Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "КЛАРА АЛИБЕКОВА ЭКӨӨБҮЗ ОКШОШПУЗ"

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

"АЙЫЛЫМ"

- Менин айылым – Талас районунун Арал айылы. Азыр айылда эмнегедир мурункудай шаң жоктой сезилет. Мен бала кезде айылым кооз, жыты аңкыган, адамдары таза, балдары да өзгөчө шаңдуу болгонсуйт. Же балалыкта башкача көз менен карачу белек, билбейм. Кошуна жашаган Өңдөй апамдын менден кичүү Элмира деген кызы бар эле, аны жакшы көрүп багып калган жайым бар. Мени Өңдөй апам "апакай" дечү. Азыр да ал киши "апакайым" десе кулагыма жылуу угулат. Өкүнүчтүүсү, мени эркелетип, маңдайымдан сылап, жылуу сөздөрүн арнаган апаларымдын арты акырындан суюлуп баратат. Өзүмдүн ата-энемдин да көзү өтүп кеткен. Мындан бир нече жыл мурун айылга барган сайын апаларымдын ар бирине таттууларды, жоолугумду көтөрүп барчумун. Алардын үйүнөн чай ичип, каймагын жеп, сүйлөшүп отуруу ушунчалык бир жан дүйнө тынчтыгы, табылгыс дары экенин билем. Азыр көр тириликтин айынан айылдагы бир туугандарыма да жете албай жүрөм.

"АТА-ЭНЕМ"

- Апам менен атам барда "апамдын көлөч-маасысы жыртылып калды, атама момозуй көйнөк алып берейин" деп, аларга белек издөө укмуштуудай шаан-шөкөт эле. Алардын көзү өткөндөн кийин байкем менен жеңеме деле баргым келет, бирок алар ата-энеңдей алдыңдан тосуп чыгып, башыңдан суу тегеретпейт да. Баары бир ортодо алыстык бар, бул жаратылыштын кандайдыр бир мыйзам ченемдүү көрүнүшү окшойт. Мен барганда апам дайыма ыйлап алчу. "Эмне ыйлап жатасың?" десем "бутум ооруп жатпайбы" деп билдирбегенге аракет кылганы көз алдымда. Мен аябай атактуу болуп турганда атам "болду, балам, эми иште, оокат кыл" дей берчү. "Ата, мен иштеп, Жетигенова Алина Абдылдаевна деп сенин атыңды чыгарып жатпаймынбы" деп күлчүмүн. Ошентип, атам мени "мугалим бол" деген боюнча өтүп кетти.

"ҮЙДӨ"

- Үйдөн чыкканда ырчы, үйгө киргенде үй кызматчымын. Кичинемде уй, кой кайтарып, уй саабасам да апама жардамдашып, ала кийиз жасап, шырдак шырып, үй иштерин мыкты кылчумун. Апам ыраматылык эмнегедир уй сааганды үйрөткөн эмес. Бир жолу уй кезүүдөн келгенде апамдын жоктугунан пайдаланып музоосун салып, ийитип алып сааган сүтүм чаканын түбүнөн эле болуп калды. Анымды эшек ичип салып, апама айта албай көпкө коркуп жүргөм. Азыр "коркпой эле койсом болмок экен" деп калам, анткени апам мени эч качан сабамак түгүл урушчу эмес. Мен да балдарыма ошондой тарбия бердим. Келиним биздин үйгө көнсүн, бизди өз ата-энесиндей көрсүн деп ойлоп, катуу да айтпай, жумшабай да келем. Келгенине 2 жыл болду, чындап келсе, кызымдан да эрке. Кээде кызым "апа, эгер тетигинче идишти мен жуубай койсом эчак таарынып калмаксыз, ээ, өзүңүз эле кылып жатасыз го. Мен кайын журтта мындай кылбайм" деп калат. Келиним таптакыр эле орусча чоңойгон. Бирок мага кылган мамилеси, жан дүйнөсү таза. Экөөбүз эне-кыздайбыз.

"АКЧА КОРОТКОНДОН ЫРАХАТ АЛАМ"

- Кызыктуу китеп окуп же кино көрсөм, аны көпкө чейин унута албайм. Кино экенин билсем да ишенип алып, каармандардын тагдырына кейий берем. Негизи эле ишенчээк адаммын. Мурун маңдайымда көкүлүм бар эмес беле, тамашалап "чекемде "ишенчээк, алдап кете бергиле" деп жазылып турат окшойт, чачым менен жаап алайынчы" деп калчумун. Кайра эле "чекемди жаап койсом деле окуп алышат" деген боюнча алданып кала берчүмүн. Учурунда аябай кайгыра тургандай да алдашты.
Кээде кыялдарыма деле ишенип кетем. "Бир чемодан акча таап алсам, карыларга, жетим балдарга алып барып берсем" деп кыялданып калам. Колума тийген акчаны такыр чогулта албайм. Мисалы, бүгүн кечинде 300 доллар тапсам, эртең менен 3 сом да калбай калган болот. "Азиз экөөбүздүн колубуз жыртык" деп күлүп калам. Ишенсеңер, акча короткондон ушунчалык ырахат алам.

"ӨМҮР БОЮ ТААРЫНЫП КАЛМАЙЫМ БАР"

- Бирөөгө катуу таарынсам ошол боюнча аны жашоомдон чийип салмайым бар. Андайлар менде үчөө. Аларга балдарыма жасаган жоруктарынан улам таарынгам. Алар мени менен абдан ынак, жакын адамдар эле, канчалык аракет кылсам да жазыла албай койдум. Эне балдары үчүн баарына даяр эмеспи. Мен балдарымды ушундай жол менен коргойт окшойм.
Балдарым тартиптүү болуп чоңоюшту. Кызымды "убагың өтүп кетет, курбуларың менен дискотекага бар" деп кубаласам да үйдөн чыкчу эмес. Кыздардай болуп "кийим алып бер" деп да кыйнаган жок. Атасынын кийимдерин кийип жүрүп эле чоңойду, анткени мага караганда атасына жакын.

"ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕГЕ, АНАН КЛАРАГА ОКШОШУП КЕТЕМ"

- Гүлшайыр эжеге окшош болсом бардык жагынан тыкан болмокмун. Ал кишиден бир канча жаш кичүү экениме карабай телефондун, компьютердин функцияларын өздөштүрө албай ар кимден суранып басып жүрөм. Бул жагынан Гүлшайыр эжеме окшошмун деп коём. Клара да мага окшоп чоюлуп сүйлөйт эмеспи, бирок өзү таза, жулунбаган кыз. Ага окшоп кээде оюмду толук айта албай калам го дейм. Мектептен кыздар менен урушуп кеткенде, каяша айта албай, ак болсом да күнөөлүү болуп кала берчүмүн.

"КҮЙӨРМАНДАРЫМДЫ САГЫНДЫМ"

- Учурда жүрөгүм да ырга толуп калды. Концерт бере элегиме 6-7 жыл болуптур, 1-майда күйөрмандарыма ыр сунганы турам. Чынында, көрүүчүлөрдү, алардын кол чабууларын сагындым. Ушул эле программа менен гастролго чыгайын деп жатам. Ар бир ырчынын атактуулугунун туу чокусу болот экен. 1990-жылдардын ортосу менин чыгармачылыгымдын гүлдөгөн мезгили болду окшойт. Ошол кезимди сагынам.

"Азыр мен өзүмдү үй-бүлөмө, неберелериме арнап койгом".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)


Алина Жетигенова: "Чыккан ар бир ырым хит болгон учурду сагынам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(38)
01.05.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин тун суйууум,Сеникинен артыкча. Умутунду узо берчи,кыйналбастан сен мынча. Тушунсон боло,жигитимди талашпа. Андан коро карап корсон жигиттер толо башка.
Santini түзөттү 2017-05-01 10:35:06
01.05.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун ыр эле убагында. Азыркыга чейин создорун жатка билем.. мектепте окуп жургондо далай жолу ырдап калдым эле
03.05.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козго жаш тегеренип козумо айылды айтса
01.05.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх.. андай зор кучко адам озу тартылат... Мыкты саптар.
01.05.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
90 жылдардын жанган жылдызы эле бар болунуз сиздин ырлар менен жаштыгыбыз отту..
01.05.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келини ашыкча эле эрке да
Ушунча жалгыз баланы канлай умкт мн чонойтот ата эне ощого жараша кадырлап сыйлабайбы буларды .ата энеси барбы кыздын тарбия бербейби уйуно барсан эже озу чай куюп берсе жаман эле болот да.келин деген
01.05.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырчы. Кыргыз эстрадасына жаныча нук менен ырчылардан болгон.
01.05.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздын Sandra, C.C.catch, Mylene Farmer и. жагат эже озу да ырлары да
01.05.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинемде Алина Жетигенованын ырларын жатка билет элем.
01.05.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдашым да.)
01.05.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Керегем сага айтам келиним сен ук болуптурго.Келини коп эркелебей калсын эми.Алина эже ото жонокой аял уй булоолук бакыт.
SUPER.KG видео
01.05.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun maek boluptur. Achyk suilogon sonun eje eken
02.05.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаз суранамын эч кетпечи....ушул ырлар студенттик кундорду эске салат. Аман болунуз! Жакшы кором.
SUPER.KG видео
02.05.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин эн жонокой, суйкумдуу, ажарлуу, сулуу, мыкты ырчы эжекем!! Бар болунуз!! Концерт эн мыкты болду!!! Эски ырларынызды ырдап койсоз абдан сооонун болмок!!! Сизди сыйлайбыз, барктайбыз,суйобуз!!
SUPER.KG видео
02.05.2017. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашы канчада экен аябай жылдыздуу соонун эже экен.
02.05.2017. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоо булагым арманым деп убагында аябай популярдуу болгон.Келини деле аттуу баштуу уй-булонун кызы.Аэчка эже окуса кызын тарбиялап коер.
02.05.2017. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маек болуптур эжеге ийгилик каалайм. Аябай жүрөгү таза адам экен
02.05.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимдин кызы келини
02.05.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саламатсызбы Алина эже!!! Сиз концерт койсонуз өзүнүз үчүн коюнузчу мамлекеттик жогорку кызмата иштегендерге билетинизди саттырбай кыйнап элдин баарын кыйналып жатат.ачык айтсак ичибиз ооруп эле бердик ошол акчаны чыныгы куйоормандарынызга бериниз да концерти
03.05.2017. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тообо де, олигархтын.....эмеспи? 300$ эмес 3000сом десе болмок.
04.05.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,тойдон табат да 300$ тез эле жок кылып коротуп коём деп атат андай адамдар шопоголик
SUPER.KG видео
03.05.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жап жаш бойдон журо бериниз...Ийгилик!!
04.05.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун маек болуптур.Жылмаю менен кордум.Чын эле бой которбогон,элпек жонокой экен.Эсимде 2000-жылы биздин мектепке концерт коюп келишкен,концерттен сон автограф алабыз деп издесек,мугалимдерибиз сыйлап атышкан экен,ага болбойле жашпыз да,суранганбыз,ошондо Алина эже тамак жеп аткан жеринен келип кол тамгасын берген,завуч агайыбыз бизди урушканына конбостон.))Эжеке уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийигилик каалайм!
sumaya түзөттү 2017-05-04 23:58:54
05.05.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын сыры деген ыры аябай жагат да уну да озгочо,уй-булолук бакыт каалайм
05.05.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылды айтса озумчо эле бир толкунданып алдым,айылда жашаганга эмне жетсин.
07.05.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай айыл жонундо айтса окуп отургун келе берет
07.05.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул эжени жакшы кором. Башка ырчылардай болуп, эч ким менен урушканын ажылдаганын уккан эмесмин. Сулуусуз. Дагы да ырдай бериниз.
08.05.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина.Жетигенова.Ырлары жагат музыкалык билими бар.Сыйлайм менин кумирим.Молодец респект.Омуру узуун болсун дагыда эл алдына чыгып ырдасын.Чыгармачылыгына чын журогумдон ийгилик каалаймын.
SUPER.KG видео
08.05.2017. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча приятный эжесиииизз!!! Жыргап алдым маегинизди коруп!!!
08.05.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы чыныгы ырчы да....мага да жагат.
11.05.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
видеосу соонун экен, эженин чын эле клара алибекова менен окшоштугу бар турбайбы, экоо тен ички дуйносу таза,бала кыял,аруу адамдар экен, класс койдум:-))))ар дайым аман болунуздар!!
11.05.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина Эже близ сизди жакшы коробуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо