Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мерген Турган: «МЕНИН СТИЛИМДЕЙ ЫРДООГО АЗЫРКЫЛАРДЫН "ДУХУ" ЖЕТПЕЙТ»

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

– Мерген байке, кандай жүрөсүз? Акыркы убакта жаңы чыгармаларыңызды укпай калдык?
– Учурда туура тамактануу аркылуу адамдарды арыктатуучу, өтө арыктарды семиртүүчү "Үмүт" деген борбор ачып, ошону иштетип жатам. Өзүм 110 килограмм болчумун, 25 килограмм арыктадым. Семиздик адам үчүн оор экен, анын айынан кийинки кезде ырдабай калгам. Үнгө да таасир этет экен, мурда алган ноталарга үнүм жетпей, мурдагыдай так секирип бийлей албай калдым. Акырында бир тойдо жүрөгүм кармап куладым. Ошондон тарта өзүмдү арыктатуунун жолун издеп, акырында силер көрүп тургандай арыктап, кайрадан мурунку жашоомо кайттым. Азыр көңүлүм ачылып, жаңы дем менен чыгармачылыкка кайтып, альбом жаздырууга кириштим.

– Сизге кандай учурларда эргүү келет? "Өмүр кечи" деген ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз.
– Бул ырды мен жашоомдогу эң оор маалда жазгам. Ошол маалда өзүмдүн жакын адамдарым – атам, мугалимим Марат байке (ред.: Алыбаев), жакшы досторум бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Бир күнү ойлонуп отуруп көп нерсени туура эмес кылып жүргөн окшойм деген ой келди. "Алар тирүү кезде эмнеге жакшы сөз айтып койбодум? Үйгө чакырып чай берип койсом болмок, жүрөктөрүн оорутуп койдум окшойт" деп ойлодум. "Кайрадан бир өмүр жаралса мен мындай кылбайт элем" дедим. Атамды жаш кезимде укпайт элем, мугалимим Марат байкеге да көп кыялдарымды көрсөтчүмүн. Бүгүн көргөн адамыңды эртең көрбөйт экенсиң. Аларды убагында сыйлап калышың керек экен деп, бул ырды ыйлап отуруп бир түндө, сөзү, обонун кошуп жазгам.

– Ырыңызды угармандар кандай кабыл алды?
– Назгүл деген жакын дос кызым бар. Ошол кыз жашоодон кыйналып, өз өмүрүнө кол салып, бул өмүрдөн кетейин деп жатканда ушул ырды кайра-кайра угуп, ал оюнан кайтыптыр. Кийин мени издеп таап, "рахмат ушул ырыңа, ушул ырың мени сактап калды, болбосо мен эбак тиги дүйнөдө болот элем" деген. Азыр турмушка чыккан, балдары бар, жакшынакай жүрөт. "Өмүр кечин" дайыма рингтонуна коюп алат. Андан сырткары көп адамдар "бул ырыңыздан кийин биздин жашообуз өзгөрдү", "таарынып жүргөн жакындарымдан барып кечирим сурадым" деген сыяктуу сөздөрдү айтышса сүйүнүп калдым. Токмокто Медаль деген эжем бар. Бир күнү үйдө отурсам ал ыйлап келиптир. "Эмне деген ыр жазгансың? Сен эмне, өзүңдү бир нерсе кылганы жатасыңбы? Жашооң эмне болуп жатат?" деп ичкен-жегенимди, жашаган үйдү бүт карап чыгып, анан өзүнө келген. Демек, мен жөн эле ыр эмес, жашоону, үйдү "уборка" кыла турган ыр жазган экем деп ойлоп койгом.

– Уулуңузду үйлөнттүңүз, кандай кайната болуп жатасыз?
– Кудай мага пейилиме жараша алтындай келинди, алтындай кудаларды тартуу кылды. Азыр небере күтүп жатам. Менин кызым жок, буюрса, кыз экен. Баламдын апасы экөөбүз абдан сүйүнүп жатабыз. Кайната болгондон кийин мурдагыдай ачык-чачык кийинбей, сахнада өзүмдү кармап токтоо болуп калдым. Буюрса, балдарыма чоң үй салып берейин деп жатам. Нарындын уулумун да, андан сырткары мал багып жатам. Казакстанга тынбай каттайм. Себеби кайнатам оорукчан, жубайым жумушуна байланыштуу ал жакта жашап жатат. Экинчи уулум Ханраат 2-класста окуйт. Таланттуу, жакшы ырдайт. Казакча сүйлөгөнү менен, дайыма "мен кыргызмын" деп кыргыздардын таламын талашып жүрөт. Келечекте ал уулум кыргыз менен казактын сыймыктанган уулу болот деген үмүтүм бар.

– Өткөндө наам албаганыңызга нааразы болуп жүрөт элеңиз. Үнүңүз тиешелүү кызматтагыларга жеттиби?
– Үнүм эч кимге жеткен жок. 35 жылдык эмгегиң тебеленсе жаман эле болот экенсиң. Өкмөт мага наам бермек түгүл, төшүмө төөнөгүч таккан жок. Мен эле эмес, бир топ улуу муундагы татыктуу адамдар наам албай жүрүшөт. Болгону мен өзүмдүн оюмду айттым. Балам менен тең балдар наам алып жатышат. Алар татыксыз деген жокмун, татыктуу, болгону эрте. Грамота, үй же унаа берсе болот. Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген наамдарды алууга жылдар керек да. Адилетсиз берилгени үчүн сыйлыктардын баркы да кетип калды окшойт. Мени, эң негизгиси, элим сүйөт, элим берген Эл артисти деген наамым бар, ошол мен үчүн чоң жеңиш.

– "Элим сүйөт" дедиңиз, бирок ошол эле маалда сиздин стилиңизди жактырбаган адамдарды да көрүп жүрөм...
– Эч качан адамдын баарына тегиз жакпайсың. Ошол эле Таттыбүбү Турсунбаева эжебизди, Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу агаларыбызды да жаман көрүп сындагандар болгон. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер элдин баарына жаксаң, демек, бир жери туура эмес, ошондо даана көйгөй жаралат. Ушул жерден айта кетейин, менин оригиналдуу образым бар. Азыркы жаштар мен кылгандын бирин кыла албайт. Ошого таң калам, менимче, буга "дух" дагы керек го дейм. Ушундай стиль менен, чачты өстүрүп, бийлегенге азыркылардын "духу" жетпейт.

– Тажрыйбалуу ырчы катары айта кетсеңиз, азыркы кыргыз шоу-бизнесинин абалы кандай?
– Эч кандай. Таарынышпасын, изденүү деген жок. Азыр "ох" дедиртип эч ким таң калдыра албайт, баары коёндой окшош. Окшош костюмдар, окшош ырлар, баары бир студиядан жаздырат. Анан эле "ырчы болом" дегендер бүтүндөй бир армия. Азыр ырчылык оюнчук сыяктуу болуп калды. "Жумуш таппай калсам ырчы болом" дегендер, бул уят. Арасында үнү, стили жакшылар бар, бирок саналуу. Алар да токтоп калбай иштеши керек. Жаштарга айтарым, жакшы ырчы болгусу келсе билим алсын, жакшы акындар, обончулар менен иштешсин. Азыр оңой эле экен, өзбек, казак, тажиктердин обондорун алып, ошого окшоштуруп токуп коюп эле жылдыз болуп кетишет.
Элден өткөн сынчы жок, сахна дагы таза таланттарды көтөрөт. Жаштарга айтарым, сынга сынбай, аны көтөрө билиш керек, ошондо өсөсүң. Мени канча ушакташты, көптөр бут тосушту, концерттерден алып салып мени жок кылууга аракет кылышты. Кыйынчылыктардын бардыгын позитивдүү маанайым менен, күлүп жүрүп жеңдим. Ошондуктан баарыңыздардын жүрөгүңүздөрдө сүйүү, тазалык, анан күлкү болсун дейм! Жүрөктүн тазалыгынан, көңүлдүн актыгынан өтөр эч нерсе жок.

– Башыңыздан өткөн күлкүлүү окуяларды айтып бизге да позитив тартуулабайсызбы?
– Баштан күлкүлүү окуялар көп эле өттү. Казакстанда ырдап жүрөм. Бир концертте алпаруучу "Мерген жана Турган" деп мени сахнага чакырды. Чыксам эле эл кол чапты, алпаруучу турат. Мага келип, "Кана экинчиси?" деп коёт. Мен дагы бирөө келет окшойт деп ойлоп күтүп тура бериптирмин. Бир маалда алпаруучу келип "Сиз Тургансызбы же Мергенсизби?" дейт. "Мергенмин, Турган келбей калды, анын ордуна мен ырдай берейин" деп күлүп ырдап баштагам. Дагы бир жолу Москвада бир ажатканага кирсем, бир "мужук" "Женщина, закрой дверь! Это мужской туалет" деп кыйкырып кууп чыккан.

– Тамашалуу суроо. Чачыңыздын куну канча турат?
– Менин чачым Кыргыз Республикасынын баалуулугу деп тамашалап коём (күлүп). Бир ирет ыраматылык апам үйдө гезит окуп отурган. Бир маалда эле "Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, асылгандары эле Аскар Акаев менен менин балам!" деп колундагы гезитти ыргытып жиберди. "Акаевдин чачы жок, Мерген Тургандын чачы узун" деп эле жаза беришет экен. Ай, алдырчы алдагы чачыңды!" деп мени урушту. Ошону угуп аябай күлгөм. Анын сыңарындай, менден да чачым популярдуу. Чачымды алып койсом кээ бирлер тааныбай калат. Анын артынан канча сөгүү уктум, канча ийгиликтерге жеттим дегендей.
Жаш кезимде баары "чачыңды ал" деп тажатып жиберишти. Бир күнү концерттин алдында чачымды кыска кылып алдым да, бир кара костюмду кийип сахнага чыгып бийлебей түптүз туруп алып ырдасам эл кол чаппай койду. Анда телефон жок да, бизге кат жазышчу. Кат келди. "Мерген байке, чач кайда? Биз сизди чачыңыз менен күтөбүз. Сиз биздин үмүтүбүздү актаган жоксуз. Алдагы аза күткөндө кийчү костюмуңузду чечиңиз..."- деп жазыптыр, ошондон кийин чачымды кыркпай калдым.

– Маек курганыңызга ыраазычылык!

"Убагында уулдарды төрөтүп коюп жакшы кылыптырмын. Учурда келинимдин ысык чайын ичип, небере күтүп жаткан чагым. Мындан өткөн бакыт жок экен".


"Апам ыраматылык "уулум, чоңдорго барып жардам сурасаңчы" деп айтып жүрдү. "Апа, мени чоңдор сыйлабаса да, элим сыйлайт" деп койчумун".


Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мерген Турган: "Мамлекет наам бермек түгүл, төөнөгүч кадап койгон жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(54)
01.05.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))))))...
SUPER.KG видео
01.05.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аябай жакшы маек бериптир,чындыкты айтыптыр,ырчылар тууралуу дагы,Рахмат берген кенештеринизге
SUPER.KG видео
01.05.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
35 жыл деп эле ушулар кууратышты,35 жылда эмне кылдыңыз айтыңызчы? Ырдасаңыз өзүңүз үчүн ырдадыңыз,өзүңүздүн чөнтөгүңүзгө иштедиңиз дегендей.39 адамдын алдына же бекер концерт койдуңарбы?ырчылар мамлекетке салык да төлөшпөйт.
01.05.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул болгону бир образ , эми болбогон нерсе учун аны шылдын кылган болбойт!
SUPER.KG видео
01.05.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мерген Тургандын кандай ырлары бар татыктуу болсо мамлекет беретта
01.05.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Суротту атайын тушконбу эски терезенин жанында ....
Бирок торотуп коюп жакшы кылыптыр ....Эми наам да берип калаар анан суйлосо угабыз тынчылык болсо.
01.05.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиздин стилиниздей ырдап чыкканга духу жетет,бирок НАМЫС жол бербейт эч кимге!!!
02.05.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Татына кыз" деген ырынызга базар жок брат
02.05.2017. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай таланттуу байке көрө албай бут тоскондорго маани бербениз ар ким өзү каалагандай жүрөт кудай кандай кылып жаратса ошондой сүйлөйт Кулчигит деле журбойбу кызга окшоп бир убакта чачын бир тутам кылып остуруп жүргөн аны эмнеге сөз кылбайсынар
02.05.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оииии гыйбат кылбагыла☝
02.05.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага лично жагат
02.05.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аябай шайыр ,артистичный адам.Концерттерден башка ырчылар чыкканы билинбей,Мерген Турган чыкканда сахна жанданат,бир залды бут алып кеткенге кудурети жетет.Артистке керектуу сапаттары бар

02.05.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ырдаганына бир нерсе дей албайм бирок дынкы жененин ролун аткарганда аялдарга эле окшоп калат. жакшы ойнойт берилип
03.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aliakg90,минус басылып кетти капачылык болбосун ээ
бул кишинин сахнадагы образы ошондой окшойт да. А так узун чачы жок эч эле элестете албай койдум...
02.05.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Айлана тегерегимен бир да адамды коро элекмин,мага ушул ырчы жагат дегенин. Бир да Адам айтпайт жагат деп
Izdeim_seni. түзөттү 2017-05-02 15:16:52
02.05.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
мага жакпайт эч эле
02.05.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнада стили менен журсо журсун. Бирок, башка жерде эркекке окшоп журсо балдарына да жакшы болмок.
02.05.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы ырчы.....ийгилик каалайм.
02.05.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мага жагат. артист деп Мерген Турганды айт
02.05.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун байке да ,ийгилик каалайм жана ден соолукт
03.05.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырас чачыныз кыскасында торотуп коюпсуз азыр болгондо эмне болмок кудай билет.
03.05.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Торотуп коюп дегенин карагыла.
03.05.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялынын да суротун коргум келди
Медиа-портал
03.05.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мунун эмнесине берсин.Озун Керим Турапов же Муратбек Бегалиев ойлойт окшойт.Жогоруда айткандай сен жасаганды духу жетпегенинен эмес,жасагандан уялышат адамдар.Ошого сен один эгземплярсын....
04.05.2017. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштериңизге ийгилик
SUPER.KG видео
04.05.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХХ не кыласын ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-04 11:47:23
05.05.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмгек синирген эмес даже эл артистке татыктуу...уят эле кыргыздын эмес казактын эмгек синирген артисти деп журот ...наамдардын баркы жоголду бизде...болбогон ырчыларга берип
05.05.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уулдарды торотуп коюп дегенин
06.05.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мерген байкенин уну бар чындыгында, муруук ак бантик деген ыры аябай хит болгон, бирок наам бере турчу ырлары деле жок,Нарынга бир жолу концерт койуп келип,жандуу ун менен ырдаган, чынында голос бар, бирок кечке эле мага наам бербейт дей берет. Хит болгон ырлары аз, же эмне аял болуп кийинип алып дынкы женени ойногондугу учун береби наамды тушунбойм
SUPER.KG видео
06.05.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинизге иигилик Мерген байке
07.05.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лично баары бир...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо