Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨК БӨРҮДӨГҮ ЧЫР: «ДОСТУК» ЖЕ «ЫНТЫМАК»? КАЛЫСТАР КАЛЫСТЫКТАН ТАЙДЫБЫ?

№758 12-18-май, 2017-ж.

МЕЛДЕШТЕ 11 КОМАНДА КҮЧ СЫНАШТЫ

Жеңиш күнүнө арналган мелдешке өлкөнүн жалпы 11 командасы катышты. Арасында жаш оюнчулардан куралган, жаңыдан тажрыйба топтой баштаган командалар менен чогуу күчтүү делген улакчылар күч сынашты. А тайпасында "Көк жал", "Кара-Балта", "Достук", В тайпасында "Төш-Булак", "Мурас", "Ынтымак", С тайпасында "Ак-Суу", "Арашан", "Бөрүлү" жана D тайпасында "Аафият", "Биримдик Аю" командалары бөлүндү. Тайпанын жеңүүчүлөрү жарым финалга бет алышмак. Тайпалык оюндардын жыйынтыгында "Биримдик Аю", "Арашан", "Достук" жана "Ынтымак" командалары плей-офф баскычына чыга алышты.

Күйөрмандар күткөн "Ынтымак" менен "Достуктун" беттеши мелдештин мыкты оюндарынын бири болду.


ФИНАЛГА ТЕТЕ ЖАРЫМ ФИНАЛ

Жарым финалдык оюнда Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымагы" кайрадан кез келип калды. Эске салсак, бул эки команда "Нооруз-2017" мелдешинин финалында ойношкон. Анда "Ынтымак" командасы 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Эми аталган оюнда "Достук" реванш алууга даяр эле. Оюндун жүрүшү эки команда чындыгында өлкөнүн мыкты командалары экендигин көрсөттү. Чабуулга чабуул менен жооп беришкен улакчылардын бири да чаалыгууну сезишкен жок. Карыпбек Эшиев "Ынтымакты" алга сүрөсө, "Достуктун" чабуулун бир тууган Ниязовдор баштап берип жатты. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда эсеп 1:1 эле. Ортодогу калыс "Достуктун" оюнчусу эреже бузду" деп, Манас Ниязовду оюндан четтетти. "Достук" командасы канчалык таламын талашпасын, калыстын чечими өзгөргөн жок. Мындай абалды колдоно билген "Ынтымак" командасы жеңиштүү улакты тай казанга салып, 2:1 эсебинде финалга чыга алышты.
Экинчи жарым финалдык оюнда "Биримдик Аю" "Арашанга" бир дагы мүмкүнчүлүк бербей, 20:3 эсебинде жеңип алды.

Манас Ниязов баштаган "Достук" командасы жарым финалда утулууга дуушар болду.


"ЫНТЫМАК" ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ

9-май күнү "Аккула" ат майданында мелдештин финалдык беттеши орун алды. Анда "Ынтымак" Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы менен ойноду. Оюндун көпчүлүк бөлүгүндө эсеп ачылбай, эки команда бири-биринен кем калышкан жок. Экинчи бөлүктө чабуулун күчөткөн "Ынтымак" тай казанга улак салып кетти. Чүйдүн командасы канчалык аракет кылбасын, эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында "Ынтымак" мелдештин жеңүүчүсү аталды. Муну менен баш байге катары 500 миң сом акчалай сыйлыкты утушту.

Быйылкы сезондо "Ынтымак" катары менен экинчи ири мелдешти утуп алды.


"КАЛЫСТАР ОЮНДУН ТАГДЫРЫН ЧЕЧИП КОЮУДА"

Аталган оюн тууралуу "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов калыстар 7 облустан болушу керек дейт:
– Оюндун тагдырын калыстын чечими чечип койду. Оюнчу катары айтып жатканда эмес, күйөрмандар да бул оюнга күбө болду. Анткени атаандаштардын эки улагы тең оюнчуларыбыз эреже бузду делинип, оюндан четтеп калганда салынды, башкача айтканда, курамыбыз толук эмес болгон учурда. Көпчүлүк көк бөрү оюндарында калыс негизги планга чыгып калууда. Негизинен, калыстар 7 облустан болушу керек. Ошондо тигил же бул командага тартуу деген жоюлат. Аталган мелдеште "Достук" командасы четтетилип калды. 3-орун үчүн оюнга чыккан жокпуз.

Ал эми "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нооруз Раатбек уулунун пикири төмөндөгүдөй:
– Жарым финалдык оюнда биздин команда татыктуу беттеш өткөрдү деп эсептейм. Мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып улак салганга үлгүрдүк. Оюн кадимкидей нукта эле өттү. Күчтүү команда жеңишке жетишти. Калыстын иши суроо туудурган жок.

"КАЛЫСТАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН КӨТӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК"

Мелдештин башкы калысы Мурат Азарматов буларды айтып берди:
– Тайпалык оюндардан кийин негизги фаворит саналган командалар жарым финалда жолугушту. "Ынтымак" жана "Достук" командаларынын оюну мыкты деңгээлде өттү. Оюндун көпчүлүк бөлүгүндө 1:1 эсеби катталып жатты. Бүтөрүнө 5 мүнөт калганда Манас Ниязов эреже бузуп, 2 мүнөт оюндан четтетилди. Ушул убакытта "Достук" бул чечимге нааразы болуп туруп алды. "Оюндан кетебиз" дегенге чейин барып, бир канча мүнөттөн кийин оюнду кайра улантышты. Жыйынтыгында 1:2 эсебинде жеңилип калышты. Көк бөрү федерациясында жалпы 9 калыс бар. Анын экөө эл аралык категориядагы калыстар. Оюнга чыгарда калыстардын жерлиги маанилүү эмес. Аларды адилеттүү болууга чакырабыз. Бирок калыс менен команданын жерлиги бир болуп калган учурда экинчи команданын нааразы болгон учурлары кездешет. Анда калыстарды алмаштырууга туура келет. Федерация тарабынан калыстардын квалификациясын көтөрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Чындыгында, бул иштер аксап калууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
15.05.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Достукта жалгыз Манас күчтүү,Ынтымактын жарымы күчтүү оюнчулар.жеңилгенди да билиш керек ызылдай бербей.Достук күчтүү команда болсо Манасты четтетсе калганы эмне эси ооп турдубу,салдырбай коюш керек эле.Манас 2 минут жок бол оозуңарды ачып салдырып койосуңар дагы, ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 10:46:34
16.05.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sabyr86,Ошондой экенине ишенимдуусузбу? Эркек экенсиз, эки ооз кептин чынын эле жазып койсонуз болмок "Ынтымакта аттар кучтуу, озгочо Ахиллес болгон учун гана ийгиликке жетишип журушот" деп. Эгер бул нерсеге ишенбей,Ынтымактын жарым оюнчулары кучтуу, Ахиллессиз эле ийгилик жарата алышат десениз, Достукту койдук жонокой эле команда Мурастын Ынтымак менен беттешин бир коруп коюнузчу!!! Ошондо ушул "Ынтымактын жарымы кучтуу оюнчулар" деген оюнуздан эмне калаар экен?!
16.05.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
arimaz89,мен бүт оюнду калтырбай көрөм.
22.05.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,Бут оюнду калтырбай корсонуз,демек билет экенсиз да бирге-бир чыкпай ойногондо "Ынтымак" бир упайга да ээ боло албай калаарын... А бирге-бир чыкканда Ахиллестин ожорлугу, кучтуулугу гана ийгилик алып келет буларга. Ал болбосо, илип качмай оюндарда "Ынтымактын" колу улакка дээрлик тийбейт. Эгер ушуга чейин байкабасаныз, кийинки ирет ушул нерсени жакшылап карап койсонуз болот.
15.05.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оз оюнарды айткыла, талкуулагыла, бирок болунбогуло кыргыздар эч качан. Бул мыкты улакчыларыбыз курама командада, кыргыздын намысын коргоорун унутпагыла.Достук менен Ынтымак экоо тен кучтуу командалар! Эки мыкты тирешкенде, баарыбир талаш тартыш жаралат.
15.05.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ынтымакты жон эле женет болчу.тартып койду судья
15.05.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калыстын калыс деген аты болуш керек бул жерде андай болбоду.Ынтымактын ойунчулары эрежени бузса калыс аларды корбой Достукту эле карап андып туруп алыптыр болбогон нерсе учун кара мамыга чыгарып.Чынында ынтымакка тартып койуптур.
15.05.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калыстар ынтымактын оозунан эмне соз чыкса туура дейт экен. Калыстык болуш керек да.Калыстарды чет элден алып келиши керек. Антпесе кол ийрисине тартып атат.
16.05.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кучтуусу женди, алга Ынтымак, алга Талас!
16.05.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Алга Ынтымак, алга Талас
16.05.2017. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
molodcy yntymak/ alga talas/
16.05.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
достук алга
16.05.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде качан өзү чындык болот, канча мээнет, кыйынчылык менен ойнойт, нак калыстар калыстыгынан тайды,көрүнүп эле турбайбы. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 13:16:48
16.05.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Достукда, ынтымакта жакшы ойноду бирок калыстардын реалдуу чечпегени өкүндүрөт, бизде өзү чындык жок...
16.05.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
???не чыгпай атат администр. менин камментарийим???
16.05.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mirkaa5182, саламатсызбы? Чыгып жатат, баракчаңызды жаңылап ачып көрүңүз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 13:25:15
16.05.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
калыска ХХХ дегендерге кошулам.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 15:40:30
16.05.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын душманы кыргыз. Деп бекеринен айтылбаптыр
17.05.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Attila88, эмне себептен БАН берилгендиги тууралуу сөзсүз түрдө купуя кат барат. Ошону таап, окуп алсаңыз болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-17 10:51:13
17.05.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
достук кучтуу команда
17.05.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Damir.Turgunbaev, Arsenal2, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
17.05.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достук алгаа силер чыныгы чемпионсунар жасалма жол менен чемпион болгондордун бети кайыштанго сыягы
17.05.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол калыстыктан тайган судьяны биротоло кокборуго жолотпой коюшса жакшы болоор беле, башка судьяларга да сабак болмок!!!
18.05.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nurdash, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
18.05.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына болгон комментарийлерди окуп коргулочу калыстар, силер деле саясатташып кетпей
19.05.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимиси утсада утсун бирок мен учун эн башкысы Казактарды утушсун ар дайым. Достук менен Ынтымактын кучутуулорун башка олколор менен мелдешкенде жонотуш керек.
19.05.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убакыт корсотот 2018 дагы бар туугандар ызылдай бербегиле достук таза оюн корсотуп кудакааласа женишке жетишет
20.05.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычкак калыстын айынан коолдочулар айтышпагыла мындай чычкак калыстын эмне кереги Бар
21.05.2017. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочмондор оюндарында ким Кыргызстанды алдыга алып чыкты опколор коруп алгыла
21.05.2017. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
достук аябай сонун ойун коргозду дагы деле коргозот буйурса.калыстар тобу корктубу же сатылдыбв сатылса баасы канча болду экен ? бул калысмын деген адамдардын
21.05.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим ушинтип жакшылыкты талашып эле журө беришсе экен
21.05.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар алга десенер достук алга ынтымак алга дебей.
21.05.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Manas NiYazovdu 4ettetip utkandy-uttuk debegile...anyn kandai oinooorun eki komandanyn koldo4ulary bilesiner...utsanar aw bsun owonor
24.05.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достук командасы нарушеня кылбай правила менен ойносо болмок. Достук дайыма чыр ойнойт. Таза ойнобосо Достук эч качан чемпион болбойт!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо