Калыбек Турдубаев, тамашоучу, "Универсал" командасынын капитаны: "КӨЧӨДӨ МУРДАГЫДАЙ ЭЭН-ЭРКИН ЖҮРӨ АЛБАЙ КАЛДЫК"

№757 5-11-май, 2017-ж.

– Калыбек, үй-бүлө, чыгармачылык жакшыбы?
– Экөө тең жакшы. Алгач чыгармачылыктан баштасам, "Универсал" тобу кечээ жакында эле Баткен облусуна 10 күнгө гастролдоп барып келдик. Эл көп келип жатты, жакшы кабыл алышты. Үй-бүлөмдү айта турган болсом, буюрса, жакында үчөө болобуз. "Прогноз погодыдан" июль айында деп көрсөттү го.

– Келинчегиң тууралуу айта кетсең...
– Жубайым Урматжан өзүмдүн айылдашым. Менден 5 жаш кичүү. Алгач интернет аркылуу таанышканбыз. "Биздин айылда мындай кыз жок эле" деп сүрүштүрсөм, бар экен. Көрүп-билген адамдар "ыймандуу, жакшы кыз" дешти. Ал сапаттары мага да жагып, 5 жылга жакын кыз-жигит катары сүйлөшүп, анан үйлөндүк.

– "Супер сулуу" менен Балиге барып эс алып келгениң үчүн жубайың жулган чачтарың өсүп калдыбы?
– Ал чач өстү. Мындан ары чачымды кырдыргым келсе, Балиге дагы барам.

– Бала чагың кайда, кандай өттү эле?
– Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында чоңойгом. Карапайым эле үй-бүлөнүн уулумун. 5 бир туугандын кенжесимин. 1 эжем, 3 агам бар эле, тилекке каршы, улуу агам дүйнөдөн өтүп кеткен. "Элдин кичүүсү болгуча, иттин күчүгү бол" деп коюшат го. Агаларым жумуш чыкса мени жумшашчу. Азыр деле ошондой (күлүп). Атам катуу адам. Мен болсо оюнду жакшы көрчүмүн. Ойноо үчүн үйдөгү жумуштарды эртерээк бүтүрбөсөм ойнотпой койчу.
Кичинекейимде өтө көк бет бала элем. Бир нерсе кылгым келсе, ыйлап отуруп максатыма жетчүмүн. Бир окуяны айтып берейин. Мектепке бара элегимде жайлоого чыкканбыз. Жайлоодо апам, эжем, мен үчөөбүз эле калганда шоктонуп табактагы каймакты төгүп салгам. Апам менен эжемден тил уктум. Анан аларга таарынып боз үйдөн жылаңаяк качып чыгып, түндө айылга келгем. Келип, атама даттангам. 2-3 күндөн кийин кайра жайлоого алып барган.
Мектепте ортодон бир аз өйдөрөөк окучумун. Үлгүлүү жакка да, үлгүсүз жакка да кошула берчүмүн. Мисалы, атамандыкты талашкан шок балдардын катарында болчумун. Ал эми 11-класста мектептин президенти болгом.

– Эгер Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп калсаң эмне кылат элең?
– Биздин айыл чек арага жакын жайгашкан. Менин үйүмдүн ылдый жагы эле Өзбекстан. Чек арада, чек арага жакын айылдарда абал оор, маселе көп. Аларды көрүп кыжырым келет. Эгер мен президент болсом, биринчи кезекте чек ара маселесин чечмекмин.

– "Тамашоунун" чемпиону болгондон бери жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?
– Бир аз күйөрмандарыбыз көбөйдү. Анан тойдо же концертте бизди чакырганда "Тамашоунун" 8-сезонунун чемпиондору" деп чакырышат. Буюрса, 9-сезондо "чемпиондук титулду" сактоого аракет кылып жатабыз.

– Атактуу болгон жакшы бекен?
– Айдын 15и караңгы, 15и жарык дегендей эле экен. Жакшы жактарын айтсак, кайсы жакка гастролдоп барсак да күйөрмандарыбыз тосуп алып, козу союп сыйлаган учурлар болот. МАИ кызматкерлери тосуп калганда тааныса жакшы тилектерин айтып, кайра коё беришет. Жаман жактары деле бар. Мисалы, көчөдө мурдагыдай ээн-эркин жүрө албайбыз. Менин деле жайма базарларга барып соода кылгым келет. Ошондой жерлерде "булар деле жайма базардан соода кылышат турбайбы" деп элдин көз карашы бир аз башкача болуп калат экен. Ошентсе деле бекинип барып соода кылып келем. Анан жалпы мончого көпчүлүк менен чогуу түшкөндөн тартынып калат экенсиң. Ошолор эле болбосо, жалпысынан жакшы.

– Чыгармачылыктын арты менен материалдык байлык топтоого жетиштиңби?
– Биздин тиричилигибиз ушул болуп калды да. Буюрса, жетишип жатабыз. Азырынча чыгармачылыктын арты менен 1 унаа, 1 аялга жеттим. Кудай буюрса, 1 жылга жетпеген убакытта үй-жайлуу болуп калабыз.

– "Универсал" командасы мындан ары шоу-бизнеске аралашып, ырчылык жактан өзүбүздү сынайбыз дедиңер эле?
– Жакында "Тамашоунун" 9-сезонунун финалы болот. Ошол жерден айткан убадаларыбыздын бирин сынап көрөбүз. Тагыраак айтканда, ошол жерден алгачкы жаздырган ырыбызды ырдайбыз.

– Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт эмеспи. "No name" командасы менен чыгармачылык атаандашуу, Ош шаарындагы тойлорду талашуу болбойбу?
– Биринчиден, биз убагында "No name" командасынын күйөрмандары болчубуз. Ошолорду ээрчип жүрүп, алар жол көрсөтүп "Тамашоуго" келгенбиз. Ачыгын айтсам, бизге караганда алардын "базары" чоңураак. Биздин өзүбүздүн күйөрмандарыбыз бар, өзүбүздүн той-топур, концерттерибиз менен жүрөбүз. Азырынча атаандаштык жок, болсок кийинчерээк болуп калаттырбыз. Эгер андай болсо да, биз жол бошотуп беребиз.

– Тамашакөй жигит жашоосунда кандай?
– Жашоодо көп деле тамашакөй эмесмин. Айрыкча үйлөнгөндөн кийин токтолуп калдым. Өзүбүз Ош шаарында турабыз. Айылга келген учурда атам эмне жумуш айтса, ошону аткарам. Арык чабам, үй жумуштарын жасайм.

– Айылыңдын жылдызы болсоң керек?..
– Башка айылдарга барсам жылдызмын. "Сүрөткө түшүп алалычы" деген жаш балдар көп. Өзүмдүн айылымда кадимки эле "Касымдын баласымын". Бирок сыйлап турушат. Ал эми чет өлкөдө иштеген айылдаштарым мени менен сыймыктанышат экен. Өткөндө Орусияга гастролго барганда Питерде мен мурда жакшы тааныбаган 2 айылдаш иним тосуп алып, жакшы сыйлап узатышты.

– Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дешет...
– Чыгармачылыктан тышкары волейбол менен шахматты жакшы ойнойм. Студент кезимде бул спорттун 2 түрүнүн аркасы менен көп сабактарымды бүтүргөм. Деканым да шахмат ойногондуктан, аны менен ойноп, анча-мынча экзамендерди "утуп алчумун". Волейбол боюнча мектептин, айылдын, факультеттин курама командасында ойночумун. Анан студент курагымда кол күрөш боюнча 2 жолу университеттин чемпиону болуп, акчалай сыйлык уткан жайым бар.

– Эмне кылууга моюнуң жар бербейт?
– Бирөө өзүнүн ордуна "жасап койчу" деп табыштаган аманат жумуштарды жасаганды жаман көрөм. Себеби барсаң "өзү кайда?" деп сени "серьёзно" кабыл алышпайт.

– Маегиңе рахмат.

"Ата-энем мени кыз болсо экен деп тилешиптир. Анан эле дардайып эркек болуп мен төрөлүп калыптырмын".


"Жубайым экөөбүз жакында үчөө болобуз. Тун наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагыбыз".


"Апамдын аты "Припев", тамаша, Кайырма. Эң кенже уулу болгондуктан, азыр деле айылга барсам эркелетип калат".


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(27)
08.05.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Аябай жонокой экенсиз, мындан ары да ийгилик чыгармачылыгынызга) аялыныз сулуу экенгоо сизге караганда (ТАМАША)
08.05.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жулунган чачтар осуп калды ))))))
08.05.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылгада келишти концерт жакшы отту
08.05.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-33
Ой ой ой тимеле жылдыз болуп алгансынго,базардан эл катары эле соода кылсан эмне болот экен Биротоло эле мен Арсен сыяктуу.«ЭЛИТАМЫН»дебепсин
08.05.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
klaritta,тамашоудун "элитасы" экени калппы?! Анча мынча тантыган куудулдарга караганда сонун ойношот! Чачындын ордуна чач осуп турсун!
10.05.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
radostmoya,он воообщета тамашоунун элитасы эмес
(чемпион болсо эле элита боло береби,:Оа талантту жигит бирок элита эмес
08.05.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
klaritta,Оа бул эл катары соода кылып эле журот экен ошону элдер башкача коз караш менен карайт экенда бул деле ушундай жерден соода кылат экен деп жатпайбы.Создун маанисин тушунсонор
08.05.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун. Азаматсыз!
08.05.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апамдын аты припев дегени жакты))) Серезный жакшына эле бала экен
08.05.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ото эле жалжактай бергени жакпайт кичине токтоо болсо
08.05.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын сонун интервью берипсин,мышык майга жетпей сасык дептир анча мынча коро албастарга конул бурба.Жакшы жанылыгын бар экен. Эмне дейбиз жылына уйундо майда тапочкалар кобойо берсин!..
08.05.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Братан Ош силер мн сыймыктанабыз
08.05.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жигит боорду эзет го
08.05.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун маек болуптур!!!
08.05.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апамдын аты припев))))) Азамат! Сонун позитивдуу маек болуптур!
08.05.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
воопше эле жылдыз болуп алыпсын го уууфф коргон сайын
09.05.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да уйдун улуусу болгондуктан кичуулорду жумгай берем)) кичинесинде бир ишке жумгап жасабасан ойногону чыкпайсын дейт элем эстесем кулкум келип боорум ооруйт))
10.05.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын!Мыкты адам экенсин!Жубайын менен бактылуу бол!Жубайын сулуу,жылдыздуу апана окшош экен.
11.05.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ЗвИзда сезип алган го озун анан да кечке эле кайталай беришет:атаман болчум,президент болчум делим эле.
13.05.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыбек Азаматсың! Көк-Серектин сыймыгысың! Алга! Өркүндөп өсө бер! Чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, узак жашоо калаймын! Токтогул мектебинин түбүндөгү айылдашың... :)
13.05.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Калыбек чыгармачылык ийгилик уйбулолук бакыт каалайм
13.05.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец талантын сыйлайм озу жаш болсода коптогон ийгиликтерди багынта алды
13.05.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы мончого тушсон эркектер тоо басты кылып жатабы сени эмне.
15.05.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ушунча атактуубу? Же жонокой адамдан бир мучон ашыкпы? Асманга учуп кеитпсинго.
15.05.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыбек, азаматсын! Универде коруп калчумун. Чыгармачылык ийгиликтер ар дайым коштоп журсун жана келинчегин менен бактылуу, анан да келинчегин эсен аман коз жарып алсын, иним
16.05.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014- жылы инимдин тоюн алып барган эле( бир аз жудоп-какап). Азыр такшалып калыптыр,ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо