№756 28-апрель-4май, 2017-ж.
Адистердин айтымында, тартынчаак адамдын психологиясы абдан оор жүктү көтөрөт. Ойлогон оюна жетпегенине кысылып, кыжалат болуп, нерви бузулуп депрессияга кабылат. Андыктан адам эмне себептен тартынчаак болуп каларлыгы, бул мүнөздөн кантип арылуу керектигин психолог Самат Аалканов айтып берет.
ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДАСЫ
ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ЗЫЯНЫ
ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ
Бала төрөлгөндө ак барактай таза болуп, анда коркуу, өзүн чектөө, тартынуу сезими болбойт. Качан ал чоңоюп, жашоо менен тааныша баштаганда ата-энеси тарбиялап кирет. "Элдин алдында кыйкырба, кармаба төгөсүң, чуркаба жыгыласың" деп чектей бергенде бала "кыйкырбаш керек, ырдабаш керек, такыр эле элдин алдында өзүңдү көрсөтпө" дегендей түшүнүшү мүмкүн. Анан чоңойгон сайын ошол мээсинде калыптанып калган принциптерди колдоно баштайт. Кийин бой жеткенде бирдеме кылайын дейт, бирок "жасай албай уят болуп калам же бирөөгө жакпай калсачы?.. Уят болгондон көрө сүйлөбөй эле коёюн, жетишкендиктерим менен мактанбайын, жаңы адамдар менен таанышпайм" деп элден оолактай баштайт.
ТАРТЫНЧААКТЫК ТУКУМ КУУЙТ
Мисалы, бала бирөөнүн баласын уруп койсо же уят сөз айтса ата-энеси экинчи кайталабасын деп катуу жазалайт. Анда балада жасагың келген нерсени жасабаш керек турбайбы деген жыйынтык жаралат. Ошентип ар бир чектөө мээсине сиңе берет. Бала "мен коомго туура келбейм, мен сулуу эмесмин, акылдуу эмесмин..." деп, өзүнө болгон ишенимдери жоголуп, коркуу сезимдери пайда болот.
Айтылгандардан сырткары тартынчаактык тукум кууйт. Эгер бул мүнөз сиздин психогенетикаңызда болсо, чоң атаңыздан атаңызга, андан сизге, сизден балаңызга берилет. Сиз өзүңүз тартынчаак болуп туруп балаңызды бул мүнөздөн алыс кылып тарбиялай албайсыз. Анткени балдар чоңдорду карап, көрүп, туурап калыптанат. Ата-эне тартынып, уялып турса, бул сезим автоматтык түрдө балага өтөт.
БИЗДИН ПСИХИКАБЫЗ КАЙДА?
"Биздин психикабыз кайда?" десек, эмне деп жооп берет элеңиз? Көрсө, психикабыз биздин бүт денебизде экен. Жогоруда айтылгандай, кичинекей кезибизде алгандарыбыз денебизге сиңе берет. Анан өз оюңду айтканда же бирөө менен таанышканда денеңдин төш жагы кысылып, тамагыңа бир нерсе тыгылгансып, баш ооруп, бет дуулдап кызарып, үн каргылданып чыгат. Көрдүңүзбү, мээ алдыга сүрөгөн менен, дене өзүн коргогонго аракет кылат. Биз өзүбүздү кыйнап тартынчаактыктан арылууга аракет кылган сайын стресс боло беребиз. Андыктан алгач денедеги стресстен арылышыбыз керек. Учурда психотерапия абдан өнүккөн, мындай маселелерди психотерапевттин жардамы менен чечсе болот.
ӨЗҮҢДҮ КОРДОБО!
Мисалы, бирөө көпчүлүк элдин астына чыгып сүйлөгөндөн тартынат. "Эл күткөндөй болбой, толкунданып жатып туура эмес сүйлөп алсамчы?" деп кыжалат болот. Муну социофобия дейбиз. Аларга айрымдар "коркуп турсаң деле билгизбей күлүп сүйлөй берсең, коркунучту жеңип кетесиң" деп кеңеш беришет. Бул таптакыр туура эмес, анда адам өзүн кордогон болуп калат.
ТАРТЫНЧААКТЫКТАН АРЫЛУУНУН БИР ЖОЛУ
Сиз кандай учурда тартынасыз? Минтип өзүңүзгө суроо бергенде мээңизге биринчи келген ой маанилүү.
Эгерде "эл астына чыгып сүйлөгөндө" десеңиз, эмнеге көпчүлүктүн астына чыккандан тартынасыз? "Туура эмес сүйлөп алам" дешиңиз мүмкүн.
Туура эмес сүйлөп алсаңыз эмне болот? "Эл күлөт" дейсиз. Демек, шылдың болгондон коркот турбайсызбы. Шылдың болбош үчүн сүйлөбөй койсоңуз, сиз уят сезиминин үстүн коркуу сезими менен жаап койгонсуз.
Сизди коркуу сезими коргоп келет. Балким, бул сезим бала кезде байкеңиз же эжеңиз шылдыңдаганда, мектепте аябай аракет кылып бийлесеңиз мугалимиңиз урушуп салганда жан дүйнөңүзгө сокку болуп денеңиздин бир бөлүгүнөн орун алып калган.
Мындан арылса болот, кана, өзүңүздү бир жыйында же тойдо сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз. Уялганыңызды сезип жатасызбы? Ошол уялганыңызды денеңиздин кайсы жери менен сезип жатасыз?
Ал кандай экен: көлөмү, формасы, өңү, жумшак же катуу бекен, баарын элестетиңиз да, колуңуз менен ошол нерсени сууруп алыңыз.
Колуңузга кармап, ал заттын артында ээси бар деп элестетиңиз. Ага карап "мен сага ыраазымын, мени эмне деген стресстерден коргоп келдиң. Мен сага эч качан күлбөйм, сени эч качан шылдыңдабайм, мен сени коргойм. Баары жакшы болот, элдин астында чыгып сүйлөгөндө эч кандай коркунуч жок. Мен чоңойгом, мен сүйлөгөндү билем. Силердин максатыңар эмне?" деп караңыз, сизге эмне элес тартылды?
Эми ошол элести таштандыга өзүңүздөн алыс ыргытыңыз. Дагы көпчүлүктүн арасында сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз, толкундоолор азайдыбы? Мына ушинтип тартынчаактыктан акырындап арылууга болот.
БАЛАҢЫЗ ТАРТЫНЧААК БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН
Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
11
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
акмын.