Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АСМАН ЖОЛУ - ЖОЛ ТЫГЫН МАСЕЛЕСИН ЖОЁБУ?

№757 5-11-май, 2017-ж.

40 ЖЫЛДЫК ИЗДЕНҮҮНҮН ЖЕМИШИ

Бишкек жана Ош шаарларында жашоочулар көбөйүп, ага жараша автоунаалардын саны да кескин өсүп жаткан мезгил. Албетте, бул шаар ичинде жол тыгынын жаратса, бир тараптан транспорттун көптүгүнөн аба булганып, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жер астынан жүрүүчү метролор бар экендиги белгилүү. Бул багытта конструкторлор асман жолу (SkyWay) транспорт системин коомчулукка сунуштап, ал арзан жана ишенимдүү боло аларын көрсөтүп жатышкан убагы. Бул идеянын автору 68 жаштагы Беларусь инженери Анатолий Юницкий болуп, 1977-жылы аталган транспорттун үстүндө иштей баштаган. 40 жылдык изденүүсүнүн жыйынтыгында Юницкий 2002-жылы гана алгачкы асман жолунда жүрүүчү жаңы унааларын текшерип көрө баштаган. Аталган жаңылыкты инженерлер "XXI кылымдын транспорту" деп аташкан. Юницкийдин идеясын серепчилер 400 миллиард долларга баалаган.

ТРАНСПОРТТУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Асман жолу транспорттук системинин унаалары темир жолдун үстү менен (метро сыяктуу) жана жолго асылган абалда каттамдарды уюштурат. Ошондой эле коопсуздугу, экологияга зыян тийгизбегени, арзандыгы, ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы менен башкалардан айырмаланат. Мунун эң чоң жетишкендиги катары транспорттун коопсуздугун баса белгилешет. Ал 10 метрлик суунун астында да коопсуз болуп, 10 баллдык жер титирөөгө да туруштук берет. Мындан сырткары катуу шамал коркунучу да эске алынган.

АСМАН ЖОЛУ ДҮЙНӨНҮ КАПТАЙБЫ?

Серепчилер "аталган транспорт дүйнө жүзүнүн ири шаарларынын жол тыгын маселесин чечет" деп белгилешет. Юницкий түптөгөн компания "SkyWay" деп аталып, ири долбоорлордун үстүнөн иштеп баштады. Алсак, заманбап транспорт үчүн Минск шаарында атайын даярдыктарды, изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн "ЭкоТехноПарк" курулган. 2003-жылдан 2016-жылга чейин БАЭ, Кытай, Сауд Арабиясы, Индонезия, Улуу Британия, Ирландия, Австралия жана башка өлкөлөрдө долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. Аталган өлкөлөрдө транспорт системинин курулуш иштери 2017-жылы башталат. Ошондой эле Индиянын тоолуу аймактарына заманбап транспорт каттамын куруу иштери башталары күтүлүүдө. Асман жолу транспорттук линиясын куруу үчүн болжол менен 1 чакырымына эң жогорку баасы 6 миллион долларга чейин сарпталат.

ТРАНСПОРТТУН 3 ТҮРҮ:


1
Шаар аралык тез жүрүүчү транспортко 500 адамга чейин же 100 тоннага чейин жүк салса болот. Ылдамдыгы саатына 500 чакырымга жетет. Ар бир каттамдын аралыгы 10 миң чакырым болууга тийиш. Тез ылдамдыктагы аталган транспорт район, шаар, мамлекет аралык жүргүзүлүүсү мүмкүн. Бул транспорт кызматы тез ылдамдыкта жүрүүчү темир жол транспортунан 5 эсе арзанга түшөт.


2
Шаар ичинде жүрүүчү транспорт 100 адамга чейин тейлеп, 10 тонна жүк салса болот. Каттамдардын аралыгы 200 чакырымга барабар. Бул каттам шаар ичинде, аэропортко чейин жана жакын жайгашкан шаарларга кызмат кыла алат. Бул саатына 150 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Мунун баасы метролордон 2 эсе, трамвайлардан 3 эсе арзан.


3
Жүк ташуучу транспорту 20 миң тоннага ылайыкташтырылган. Каттамдардын аралыгы 10 миң чакырымга чейин жетет. Ал эми ылдамдыгы саатына 120 чакырым. Бул транспорт өнөр жай, суюктук, жеке жана атайын жүктөр үчүн ылайыкташтырылган.

Асман жолу транспортунун линиясы бекем жасалып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
08.05.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Шайлоого чейин Бабанов бишкеке орнотуп койбосо эле
08.05.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nazikbaigazy,vuaxaxaa owondoi bolso kana emi
08.05.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир чакырымга 6млн $ арзан эле экен. Ошоко шаар ичине 10км Бишкеке 20км куруп сынап коргуло. 180млн$ болот жалпы
08.05.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Ээ биз Жон эле асфальт басып алалычы... ага дагы биз учун 60-70 жыл бар
08.05.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бабановдун калпынын списогуна кирди дей бер
08.05.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз абалы Бишкек-Ош,Ош-Бишкек жаны жолун салып алалычы.
08.05.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Santanna, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
08.05.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Асман жолу? Жон эле нормальный сапаттуу жер жол салып албайлыбы
08.05.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тушко кирбеген нерселерди айтасынарда. Асманга жол салбай эле кара балта бишкек жолун жакшы салып алсынчы окмот. Анан бир колдонуучу жазыптыр 180миллион элн болот экен бишкеке асман жолун салыш учун деп. Жооп ошол 180миллионду биздин жепжутаттар замат жейт салып отурабы
08.05.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ал эмес кыргыз элинен чогулган дачи суга деген акчадан жеп жетишип жатат силер эмнени айтасынар
08.05.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 Жылдан кийин келсе жанылык болот,биз учун.
08.05.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы ойлоп табыптыр идеяга кошулам биздин Кыргызстанга качан курулат экен.
09.05.2017. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тоонун куйругу жерге тийгенде курулат кадимки жол онолбой ататко
09.05.2017. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Депутаттардын калпына кошулду эми ..коросунор шайлоодо айта башташат
09.05.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асман жолу али бизге алыс,жердеги эле жолду жакшыраак жамачылап коюшпайт
09.05.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы нерсе экен, а бизге 50 жыл бар го.
09.05.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirkaa5182,50-жыл эрте болуп калышы мумкун.
10.05.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ушул кампаниядамын акциямда бар кудай буйурса жакшы тилек тилесек баары жакшы жагына чечилет.эл сыяктуу магада биздин жердин абалы абдан жакпайт. Биздин Каракол шаарынын жолун айтпай эле коеюн машина эмес жоо басада албайсын. Неге биздин чондор конул бурушпайт.болбош керек тундук туштук деп дешет.Болгону эле ушуда колдун убагында тытып келип калышат андан кийин кимди ким корду буржубайды там басты болушат.
14.05.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saiko.r,канча сомго кошулдунуз. Эртенкисине ишенесизби. Бекер сыр чычкан кармагычта гана болот, эртереек ойлонунуз
10.05.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазында тешкилеп ондомуш этишет бир кундон кийин мурункусунан жаман казылып калат.элдер налог толойт а качан бизге бузулган машинаьыз учун толойсунор налог??? Азыр бизде сыймыктана турган мырзалардан калбай калды бизден кийин тарыхта не деп калат болду экен ар ким оз байлыгын коруп отушкон деген калатго э. Бул чондорду машиналарын атайын айдатып караколдун жолдорун кыдыртса. Кечке секирген кандай экенин корушсо.
10.05.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
салса болчудай экен кана эми ушундай асман жолун куруп беришсе.
11.05.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бабанов орнотот президент ишенич алыш учун
11.05.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
буйурса заманыбыз онолуп жатат акырындык менен болот баары сабыр каалайм КЫРГЫЗ элиме
12.05.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жердеги жолду нормалный ондоп койгула ошол болот.акыр чункурларда айдоочулар акырын айдап ушунун кесепетинен болтат
12.05.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракетчил сабырдуу болсо баары болот албетте президент депутаттар аракет кылса негизи биз арамза болгон мамлекетпиз
14.05.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир фининсылык пирамида. Акча толоп кошулсан кийин пайдасын жеп отура бересин деп угуттоп жатат. Кээбир адамдар жазылыптыр, бизде закон жок да ушуга, канчасы кууратты. Админ бул такталган маалымат, очурбо. Ишенбесенер деп силердин гезитти корсотуп жатышат.
09.08.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушувуздода корбойвуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо