БИР БҮРКҮМ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

  • Республика боюнча 25-майда өтчү АКЫРКЫ КОҢГУРООНУ оюн-зоок жайларында, кафе-ресторандарда, жаратылыш коюнунда өткөрүүгө жана бул үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Аталган буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Мындай буйрук жыл сайын чыкканына карабай буйруктун аткарылышын көзөмөл кылган орган жок жана окуучулар бүтүрүү кечелерин өткөрүп келишет.

  • Травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабековго "ГИННЕС рекорддор китебинин" комиссиясынан жооп келди. Анда сөөктү 31 сантиметрге узарткан чоң жетишкендик экени айтылып, жараянды жыйынтыктоо үчүн бир нече талаптар коюлган.

  • АКШнын мамлекеттик департаменти КМШ өлкөлөрүнө берилчү жардамдардын көлөмүн 100 пайызга чейин кыскартууну пландоодо. Бул кадамды алар бюджеттен 2018-жылга карата аскер тармагына каражаттын көп бөлүнүшү менен байланыштырышууда.

  • Республика боюнча текшерүүдөн өткөрүлгөн 2222 мектептин 252си кооптуу АВАРИЯЛЫК абалда. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

  • Кыргыз мамлекетиндеги СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН индекси боюнча 4 позицияга начарлады. Бул боюнча эл аралык "Чек арасыз репортёрлор" бейөкмөт уюмунун "Басылмалардын сөз эркиндигинин индекси-2017" аталышындагы изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.

  • Өлкө аймагында 917 жеткинчек ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ балдар бакчасында тарбияланышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты АСКАР САЛЫМБЕКОВДУН жубайы Гүлмира Мамбеталиева узак убакытка созулган оорудан улам 25-апрелге караган түнү 61 жаш курагында каза болду.

  • Май айындагы майрамдарга байланыштуу өлкөдө 1-май жана 5-6-7-8-9-май күндөрү ДЕМ АЛЫШ деп жарыяланды.

  • 2017-жылдын башында өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин саны 16 миң 250 адамга жеткен. Алардын 43 пайызын АЯЛДАР түзгөн. Маалыматты Мамлекеттик кадр кызматынан жарыялашты.

  • ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮ 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөгөн. Ал эми энелердин өлүмү болсо былтыр 2015-жылга караганда 29,9 пайызга аз болгон. Маалыматты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

  • 2017-жылдын алгачкы 3 айында ВИЧ ИЛДЕТИНЕ чалдыккандардын саны 21,7 пайызга өскөн. Ооруну эң көп жуктургандар Чүй облусунун тургундары.

  • 2026-жылга чейин өлкө боюнча 657 айыл, 22 шаар жана шаарчалар ТАЗА СУУ менен камсыздаларын өкмөттөн кабарлашты.

Бектур Токтоноев politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо