Кылыч Эдик, ырчы: "ФОНОГРАММАДАН ЫРАХАТ АЛБАЙМ"

№758 12-18-май, 2017-ж.

Аты-жөнү – Кылыч Эдик уулу
Туулган жери – Каракол шаары
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 12-ноябрь
Билими – 10-класстын окуучусу. 3-4 жылдан бери вокалдан сабак алат
Максаты – Профессионал ырчы болуу
Репертуарында – 2 ыры, 2 клиби бар
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын улуусу, карындашы бар

– Кылыч, кандайсың? "Көк бөрү" деген ырың менен элге таанылдың окшойт. Бул ырды кантип ырдап калдың?
– Бир жолу Эрнест Жоошев деген аранжировкачы байкенин студиясына барсам, казактарга ушул ырдын аранжировкасын жазып жатыптыр. Жактырып калып, "мага бериңиз" деп сурап алдым. Көчмөндөр оюну фестивалына арнап, көк бөрү оюнун даңазалап текстин жаздырып, клип тарттырдык. Фестивалдын этнохит бөлүгү боюнча сынакка катышып, 2-орунду алдым.

– Ырчы болом деген ой качан пайда болду?
– Каракол шаарында төрөлүп, 5-класска чейин ошол жерде окудум. Атам Эдик Кеңеш уулу "Айкөл" тобунун ырчысы, жетекчиси болчу. Ал ооруп, 2012-жылы каза болуп калды. Анан жашоо шартка байланыштуу Бишкекке келип жашап калдык. Атамдын көзү өткүчө талантым бар экенин байкабаптырмын деле. Атам каза болгондон кийин атын өчүрбөйүн деп вокалдан сабак алып, ырчылыкка багыт алдым. Ошол мезгилде Канат Култаев агабыздын "Шоу-бизнес мектеби" деген долбооруна кастингге келип, өтүп кеттим. Ал жерде 1 ай окуп, шоу-бизнестин сырларын түшүндүк, көп нерсе үйрөндүк.
Анан Канат байке өзү түптөгөн "Заман" тобуна ырчы болуп кирдим. Топто 7 айдай жүрдүм. Баарыбыз бир үйдө жашачубуз. Бир ырыбыз даяр болуп калганда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу топтон кетүүгө туура келди. Анткени апам менен карындашымды жалгыз калтырып койгум келген жок. Топтон кеткениме 1 ай болгондо кайра эле ырдагым келип баштады. Анан апам экөөбүз кеңештик, ал мага каржы жагынан колдоо көрсөтмөй болду. Уюштуруу жагынан Акыл Жеңишбек уулу менеджерим болду.

– Талант атаңдан өтүптүр да...
– Атам дагы, апам дагы таланттуу адамдар. Атам "Күзгү нөшөр", "Күтүшкөн күндөр" деген сыяктуу бир нече ырлары менен белгилүү эле. Ал топту жетектеп жүрүп, Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп кеткен. Апам болсо убагында "Ала-Тоо периси" сынагын жеңип алган. "Асаба" гезитинде жана Ысык-Көл облустук телевидениесинде кабарчы болуп иштеген. 40 жашта болгону менен, 25 жаштагыдай эле жаш, сулуу. "Айкөл" тобу концерт берип, апам атамдан интервью алыптыр. Ошондо атам жактырып калып, сахнада ырдап жатып апамдын колун сураптыр. Ошентип үйлөнүп калышкан экен.

– Көчөдөн таанып, сени менен сүрөткө түшүшсө өзүңдү кандай сезесиң?
– Күйөрмандарым пайда болду. Алардын 90 пайызы окуучулар. Сүрөткө түшүп, номеримди сурашат. "Номериңди бер эле, бер" деп туруп алган өжөр кыздарга апамдыкын же Акыл байкеникин берип коём. Мени жаштар жакшы кабыл алышууда. Учурда "көп ырчынын бири болбой, башкача болуп чыктың" деп жадакалса шоу-бизнесте жүргөн ага-эжелер айтып жатышат.

– Чындыгында, бийлегениң, стилиң менен көрөрмандын эсинде калсаң керек. Мындай образды кайдан алдың, кимдер иштеп чыкты?
– Бийлегенди "Заман" тобунда жүргөндө үйрөнгөм. Анткени биздин стиль ырдап, ошол эле учурда бийлөө эле. Ошондон тарта бийге кызыгып, алып кеттим. "Flash point" деген бий тобу бар, бийди алардын жардамы менен коёбуз. Ар бир бийчиге өзүнчө форма тиктирем. Мен кайсы жерде болбосун тамагым ооруп турса да дайыма жандуу үн менен ырдайм, анткени фонограммадан эч кандай ырахат албайм. Ошол эле учурда бийди да алып кетем.

– Алдыга койгон максаттарың менен бөлүшсөң...
–18ге чыкканда жеке концертимди берейин деген максаттарыбыз бар. Концерттин даамын сезип калдым. Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын сахнасында 4 күн мектеп окуучуларына концерт бердик. Зал толтура күйөрмандарым келишти. Мынчалык күткөн эмесмин, бирок концерт сонун болду. Дагы бир максатым – эл аралык сынактарды багындырып, кыргызымдын желегин желбиретүү.

"Атамдын атын өчүрбөй алып кеткениме ичим жылыды. Концертте кыздар Кылыч Эдик деп атамдын атын кошо айтып кыйкырып жатышты. Аны угуп апам да ыйлады".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(23)
15.05.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын, чын эле ырларын аз болсо да саз, клиптери да озгочо, мага жагат. Дагы да ийгилик каалайм, апандын умутун актап мыкты инсан бол!
15.05.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татына кыз деген ырды ырдаган бала эмеспи.Клиби сонун чыккан го.
15.05.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Х факторго да катышса керек ээ...Акыл байке менеджери болсо жакшы экен ....азаматсын!!!
15.05.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, Эдик байкенин баласы экенине сымыктанып жатам, атасынын атын очурбой ырдап чыкканына
15.05.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ким бул тобо? Кайсы ырчы? Койсонор супер уят эмесби
15.05.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
98 99 жылкы кыздар модель мисс озунчо 2000 жылкылар ырчы болуп журот копчулугу чон корунот экен
15.05.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Менден да интерьвю алгыла анда
15.05.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кок бору ыры сонун жагат фанаграмма ырдабайм дегени жакты
15.05.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2000-жылкы дейби. Мен ойлопмун 23-25 жашта болуш керек деп
16.05.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kilim,мен дагы)
03.06.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kilim,кулкуну келтирбечи
15.06.2017. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kilim,оозуно карасан биринчи 25деп Аша чаап кеткен жоксунбу
15.05.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик болсун жакшы ырдайт
16.05.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атанын уулу бар бол!!жаш болсо да олутту маек куруптур..ийгилик ишине..
16.05.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат
Жакшы бийлейт
16.05.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chon ele bala dep oilop jurchumun, tan kaldym chynynda. Yrlary jagat, unu ukkuluktuu
16.05.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атанын уулу болуш урмат,Элдин уулу болуш кынбат.
16.05.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тооббааа Кыргызстанда ырчы болбогон бир эле мен калган окшойм, айланайын ырдабаган ким юар мага шерик? Дептерден бир сап окуса деле ырчы кылып алыпсынарго
16.05.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djumaev0mur,Экобуз калганбыз
03.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur,Кыргызстандын 90%ырчыларына Караганда билимдуу анан жакшы ырдайт
16.05.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiiabai negizi talanttuu ui buloo bular. Molodest atandy syilachum. Aikol tobunun yrchysy ele erte olup kaldy. Emi sen atandyn atyn ochurbo molodest. Altyshka alga.
16.05.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшыны жакшы, мыктыны мыкты деш керек. Оркунун осуп, коп хиттерди жарата бер.
16.05.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бексултан Эрназаров менен да маек кургулачы СУПЕР.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо