ТЕМИР НАЗАРОВДОН БАЛМУЗДАК

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

Темир Назаров жаңы чыгарып жаткан балмуздактары тууралуу:

- Сиздер жакшы билесиздер, рынок шартында бир гана ырчылык менен жан багуу абдан кыйын. Ошондуктан мен дагы ишкерлик менен алектенүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөм. Буюрса, мына ошол башымда, анан кагазда жүргөн пландар ишке ашып отурат. Жалпы элге белгилүү болгондой, мен негизи элибизге патриоттук чыгармалардын аткаруучусу катары таанымал болгондуктан, ишкерлигим да ошол багытта болгону туура го деген чечимге келдим. Бекеринен балмуздактын атын «Кыргызстан» жана «Кыргызский пломбир» деп атаган жокмун. Базарда «Кыргызстан» деген бренд менен шарап, момпосуй, печенье, суусундук жана башкалар бар. Ал эми балмуздак жок болчу. Бул да болсо элибиздин рухун, духун көтөрүүгө өбөлгө болуу менен бирге кичинекей балдар үчүн тарбиялык мааниси терең. Андан сырткары продукция «адал» стандарттарына жооп берет. Башкача айтканда, адалдык сөз менен эмес, реалдуу иште. Мындан сырткары быйыл президент тарабынан «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланбадыбы. Биздин продукция да «Ыйман үчүн! Элим үчүн! Жерим үчүн!» жана «Кыргыз элим, бириккиле!» деген ураандын алдында иш алып барат.
Ал эми ишкананы 20 жылга чукул ушул тармакта иштеп, иштин көзүн билген Нурлан мырза экөөбүз биргеликте ачтык. Жасалуу жолуна токтолсом, курамы 100 пайыз накта азыктардан турат. Цех Кант шаарында жайгашып, 30га жакын адам иш менен камсыз болду. Күнүнө 30 миңге чукул балмуздак чыгып жатат. Сезон учурунда мындан эки эсеге көбөйтүлөт. Мен болсо учурда продукцияны элге жеткирүү менен алек болуудамын.
Айта кетчү нерсе, бул балмуздактын даамын бир таткан адам кайра ушуну эңсеп калат. Себеби Кыргызстанда биринчи жолу Совет учурундагы технология менен жасалууда. Учурдан пайдаланып бардык чыгармачылыктагы кесиптештериме ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар жарнама жагына өтө чоң жардам берип жатышат.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
01.05.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец ийгилик ишинизге
01.05.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аявай реклама кылган го 100% халат деп
01.05.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begaiko,халал
01.05.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик каалайм Темир байке.
01.05.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба ушул бал муздакты жесе эле ынтымактуу болуп кетсек кана.
01.05.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайбыз
02.05.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми кырк жыл чыга берет ар санына
02.05.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал Абадка да келеби окуп алып жегим келди го бирок тамагым ооруп атат
03.05.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошол "Кыргызтан" деген бренд же кыргыз желеги, герби мусор челекте же тебелендиде жатса кандай болот?! Кыргыз Эли бул - Кыргыз мамлекети - Мамлекетибиз бул - Кыргызстан ! Демек, биз Кыргыз элин тебелеп жаткандай болобузда брендтин тышын тебелесек?!
03.05.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Темир Назаров иштеринизге ийгилик!
04.05.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик.
04.05.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгиллик каалай
04.05.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zamir_kgz , Путин деген арактын ботолколору деле корунгон таштандыда жатпайбы. Андан коро ичибизди кененирээк кылып , Ийгилик каалап койолу.
05.05.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинер илгери болсун.
07.05.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийин эле начар чыгып кетпесе болгону. Негизи баарыле жанысында сонун башташатго анан карасан эле бир нерсе. Сиздер андай кылбайсыздар деп ишенем.йгилик ишинизге! Азаматсыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо