Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Албарстыны баскан" сулуулар: «КӨЧӨДӨН КӨРГӨНДӨР БИЗДИ "АЛБАРСТЫ" ДЕП АТАЙ БАШТАШТЫ»

№758 12-18-май, 2017-ж.

Аты-жөнү – Малика Алымбаева
Туулган жери – Казакстан, Атырау шаары
Туулган жылы – 1999-жыл, 7-ноябрь
Билими – Туризм академиясын аяктаган
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Тай бокс менен машыгат, пластикалык хирургияга кызыгат
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 83-62-90

Аты-жөнү – Эльвира Артыкбаева
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Казарман айылы
Туулган жылы – 1996-жыл, 31-январь
Билими – Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Чет тилдерди үйрөнүү
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 163 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 84-61-90

Аты-жөнү – Касиет Канатбекова
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
Туулган жылы – 1997-жыл, 27-январь
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунун студенти
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Ырдоо, бийлөө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 49 килограмм
Параметри – 83-61-89

– Кандайсыңар, кыздар? Албарстыны кандай элестетесиңер?
Эльвира:
– Жакшыбыз. Албарстыны так элестете албайм. Анткени ал эч кимге көрүнбөйт. Уктап жатканда кишини басса дагы бетин даана көрүүгө болбойт.
Касиет: – Анын кебетеси жок болот, бирок бирөөнүн ичине кирип келет да (күлүп).
Малика: – Адам эмнеден корксо, ошону албарсты деп атап алышкан.

– Албарсты чындап эле силерди басты беле?
Э.:
– 2-3 жолу баскан. Биринчи басканда коркком. Андан кийинкисинде көнгөн адат болуп, көп деле корккон жокмун.
К.: – Жок. Кудай сактасын, баспай эле койсун.
М.: – Көп эле жолу баскан. Албарсты басканда дем жетпей, кыймылдай албай каласың. Ал абалды сөз менен түшүндүрө албайм.

– А силер чын эле албарстыны бастыңарбы?

М.:
– Ооба (күлүп). Ошондон кийин келбей калган.

– Азыр интернетти жарып жаткан роликке кандайча тартылып калганыңарды айта кетсеңер?
Э.: – Кастинг аркылуу тартылып калдык. Роликке өзүмдүн кызыгуум, каалоом менен тартылдым. Мынчалык элге алынып кетет деп ойлогон эмесмин. Кийин бизди сындай баштаганда, көрсө, адамдар туура эмес түшүнүшүптүр деп ойлоп калдым.
К.: – Үчөөбүз моделдик агенттиктердин биринде иштейбиз. Менеджерибиз бул жакка келгиле деп айтып, ал жакка барсак, ролик тартылмак экен. Кыздардын арасынан үчөөбүздү тандап алышты. Ошентип тартылып калдык.
М.: – Кастинг аркылуу. Ролик 1 эле күндө тартылды.

– Ролик интернетке чыккан соң жашооңор өзгөрдүбү?
Э.:
– Өзгөрүүлөр бир аз болду. Бизди тааныгандар "чыгып кеттиңер, ээ?" деп күлүштү.
К.: – Жашоом өзгөргөн жок, бирок элдин баары бизди "албарсты" деп калышты. Ошол эле болбосо.
М.: – Анча деле өзгөргөн жок.

– Көчөдөн тааныгандар, ашык болгон, тийишкен жигиттер, күйөрмандар пайда болдубу?
Э.:
– Көчөдөн кетип баратканда кээ бирөөлөр таанып, "албарсты" деп айтып калышат.
К.: – Таанышпайт деле. Бирок кээ бирлер жаныбыздан өтүп баратканда "могулар албарстылар болуш керек" деп роликтеги ырды ырдап өтүшөт.
М.: – Көчөдөн кыздар, балдар карашып "ой, бул албарсты да, баягы жылдыз да" деп күлүп өтүп кетишет. Кээ бирлери жаман көзү менен карашат. Бирок көбү жакшы мамиле кылышат. Чогуу окуган балдар ал ырды артыма отуруп алып ырдап тийишип калышат.

– Силерге кызыккан мырзаларга жооп алып берейин. Жүрөгүңөр бошпу?
Э.:
– Азырынча жигитим жок.
К.: – Жүрөгүм бош эле. Азырынча сүйүктүүмдү таба элекмин.
М.: – Менин жигитим бар.

– Туугандарыңар, ата-энеңер бул роликти кандай кабыл алышты?
Э.:
– Биринчи көргөндө аябай таң калып, "тартылбай эле койбойт белең" дешти. Анан аларга "бул жарнамалык ролик, бул жерде эч кандай уят нерсе жок" деп туура түшүндүрүп, акыры келиштик.
К.: – Туугандарымдан жаштар, анан апам эле көрдү. Кадимкидей эле тамаша катары кабыл алышты.
М.: – Досторум, тааныштарым "күлкүлүү, жакшы тартылыптыр. Азаматтар, ийгилик" деп колдошту. Ата-энем биринчи көргөндө "шок" болушту. Андан кийин бир аз адекваттуу реакция кыла башташты.

– Силерди сындагандарга кандай жооп узатасыңар?
Э.:
– Биздин көзүбүзчө сөккөндөр болбойт. Бирок интернетте комментарийлер аркылуу сөккөндөр болуп жатат, бирок көп деле көңүл бурган жокпуз. Бизди сындагандарга айтарым, ар ким өз деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө жараша пикирин айтат. Биздин жашоодо кандай адам экенибизди билбей туруп эле сындап жатышат. Роликте эч кандай уят нерсе жок, биз жөн эле ролубузду ойногонбуз. Бул болгону юмордук ролик.
К.: – Эми эл деген сүйлөй берет. Эмне демек элем? Мейли, жаза беришсин.
М.: – Ар кимдин тарбиясы, ой жүгүртүүсү, жасаган иши ар башка да. Андыктан сыртынан сындаган туура эмес. Бизге көбүнчө жакшы пикирлер айтылууда, ал эми жаман комментарийлерди көбүнчө кыздар көрө албай жазып жатышат окшойт.

– Буга чейин кандай ийгиликтерге жеттиңер эле, камера алдында өзүңөрдү сынадыңар беле?
Э.: – 2-3 жеке компаниянын жарнамалык ролигине тартылгам. Андан сырткары кийимдердин көргөзмөсүнө модель катары чыгып жүрөм. Окуумдан болсо жакшы ийгиликтерге жеткем, буюрса, чет өлкөдөн окуумду улантуу максатым бар.
К.: – Буга чейин мен "Агат" деген бий тобунда бийлечүмүн. Ал эми роликке биринчи ирет тартылдым. Мага жакты.
М.: – 2012-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөн тайбокс боюнча өспүрүмдөр аралык мелдешке катышып, спорт чеберине талапкер болгом. Бирок мелдеш аяктаган соң атаандашым менен чатакташа кеткениме байланыштуу андан ажырагам. Андан тышкары жарнамалык роликтерге, кыска метраждуу тасмаларга тартылгам.

Кыздар:

– Күндө кечинде,
Жатам чечинип.
Мени билбей калат го деп,
Келет бекинип.
Ал, ал...
Менин үстүмө чыгат.
Үстүмө чыгып алып,
Анан башталат...
Албарсты мени басты,
Анан мен аны бастым...

Албарсты:

– Кыздарды да мен басам,
Балдарды да мен басам.
Карысын да, жашын да,
Жадакалса эчкини...

Кыздар:

– Албарсты мени басты,
Анан мен аны бастым...

Интернетти жарган роликти кайталап ырдагандар көбөйүүдө.


Бакыт Асылбек уулу: "2 МИҢ СОМ МЕНЕН 5-6 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖАРНАМА ЖАСАДЫК"

– Бакыт, "бум" жараткан жарнамалык роликтин идеясы кимге таандык?
– Жакында мен режиссёрлук жана продюсерлик кылган "Албарсты" деген мистикалык ужас жарыкка чыгат. Тасманын жарнамасына каражат жетишпегендиктен "Hakmee" деген топ бар, ошол досторума көрсөтсөм аларга аябай жагып, жарнамасын тартууга жардамдашты. Ырды Эля деген кыз экөөбүз аткардык. Роликтин идеясы, тартуу иштерин өзүм моюнума алгам. Моделдерди болсо досумдун моделдик агенттигинде иштеген кыздардын арасынан тандаганбыз. Албарстынын ролун болсо досум аткарган.

– "Тамашоунун" балдары "идея бизге таандык" деп жатышат...
– "Тамашоунун" балдары "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп тамаша чыгарышкан, биз аны улантып койдук.

– Ырчылар да, куудулдар да азыр ушул темага кайрылып жатышат...
– Аларды көрүп сүйүндүм. Юморго болгон түшүнүктөрүн бааладым.

– Өзүң тамашакөйсүңбү?
– Ооба, керек болсо ашынган тамашакөймүн десем да болот.

– Учурда силер тарткан роликти канча адам көрдү?
– Бардык жакты кошсок миллиондон ашты го.

– Роликтин ийгилигинен кийин жеке компаниялардан иштешүү тууралуу сунуштар түшкөн жокпу?
– Сунуштап жатышат, бирок биз айткан идеялардан коркушат.

– Жарнама үчүн каражат керекпи же идея керекпи?
– Мисалы, биз 2 миң сом менен 5-6 миң долларлык жарнама жасадык.

– Роликти жакындарың кандай кабыл алышты?
– Жакындарымдын баарынын мээси "жарылды".

– Өткөн санда берген маегиңде "албарсты мени басчу" дедиң эле. Албарсты тууралуу "ал кыргыз элинин баалуулугу" деп айтканыңды да угуп калдык.
– Мен кичинекей кезимде ар кандай коркунучтуу окуяларды угуп, кийин ал жөнүндө көптөгөн аңгеме, повесттерди жазгам. Жазгандарымдын эң жакшысын алып "Албарстыны" тарттым. Албарсты кыргыз элинин маданиятынын бир бөлүгү. Ал эми мени басканы боюнча айтсам, ага баары бир да, аялын да, эркегин да, карысын да, жашын да басат.

– Өзүң айткандай, албарстыны даңазалап өлкөбүздүн экономикасына пайда келтирсек болобу?
– "Албарсты" ырыбыз чыкканда бүт элге кызыктуу болду. Кызыктуу нерсе ар дайым пайда алып келет.

– Эгерде сен АКШда төрөлсөң, кандай идеяларыңды ишке ашырмак элең?
– АКШда төрөлгөндө Бугимен жөнүндө кино тартмакмын. Кыргызстанда төрөлүп, "Албарсты" деген кино тарттым.

Асхат Субанбеков
Аскар Думанаев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(77)
16.05.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бироосунун аты Рано Роберта элего а бироосу ева болчу эми мынтишип эртеге дагы башка бироонун атын айткыла ХХХ кыргыз маданият министирине козомол кылбайбы конушу мамлекеттер коруп алып жатып алып кулушуп атышкандыр
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 10:18:57
16.05.2017. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уят ))
16.05.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ali_Bolotbek, Djumaev0mur, этика нормаларын сактаңыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 11:04:53
16.05.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул албарстылардан качан кутулабыз деги? Телефонго ар кимден келе берип толуп кетти
16.05.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Маданият министрлигин жою керек иштей алышпаса!!! Сулуулар сынагын жарым жыналачтар сынагы кылып бешиктен бели чыга элек бироо откоруп журот, еатышуучуларга "салык" салып.. Согунгонун угуп муну маданият министри жоноттубу же маданиятсыздык министрлиги жоноттубу деп ойлойсун...

Бироосу Америкада жарым жыналач клипке тартылып журот эмчегин, жамбашын ачык корсотуп, "прогресс" имиш... Кыргыз элимдин жузун жер каратып..

Эми "албарсты" чыкты,
Patriot7 түзөттү 2017-05-16 15:50:52
16.05.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"тошок оюнун" реклама кылышып, "мен сени бастым, анан сен мени бастын" болуп....

Эч кандай албарсты тууралуу кеп жок, бул шылтоо!!!

Кыргызда "албарсты козго корунуптур, албарсты азгырыптыр" деп айтылат. Кечинде басырык басты деп айтылат, албарсты басты эмес!!!

Ал эми албарстыны адам басыптыр деген жок нерсе, эч ким укпаган кеп!!!

Албарсты - бул жин-шайтан болсо, аны адам кармай албаса кантип басат?!! Кыскасы санд
16.05.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биз уйдо телевизор да коро албай калдыкпы, койсон эле шерменделер чыкса жарым жыналач!!! Маданият министрлиги мындай нерселерге тыю салып, мыйзам чегинде жазага тартышса болбойбу?!!

Булар биздин укугубузду бузуп жатат, коомго терс маданиятты, б.а. маданиятсыздыкты, сойкулукту рекламалап жатышат. Жаш балдардын тарбиясына терс таасирин тийгизуудо!!! Кыргызстанда Окмот, бийлик барбы деги маданиятсыздык менен курошо турган?!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 18:04:00
16.05.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Patriot7, бир нече жолу жазылышы гана эмес, мааниси да окшош билдирүүлөрдү жазууга, тыныш белгилерин ашыкча колдонууга, бош саптарды жөн эле калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 18:22:21
17.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
admin_superstan, не туура соз жазып жаткандарды чектеп эле, очуро бересинер да. Жазат да комментарий.
17.05.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ais07, билдирүүлөр себепсиз өчүрүлбөйт. Эреженин чегинде гана каалагандай билдирүү калтырууга мүмкүн.
17.05.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ais07,кечиресиз + басам деп -басылып кетти кечиресиз.++
16.05.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Patriot7, ХХХ ыймансыз адепсиздердин кесири элибизге тийбесе экен деп чочулайм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-17 10:56:18
17.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jarookerjan, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
17.05.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Patriot7,Эң туура
16.05.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Силер албарсты болуп эле жаралсанар болмок экен,кыргыз деген улутту булгабай.
16.05.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6

Ал, ал...
Менин үстүмө чыгат.
Үстүмө чыгып алып,
Анан башталат...
Албарсты мени басты,
Анан мен аны бастым...-ой тообо ушул да ыр болобу?...Аллахым баарыбызга ыйман берсин!
17.05.2017. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ииий шерменделер. Мен бул жакта отуруп алып эле уялам создорунон. Министирлик кайсы жакты карап журот?
17.05.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахтан коркпогон, акылылы жок акмактар экен. Шерменде. Ата-эне, тууган-урук, дос-душмандан деле уялышса болмок!
17.05.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Укканда итиркейим келет, ХХХ! Улуттук баалулук дегенди түшүнөбү ушуга окшогондор.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-17 15:25:09
17.05.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаштар бузулуп жатат. Акча табуу учун эмнелерге гана барышпайт. Алладан коркушса болоор. Бул дуйнодо туболук жашагандай, олбой тургандай жашашат. Тообо кылдым.
18.05.2017. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ё моё буларды чоооон эле кыздар окшойт деп журсо,99 97лерго
18.05.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santanna, жалаң баш тамга менен жазылган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
18.05.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул шерменделерден кудай сактасын!!! Уят!!!!
18.05.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой силерге тим койсо, Төөнүн башын сүйлөйсүңөр, ушунчалык да болосуңарбы ё моё , айрыкча моол жерде патриот байкебиз(эжебиз) тим эле жазыптыр, мындан хуже нерселерди кылып жатпайбы элдер, ушунчалык кыйын экенсиңер барып министриби же ырды аткарган "Албарстыларбы" ошолорго айткыла, тажаттыңар кечке!!!
18.05.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят уят уят,
19.05.2017. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий уят ай. Маданяттын бир болугу дейт. Анда ушундай жат корунуштун баарын маданят деп кабыл алышыбыз керекпи. Биринчи уйронгуло маданятты анан суйлогуло. Кыздарга соз жок. Орусча кыргызча аралаштырып суйлоп шаардык корунгулору келип, жазап суйлоп. Уятсыз иш бул.
19.05.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз акча менен бул клипти таркандан коро китеп сатып алып окугадары жакшы болмок, дагы уялбай оздорун звезда сезип алгандарын. Балдар артыман ырдап тийишет деп, алар сага тийишпей эле мыскылдап жатышат. Анан да оз денгелинде кабыл алат дегение караганда булар 3 кыз, роликтин автору денгелдери эн паз деп айтаар элем.
19.05.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи журналистер булардан интервью деле албай эле койуш керек экен оздорун укмуш звезда сездирбей. Роликтен акча таап жаткандан кийин биз деле корбой эле коелучу мындай тушунугу пастарга нервибизди коротпой. Мен мисалы коргон эмесмин, анан эле интернеттин баары ушулар б.п кеткенден кызыгып ача калсам, булар биз укмуш популярдуубуз дейт го. Ырдын маанисин деле тушушкон эмес окшойт
19.05.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү бул кыздар сулуу, келбетүү фигуралары сонун бирок ыры окшошпой алигиндай кыздарга окшоп калышыптыр
19.05.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларда эмне куноо ырда дешкен ырдап койгон.Булар ырдабаса да бварибир башка кыздар ырдамакта.Просто ошол ырдын создорун жазган адам уялбайбы.Чечинтип, анан устуно чыгып башталат деп.Ким жазса да уятсыз сабатсыз адам экен
19.05.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соннун сулуу кыздар экен жакты магы
20.05.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ Кыскасы соз жок. Кыздарга боорум ооруду ушунча создон кийин, кандай абалда болушту экен.Комментарийлерди окуп алып мен жаман болдум. Сыр бергилери келбей атышат го. Окунучтуу!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-20 02:09:12
21.05.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уфф качан бутот ушу кыздар кайра кайра чыгарбагылачы. Кыздар тамашалуу ырды ырдаптыр, кыргыз элим жеп салды го байкуштарды. Болдугула да уже!! болушунча эле соктунор го(( Реклама экен да.
21.05.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чубак ажы айткандай эрге тийгиле албарстына очерет жетпей калат
22.05.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli75, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.05.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар куну кечинде
Жатам чечинип, - деп өздөрү жаман ойлой турган кылып ырдашыптырго ХХХ.
Дагы аркимдин ой жугуртуусуно байланыштуу деп коюшат , ошо нормальный ой жугурткон адамдар айтып атат силерди "уяты жоктор" - деп............
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-26 18:31:11
12.06.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
torik2292, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
06.08.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
96 97 дейби 30 жаштагылар деп ойлогом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо