№758 12-18-май, 2017-ж.
Бактыгүл Чоробекова: "ЖООП ТАБУУГА ЖОЛДОШУМ, КУРБУЛАРЫМ ЖАРДАМ БЕРИШТИ"
– Бактыгүл, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Жашым 36да. Сокулукта жашайм, ушул айылдагы дарыканалардын биринде иштейм.
– Утам деп ишендиңиз беле? Суроолорго жоопторду кайдан издедиңиз?
– Утам деп деле көп ишенген эмесмин, суроолорго жооп табууда жолдошум, курбуларым жардам беришти.
Нарын облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Сайкал Багишбекованын сиңдиси Жаркынай Багишбекова келип, эжесинин белегин алып кетти. Ал: "Эжем Кочкор районунда жашайт. Мектепте мугалим болуп иштейт. 2-3 күн мурун эле гезиттен анын утканын окуп, эжемди куттуктадым. Мен, эжем жана апам "Супер-Инфону" калтырбай окуйбуз. Айрыкча ашканага тиешелүү кеңештер аябай жагат. Гезитиңиздер буга чейин кандай өсүп-өнүккөн болсо, мындан ары да ийгиликке жетсин. Балдарыбызга, балдарыбыздын балдарына жеткен гезит болгула!"- дейт.
Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |