ТУҢГУЧТА КАНДУУ ОКУЯ.ЧОҢ ЭНЕСИНИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП АНЫН НЕБЕРЕСИ КАРМАЛДЫ

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

Ушул жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө өз өмүрүнө кол салуу боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районундагы батирлердин биринен 1940-жылы туулган А.Г. аттуу аялдын моюну кесилип, алган жаракатынан улам каза болгон жансыз денесин жана төркү бөлмөдө 1992-жылы туулган анын небереси А.Днын колунун кан тамырлары кесилген абалда жатканын көрүшкөн.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ЖАБЫРКАП ЖҮРГӨН»

Бул окуя тууралуу маалымат алуу максатында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморовго кайрылганыбызда, ал буларды айтып берди:
– Окуя болгон үйдө 77 жаштагы аял, баласы жана небереси болуп жашагандыктан, маркум баласына ошол күнү телефон чалып, небереси өз өмүрүнө кол салам деп коркутуп жатканын билдирген. Ошол замат келген үйдүн ээси эшикти эч ким ачпай жаткандыктан үйдүн эшигин сындырып кирген. Үйдөгү абалды көргөн соң милиция кызматкерлерине кабарлаган. Кылмыш болгон жерди кароо маалында маркумдун небереси тарабынан жазылган кат табылган. Анда "бул жашоодон тажадым, кечирип койгула, кылган ишимди атама айтпагыла" деп жазылган. Колун жана моюнун кескен маркумдун небересине медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Улуттук госпиталга жеткирилген.
Кылмышка шектелип 1992-жылы туулган А.Д. аттуу небереси кармалды. Ал буга чейин психикалык жактан жабыркап, каттоодо турганы аныкталып, кылмыш боюнча соттук медициналык-биологиялык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган. Окуя боюнча Октябрь
РИИБи Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү Бишкек шаардык №1 СИЗОго эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(4)
25.04.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх
25.04.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
А г с г дебей эле жазсанар болбойбу? Кыргызбы орусбу? Тиги суроттогу балабы? Же ал Адыл Оморов дегендин суротубу?
28.04.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А.Г. М.К Л дегендерди окуп тилин сына турган болду чын эле толук атын жазса кайсы улут экенин билип алат элек.Эмнеси болсо да жаман окуя болуптур каза болгон эненин жайы жаннатта болсун.
29.04.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болуп жатат бизге, жаңылыктардын баары олтурду, зордуктады, бычактады...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо