КҮНӨСТҮҮ ЖАНА ТЕМПЕРАМЕНТТҮҮ ИСПАНИЯ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

Футбол, коррида, Сервантестин "Дон Кихоту", Ачи менен Бабинин махабаты, опера ырчысы Монсеррат Кабалье. Булардын баарын бириктирип турган нерсе бар. Ал Испания!

ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ:

  • 1479-жылы түптөлгөн
  • Борбору – Мадрид
  • Чоң шаарлары – Мадрид, Барселона, Валенсия, Севилья
  • Калкынын саны – 47 миллиондон ашуун
  • Урунган валютасы – Евро
  • Расмий тили – Испан тили
  • Башкаруу формасы – Парламенттик монархия
  • Европалык союздун жана НАТОнун мүчөсү

Борбору Мадрид. Магерит (чоң көпүрө) деген кельт сөзүнөн улам баш калаа ушундай аталып калган деген сөз бар.


ЫРАХАТТАНА ЖАШАГАН, КЕЗЕК КҮТПӨГӨН ИСПАНДЫКТАР

Испания керемет өлкө! Бул мамлекеттин жарандары тез-тезден сүйлөшөт, темпераменттүү жана эмоционалдуу көрүнүшөт. Ошол эле кезде жашоонун ар бир таттуу ирмемин кармап, шашпай ырахаттана жашашат. Болбосо кайсы өлкөдө түшкү тамактан кийин эки саат бардык адамдар уйкуга чөмүлүшөт дейсиз? Ооба, испандыктарда сиеста деген түшүнүк бар. Түшкү тамактан кийин өлкөнүн бир топ шаарлары жымжырт боло түшөт. Себеби саат 14төн 16га чейин жарандар уктап эс алышат.
Испандыктардын дагы бир өзгөчөлүгү алар кезекте турганды билишпейт. Биринен-бири өтүп эле алдыга умтула беришет. Бул тарбиясыздык катары да кабылданбайт. Кадимки эле көрүнүш. Анан дагы мотоцикл айдаган уурулар көп. Алар шаар тургундарынын, туристтердин колунан баштыктарын алып качып жөнөгөн учурлар ого эле көп.

ПАДЫША – ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ

Финикиялыктардын "и-шпаним" деген сөзүнөн улам бул аймак Испания деп аталып калган болушу мүмкүн деген божомол бар. "И-шпаним" бул дамандардын жээги деген түшүнүктү берет. Даман – бул кемирүүчүлөргө (чычкан, суур жана башка) окшош жаныбар.
Испания – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы падыша. Мыйзам чыгаруу бийлиги парламенттин колунда. Испаниянын падышасы мамлекеттин бардык органдарынын мыйзам чегинде иштешинин кепили, ал өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги өкүлү, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы. Падышанын буйруктары мыйзам чыгаруу органдарынын (парламенттин) колдоосунан кийин күчүнө кирет. Учурда тактыда падыша Филипп VI отурган чагы.

Падыша Филипп VI 2014-жылдан тарта падышалык тактыда.


ЭЛЬ-КЛАСИКО

Учурда Испания 17 автономдуу аймактан турат. Алардын ичинде Каталония жана Баск аймагы эң ирилери. Каталония акыркы убакта эгемендүүлүк алууга аракет кылып келет. Испания менен Каталония ар убак атаандашып жүргөнү жүргөн, андыктан Эль-Класико футболдук таймашы жөнөкөй беттеш саналбайт. Бул өлкө борбору Мадрид менен автономдуу аймак Каталониянын борборунун салгылашы! Падышалык футбол клуб "Реал Мадрид" менен каталониялык "Барселона" футбол клубдары 1902-жылдан тарта таймаш үстүндө келе жатышат. Кылымдан ашкан тиреш учурда Роналду менен Мессинин таймашына айланган.
Испандыктар футболду сүйөт. Алардын катары менен 2 жолу Европа чемпиону жана Дүйнө чемпиондугун утуп алгандыгы бүтүндөй өлкө үчүн майрам тартуулаган.

Испаниянын футбол курама командасы 2010-жылы биринчи ирет Дүйнөлүк чемпиондукта жеңишке жетишкен.


КОРРИДА ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ

Ал эми коррида жөнүндө өзүнчө сөз кылышыбыз керек. Бул испандыктардын салттуу оюну, визиттик карточкасы десек болот. Биздин көк бөрү сыяктуу. Миңдеген эл чогулган аренада матадор (букага каршы турган адам) менен бука эрегишкен таймашка түшүшөт. Матадор улам буканы ызалантып, андан буйтап качып өзгөчө оюн-зоок көрсөтөт. Кээде жини башынан ашкан бука матадорду жаткыра сүзүп, сүрөп турган элди көздөй атырылган учурлар жүздөп саналат. Корриданын дагы бир түрү – бул энсьерро, көбүнчө айыл жеринде ойнолот. Баарынан кызыгы, бул учурда жаалданган буканы көчөгө коё беришет да, топтошкон эл андан качып жөнөйт. Албетте, бул оюн-зоок толгон-токой жарааттар менен коштолот. Баса, корриданы көрөм десеңиз Каталонияга барбай эле коюңуз. Ал жакта бул оюн-зоокко тыюу салынган.

Энсьерро – башкаларга акылсыздын оюнундай көрүнүшү мүмкүн, бирок испандыктарга бул өтө кызык оюн.


КАЛКЫ КАНТИП ЖАН БАГАТ?

Испанияда туризм, айыл чарбасы, өндүрүш тармагы жетиштүү деңгээлде өнүккөн десек болот. Учурда зайтун майын өндүрүү боюнча бул өлкө дүйнөлүк лидер. Ошондой эле балык жана деңиз азыктарын сатуу боюнча дүйнөдө алдыңкы он мамлекеттин катарында. Кеме, унаа куруу тармагы да жолдо калган эмес. Айтылуу SEAT үлгүсүндөгү унаалар дал ушул өлкөдөн чыгарылат.

Айтылуу фламенко бийи –испандыктардын мүнөзүн чагылдырган эмоционалдуу бий.


Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
01.05.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Испанияга да барабызго буюрса.
01.05.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде Испанияга дн катуу кызыгуу жаралды го
01.05.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сингапур жонундо да жазсанар сонун болмок
02.05.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nice.5, саламатсызбы?
Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/31503
02.05.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кыялымдагы суйуктуу мамлекет. Испан тили менен ооруп журдум го бир кезде.
02.05.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Barselonaga bargam.Oto kooz shaar. Ispan eli meimandos, shaiyr kelishet. Tamaktary jagat daamduu. Airykcha deniz tamaktary mum.... paiaya degen tamagy jagat.Anan suluu elderi. Suilogondoru tattuu adamdy ozuno tartyp turat. Barselonada el oto ele kop tochnee turister. Eldin koptugunon judogom. Ibitsaga baryp es alynyzdar aiiabai sonun. Maga abdan jakty.
08.05.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Падышасы красавчиг экен баарынан жагы
23.08.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макалада жакшы жактары жазылыптыр: бирок Испанияда жумушсуздук, экономикалык каатчылык, кымбатчылык өкүм сүрүп турган кез. Жаштары биздин жаштардай каражат табуу үчүн Германияга, Францияга барып иштешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо