Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕН САГА ЗАРМЫН...»

№758 12-18-май, 2017-ж.

Сүрөттө биздин класс. 22 бүтүрүүчү. Ортодо экөөбүз. Чачыңа апакай бантик тагып, жылмайып мени колтуктап турасың. Биз минтип колтукташып далай сүрөткө түшүшүбүз керек эле. Студенттик куракта, үйлөнүү тойдо, төрөт үйүнүн алдында...
Мектепти бүтөрүбүз менен Бишкекке жөнөдүк. Экөөбүз эки башка окуу жайда окуп калдык. "Бир университетте окуп, 3-курста баш кошобуз" деген тилегибиз бар эле. "Мейли, бир жерде окубасак да, 3-курста сөзсүз баш кошобуз" дедик. Жаш экенбиз да. Жашоо шартка, акчага, дареметке караш керек деген сезим жарала элек. Үйлөнөбүз! Болду!
Антип-минткиче 3-курс болуп калдык.
– Кайсы айда баш кошобуз?
– Качан?- таң калып сурадым. Унутуп калыпмын.
– Быйыл. 3-курс болдук го.
– Жо-ок, быйыл болбойт.
– Биз ошентип сүйлөшпөдүк беле?
– Эми жашоо шартты да караш керек да. Экөөбүз тең студент болсок. Баары эле кыялдангандай болбойт да.
– Баш кошо береличи? Толтура эле студенттер үйлөнүп, жатаканаларда жакшынакай жашап жатышат.
– Жок, биз антпейбиз. Биз өзүбүздүн үйдө жакшынакай жашайбыз!- так кесе айттым. Мээм жок экен. Үйлөнүп алсам болмок. Аз өтпөй сен кош бойлуу болуп калдың.
– Алдыралы. Бала бага албайбыз азыр... Өзүбүз араң жүрсөк...
– Алдырбайм! Жок!- чечкиндүү туруп басып кеттиң. Ошол бойдон сени көрбөдүм. Издеген да жокмун. Катуу урушуп кеткен элек. Бир айдан кийин "турмушка чыгыптыр" деп уктум.
Анан сени былтыр 10 жылдык кечеден көрдүм. Мен сени унутуп койгом. Ашыктыгым деле калган. Бирок...
Бир аз эле өзгөрүпсүң. Баягыдай жагымдуу, баягыдай жылдыздуу бойдон экенсиң. Экөөбүздүн ортобузда эзели эч кандай сезим болбогондой жайдары учураштың. Жолдошуң көлдүк жигит экен. 2 жаштагы кызыңды тыпыйтып кийинтип алып келип калдыңар. Мен жалгыз келгем.
Сен мыкты аял болуптурсуң. Күйөөң экөөңөрдүн бири-бириңе болгон мамилеңер мени эле эмес, баарын суктантты.
– Суук болуп кетти, муну кийип алчы,- деп унаадан жылуу кийимиңди алып келип берип, сени сүйүүгө, мээримге толгон көздөрү менен карады.
– Рахмат, алтыным!- сен жооп кылып аны ыраазы боло тиктедиң. Кызыңарчы? Ал атасын, сени ушундай жакшы көрөт экен, улам келип экөөңө эркелеп, улам чоп эте бир сени, бир күйөөңдү өөп коёт. Мен көз кырымды салып ушунун баарын байкатпай карап жаттым. Эмне деген бакытты колдон учурганымды өз көзүм менен көрдүм. Көкүрөгүм өрттөндү. Анан капыстан эле күйөөңдүн телефонуна чалуу келди.
– Балам, сен деген чоң жигитсиң да! Экөөбүз эмне деп сүйлөштүк эле? Ошо да. Сен бир жума чоң апаңдыкында болуп тур. Велосипеддиби? Сөзсүз алып берем! Аа, ала барайынбы? Мейли, балам, ала барам,- сүйлөшүп бүтүп "уулубуз да барам дегенинен таштап келе бердик эле да" деп актангандай сүйлөндү.
– Аа, улуусу канчага чыгып калды?
– Жакында 7ге чыгат,- күйөөң сыймыктануу менен жооп берди. Мен сени жалт карадым. "Апасы ал тентек жүдөтөт деп болбой койбодубу" деди күйөөң күлмүңдөй.
– Сен аны эрке кылып салдың,- дедиң сен күйөөңө, менин суроолуу көз карашымды байкабагандай. Ооба, мен "алдыр" деген бала 7ге чыгып калмак экен. Балким, менин баламдыр? Кайсы арыма айтып жатам ушул сөздү? Даап сурай алмак эмесмин. Кантип сурайм?..
Кече бүтүп, таркадык. Андан бери 1 жыл өттү. Бүгүн окуучу кездеги сүрөтүбүздү тиктеп отурам. Бул биздин акыркы колтукташып түшкөн сүрөтүбүз. Биз азыр биз эмеспиз. Биз өзүнчө "сен" жана "менбиз". Бирок мен эми сага зармын...

Мирлан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(34)
15.05.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+57
чала болот. ушуну кормоксун. бул табалагандык эмес, тообо кылгандык. никесиз байланыш ушуга алып барат, ар кайсы жерге балдарын таштап.
15.05.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыска ,нуска ,жакшы жазылыптыр...
15.05.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Мирлан байке эч ойлонбонуз.Жакшысы эми жолугат.
16.05.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
voennyi88,
Жакшысын эми точно таппайт.
15.05.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мм..... жашоо деген ушундай да.
15.05.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх жашооо
15.05.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Колдо бар алтындын баркы жок дегендей , башында баркын билгенинизде , азыр суктанып бироонун жубайын карап олтурмак эмессиз '
15.05.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз эки жыл мурда 20 жылдык кечеге бардык. Эки класс бутконбуз бир мектептен. Биздин класстан бир бала 6-класстан баштап параллель класстагы бир кызды эсин жоготуп суйгон эле. Бала жоош, жакшы окуган, мугалимдин улгулуу уулу болчу. Кыз ага чейин райондун центринде окуп, типа "городская" болчу (болбосо биздин центр деле айыл)))). Анан коп балдар ага ашык эле, жылдыз болчу да, сулуу да болчу чынында. Жолугушууга ал кыз жолдошу менен, биздин бала жалгыз келиптир. Тамак да жеген жок, конул
15.05.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анан баарыбыз таркап кайра кеткенден кийин мектептеги эски суроттору бар экен, чогуу тушкон. Алгачкы суйуум деп соц сеттерге жуктоп, бала тааныштардын эсин оодарды. Баары эле бизге жазышат, бирдеме болдубу мектепте, же кийин кечеде деп. Кантсе да бала унута албаптыр деп кала бердик анан.
15.05.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыздын бешенеси бар экен
15.05.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооп болуптур сагп
15.05.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашооо ушу екенда..окунбо сенинда мандайына жазылган бактын бардыр...баштан откон нерсени коп ойлонбош керек екен..особенно жетпей калган жонундо жамандык жонундо...
15.05.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун жазылыптыр!
15.05.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял жакшы эр жакшы
15.05.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин башымданда отконго.ээх
15.05.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошонло кыз башка балага боюнда бар кезде тийип кеткен ээ.
15.05.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Былтыр биздин он жылдыктада сени суйгом дегендер кобойду тобо уй булоолуу классташтарым. Чынында жигитин козу кор болгон экен. Мен мектепте окуганда жактырган балагада ичим тыз деген жок жадырап жайнап учураштым. Балалык сезим болсо керек. Ошентип суйуулорун айтып озубузчо бир отуралы деп кафеге чакыргандарга да кулуп эле барбадым.зачем откон кундор отту кеткени кетти.
16.05.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Aitun,ошондо мени да коп жигит суйуп арманда калган деп эле жазбаптырсыз айландырбай
15.05.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошон учун курттабай жон жургуло..суйсон уйлонуп алгын аны бузбай.туштон кийин кайгырганын пайдасы жок.
16.05.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чала болуптур!
16.05.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чакырганда келбеген ымдаганга зар болот , убагында баркын билбепсин кийинки Арман озуно душман деп бекеринен айтпаса керек .
16.05.2017. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин жашоомо кичине окшоштугу бар экен но мен боюнда кылбагам но олло суйчум 1 жылдан сон 10 жылдыгыбыз но ал барбайт 20 жылдыкта кутом ал кызды мен да созсуз жалгыз барам го азыр да суйом
21.05.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
stepboy,озунузчо эле жалгыз барам дейско, аялынызчы аны да ойлобойсузбу кандай максат мн барасыз аялынызды таштап
16.05.2017. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай теманы силерге жибербейинби супер инфо ??? админ жду
16.05.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stepboy, саламатсызбы? lira@super.kg электрондук дарегине жибериңиз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 11:08:45
16.05.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кезинде кармай албай тоголотуп жиберген бакыты үчүн еми азап талтып турган байкуш екен.
16.05.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кантип материал юиберсе болуу
16.05.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ооруп кетти. Качанкы откон сезимдерди эске салды. Соооонун чыгарма экен
16.05.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чечкиндүү болсоңуз болмок экен.
16.05.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда жаман болуп кеттим аягында
17.05.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кап окунучтуу!!! барибир ага деген суйу журокто болсо керек. Эркек бирди суйот.
17.05.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баркын билген эмес экенсин.
18.05.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мунун баары ойдон чыгарылган нерсе
20.05.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу туболук очпос от.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо