Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

TAY-TAY ТАКМА ЖАЛАЯКТАРЫ ДҮЙНӨДӨ БААЛАНУУДА

№758 12-18-май, 2017-ж.

Балдарга арналган эң алгачкы такма жалаяктар 1961-жылы АКШда инженер Виктор Миллс тарабынан чыгарылган. Ал эми Кыргызстанда болсо 2015-жылдан бери жаратмандар Зайнабидин мырза менен Гүлзар айым инвестициялык долбоордун алкагында жогорку сапаттагы такма жалаяктар менен бөбөктөрдү камсыздап келет.



– Гүлзар айым, балдар үчүн такма жалаяк чыгарып калышыңызга эмне түрткү болду?
– Кыргыздар баланы сүйгөн, балага өзгөчө мамиле кылган калк. Баарыбызга эле тааныш көрүнүш, мурун энелер кездеме жалаяктарды пайдаланып, булганган сайын аларды жууп, кургатып, үтүктөп убара тартышчу. Замандын өнүгүшү менен чет өлкөлөрдө такма жалаяктардын түрлөрү чыгып, биздин жарандар да колдоно башташты. Ачыгын эле айтуу керек, бирок алардын баасы ар бир ата-эненин чөнтөгүнө туура келе бербейт, кымбат. Мындан улам жолдошум экөөбүздө "эмнеге ушул нерсени Кыргызстанда чыгаруу болбосун?" деген ой жаралды да, ушунун үстүнөн иштей баштадык. Чет өлкөлөргө чыгып тажрыйба топтоп, 2015-жылдан бери "Тай-тай baby", "Балакай" аталышындагы такма жалаяктардын 4 өлчөмүн чыгарып жатабыз. Сапаты боюнча экөө бирдей, болгону "Балакайга" сүрөт тартылган эмес.

– Аталыштары жагымдуу угулат экен...
– Атайын "Тай-тай", "Балакай" деп кыргызча аталыш тандадык. Себеби кыргыздар баласы алгач кадам таштаганда "тай-тайлап" жетелеп бастырып, "балакай" деп эркелетишет. Бул сөздөр ар бир кыргыздын кулагына сиңген. Урааны да "Балаңыз майгөтөн болсун!" деп кыргызча айтылат. Айрымдар муну одоно угулат деп сындап чыгышты. Кыргыздар ымыркай майлуу-сүттүү, ыймандуу болсун, артынан бала ээрчитип келсин деген тилекте баланы "майгөтөн" деп эркелетишкен.

– Сиздердин ишкана чыгарган такма жалаяктар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
– Ишканадан чыккан продукциянын баары эл аралык стандартка жооп берет. Япония технологиясынын негизинде аллергияга каршы турган, жогорку сапаттагы материалдардан жасалат. Сырьёлор АКШ, Япония, Түркия, Түштүк Кореядан алып келинет. Тиешелүү текшерүүлөрдүн баарынан өткөн. Биздин эң негизги максатыбыз – балдардын ден соолугу, аларга мыкты сапаттагы продукцияны тартуулоо. Баланын ден соолугу – бул улуттун ден соолугу, келечеги. Дагы бир максатыбыз – ата мекендик өндүрүштү сапаттуу продукция менен өнүктүрүү, жумуш ордун түзүү, аны көбөйтүү болуп саналат.

– Чыгарган продукцияңыздар дүйнөлүк аренага чыгып жатканын угуп сыймыктанып турабыз...
– Минтип бренд катары таанылып жатканыбыз ишкананын гана эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы. Эң негизги ийгилигибиз – балдарды заманбап технология менен жасалган сапаттуу, арзан баадагы такма жалаяктар менен камсыздап жатканыбыз. Биз чыгарган продукция чет жерде чыккан такма жалаяктар менен тең тайлашып, аларга аналог болуп келе жатат.
2016-жылы Бостон шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк жарманке-көргөзмөгө, илимий маалымат жыйындарына катышып келдик. Биз барганча эле европалыктар биздин такма жалаяктарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшүп, "Кыргызстанда жасалган" деген бренд менен көргөзмөгө коюшуптур. Көрүп алып абдан сыймыктандык, толкундандык. Мындан сырткары 2017-жылы 4-7-апрелде Швейцариянын борбору Женевада өткөн INDEX™17 көргөзмөсүнө чакыруу менен бардык. Ал жерде Европа, Түркия, Япония тарабынан биздин продукциялар үлгү катары коюлганын көрүп, алар тууралуу жакшы пикирлерди угуп, дем-күч алдык. Бул биз үчүн чоң стимул.
Учурда мүнөтүнө 500 даана такма жалаяк чыгарып жатабыз. Ар бир чыккан жалаяктан түшкөн акчанын 1 тыйынын кайрымдуулук иштерине, балдар үйлөрүнө которууну салтка айлантканбыз. Бүгүнкү күндө такма жалаяктарыбыз Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга экспорттолуп жатат. Дагы бир катар өлкөлөрдүн биздин товарга кызыгуусу артууда. Буюрса, алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Биз бир жерде токтоп калбай, ар дайым изденүү үстүндө жүрөбүз. Учурдан пайдаланып биздин ишканага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бишкек эркин экономикалык аймагынын эмгек жамаатына жана башкы директору Ирсалиев Дүйшөн Исмаиловичке ыраазычылык билдиребиз. Биздин продукция менен
www.taytay.kg сайтынан жана
taytay_official_kg Инстаграм баракчасынан таанышсаңыздар болот. Завод менен түз иштешүүнү каалагандар үчүн телефон номерибиз:
0312 65 74 69, 0770 00 01 40 

– Маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

"Тай-тай", "Балакай" такма жалаяктарынын дүйнөгө бренд катары таанылып жатканы ишкананын гана эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы".


"100дөн ашык өлкө катышкан эл аралык INDEX™17 көргөзмөсүндө Европа, Түркия, Япония тарабынан биздин продукциялар үлгү катары коюлду".


Дамира Арстанова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
15.05.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба тай тай жакшы чыгып калды баштагыга караганда .баасы дагы кымбат эмес
15.05.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыздар ишиниздерге иши лик
Хоть что-то хорошее...
15.05.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamanam,ийгилик
15.05.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм мен бир алсам кызыма жакпады. Ананда начардай корунду. Эми дагы алып колдономго мактап калды.
15.05.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жолу колдонгом бир жыл мурда, кайра колдонгум келбей калган. Сапаты онолсо коруш керек экен
15.05.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ишкерлер экен Кыргызстанды көтөргөн. Ишиңерге ийгилик!
15.05.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sapaty da jakwy, iygilik azamatsynar
15.05.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапатын карагыла,санына карабай биз бир алсак аллергия кылды.
15.05.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдонуп коруш керек экен
15.05.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык,азаматсынар !суйундум,силерге окшоп элибиз баары ушундай ийгиликтерге жетишип жумуш ордун тузуптурса кандай жакшы!колдонуп корушкерек экен.
15.05.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evy Baby колдонуп корунуздор. Жакшы памперс
15.05.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен колдонгом балама жакшы эле
16.05.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балакай жакшы экен мен балама колдоном аллергия берип атса конгучо под подгузник крем колдонсонор аллергия болбой калат экен
16.05.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыр алганыбызда сапаты жакшы эмес болчу,ичи суу болуп кеткен,эгер жакшырганы чын болсо быйыл алып көрүшүбүз керек экен.
17.05.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге жаккан бизге башка памперстерден аллергия болгонбуз ал Эми тай тай качествосу жагынан да жакты,чонтоко да уномдуу
18.05.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баалары канча экен?
19.05.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eleko, 4-размерди 11сомго алгам
18.05.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А биз азырга чейин колдонобуз билбей бизге жакты баасвда сапатыда башка кымбат жалаяктвда бир сийсе чечебиз тай тайды деле бир сийсе чечебиз акчасыда сапат жагвнанда жакшы эле 3 жыл колдондук
19.05.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да колдонгонбуз жакшы эле кызым алергия болгон жок. Башка памперстерге караганда чонураак,4-размери приманын 5-размериндей бар
20.05.2017. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болсо да аябай кубандым. озум чыгаргандай толкундандым. азамат экенсиздер. булда болсо Аллахтын берген ырыскысы
20.05.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык....... Былтыр кызыма кайненем 500го 2 почка алып келгенде сапаты ото начар болчу....бизге кызым экоозго Либеро менен Памперс орусиянын жалаягы эле жакчуу
20.05.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балама специально алганмын аябай жакшы, сапаты дагы жытту кыскасы реально Жакшы, качество мощный. Аллергия болсо баланар озу орукчан экен! Менин балам эч теке болгон эмес, даже лучше, поддержим ата мекендик ондурушту!
21.05.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа бул памперстин 1ден 3ко чейинки размеры жок бекен жакшы экениге бир аз шегим бар анткени кичине ымыркайлар аллергия болуп кетет деп чоочулашкан жокпу 4размердеги балдар анча эле аллергия болушпайтта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо