«СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ, ИНИМ!»

№757 5-11-май, 2017-ж.

Жай болсо керек. Атам кайдан-жайдан 3 эчки алып келип койду. Чоң энем саап ичмек экен. Аны кайтаруу менин моюнума илинди. Ушунчалык тынчы жок мал дейсиң, тим эле тажатышат. Бир тиякка, бир биякка чуркашат. Коңшунун короосуна эле кире беришет. Кошуналардын балдары бул эчкилерден өткөн немелер. Тентектиги жанда жок.
– Эй, алып кет эчкилериңди!
Карасам огородубузду бөлүп турган зым тордун ары жагында кошунанын улуу баласы турат.
– Азыр...- күнөөлүү кишидей чуркадым. Алардын короосуна кирип эле айдап чыкмакчы болуп жатсам жанагы "бери басчы, эмне эчкилериңди карабайсың, ыя?" деп туруп эле беттен ары муштап жиберди. Көмөлөнүп түштүм. Мен андан 2-3 жаш кичүү, анан калса алсыз болчумун. Азыр ойлосом, ал мектепке барчу экен. Менин мектепке бара элек кезим.
– Энеңди...- ызырынып сөгүнүп тура калдым.
– Кимди сөгүп жатасың?!- жинденип келип бир тепти. Тим эле чоң кишини сабагандай үстүмө чыгып алып башы-көзгө муштагылайт. Менин жүрөгүм түшүп калган. Бакырып ыйлап чоң апама жеттим. Колуна чыбык алып чоң апам алардын үйүн көздөй жөнөгөндө көчөгө (алар үч бир тууган болчу) дыр коюшту.
Эчкилерди коңшунун короосуна киргизбес болдум. Бирок бир күнү иним экөөбүз оюнга алаксып кетиптирбиз. Карасам, эчкилер коңшунун короосунда жүрөт. Жүрөгүм шуу дей түштү. Коңшунун улуу баласы шашпай алма үзүп жеп, эчкилерди карап турат.
– Алып кет!
Апкаарып туруп калдым. Ушунчалык коркуп калган экенмин.
– Алып кет!
Тигинин үнү катуу чыкты.
4 жаштагы иним да чочуп кетти. Мен таптакыр туура эмес ишти жасап жибердим. "Шамил, бар сен кирип айдап чыкчы. Алар мени урат" деп инимди жумшадым. Азыр андан бери 20 жыл өткөнүнө карабай мен ошол элести дапдаана көз алдыма тарта алам. Ушунчалык көңүлүмдө терең калган экен. Менин бойтойгон 4 жашар иним бейкапар гана алардын короосун көздөй жөнөдү. Колунда чыбыгы бар. "Ии, ырас болду, буга тийишпейт, кичинекей да" деп ойлоп жибердим. Жок. Мен ойлогондой болгон жок. Коңшунун баласы эми эчкилерди айдайын деп жаткан инимдин колунан чыбыгын тартып алды да, карылуу колдору менен Шамилдин болбураган колдорун билегинен кармап алып жанагы чыбык менен чаап баштады. Бир эле чаап койсо эмне?! Чып-чып этип алакандарына, билектерине чыбыктан так калгыдай кылып бир топко катуу чапкылады. Байкушум жадакалса каяша сөз айта албайт. Чыркырап эле ыйлайт.
– Тийбе! Тийбе-е!- зым торго жабышып чыңырып ыйлап жатам. Коркконумдан инимдин жанына бара албай койдум. Кыйкырыгыбызды угуп чоң апам үйдөн чыга калганда гана тиги бала качып жөнөдү. "Эчки бакпайбыз! Айт атама, биз эчки бакпайбыз!" деп кыйкырып ыйлап жаттым.
– Ай, "кой" деп койбойсуңбу?! Эч нерсе болбогондой отурасың да?!
Чоң апам кир жууп отурган тиги баланын апасына кыйкырды. Кызыгы, ал баарын көрүп туруптур. Эмнеге "кой" дебеди экен?
– Бала деген урушат-талашат да, эже,- эч камырабай сүйлөдү. Баласынын мыкаачылыгына көз жумган ал эже кийин анын азабын тартпай койгон жок (бул таба эмес, болгон эле нерсе).
Балалык жан дүйнөмдө инимди коргой албай калганым мага чоң арман болгон.
Азыр эми ооруканада жатам. 27ге чыккан чоң кишимин. Бөйрөктөрүм жараксыз. Бул азап. Иним Шамил бир бөйрөгүн мага бергени жатат. Ооба, баягы мен коргой албай койгон иним. Билесиздерби, мен азыр Шамилдин алдында өзүмдү ушунчалык күнөөлүү сезем. Элестетсеңер, мен аны коңшунун тентек баласынан коргой албай койгом! Ал болсо мени ажалдан коруп жатат! Бирок кеп мында да эмес. Шамил азыр мага анын бир туугандык сүйүүсү чексиз экенин далилдеп койду. Мен бир учурда анте албай койгом. Бул мени өкүндүрөт. Мен керек учурда Шамилге жардамга бара алган эмесмин. Бул окуяны ага айтып берсем, "ал эсимде жок" деп күлүп койду. А менин эсимде, бир туугандык сүйүүмдү далилдей албай койгон, текке кеткен ал күн эсимде... Ооба, биз бала болчубуз, кичине чакта андай окуялар толтура болот. Бирок өмүр деген ушунчалык кыска. Андыктан ар бир учурда жакындарга сүйүүңөрдү далилдегенди унутпагыла! Эртең буга убакыт жетпей калышы мүмкүн... Мен муну белгисиздикке бараткан (жакында операция болот) адам катары айткым келет. Баса, Шамил, мен сени жакшы көрөм, иним!

Улан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  32 
Комментарийлер(31)
08.05.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Баары жакшы болот! Алла сизге шыпаа берсин, операцияңыз ийгиликтүү өтүп, бир туугандык сүйүүңөр түбөлүккө сакталсын!
08.05.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
отконду кечке эле ойлоп, бушайман болбонуз, андай нерсе боло берет да балалыкта. негизгиси, ининиз сизди жакшы корот экен. озунуз операцияга кирээрде журогунузду эзип, капаланбай, Аллахтан шыпаа тилениз. Кудай буюрса, аман-эсен айыгып кетсениз, ининизге жолок-таяк болосуз
08.05.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Айыгып кетесинер менин да байкем бойрогун алмаштырган азыр жакшы баары
08.05.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эн жакшы жазылыптыр! Операция ийгиликтуу отсун, ал эми бир туугандарыбыз жана ата энебиз кайталангыз бактыбыз биздин. Аска зоо тайанаар тирегибиз!аман болушсун!
08.05.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Откон кундор менен эле жашай берчу болсок, алдыга жылуу болбойт...
08.05.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айыгып кетиниз
08.05.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ыйлаттынарго.Мен ди синдими кичинемде Уруп алы турмушка чыкканда эстеп ыйлап кечирим сурасам синдим эсимде жок дейт
08.05.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыгып кетиниз Аллахым шыпаа берсиин омийн...
08.05.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бала кез баё кез да, кичине кезиниз учун куноолуу болуш туура эмес, мыйзамда деле адам 14 жаштан откондон кийин гана бир нерсени андап жооп берууго даяр болуп калат да, эми кийинкиси жакшы болсун. Ошол бок курсак бала кездеги бир окуядан эле бир туугандык суйуу далилденген жок деш болбойт. Сизде бир туугандык суйуу оргуштап турганы билинип эле турат.
08.05.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда бир туугандарымды эстеп сагынып кеттим
08.05.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ыйлата турган макала экен...Аллах шыпаа берсин сизге!Жакшы болуп кетиниз.Иниздин омуру узун болсун!Экоонорго тен ден-соолук каалайм!
08.05.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таасирдуу окуя экен :(
08.05.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аны коргой турган мукунчулук болгон эмес да сенде.
08.05.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окуп алып ыйладым. Анткени биз иним экообуз бир карындан тебишип тушпосокда к ээ биркилерден ынтмактуубуз жакында кызымдын алиппе май.болуп белек алып берниз деп акча салып жибериптир. Мен анын акча бергеине эмес ардайым мени бал дар ым ды ойлоп турганына абдаан кубандым. Бир тууган деген дайыма ушундай бирибирине эришаркак болуп журсо
08.05.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз синдим экообуз аябай урушчубуз бирок синдиими аябай жаныман артык жакшы корчум озум уруп алып озум ыйлачумун кошо турмушка чыыгып жатканда да аябай толкунданып ыйлагам ... эх бир тууган таянар тоон
08.05.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козумо жаш алдым айыгып кетиниз
08.05.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы болуп кетиниз. ооба бир тууган деген таянар тоо экен мен да синдилерим менен иними аябай жакшы коруп кеттим окуп алып...
08.05.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул макала мени ыйлатты, аман болгулачы бир туугандарым.
08.05.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир бойрок менен жашагандар толтура узун омур суруп,анан да созсуз сен да бир туугандык милдетинди,канчалык жакшы корооруну кудай буйруп созсуз далилдейсин!Эч окунбо,сен учун тилейм кудайдан,операциян ийгиликтуу отуп,инин экоон жакшы болуп,эл арасында бактылуу омур суруп,далай жакшылыктарды коргуло.
09.05.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан таасирдүү окуя экен.Менда жаш кездеги окуяларды эстеп, бир туугандык сүйүүм күчөп кетти.
10.05.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы болуп кетиниз омурунуз узуун болсун.
10.05.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Окуп буткучо кыз окшойт деп ойлоп аткамда
10.05.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алла Таалам ылайым сизге, Шамил ининизди коп коргоп, коп жардам берип, сизда бир туугандык суйуунузду далилдоочу кундорду насип кылсын ылайым. Чын журогумон каалап отцом.
11.05.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпаа берсин. Бул сиздин эсинизде калган бир окуя экен, "аганы көрүп, ини өсөт"- дейт, сиз жакшы болгон үчүн ининиз да сизди коргой ала турган даражада жакшы инсан болуп жетилди, кайгырбаныз, баардык нерсе жакшылыкка.
11.05.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң сонун чыгарма экен. эх жаштык кез
11.05.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунузду эзип, жей бербениз.Балалыкта баарында эле боло берет андай корунуштор.Опперацияныз ийгиликтуу отсун.Андан коро ининизге озунузко ден соолук тилениз. Ининиз аман болсун, бактылуу болсун!
12.05.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
окуп алып ыйлап жибердим, озумдун балалыгым эсиме келди((
13.05.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогум ооруп кетти,мен кичуу инимди коп урдум кичине кезинде,байкушум баардык жумушту кылып керек болсо мени окутту,бир эмес эки дипломдуу болдум,коп нерсеге жетип атам,эми аны окутуп жашоосунда баары жакшы болушуна шарт тузом,баарын жасайм деп аракет кылып жатам,ата-эне,бир туугандарыбыз аман болсун,омурдо табылгыс байлыгыбыз силерсинер...
14.05.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоонуздорго бекем ден соолук каалайм. Откон ишке окунбо,кайрылып кайра келбеген сон. Ал везде катту коркуп калгансын ошондуктан жанына бара албагансын . Бул сенин куноон эмес.
15.05.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дуйнододо эч ким оорубаса экен!!! Дартты берген Кудайым шыпаасын кошо берсинчи Алла деп жалыналы...................
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо