Алмазбек Атамбаев: “АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМ ЭЧ КАЧАН ТҮПТӨЛБӨГӨНДӨЙ КЫЛАБЫЗ”

№388 10-15-апрель, 2010-ж.

Оппозиция лидерлери парламенттин таратылгандыгын жана мамлекеттик функциялардын баарын жаңы түзүлгөн Убактылуу өкмөт аркалай тургандыгын жарыялашты. Мамлекетте болуп жаткан кырдаал жана жаңы бийликтин алдыга койгон пландары тууралуу Убактылуу өкмөттүн вице-премьери Алмазбек Атамбаев “Эркиндик” радиосуна төмөнкүчө маалымдайт.

– Учурда Бишкек шаарындагы кырдаалды ким көзөмөлгө алып жатат?
– Мамлекеттеги кырдаалды толугу менен жаңы түзүлгөн өкмөт колуна алды.
– Сиз кырдаалды өкмөт көзөмөлгө алгандыгын ишенимдүү айтып жатасызбы? Көчөлөрдө талап-тоноочулар тынчтаныштыбы?
– Учурда шаар ичи тынч, бирок кооптонуулар бар. Бакиевдин бандиттери провокация кылышы мүмкүн деп күтүп жатабыз. Себеби шаарга куралданган адамдарын коё беришиптир.
– Алар ким аркылуу шаарга коё берилишкен?
– Митингге чыккан эл Ак үйдүн жанында тынч митингге чогулуп, “Бакиев кетсин!” деген ураандарды айтып жатышкан. Анан элге каршы ок атылды. Снайперлер тарабынан 70тен ашуун адам өлтүрүлдү. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү, куралсыз адамдарга ок атууга буйрук берген, ал буйрукту ишке ашырган адамдардын колунан азыр оңдуу иш келеби?
– “Бул өлүмдөрдүн артында Курманбек Бакиев өзү турат” деп айтууга сизде ишенимдүү далил барбы?
– Бизде Курманбек Бакиев отурган Ак үйдүн чатырынан снайперлер ок аткандыгы тууралуу далилдер бар. Силер кандай ойлойсуңар, аткыла деп аларга ким буйрук бериши мүмкүн?
– Расмий түрдө азырынча Кыргызстандын президенти же эми экс-президент дейбизби, Курманбек Бакиев “Москва жаңырыгы” радиосуна берген маегинде өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп бербесин билдириптир. Чын эле ушундай болсо, оппозициянын иш-аракети кандай болот?
– Андан эч ким “бийликти расмий түрдө өткөзүп бер” деп суранбайт. Кыргыз эли аны канкор деп эсептеп, сот алдында тиешелүү жазасын алсын деп талап кылып жатат. Бүгүн каза тапкандардын миңдеген туугандары келишти. Алар Бакиевдин соттолушун талап кылышууда.
Сиздин оюңузча, кан төгүү менен бийликтин башка колдорго өтүшүн легитимдүү процесс деп айтууга болобу?
– Албетте, мындан ары деле чыдап, унчукпай жашай берүүгө болот болчу. Анда учурдагы режимдин чыныгы жүзүн жашырбай ачык айткандарды өлтүрүп, жоготууну уланта беришмек. Мына, мисалы, журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болду. Ондогон адамдар абакка камалды.
Ар бир эл өз тагдырын өзү тандап алат. Бирок кыргыздар илгертеден эркиндикти сүйгөн, өзүн сыйлаган эл. Эгер бул режим кулатылбай, бийлигин жүргүзө берсе, учурдагыдан да көп адам өлтүрүлмөк деп ойлойм.
– Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли мындан беш жыл мурун дал бүгүнкүдөй эле жол менен бийликке Курманбек Бакиевди алып келген эле. Эл жаңылдыбы?
– Элди каратып туруп алдап коюшту. Жеңишти элден уурдап алышты деп айтар элем. Эгерде Курманбек Бакиевдин беш жыл мурун эл алдында берген убадасын эске салсак, үй-бүлөлүк башкарууну жоймок. Бирок баарын теңирден тескери кылды. Ал басма сөзгө, телеге эркиндик алып келмек. Ал сөзүнүн да өтөсүнөн чыкпады. Коррупцияны жоём деген. Бирок коррупцияга белчесинен баткан режим түздү. Биз эми Кыргызстанда авторитардык режимди түзүүгө мүмкүнчүлүк болбой тургандай кылабыз.
– Убактылуу өкмөт буга кепилдик бере алабы?
– Баш мыйзамды өзгөртмөйүнчө парламенттик же президенттик шайлоо өткөрбөйбүз. Биз парламенттик республика түзүү чечимине келдик. Мындай өлкөдө бир адам бардык бийликти өз колуна топтоп, каалаганын жасай албайт. Бүткүл өлкө бир үй-бүлө үчүн иштеп да калбайт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
13.04.2010. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туркойлук тубубузго жетпесе экен
15.04.2010. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizirek87,минура - Силер олкодогу кырдаалга жакшылап коз -жугурто албагандан кийин тантырабай жон олтургула, анысы дагы кылычтын миизинде турабыз.
15.04.2010. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ylduska кечирип коунуз. Туура эмес айтып атасыз ар ким оз оюн айтууга укугу бар. "Тепселеп" суйлобосонуз жакшы болот.
16.04.2010. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdar
16.04.2010. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ке4ээ эле Бакиевдин убагында премьер министр болуп журуп,кызматынан айрылган сон оппозитсия болуп алды.Шайлоодо да у9т кылды шайлоо4уларын.Атамбайевде сабыр жок,ишин сонуна жеткирбей женилдим деп коет.Мурунку бийлик кандай болсо,азыркы да ошондой болот.Баардыгы Советтин нанын жеп,суусун и4ип чоноюшкан.Колунан э4теке келбей Оруси9га карап намазын окушат.Оздору бир 4е4им эптеп кабыл ала алышпайт орустарсыз.Аларга коз каранды.Дагы анан эркиндикти суйобуз дещет.Казактар да,Озбектер да,Жада калса биз
16.04.2010. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fsgyighe
16.04.2010. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар да,Озбектер да,Жада калса бизден артта калган Тажиктер да орустарга биз4елик бащ ийищпейт.Бийликке келип келбей Американдарга жагыныщканын.Силердин базанар кала берсин деп.Эки от менен ойноп атасынар.Базаны 4ыгарсанар Америка силерди бийлик деп тааныбайт,Калтырсанар Орус байкенердин согущун угасынар.КЫРГЫЗСТАНДЫ КУТКАРА ТУРГАНДАР АЛИ БИЙЛИККЕ КЕЛЕ ЭЛЕК.СЕБЕБИ АЛАРДЫН КЕЛИЩИНЕ ДАГЫ 5 ЖЫЛ КЕРЕК.ОЩОНДО КЫРГЫЗСТАН ОНОЛОТ.СЕБЕБИ АЛАР КЫРГЫЗСТАН У4УН БАЩЫН ОЛУМГО САЙЫП КОЙГОНДОР.АЗЫРКЫЛАРГА О
16.04.2010. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗЫРКЫ БИЙЛИК КАДАМЫНАРДЫ ОЙЛОП БАСКЫЛА.РОЗА ОТУНБАЕВА КЫРГЫЗСТАНДЫН КУТКАРУУ4УЛАРЫ ОКУГАН ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ ЖААП САЛУУНУ СУНУЩ КЫЛГАН ОТКОН ЖЫЛЫ.СЕБЕБИ,БИЙЛИКТИ КУМОНСУЗ АЛАР УБАГЫ КЕЛГЕНДЕ АЛЫП КОЙОРУН БЕЩИКТЕГИ БАЛАДА ТУЩУНО АЛАТ.АЗЫРЫН4А ОЙУНУНДУ ОЙНОЙ ТУР ОППОЗИТСИ9,КЕЛЕ ЖАТАБЫЗ ЖАКЫНДА.БИЗ КЫРГЫЗСТАН У4УН ОЛУЩКО АР ДАЙЫМ ДАЙАРБЫЗ.КУТ,КЫРГЫЗЫМММ!!!
16.04.2010. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чык, анан сени да "жиликтеген" бироо чыгат, айтты койду дебе, адам эмнени сепсе ошону орот.
Негизи кыйынчылыктан чыгуу жолу кайсы бир адамдарга көз каранды эмес. Адамдын жекече Жаратуучусу менен болгон мамилесинде. Кандай гана адам болбосун, ал "адам". Кудайга табынбаса байлыкка, бийликке кул болуп, ошого табынып, бугунку Бакиевдей болуп, эс акылын жоготкудай болуп калат.
16.04.2010. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандар жакшылыктан умут кылып жашайлыкчы силердин жазганынарды окуган киши баарына тойуп калчуудай.
16.04.2010. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер менен тажиктер,Америка-Россиясыз эле жашап журушот,эмне эле биз эки Доонун арасына киребиз,Эки Доо кармашса ортосунда кара чымын болуп кырылбасак болду Кудай ай!Ушу ортодон чыккан оюн бузарлар Кыргызстандын тубуно жетпесе борду!!!,,,,,,
16.04.2010. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Атамбаевке бир тыйындын кереги жок" деп эле эфирден купулдоп суйлоп жатыптыр бул Атамбаев,анысын да короорбуз!
17.04.2010. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда Вам такой маленькой стране лезть в общество таких гигантов как Россия и США.Ни одно из среднеазиатских стран не поступало так как кыргызстан. Кыргызстан хочет и рыбку съесть и на х..й сесть извините меня за выражение.. Сейчас теперь наша страна как женщина легкого поведения между россией и америкой теперь каждая из этих стран будет иметь её по всякому... вот моё мнение!Элита временного правительства скоро начнёт раздор за трон между собой.
17.04.2010. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев хоть был только со своей элитой Бакиевых,но теперь-то сколько будет таких элита Отунбаевых,Атамбаевых.Текебаевых и т.д.Теперь Киргизия ещё больше ощутит на себе это.... Как говорится поживём увидем просто обидно за страну и за её народ!позор для всего средеазиатского общества за пять лет дважды показали какой мы народ толпа зверей,мародёров этим мы показали свою невоспитанность.Просто искренне обидно скорее не за страну а за то,что в кто мы есть на самом деле.
17.04.2010. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan.. туура айтасын!!!
17.04.2010. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan, TY absolyutno PRAV !!!
17.04.2010. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan
эми 14 + тууууууууугандары!!!!!!!!!
17.04.2010. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan: oruscha jakshy bilet ekensin makul korduk.Men English,German,Trk,French tilderinde suilosomda,bul jerge jazganym jok,suranych kyrgyzcha jazgyla! bul bir. Ekinchsi:Demonstrazia bizdele bolgon jok,akyikat uchun kuroshkon jerdin baardygynda ele otup jatat.El kunoolu emes,myndai bash alamdyka, biyilik kunoolu. Unchukbai otura berishse dagy aitasynar,koidoi bolup juro beresiner dep,chyndyka kuroshup chyksada tartibi jok deisiner.Aa tartiptuu mamleket kandai bolot, kaisyl jerde bar eken?Jada
17.04.2010. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip???
17.04.2010. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nam teper mojno afrike pozavidovat...Ves mir razvivaetsya, a nashi idyt nazad...skoro na derevo zalezyt...beskyltyrnie, lenivie, bezgramotnie...i poka takoi narod, nichego ne bydet v Kyrgyzstane.
17.04.2010. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын онугооруно ишенем. Жакшыдан жаманды эмес, жамандан жакшыны таба билсек. Жакшы жагын шыктандырып, жаман жагын жарлык кылбай эле жойо билсек.(жаман жарасын корсотот болбой)ар бир адамга оз эли кыйын. менин да КЫРГЫЗ ЭЛИМ КЫЙЫН ЭЛ! Кочуп конуп жургон убактан отурукташкан убакка келгенибизге башкаларга салыштырганда кечээ эле келбедикпи. Бизде руханий байлыктар коооп! Али жаны ойгонуп келе жаткан мумкунчулуктор кооооп!
17.04.2010. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ушу "козу ачыктарды"... иш баштаганына 10 кун эми толду, баяле жиликтеп коюшту. бутту, олду, комду... кичине сабыр кылгылачы, бай болгурлар, "тонкоруш" кылганга жетишесинер, анча эле болуп баратса. Анын бетин ары кылсын дейличи. Жакшы тилек жарым ырыс.
17.04.2010. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Men English,German,Trk,French tilderinde suilosomda,bul jerge jazganym jok,suranych kyrgyzcha jazgyla! bul bir. Ekinchsi:Demonstrazia bizdele bolgon jok,akyikat uchun kuroshkon jerdin baardygynda ele otup jatat.El kunoolu emes,myndai bash alamdyka, biyilik kunoolu. Unchukbai otura berishse dagy aitasynar,koidoi bolup juro beresiner dep,chyndyka kuroshup chyksada tartibi jok deisiner.Aa tartiptuu mamleket kandai bolot, kaisyl jerde bar eken?Jada"
Сага кол чапкыладым, азаматсын, ушундай ада
17.04.2010. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдар коп болсо эле оңолобуз
17.04.2010. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi,Tokmok:
Ой,сен Азамат турбайсынбы!? ошончо кооп тил билесинби?!! Койго окшоткону учун ак уйдун мандайына айдап барышты го баарыны...
18.04.2010. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушу жактан да айтышып жатканыгыр уят баары бутуп эми силер еле калдынар еле. Азыркы маалда биз бирге болушубуз керек,анан бияка келип алып ким канча тилде суйлорун териштербей.
18.04.2010. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени кечиргиле бирок биз озубуздун билимсиздигибизди дагы бир жолу ушу жерден билдирип жатабыз кичине уялсанар боло я? Биримдикте бололучу Кыргыздар!
18.04.2010. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне кыл дейсинер туугандар, болор иш болду боёсу канды дегендей, келечекти ойлонолу, биринчиден жердешчилик, тууганчылыкты туп тамырынан жоготсок ошондо онолобуз деп турам АМАН ЬОЛ КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
11.05.2010. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай кааласа,тундук туштук дебеген ортодон бир чон партия тузулот.Булардын жашы 25жаштан 40жашка чейинки жаш жигиттер жана кыздар.Булар С.Саюзунун нанын жеген эмес Акаев менен Бакиевдин нанын жеп чонойгондор.Кыргыз эли ушул партияны колдой алса,ошондо Кыргыз элинин жошоосу алдыга жылат.
11.05.2010. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diya cенин тууган уругун жокпу?Тууганчылыкты кантип жоготобуз?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо