Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы: "ЭЛ КАРАГАН ЖҮЗҮБҮЗ ЭЛ КАРАГАН БОЙДОН КАЛАТ!"

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

Мындан бир ай мурун экс-депутат Садыр Жапаров чет өлкөдөн келгенде УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган эле. "Анын кармалышына негиз жок болчу" деген митингдер да болгон. Биз экс-депутаттын жубайы Айгүл Асанбаева менен күйөөсү тууралуу маектештик.

– Айгүл эже, айтыңызчы, жолдошуңуз Садыр Жапаров чын эле Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандардын арасында бар беле же адилетсиз камалды деп ойлойсузбу?
Албетте, адилетсиз камалды, өзү эле эмес, бир тууган кайнагам, балам, күйөө балам жана башка 12 адам адилетсиз камалды. Ушунун баары "Кумтөрдүн" кесепетинен болуп жатат. Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандар дагы Садыр үчүн митингге чыгышкан эмес. "Кумтөр" элге иштесин, жаратылышыбызды талкалашпасын, элге зыянын тийгизбесин" деп чыгышкан. Садыр ал убакта Кыргызстанда болгон да эмес. Кайнимдин бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жүргөн. Азыр эми ошол митингге катышып соттолгондорго "артыбызда Садыр Жапаров бар болчу" дедиртип, жалган жалаа менен камап отурушат. Кудай бар, эл бар дегендей, акыры адилеттүүлүк ордуна келет деген үмүтүм чоң.

– Канча жылдан бери "Кумтөр" оң жагына чечилбей келет. Эмне сыр бар экенин жолдошуңуз менен талкуулачу белеңиз?
– Эмне жашыруун сырлары бар экенин Ак үйдөгү чоңдор билбесе, мен билбейм. 2012-жылы Садыр "Кумтөрдү" текшерүүгө алып, чукуп чыккан. Ошондо "акча берели, абийирибизди ача көрбө" дешип 2 ай бою 100 миллион доллар көтөрүп алып Садырдын артынан чуркашканын билем. Садыр бир тыйын албай, "эл цианид ичип жатыптыр, жаратылышыбызды таптакыр талкалап салышыптыр. Бул жерлерде ата-бабаларыбыздын арбактары жатат. Ошолор кечирбейт" деп парламентте ачыкка чыгарып таштаган. Тилекке каршы, парламенттен колдоо тапкан жок. Көрсө, ошондо ажыдаардын куйругун баскан экен. Кандай болгон күндө да Кудай алдында, эл алдында Садырдын жана Жапаровдордун жүзү жарык. Болбосо көрмөксөн, билмексен болуп, ошол
100 миллион долларды алып, жыргап бир кызматта отура берсе болот эле да. Садыр антпеди, ак иштеп берди. Эми жалаа жаап, күйөөмдү эл душманындай көрсөтүп жатышат. Садырды тосуп алабыз деп чыккан 12 баланы дагы "милиция кызматкерлерине таш ыргытышты" деген жалаа менен камашты. Видеолордо даана көрүнүп турат, алардын колунда бир да таш болгон эмес.
Жамандай берсе, ага эл ишенип алат экен. Ошондуктан сиздердин гезит аркылуу жалпы элге кайрылам. Жалган жалааларга ишенбеңиздер. Чындык акыры калкып чыгат. Эң негизгиси, Жапаровдор киши өлтүргөн жок. Элдин бир тыйынын жеген жок. Коррупционер деген атка конушкан жок. Эл, өлкө деп чын жүрөгүнөн иштешти. Эгер жолдошума "мамлекеттин мынча акчасын жеп коюптур" деген күнөө коюлса, анда көчөдө баскандан уялат элек. Кудайга шүгүр, эл караган жүзүбүз эл караган бойдон калат. Башыбызды бийик көтөрүп баса алабыз.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(9)
02.05.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай карап турат.Ак ийилет бирок сынбайт.
02.05.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттуулук бизде барбы???
02.05.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен жеп жургонун кордун беле
02.05.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул адам менен сыймыктанам кыргызтанда бундай адам жок азыр
02.05.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
1-май райондук сотко башка иштер менен барсак Жапаровдун соту болуп жатыптыр, бишка процесс менен барып убактысын кутуп отурган баарыбызды 2-3 бала видеого, суротко тартып жатышты, Жапаровду колдоп келгендер деп, алар тараптан аз эле киши журду, калп эле бизди кошо ала жатышты. Бул адамды колдобойм, Кумторду иликтоо боюнча комиссиянын башында, бийликте журуп эч нерсе кыла албай, эми эптеп бийликке кайра келиш учун курулай бир нерселерди ойлоп таап, "Элим, Кыргызым" деп анткорлонуп жата
02.05.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Как ийилет бирок сынбайт акталып чыгып кыргыздын келечеги учун кызмат кылып жепжутарлардын баары эл алдында жооп берет
05.05.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-05 09:31:00
10.05.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012-жылы Садыр "Кумтөрдү" текшерүүгө алып, чукуп чыккан.

бул жерде озу мамлекеттик имараттарды арзан сатып махинацияларды кылган боюнча иш козгошкондо маселени которуп саруунун элин башаламандыкка туртккон. эсинерде болсо электростанцияны очурушкондо, кыргызстан кунуно 2 млн доллардан жоготкон, аны ким компенсация кылды?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо