Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Шашпай кыймылдаган Эрмек Нурдин коргонууга өтсө деле бетине сокку узатып коюп жатты. Нурдин шлем кийгени менен, Эрмектин соккулары башты деңгиретет экен. Көз ачып-жумгуча соккулары биринин артынан бири жаайт. Артка кетенчиктеген Нурдин Эрмектин жай узатылган соккусунан буйтап, бетке согуп калды. Сокку так эле Эрмектин жаагына тийди. Сыртынан эч нерсе билдирбегени менен, ичинен ызалана түшкөн Эрмек бир канча катуу сокку узатып калды. Ачык турган ичине тийген соккудан Нурдин өзөрө түштү, анысына карабаган Эрмек дагы бир соккуну бетине узатты. Атаандашы дүп эле рингге сулап жатып калды...Чындыгында, бул спарринг 2 мүнөткө жеткен жок.
Шерзат биринчилерден болуп рингге жетип барды. Андан кийин гана балдардын баары жабалактап, Нурдинди эсине келтире албай убара болушту. Азат Эркинбаевич нашатырды жыттатып эсине келтирди.
– Абайлабайсыңбы, Эрмек, бул деген жаңы эле келип баштагандар. Өнөрүңдү Универсиадада көрөбүз.
– Агай, көрбөдүңүзбү, акырын эле сокку узаткам. Өзү бетин тосуп алды го.
Өзүнө ыраазы боло түшкөн Эрмек каткырды. Жини кайнап турган Шерзат жек көрө карап калды. Анын күлкүсү иренжитип турду. Ичинен "сениби, шашпа!" деген ойлор келип жатты.
– А сен эмне карайсың?! Сен дагы спаррингге чыккың келип жатабы?
Шерзаттын көз карашын байкаган Эрмек ага да асылып баштады.
– Бүгүн эмес.
– Күтөм анда, сени дагы...

ххх

Аиданын шыңгыр күлкүсү, ар дайым ачык маанайда жүрүшү кимдин болбосун маанайын көтөрөт. Шерзат эми окууга барган сайын Аиданы издечү болду. Аны көрбөй калса кадимкидей ичинен туталанып калат. Жүрөккө чок салды деген ушу окшобойбу... Жаш жигит үчүн бул сезимдер өзгөчө болуп жатты. "Аида мени дагы ушинтип ойлойт болду бекен?" деп ичинен ойлоп коёт."Анын алдында дагы кандай эрдик жасап жиберсем экен?" деген кыялдар ээлейт. Эптеп Аидага көрүнүү, жагынуу керек.
Аида 3-курска келгени бул жагынан алда канча тажрыйбалуу. Жаңы окууга келгенден тарта эле жигиттер сөз ыргытып келет. Алардын ар бири менен болбосо да, өзүнө жаккандары менен сүйлөшүп койчу. Арасында мен-менсинген байы да, эрдемсинген баатырлары да бар. Бирок убакыттын өтүшү менен кыз дагы адамгерчилик сапат биринчи орунда турарын түшүндү. Шерзаттын жөнөкөй, ичинде кири жок адам экендиги кызыктырат. Аиданын Шерзат үчүн алдыда өзүнүн пландары бар эле. Эрки күчтүү, намыскөй жигит экендиги көрүнүп турду. Мындай жигиттерди колдон чыгарып жибербөө керек. Болгону бардыгы убакыты менен болот. Ашыкча жагынуунун да кереги жок.
Шерзат 1-2 жылдан кийин азыркыдай эмес, шаардын менталитети сиңип калат. Аны ага чейин башын айландырып сүйдүрүү керек... Алгач шаардын жашоосуна көндүрүү, окуусуна жардамдашып, ар кандай кыздардан алыстатууну колго алуу шарт.
Бир ай аралыгында экөө бат эле жакын боло түшкөндүгүн Медина өзү көрдү. Ал Германияга тажрыйба алмашуу иретинде барып келгенге жетишти. Анын сапары кызыктуу болгондуктан, убакыт бат эле өтүп кеткендей болду. Бир гана капалантканы, Жек бир эле жолу чалып, ал-акыбалын сураганга жарады. Аэропорттон тосуп алган да жок...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 747-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 748-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 749-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 750-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 751-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 752-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 753-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 754-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 755-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 757-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 758-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 759-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 760-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 761-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 762-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 763-сан
Комментарийлер(5)
01.05.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн мен биринчи окшойм :)
01.05.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааааазго тоа
01.05.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыыыыынча аз
01.05.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийин мединаны суйуп кетет ко шерзат
01.05.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз экенго? Дагы бир жума кутот турбайбызбы! Эми Шерзат, Эрмек менен качан спаррингге чыгат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо