Өзгөндөгү ый: КӨЧКҮДӨ КАЛГАН 16 ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ТОКТОТУЛДУ

№757 5-11-май, 2017-ж.

29-апрель күнү Оштун Өзгөн районунун Аюу айылында көчкү түшүп, натыйжада 11 турак үй топурак астында калып, 24 адам көчкү астында калды. 4-майга карата көчкүдө калган 8 тургундун жансыз денеси топурак астынан чыгарылды. Калган 16 жаранды издөө иштери токтотулду. Кырсыктан кийин "жер көчкүнүн алдын алууга болот беле?" деген суроо көп талкууга алынды.
Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухамед Бокошев жер көчкү жүргөн айыл тургундарына окуядан 3 күн мурун көчүү тууралуу эскертүү берилгенин айтат. "ӨКМнын өкүлү менен эскертүү берип, туугандарыныкына чыгып туруусун суранганбыз",- дейт Бокошев. Ал эми жергиликтүү тургун Абдулхаят Назирбаев: "ӨКМ айрым үй ээлерин көчпөөгө чакырган. Көчкүдө каза болгон инимдин аялы "биз да көчөлүбү?" деп ӨКМ кызматкеринен сураса, "силерге көчкү жетпейт. Мен кепилдик берем" деп айткан",- дейт. Өкмөт бул боюнча министрликте териштирүү болорун билдирди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо