Нурлан Насип: "АСЕЛ АЙЫЛГА БАРБАЙМ ДЕСЕ УНААГА ЖҮКТӨП КЕТЕМ..."

№758 12-18-май, 2017-ж.

10-майда Нурлан Насип SUPER.KG порталы уюштурган түз эфирде конок болду. Ырчы порталдын колдонуучулары, социалдык тармактагы расмий баракча жана WhаtsApp аркылуу күйөрмандары жиберген суроолорго жооп берди. Нурлан мырза тамаша-чыны аралаш жооп узатып, аккордеон ойноп, чыгармаларын аткарып берүүгө жетишти. Жагымдуу маанайда өткөн маектин кызыктуу учурларын сунуштайбыз.

Нурлан Насип SUPER.KG порталынын түз эфиринде чупа-чупсту оозуна салып ырдап берип жаткан кези.


Ырчы мырзанын күйөрмандары көбүнчө жеке жашоого байланыштуу суроолорду жаадырды. Арасында Нурлан Насипке ашык болгон селки: "Нурлан, сени Аселден кызганам. Аны менен кол кармашып түшкөн сүрөттөрдү көрүп жүрөгүм ооруйт. Мени көрсөң сүйүп каласың. Сага жетиш үчүн эмне кылышым керек?" - деген суроо жиберген.
– Сүйүп калсам жакшы экен. Каякта жүрөсүз? Көрүп коюш керек экен (күлүп). Тамаша, рахмат сизге. Мени сыйлаган күйөрмандарды мен да сыйлайм.

– Атактуу адамга эл арасында жүргөн оорбу?
– Мага элди аралап жүргөн жагат. Мурун "Дордойго", "Ош базарына" барганды жакшы көрчүмүн. Айылды сагынганда ошол жердеги элди көрүп айылдаштарыма окшоштуруп кетчүмүн. Былтыр апам менен базар аралап келгем. Бирок эл мүмкүнчүлүк бербей артыңдан түшүп алса кысылып бир кызык болот экенсиң. Ошондон бери бара элекмин.

– Үйлөнгөндөн кийин бир кызды сүйүп калсаңыз, экинчи турмуш курат белеңиз?
– Бир үйлөнгөндөн кийин болду, ошол адамды сүйөм. Алган аялымдын көңүлүн ойлоп бактылуу кылгым келет. Бирок билбейм, жүрөк ар кандай болот да. Себеби эркектер кыз жандуу келебиз.

Эгер тандоо болсо, досуңузду тандайсызбы же сүйгөнүңүздүбү?
– Бул аябай оор суроо экен. Досума "кыз киши таарынып калбасын, көңүлүн көтөрүп турайын, кийин чечишип аласыңар" деп түшүндүрмөкмүн.

– Келбетиңиздин кайсы жерин өзгөрткүңүз келет?
– Мага келбетти оңдоткон жакпайт. Кыздар, капа болбогула, бирок келбетти өзгөрткөн машинанын бампери урулуп калып жасалат го, ошого окшошуп калат. Мисалы, 2006-жылы чыгарылган машинаны 2011-жылкы кылып жасап койгондой.

– Тишиңизге брекет тагынып калыптырсыз. Бул элдин сынынан тажаган үчүн эмеспи, жүдөткөн жокпу?
– Элдин сынынан эмес. Акыркы күндөрү тишим "Тамашоудо" тамашага салынып жатат. Тиш доктурга барсам брекет кийүүнү сунуштады эле, кызыгып кеттим. Башында 2-3 күн кыйналдым. Сулуу болоюн деп жатам. Бирок кечирээк ойлонуп калбадымбы (каткырып).

– Мурунку Нурлан менен азыркы Нурландын кандай айырмасы бар?
– Мындан 10 жыл мурун Аваз экөөбүздүн түшкөн сүрөтүбүз интернетке жайылып кетти. Ким таратканын деле билбейм. 2006-жылы Султан Садыралиев биз кийип тургандай клёш шым кийип ырдап чыккан. Биз аны туурап кийинип алганбыз. Ал сүрөттү көрүп бир чети күлкүм келип, бир чети ошол күндү эстеп сагындым. Борбордук аянтта сүрөткө түшкөндү жакшы көрчүмүн.

Кийинки суроо banditka деген колдонуучудан келди. Ал "чыгармачылыкка аралашып келе жатам, мага кандай жардам бере аласыз?" деген суроо калтырган.
– Бандитка, атыңызды оңдошуңуз керек экен, анан сүйлөшөбүз. Угуп алып эле коркуп кеттим (күлүп). Таланттуу жаштарга жардам бергим келет, буюрса, ушул жылы баштайм.

– Сизди "чёрныйлар" менен дос, алар "крышовать" этип турат" деген чынбы?
– Андай байкелер менен саламым түз, жакшы мамиледемин. Укмуш деле жакшымын деп айта албайм.

– Сүйүүгө туруктуу адамсызбы?
– Мен сүйбөсөм жүрө берем. Бирөөнү сүйүп калсам, аны жүрөгүмдөн чыгарышым кыйын экен.

"8-Мартта сүйүктүүңүз Асел Кадырбековага iPhone 7 смартфонун белек кылгансыз. Бул ага берген эң кымбат белегиңизби же андан кымбатын бердиңиз беле? Апаңыз кандай үлгүдөгү телефон колдонот?" деген суроого Нурлан ойлонуп калды.
– Жок, ай, телефон деле берген эмесмин. Апам деле акыркы үлгүдөгү телефон көтөрөт. Бирок iPhone эмес, аны жакшы түшүнбөйт.

"Асел Кадырбекова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Нурландын "Асел экөөбүз сүйлөшпөй калдык" дегенине таң калдым. Себеби мамилебиз солгундап кеткенде коомчулукка жарыялабайбыз дегенбиз. Нурлан менен атактуу боло электе сүйлөшчүмүн" дегенин окуп кандай абалда болдуңуз?" Окурман ушундай суроо менен ырчы мырзаны жарга такады. Буга чейин тамашалап көңүлдүү отурган Нурлан бул суроону угуп ойлонуп калды.
– Ушундай суроолорду жаман көрөм. Бул жерде мындай. Кыз киши эмоционалдуу болот. Жини келгенде ошентип айтышы мүмкүн. Бирок мен биз урушуп кеткенде Асел тууралуу жаман комментарий берген эмесмин. Балким, ал образга кирип ошентип айткандыр. Эмне болсо да жаман ойлобойм. Бирок "кулак укса курсак кайнайт" дейт го. Ал сөздөрдү укканда күлүп эле койгом.


– Асел менен Дубайда төө минип түшкөн сүрөтүңөрдү көрдүм. Аселдин ачык кийингени сени кызгандырбайбы?
– Дубай ысык экен. Өзүнө жарашыктуу болсо болду. Өзүм ысып, жеңи узун көйнөк кие албай жаттым. Ал жактагылардын кийингенине салыштырмалуу жакшынакай эле кийинип жүрдүк.


– Асел экөөңөр бири-бириңерди сүйөсүңөрбү? Ошондой болсо "Аселди сүйөм!" деп эл-журттун көзүнчө айтыңызчы. Той качан?
– Убагы келгенде кабарлайм. Тойду да түз эфир кылабыз.

Кыз-жигит жакында Дубайда эс алып келишти.


– Кийин айылга жашаш керек болуп калганда Асел "барбайм" десе эмне кыласыз?
– Өзүм кетем да, же болбосо Аселди унаага салып жүктөп кетем (күлүп). Анткени аял киши эркектин тилин угушу керек.

– Асел сиздин буйругуңуз болбой, башка жигитке турмушка чыгып кетсе эмне кылат элеңиз?
– Эгер ал башканы тандаса кармабайм, бактылуу болсун.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Нурлан Насип: "Асель айылга барбайм десе, унаага жүктөп кетем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(57)
15.05.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
15.05.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсода озуно жакса болду бактылуу болгула
15.05.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Нурлан. Жонокой жигит экен. комментарийлер да баары жакшы жазылыптыр
15.05.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кыласын азыркы кыздарды ошентип машинага салып жуктоп эле кетиш керек))
15.05.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель ото чаптанат экен.Кийин ошонусу проблема болбосун деги озуно...Азыртан азырак боёнуп Нурланды кондурушу керек.Нурланга внешность эле керек окшойт походу...
15.05.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан ото эле простой бала.а наркы асель слищком эле шпаклевка кылат и апасы эле болуп калат.чон корунот нурландын жанында.нурлан кичине ымыркай корунот
17.05.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Appagimmamalagim, мен да ошону ойлоп коем корнон сайын инстаграммдан ..аселдин жашы чооон болуп билинип калат кадимкидей...озунон 4/5 жаш кичуу кыз тапса болмок
15.05.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асель "Барби" куклага окшош татынакай, Кыргызда "тустуудон тунулбо"деген жакшы соз бар. Жогоруда Нурланды тим эле шумдук кол жеткис кылып койгондор бар экен. Менимче Аселге татыктуу жолдош болуп бере алаар бекен. Аселге Нурландын ырдаганы эле жагат болуш керек. Аселдин вкусу анча эмес экен.
15.05.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына сага тамаша. Асель 8-мартта ifhone7 берди деп атпады беле бул жакта жок ай дейт ко. Ошондо кимиси калп айтып жатат. Атту баштуу эле адамдар калпты апыртса анда калганыбыз эмне болобуз. Уят олумдон катуу
15.05.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бандитка деген ник менен эркек бала кирет. Жаны элдик талант. Ник ачалбай программисттерге барып алган экен, мен нигимди берип койгом. Башка никтеримдин сыр созу ошондой мезгилдерде эске келбей калыптыр. Так что, катуу урушпагыла. А Нурлан Насипке чыгармачылык ийгилик.
lucky_star түзөттү 2017-05-15 22:32:54
15.05.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маектен Нурлан Аселди анча деле суйбогондой корунот го
15.05.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурландын бардык ырларын жакшы коруп тажабай укчумун.талантына соз жок.бирок Асель негедир жакпайт да ошол менен кыз жигит экенин билгенден кийин Нурландын ырларын деле уккум деле келбей калды.эмнеге экенин билбейм озум да.Инстада да каякты карасан Асель чыгаберет го жасанып эле.((((.
17.05.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salman-dastan,мен да ошондой болдум нурдандын ырларын укпай калдым. Аселди элестететип
20.05.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aika0906,экоон эле укбасан башка элдер угат алтындарым ичинер куйсо экоон чыккыла артис болуп эл суйуп угат экоонун ырын ичинер ачышса туз бар ал болбосо калампир чили бар
16.05.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Нурлан
16.05.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула! Сонун маек!
16.05.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аселдин боенгонун эле айта бересинер,силерге озу адамдын жакшы жактары да корунобу айланайындар,мага биздин кыргыздын ырчыларынын баары жагат баарын бирдей сыйлайм.Нурлан менен Аселге бактылуулук.
16.05.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалык жонокой жигит,баардык суроого кулуп гана жооп бериптир,ийгилик,онорун эч качан солгундабасын,бактылуу болгула
16.05.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzatka94, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.

16.05.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чынында Асел сага пара эмес экен брат не обисуй.Жанында чон корунуп турат,бирди торосо апа деп каласын.
16.05.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силерге эмне апа кылабы аял кылабы озу билет да балким уйлонбойт экоо шоу бизнестин интригасы болушу мумкун Нурлан ийгилик каалайм жылдыз оруун айыгып калган корунот
17.05.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурландын жонокойлугу жагат
17.05.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маекти окуурдан алдын, видеону акырына чейин корууну сунуштайт элем.
17.05.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат байкее аябай жактыныз мага)) Суйуп калдым...))
17.05.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун маек болуптур Асель эже экоонуздор Бактылуу болунуздар!
18.05.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эко аябай пара, бактылуу болгула
SUPER.KG видео
18.05.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
максаттын алып барганы аябай жагат маанилуу создорду суйлойт ийгилик
18.05.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйсо суйом, алам деп эле айтмак да. Ушундай суроолорго жооп бере албайт. Суйбойт болш кк
18.05.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
телефон деле берген эмесмин дейтго))))
19.05.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойский ырчы
20.05.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Она милашка
21.05.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апасынын телефонун сураганда уялып кетти окшойт, жалганды алдын айткан же азыр айтты.
Эмнеси болсо да бактыфлуу эле болсун
SUPER.KG видео
24.05.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика каякка кетти
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо