Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кумар Асанов, ырчы: "КАССИР ДА, ОФИЦИАНТ ДА БОЛУП ИШТЕДИМ, ЭМИ ЖАҢЫ ӨНӨРДҮ ӨЗДӨШТҮРДҮМ"

№758 12-18-май, 2017-ж.

"Кусалык", "Кыргызстан" аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Кумар Асанов акыркы убакта таптакыр сахнадан алыстап кеткен. Көрсө, ал учурда чыгармачылыкты убактылуу жыйыштырып, Байыркы Кытайдын уруш өнөрлөрүн, философиясын тереңден казып үйрөнүп жүрүптүр. "Кумар сахнадан кетти дебегиле, мен жаңы ырлар менен кайтам" деген ырчы мырза гезитибизге кенен маек куруп берди.

– Кумар, акыркы убакта сахнадан алыстап кеттиң. Кайда жүрөсүң, эмне менен алексиң?
– Ооба, чыгармачылыктан алыстап кеткениме көп болду. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деген сөздүн чындыгы бар экен. Өзүңөр билгендей, Орусияда 3 жыл иштеп келдим. Мекениме келгенден кийин да өзүмдү-өзүм издеп жүрдүм. Уйгу-туйгу болуп, түрдүү ойлорго баттым.
Ойлоп көрсөм, мен эненин кучагынан чыкпаган бала болгон экенмин. Эл иштеген ишти иштеп, ак мээнеттин да даамын татайын дедим. Ар кандай жумуштарда иштедим, официант да болдум. Жылмайып алып кардардын маңдайында туруп "Саламатсызбы? Эмне тамак каалайсыз? Бизде акция болуп жатат, эки тамак алсаңыз, бири жарым баасына берилет" деп иштеген күндөр да болду.

– Ошондо Орусияда официант болуп иштедиң да, ээ?
– Кыргыз жеринде деле иштедим. Менимче, ак мээнеттин уяты жок. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Мен уурдаган жокмун, алдаган жокмун. Ак эмгегим менен акча таап жаттым. Мунун баарын көрүшүм керек эле.

– Бирок эми кантсе да элдер сени ырчы катары таанып калышкан, жүзүң элге белгилүү, бул нерсе жумушта ыңгайсыздык жараткан жокпу?
Чынын айтканда, мен Орусияга клубда, ресторанда ырчы болом деп баргам. Адегенде ошентип жүрдүм. Бирок жумуш которууга туура келди. "McDonald's", "KFC" деген тез тамак тармактарында кассир болуп иштеп баштадым. Бул үчүн атайын окуу курсунан өттүм. Анан, сиз айткандай, сахнадан түшүп эле кассир болуп кетиш кыйын сезилиши мүмкүн, бирок мага жеңил эле болду. Ар бир адамдын өзүнүн эгосу болот. Бул "мен" дей бергендик, өзүмчүлдүк, текеберлик, мен өзүмдөгү ушул мүнөздөрдү түп тамырынан кыйып таштадым. Бат эле элге аралашып кеттим. Албетте, ар кандай учурлар болду, көңүлдөр калды, көп ката кетирдим. Бирок өзүмдү-өзүм издеп жүрдүм.

– Таанып калган адамдар кандай кабыл алып жатышты?
– Көбү эле таанып, "Кумар, сенде талант бар, сага жардам берем" дегендер көп эле болду. Антсе да мен ошол жолдун баарын өткөнүмө өкүнбөйм. Азыр мен жакшы жана туура жолдо бара жатам деп ойлойм.

– Түшүндүрө кетсең...
– Учурда мен Медер Бишкек агайдан Байыркы Кытайдын тайцзицюань уруш өнөрүн жана Император-каган массажын үйрөнүп бүттүм. Муну массаж экен деп эле түшүнүп албаңыз. Бул жерде жан дүйнөнү да тазалоо, өзүн-өзү коргоо, йога жана башка толтура жакшы нерселер бар. Жогоруда айткандай, өзүмдү-өзүм издеп, түйшөлткөн ойлордон арылып, эркиндик эңсеп келип, Медер агайдын колуна түштүм. Анан жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, укалоону да үйрөнүп алууну эп көрдүм. Мактангандай болбоюн, бирок менде азыр көп өзгөрүү бар. Адамдардын жакшы жактарын гана көргөндү үйрөнө алдым. Мүнөзүм да жумшарды. Айтор, азыркы абалыма ушунчалык канааттанып жатам.

– Эми күйөрман кыздарың "Кумарга массаж жасатабыз" деп келе башташат экен да?
– Жасап берем, албетте (күлүп). Жеке эле кыздарга эмес, бардык муктаж адамдарга жасаганга даярмын.

– Чыгармачылыктан кеттиңби ошондо?
– Жо-ок, мен баары бир чыгармачыл кишимин. Жанагы өнөрлөрдү үйрөнүүгө бардык күчүмдү, убактымды жумшадым. Эми жакында жаңы ырларды жазып, элге тартуулайын деген ниеттерим бар. Үйрөнгөн өнөрүмдү да, ырчылыкты да бирдей алып кетүүгө аракет кылам.

– Ушунча өзгөрүүлөр, басып өткөн жолдордон кийин башкача кайрыктар, башкача эргүү келип жаткандыр...
– Туура айтасыз, азыр олуттуу обондор келет. Бир башкача, адамдарды ойлонткон, алар талкуулай турган, өзүн издеп жүргөндөргө шык-дем бере тургандай ырларды жараткым келип калды.

– "Мурун жеңил-желпи ырларды ырдаган экенмин" деген ойлор келип жаткан турбайбы?
– Жок. Мурунку ырларымды эч эле жамандагым келбейт. Көбү жакшы ырлар. Аларга да көп эмгек сарпталган. Ал ырлар менин басып өткөн жолумдун бир бөлүгү. "Кумар жалаң эле олуттуу ырларды ырдап калат экен" деп да ойлоп калбаңыздар.

– Бирок баары бир жаңылык киргизсем деген оюң бар да?
– Ооба. Мени негизи апам адегенде комуз ийримине берген. Комузчу-дастанчымын. Кийин эстрадага өтүп кетпедимби. Ошондуктан комуз менен ырдоого ыктасамбы деп жатам. Алдын ала укмуш болот деп айтпай турайын, убагы келгенде угуп баа бересиздер.

– Баса, апаңды качан келиндүү кылайын дейсиң?
– Чынында, азыр бир кыз менен интернет аркылуу сүйлөшүп жүрөм. Бирок ал азыр чет мамлекетте окуп жатат. Буюрса, июнь айында экзамендерин тапшырып бүтүп келет, ошондо жолугабыз. Азырынча ушуну гана айтып турайын. Маңдайга жазганын көрөбүз да.

– Маегиң үчүн рахмат, Кумар! Ишиңде ийгилик болсун!

Кумар Асанов десе көбү аскер формачан "Кыргызстан" деп обон созгон жигитти элестетишет.


Мирлан Өмүралиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
15.05.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сахнага кайткандан коро ошол тандаган тармагындын адиси бол,ийгиликке жет.Азыр ырчы деген чачтан коп.Жадата да башташышты...
17.05.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibay,Ошолордун 1ри Албарстыны баскандар дейсинби ))))))
15.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
Ырдавай эле кой. Семадай болуп сени деле унутуп калганбыз. Суперге чыкпасанар эстебейт дагы болчувуз
17.05.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Izdeim_seni.,капа болбо бирок сен дайым негативдуу комен жазасын а
17.05.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dilbaranurdinova,Ал сулуу негатив учун жаралганда, эчкимди коралбайт
18.05.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni.,биринчиден оюнду жаздың, экинчиден каалагандай жазышка сенин деле укугуң бар! Бирок, начар адам экениңди билдирип турасың, ушунчалык пассыңбы э? Ё моё жөн гана кыжырга тиет экенсиң кишинин...! Кумарга болсо ийгилик!!!
15.05.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ойлогон ой-максатыңа жете бер! Келечек жаштарда.
15.05.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Силер укбасанар эле башкалар да укбайт дегендик эмес ар бир ырчынын озунун аудиториясы бар. Жазып жатканда кичине адамдын конулун ойлоп жазгыла да ошол адамдын ордуна озунорду коюп. Гулдой назик конулдорду оорутбай жашайлы бир келген омурдо.
15.05.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чыкпай эле кой дешетко Семагада айтышкан чыкпасан эстебесекта керек деп баардык адамдын атынан жооп берип мен озум кансерваторияда окуйм ыр жазыш канчалык кыйын экенин билесинерби канча акча кетет созду кайдан табам деп кыскасы чыкпагыла деп айткандар озунор чыгайын деп жатасынарго а каршылык жок чыккыла ийгилик
15.05.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кумарды мен Москвада коргом чогуу официант болуп иштегенбиз Измайловскийде)) мага бир аз боюн которгон баладай сезилген! Кантсе да ийгилик каалайм! Сахнага кайтсан бир жанып очуп калбай турган болуп кел эми.
15.05.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл сынчы эл тараза алар ырдап коюшат силер угуп койгула бир жолу эгер жакпаса башкаларын угасынар силерден эмне кетти Нурлан Насип агаларыбыз омур бою ырдап отушпойтко кийинки муундар деле бар унутпагыла алардан бир жери кем эмес!
16.05.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurik-95,бул бала Нурландан улуу болсо керек
15.05.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Азыр ырчылар ХХХ коп....анадан коро ырдабай эле кой...элди укалап оз меенетин менен эмгек кыл...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-15 14:46:12
15.05.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Кусалык" деген ыры аябай жакчу,уну да жакшы.Жаны ырларды кутобуз
15.05.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезитке чыкты эле го ХХХ. Ощону айтса керек коп ката кетирдим деп....
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-15 16:53:18
16.05.2017. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again,иммено эмнени
16.05.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кумарды мектеп мезгилинен билем. Райондук конкурстарда ырдачу. Дастанды комуз менен келиштире ырдачу,үнү жагымдуу болчу. Филиптин ырларын дагы мыкты аткарчу. Бир кыз жакшы көрүп калып инисинин атын Кумар койгон. Чыгармачылыкка кайтсан мыктысы болосуң.
16.05.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ырчылыкка кайтпай кое бер сенсиз деле ырчылар аявай коп таш ыргытсан ырчынын башына тиет андан коро элдерди укалап журо бер
16.05.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгабы чыкпайбы ал озунун ишида силерге не жон эле ийгилик каалап койгула Аллах бешенесиге жазганын коротда
16.05.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атаң да гитара менен жакшы ырдачу
16.05.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Медер агайда мен да окугам,бирок массажды кошумча жумуш катары колдоносун,Жан дуйнон 100%тазаланып озунду табасын.Медер агайга чексиз ыраазычылык.
19.05.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,Медер агайды кайдан тапса болот
20.05.2017. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,да менде да суря намаскар деген китепчеси бар..менин да досум ошол Медер агайдан сабак алып масаж уйронду анан мен уйрондум...бир гана массаж эмес намазды динди да уйротот..
16.05.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атаңдын эле копиясы болупсуң. Бар бол, мен сенин чыгармачылыгыңды сыйлайм. Ал көбүнчө Асанкалый Керимбаевдин ырларын ырдачу. Сен да репертуарыңа ошол ырлардан кигизсен болот.
17.05.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага жагат жонокой мыкты инсан уну дагы жакшы Кыргызстан атту ыры азыркыга чейин суйуп угабыз
19.05.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу гимнастикасы менен машыкканына деле ишенбедим. Суротко жалжалактап тушкондойй. Не серьёзно.
21.05.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротко тушкондо сен деле жалжалактап тушсон керек. Же отоле серезный болуп тушосунбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо