жүктөп "мени жаман көргөндөр, эми каргагыла" деп жазып каласың. Сага карата негатив жазгандар көппү?
– Мен аны какшыктап жазам. Канымда атамдан өткөн чагып алмай жайым бар да (күлүп). Видео киргизсем эле каргай беришет. Бирок жакшы сөз айткандар да аз эмес. Комментарийлерди окуй берип элдин түшүнүгүн билип калдым. Сүрөт киргизип жатып "азыр ушул жериме асылат" деп ошону жазып коём. Элдин сынын туура кабыл алам. "Кара тизмеге" чектен ашып сөккөндөрдү, туура эмес маалымат жазгандарды киргизем. "Жакпаса чыгып кет, караба!" дебейм. Эл адамы болгондон кийин сындайт да.

– Сени "чоң энедей сүйлөйт" дешет. Бул сөздөр ардантпайбы?
– Ооба, "чоң энедей, көптү көргөн аялдай сүйлөйт" дешет (күлүп). Мен аны моюнума алам. Мактангандай болбоюн, эми акылым жетип турса, көз карашым ошондой болсо күнөөлүү эмесмин да. Мен атайын даярданып сүйлөбөйм да. Мектептен эле ошондой болчумун. Китеп көп окугам, сөз байлыгымды кеңейткем. Макал айтуу боюнча мектептин чемпиону болгом.

– Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик каалайбыз!

"Балам 2 жашта. Мен гастролдо жүргөндө аны таята, таенеси карайт".


Динара Абдыкадырова
Замир Жумабаев
star@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Күйөөң менен ажырашып кеттиңби деп көп сурашат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(58)
24.04.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
24.04.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эки жолду тандай албай жатсан уй булоону танда ооо кетпе сахнадан деп жата калчу фанаттарвн деле жок куйоон оор жигиттей уй булону кармап кал Сен эн биринчи Кыргыз Энесин унутпа
24.04.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчким ажырашпасын
Ылайым жарашып бактылуу болгула уулунар ата эне мээрими мн чонойсун!Айпери уйбулону биринчи орунга кой! Аялдык эненлик бакыт каалайм
24.04.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ажырашканы чын окшойт болбосо жеке жашоом тынч кабатыр болбогула дейт эледа,азырынча айтпайм дегенине караганда
SUPER.KG видео
24.04.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз курагындагыларга салыштырмалуу бир кыйла ойдо турат мололец акылдуу сулуу кыз турмушка чыгып сулуугу дагы да ашты коздору кумар коз жылдыздуу кыз мага жагат озгочо бийлегени бир формада жургону
24.04.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кеебир ообу жок ырсы кыздарыбызга караганда кыйла эле жоноко, токтоо кыз, белгилуу жакшы адамдын кызы, атанын тарбиясын алган кыз, ырчы кыздардан бир гана Айперини баалайм, а калганы жон эле кыйкыра беришетго, же оздору тушунбойт не деп жатканына
24.04.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз кезинде жакшы,адептуу эле ушул кыз
25.04.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шоу чойродо айпери жургондон кийин озун талкуулагыла уй-булосун не кыласынар.
25.04.2017. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сыр болуп турса, жакшы жагына чечилип жолдошун менен жарашып бактылуу болгула.Чымчыктын да уй булоосу бузулбасын.
25.04.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантынды баалайм азаматсын.Жогоруда жазгандарга кошулуп мен да ачык жармашкан кийимдерди кийбоонду каалайт элем.Бийлегенин да озуно туура келбей баратат акыркы убактарда.
25.04.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз
25.04.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откондо сексуалдуу болуп чыгам деп жаткан гго. Эми кайра жабык кийинем деп тушунбойм ушу кызга. А жонокой карапайым аламдын кызы жонокой эле болсо не деп калам. Ушунча асмандап суйлойт. Атасы талаада пияз эгип капуста эгип бизнес кылдым деп журот а кызы болсо ашыкча асманда. Чиновниктин кызы болсо кантет эле. Срочно стилист керек.
27.04.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love.me.again,чыгармачыл адам ар тараптуу болушу керек Айпери аябай акылдуу жонокой карапайым кыз ушунча созду жазгыча озуно бир карап алсан жакшы болмок озубуздун башыбыздагы чопту корбой биронукун коробуз
Медиа-портал
25.04.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бехеси эмне экен кыргызча эле суйлосо болбойбу
25.04.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылыгынызга ийгилик
SUPER.KG видео
26.04.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не баля баля не баля аял болдун Мен сени улгулуу эне Айгеримге караганда ыймандуу эстуу жонокой кыз десем Ишенген кожом сен болсон эми не деймин озуно кел
26.04.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын,келин бала уй-булодогу сырды эч качан элге айтып чыкпаш керек,сыр бойдон кала берсин
27.04.2017. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага дагы жагат Айпери жонокой ачык кийинбейт. Мурунку интервюсун айттыго депрессия болуп жургом деп. Бактылуу болсун.баласы соонун болуп чонойуп калыптыр ))
SUPER.KG видео
27.04.2017. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен уй булолук иштерине аралашкым келбейт. Аккымда да жок. Адам катары кенеш берсем уй булоону сактап Калуу керек. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
28.04.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айпери аябай жонокой кыз.Суйлоо манерасы да жагат.Башкаларга окшоп озун корсотуп мактанып суйлобойт.
Жеке жашшом талкууга алынбайт...азырынча сыр болуп турсун дейби...?бул да ажырашып кеттик дебесе экен.
SUPER.KG видео
28.04.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо дегеле ушул ырчылар мыйзамды сыйлайбы жокпу? Ушул тууралу интервью алгылачы.мисалы Кеңеш тобу,Асел Касымова,Айжамал Кабылова,Айгерим Расул кызы дегеле ремен дегенди тагынышпайт.
Медиа-портал
28.04.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айперинин инстадагы суротторунон бир куйосу менен тушконун эч корбойм.....эми ажырашса ажырашкандыр ырчы онорлук менен ажырашпаса болду.....бирок байкуш баласына кыйын......
28.04.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага ата эне деген ыры аябай жагатда соонун ыр .
29.04.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согунсом туура келбей калат башка создор оюма да келбей атат бул кыз жонундо.
MYRZAA түзөттү 2017-04-29 16:26:33
Медиа-портал
29.04.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аягында итиркейим келди,озунчо чойрондогон эмнеси,чын эле карапайым эле кишилердин кызы акылдуу болсо болмок,атсы чон болсо кандай уыз болмок,
Медиа-портал
30.04.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaza,сынында мен да ошол ойду айткам. Атасы карапайым эле киши. Министр болсо манчыркады дейт элем. Же ... ушунтип не кереги бар мектепти китеп окудум, акылым ошондой деп. Негизи инстада да ущундай коменттер жазылат буга озунду жакшы бил асмандаба деп эч кимге деле жакпайт гл ушу кыз.
30.04.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечее жамандап жазгандар бугун мактап жаза баштадынарбы жаман куусунар силер ар жака оой бересинер ошон учун президент 120 жепжутатынарда озунорго топ келет артисинер воопше оздорун акылдуу сезишет бири ушулбу?!!Биринчи озубузду ондойлу!
30.04.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shailoodo ishtep ui alyp al aika
30.04.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карып кетипсин
кыйынчылык тартканын корунуп турат Ажырашпай бактылуу бол
30.04.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анан аябай мас кишидей суйлопсунго
SUPER.KG видео
30.04.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Демек, ажырашыптыр
02.05.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери эже мен сизди сыйлайм. Аябай жонокой, акылдуу, шар жургон кызсыз. Баары жакшы болот! Бактылуу болунуз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо