Сема, ырчы: «БАЛДАРЫМДЫ БУТУНА ТУРГУЗАЙЫН ДЕП ЫРЧЫЛЫКТАН КЕТТИМ»

№757 5-11-май, 2017-ж.

"90-60-90", "Тартылам сага", "Кызганба" деген ырлардын аткаруучусу Сема учурда сахнадан көрүнбөй кетти. "Кайда, эмне менен алектенип жатат?" деген суроолоруңуздун жообун төмөндөн аласыз.

– Сема, салам. Сени акыркы убакытта сахнадан көрбөй калдык?..
– Кандайсыңар? Сахнадан алыстаганымдын себеби бизнеске оогонум болду. Шоу-бизнеске 2004-жылдан тарта аралашып, жалпысынан 7-8 жыл жүрдүм. Анын 5-6 жылында катуу иштедим, тынбай жаңы ырларды жаздырдым. Анан чыгармачылыгым бир аз солгундай баштаганда бизнеске өтүп кеттим. Чынында, чыгармачыл адамдар бул чөйрөдөн таптакыр кетип калышпаса керек деп ойлойм. Анткени баары бир жан дүйнөсү ырды каалап турса, эргүү келип жатса, кантип таштап кетет? Ошондуктан мен дагы кээде өзүм үчүн, досторум үчүн ыр жаздырып калам. Концерттерге катышып, жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырбасам да, тойлордо ырдап калам.

– Бизнестин кайсы түрү менен алектенип жатасың?
– Кийим тигүүчү цех иштетем. "Sеmа Collection" деген аталыш менен этикеткаларды чаптап, чет өлкөгө жиберебиз. Күнүнө 1000 даананын тегерегинде тигилип, Орусияга, Казакстанга, кээде Европага жиберилет. Эс тарткандан берки кыялым жеке ишкер болуу эле. Буюрса, кыялым орундалды. Ырчылык башынан эле хоббим. Апам аккордеон ойнойт, атам комуз чертет, инилерим жакшы ырдайт. Ал талант мени да тынч койгон жок, өзүмдү ырчы катары сынап көрдүм. Ал жагынан да ийгилик жарата алдым.

– Жеңил өнөр жай тармагына кандайча кызыгып калдың?
– Ырчылыгымдын аркасы менен чет жерге көп чыктым. Ал жакка салыштырмалуу биздин жашоо деңгээл төмөнүрөөк экен. Ошондон улам ырчылык менен бардар жашоого жетишүү кыйынга турат окшойт, балдарымды да бутуна тургузайын деп жеке ишкерликке өтүп кеттим.

– Анан өзүң каалагандай жашоого жетиштиңби?
– Кудайга шүгүр, бизнестин аркасы менен көп нерсеге жетиштим. Буларды алдым деп манжа менен санагым келбейт, бирок өзүм каалаган жашоонун эшигин ачтым десем туура болот.

– Ырчы болуп жүргөн кезиң менен азыркы учурдун эмне айырмасы бар?
– Ырчынын оюн, жан дүйнөсүн бир гана чыгармачылык ээлеп, ошону гана ойлошу керек. Ырдап жүргөндө акчаны, валютанын курсун ойлочу да, карачу да эмесмин. Жеке ишкерликке өткөндөн бери акча эсептегенге, курсту улам караганга өтүп алдым. Дагы бир айырма – сахнада жүргөндө жалаң чыгармачыл адамдар менен иштешип, баарлашсам, азыр карапайым калк менен көп жолугушам. Чыгармачыл адамдар менен тойлордо көрүшүп калдым. Мага эң чоң шык берген – бул калың журтум десем болот. Кайсы жерде, кандай шартта болбосун мени таанып, сый-урмат менен кабыл алышат. "Сема байке, сиздин чыгармаларыңызды жакшы көрчү элек, ырдап чыкпайсызбы? Биз сизди сагындык. Силердин ырларыңар ошол кезде сапаттуу, уккулуктуу болчу. Стилиңер да жакшы эле. Биз сизди күтөбүз" деген сөздөрдү байма-бай угуп турам. Бул сөздөр кадимкидей жакшы маанай тартуулайт.

– Балдарыңдын улуусу канчага чыкты?
– Балдарым чоңоюп калышты. Кызым Аяна №12 гимназияда 5-класста, балам Байэл кыргыз-түрк лицейинде 3-класста окуйт. Кенжетайым Элхан бала бакчага барат. Балдарым каникул сайын "чоң ата, чоң энебизге барабыз" деп жөнөп калышат. Алардын да тарбиясын көргөндүктөнбү, үчөө тең бышык, ыймандуу, боорукер.

"Цехте 60тай адам иштейт".


"Кундуз Канатбек кызы экөөбүздүн аткаруубуздагы "90-60-90" ырыбыз учурунда жакшы эле хит болгон".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Сема: “Сахнадан алыстадым деп айта албайм, тыныгуу алдым”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(16)
08.05.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсыз бутка туруу керек
08.05.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми ырчынын саны итак деле коп. Ашыкча коп. Сема,бизнесин Алып эле кете бер. Унутулуп деле калдын. Суперге чыкпасан эстевейт да болчук.
08.05.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
салам супер инфо Султан Садыралиев жонундо да жазсанар неге жок болуп кетти
08.05.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aliya150715, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
08.05.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сапаттуу деп кайсы ырын айтып жатам? Кундуз экоо жалан "одноразовый " ырларды ырдашат го...
08.05.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечке эле чыгармачыл адамдар деп озун мактай бериптир. Анча деле эмес болчу мурда эле
08.05.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу сема мырза ырчылыкка кайтып келбей эле бизнесинди кобойтуп кайрымдуулук жасасан ото сонун болмок азыр Кыргызстанда кыйынчылык болуп турганда темболе азыр ырчылар кобойуп кетти
SUPER.KG видео
08.05.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кандайстар Максат кайакта билгендер болсо жазып койгулачы
08.05.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нурлан Алдаяров жонундо маек курсанар жакшы болот эле...убагында байкебиз деле Бек байкенин ырларын мыкты ырдап хиттерди жараткан...журогу муз сулуу кыздардын...гулсана .ж.б
09.05.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kanat969023, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
11.05.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец. Эмне кыласын сахнаны тайрандабай тура эле тандапсын жолугду ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
12.05.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мынча жакшынакайсыз,красавчик.!Кара кулжада кайсы мектепти бутургонсуз.?Ишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
12.05.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сахнага келиниз чыдамсыздык мн кутобуз!
SUPER.KG видео
12.05.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне соодасызбы.бизнестер
13.05.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен сахнага келген деле эмессинго чынында
30.06.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sema selaдай мыкты бренд болсун. Чет элге эле айдай бербей Кыргызстанда да сапаттуу кийимдер керек, озубуздо чыгарылган, жакшы коллекция кутуп калабыз. 90-60-90 менин фигурам деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо