Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дайыр Исмадияров: «ЖАНАРА ЭКӨӨБҮЗ 5 АЙ СҮЙЛӨШТҮК. БУЛ БИРИ-БИРИН ТААНУУГА АЗДЫК КЫЛАТ ЭКЕН»

№759 19-25-май, 2017-ж.

– Салам, Дайыр. Акыркы убакта такыр эле гастролдон колуң бошобой калды окшойт...
– Саламатсыздарбы? Мен жыл сайын эле гастролго чыгам. Бирок быйыл өзгөчө болду. Бир чоң компания менен 100 концертке келишим түзүп, февралдын ортосунан бери куудул эжекелерим Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова үчөөбүз гастролдоп жүрөбүз. Бул тандем компаниянын сунушу менен түзүлдү. Азыр 100 концерттин араң 65ин бердик. Эгер гастролду өзүм уюштурсам, он күн Ошто концерт берип, он күн эс алып, анан уламакмын. Келишимде андай эс алуу жок, тынбай эле концерт берип жатабыз. Чарчап жүргөнүбүздү эске албаганда баары жакшы. Канча билет өттү, канча киши келди деп башың оорубайт. Жаткан жериң, тамак-ашың баары даяр, 5 киши келеби, 1000 адамбы, кадимкидей концерт берип жатабыз.

– Түркиядагы таанышым кыргыз ырчыларынын биринин концертинен сүрөт жүктөп "концерт кызыксыз, фонограмма менен ырдашат, кетип калдым" деп жазды. Сенин чет жердеги концерттериң кандай өтөт, бул жактагы гастроль менен айырмасы барбы?
– Кыргызстанда такай эле сценарий менен даярдалган 2-3 сааттык концерт берем. Ага бир нече ай жүгүрөсүң. Чет өлкөгө гастролдоо мен үчүн бир кыйла жеңил. Чакан кафелерде болот, даярдыксыз эле барам. Уюштуруу иштерине да башымды оорутпайм. Бул жактан 7 жерге концерт берсек, эгер эл жакшы келип берсе, чыгымынан сырткары 7000 доллар табасың. Ал эми чет жерде 1 күндүк концерттен 2000-3000 доллар тапса болот. Киши келеби, келбейби, бул уюштуруучунун маселеси. Мен келишимдеги акчамды алам да кетем. Бирок барганга, келгенге убактың кетет.

– Интернет баракчаңа "Убакыт бар, бактыңды сен кармагын, сүйүүнү жалгыз баалагын. Өзүңө теңди тандагын, азыр кеч эмес!" деп жаздың. Өзүңдүн турмушуңду жазгандай туюлду...
– Бул "Тим эле" деген ырымдын саптары. Сиз туура байкагансыз, "Тим эле" деген ырымдын текстинин идеясы меники. Жакында эле бир нерсени байкадым, ырыма тартылган клиптин сюжети айланып өз башыма келет экен. Мисалы, "Сагынба" деген ырымдын клибинде арабада отурган майыптын ролун аткаргам. Аны тартып бүтүп калганда жол кырсыгына кабылдым. Ооруканага барсам, бел омурткадан жарака кетиптир. Азыр баары жакшы, бирок оор нерсе көтөрө албайм. Тагдыр менен ойнобоюн деп клиптин аягын түш кылып өзгөрттүм. Баштапкы сценарий боюнча майып боюнча калмак элем. "Кайрылчы" деген клибимдин сюжети да азыр менин турмушумда болуп жаткансыйт. Кыскасы, клиптеримде өзүм роль жаратуудан коркуп калдым.

– Жубайың экөөңдүн ортоңордогу таарыныч жазылдыбы?
– Дагы деле сүйлөшө элекпиз. Ал үйдүн улуусу, анын айтканы айткан. Мен болсо бир үйдүн кенжеси, дегеним деген. Ошондон уламбы, экөөбүздө тең өзүнүкүн бербеген адат бар. Анан ал да мага окшоп аракетчил. Күндө "эмне тамак кылайын?" деп сурай берчү. Кээде такыр бизде жок, чет жерде жеген тамагымды айтып коём. Ал интернетке кирип чукулап жатып таап чыгат да, окшоштуруп жасап коёт. Биздин таарынычтар бүтө элек. Катуу деле урушкан эмеспиз. Ал деле түшүнөт, мен азыр гастролдомун, бошобойм. Бир жолу Жанара экөөбүз бир жакка жасанып алып чыгып бара жатсак,
KG Эльмурат "аялыңды элге көрсөтүш үчүн алдың беле?" деди. Анын сөзү мени ойго салып койгон. Негизи исламда "үй-бүлөдөгү маселени сыртка чыгарбаш керек" деп айтылат экен. Мен ошону карманып Жанара экөөбүз уруша электе Инстаграмдан сүрөттөрүбүздү өчүргөм. Анан таарынышканыбыз тууралуу кеп кетти, ошону менен "чын эле ажырашыптыр, чогуу түшкөн сүрөттөрү жок" деп жатып калышты. Мен буларды айткым келген эмес. Бирок эл ырчынын чыгармачылыгынан да жеке жашоосуна кызыгат экен. Муну эми байкадым. Кайгылуу бир пост жазсам, алдындагы комментарийлерди окуп жетишпей калам. Интернеттеги түз эфирлерге да чыкпай калдым, чыксам эле келинчегим экөөбүздүн жашообузду сурашат.

– Таарынышып кетүүгө эмне себеп болду?
– Келинчегим чыгармачылыгымды түшүнбөй жатат деп айтпайм. Анткени үйлөнүп жатканда эле "мен ушундай тентимишмин, гастролго көп чыгам" деп айткам. Ошентсе деле аял – аял экен. Түшүндүрүп кетип жатсаң деле кызганат. Үйлөнө электе майда-чүйдөдөн да уруш чыгып кетерин таптакыр билген эмесмин. Жалгыз жашап көнүп калгам да. Жанарага эми көнө баштаганда таарынышып кеттик. Мен тараптан да кызганыч бар. Көчөгө жалгыз чыгарбайм.

– Турмушка чыкканы иштебей калды беле?
– Үйгө камап койгон мага деле жакпайт. "Иштейм, визажисттик сырларды окуп үйрөнөм" деди. Боюнда болгуча окуду, иштеди.

– Ошондо сени күйөрман кыздардан кызганып жатабы?
– Өткөн жашоомдогу сүрөттөрдөн кызганып жатат (күлүп). Менеджерим менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтүп "бул эмнеге сени кучактап түшөт?" дейт. "Менеджерим – бир тууганым" десем ишенбейт. Кой, муну Жанара жактырбай жатат деп аны менен байланышты деле үзгөм. Анан чогуу гастролдогон эжекелерден кызгана баштады. Мен өзгөрүшүм керекпи же Жанара өзгөрүшү керекпи, азыр айта албайм. Гастроль бүтсө ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, мындан аркы жашообузду чечебиз. Мен өзүн кыйнап жашаган адамдардан эмесмин.

– Сүйүүгө азыр кандай аныктама берер элең?
– Мен эмнени байкадым, жашым 30га келсе да шашып үйлөнүптүрмүн. Жанара экөөбүз болгону 5 ай сүйлөштүк. Бул бири-бирин таанууга аздык кылат экен. Кээде мен Жанараны таптакыр тааныбагандай сезилет. Ал дагы мен жөнүндө ошондой ойлойт. Үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, бирок бири-бирибизди жакындан тааныгандан кийин үйлөнсөк болмок экен деп калдым. Мага жактыруу бат келет. Бирок аны мен сүйүү деп эсептебейм. Мисалы, бирөөнү жактырып калсам, бир апта жинди болом да, анан коё берем. Сүйүүнү үй-бүлөлүк бакыт деп билем. Апама, бир тууганыма, жубайыма, балама болгон сезим. Бул сезимдер эч качан эскирбейт.

– Рахмат, ачык баарлашуу болду. Бактылуу бол!

"Аялдар кош бойлуу кезде өзгөрүп кетишет экен. Келинчегимди азыр тааныбай калдым. Боюнда жок кезде жакшы эле жашап жатканбыз. Анан эле мен таанып, жакшы көргөн Жанара жок болуп кетти".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(115)
23.05.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чын дилиңден болгон сырынды ачыптырсын иним мындай нерсе ар бир уйдо болот сабыр кыл уй булон үчүн күрөш өзгөчө жаңы үйлөнгөндө бирок баары эле сыртка чыгара бербейт бала төрөлгөндө баары жакшы болот ойлон келинчегин менен эч качан ажырашба бактылуу болгула
23.05.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аялы ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-24 09:50:34
23.05.2017. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойлонуп анан тийбейби,кимге тийип жатканын.Сени баланды багыш учун иштеш керекда
23.05.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир эле Дайыр гастролдоп жатат бекен, тушунугу жок экенда аялынын Канчалаган артистер гастролдоп журотко,алардын аялдары жон эле отуратко
24.05.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялын боюнда бар экен элдешип жаша да. Гастрольдоп тентип журо бербей , акчадан ХХХ калсан да .
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-24 09:49:20
24.05.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
pochanta, altyshka_23, этика нормаларын сактаңыздар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-24 10:00:10
24.05.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Салам Дайыр!!! Биз жолдошум экообуз 2кун элетаанышып,3у куну уйлонгонбуз азыр 4баланы татыктуу тарбиялап келебиз.Суйуунун баары никеден кийин башталат мен ансыз ал менсиз журалбайбыз.Боюнда барда аялзатына эч нерсе жакбай калат,тем более биринчиси,менин да ошондой каприздериме чыдаган атакебизге мин мертебе рахмаааат!!!!!
24.05.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой боюнда болгондо жинди болуп калат экенсин поверь мне, башымдан отту куйом байкуш жакшы суйлоп кутулду
24.05.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боюнда бар дейби келинчегин.Андай болсо очогуңар бузулбасын экөөңөр тең аракет кылып жарашсаңар эң жакшы болот.Бир үй-бүлөөнү жараштырган,бир мамлекетти бириктирген болуп эсептелет.
24.05.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызганган адамдарга тушунбойм неге откон кеткен нерсени айтып кызганышат!!! Болор иш болду да. Бекер эле нервини иштетип......
24.05.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоонду сактап калганын эн жакшы болот деп эсептейм.
24.05.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элмурат эмне тийешеси бар кайра жакшы айтыптыр аялынды катып жур деп аял дайырга керекпи же инстаграммдагы куйормандаргабы, аял оз куйоосу учун бриллиант башкалар учун алтын болуш керек дейт себеби эркекке алтын арам, так что Дайыр эртерээк уй булоонду сактап кал ал сенин эн чон аманатын Аллахтын алдындагы!
24.05.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушакчылар койгула эми бироонун жашоосуна аралашпай эле койгула!!! Эки жашка уйбулолук бакыт тилеп эле койолук.Бактылуу болгула.
25.05.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoloto61, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-25 11:27:31
25.05.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Обу жоктоно берет, жакпайт ушул Дайыр. Жасалма болбой озун эркектей алып журбойбу!
25.05.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дайырды ырчы деп айтуудан мен алысмын,Канча жыл болду жургонуно...Же жыргаткан ыры жок,же уну жок.Адамдар бир коруп эле уйлонуп жакшы жашап журушот,уй булоону кармоо эркектин колунда.Озуно ишенбесен уйлонбош керек эле,бироонун убалына калбай.
25.05.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын эн чон жетишкендиги-үй бүлөө куруу жана аны уратпай сактап калуу...
25.05.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайырдан эле кетти го....Бой которгон бала го..
25.05.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 жерге консерт койуп 7000доллар тапса укмуш табат экен, 7 аял алса болчудай(тамаша):-)
26.05.2017. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кош бойлуу кезде ар бир аялдын муноозу озгорот менда азыр ошол учурдамын баарын тушунуп билип турсамда озумду кармана албайм ичимдеги нерселерди оз убагында жашыра албай акыркы кундору уйдо коб талаш тартыш болуп жатат сиздерге болгону бакыт каалайм баланын келечегин ойлоп ак ниет менен баш кошкондон сон аны ара жолго таштабаныздар......
26.05.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barclays_CR7, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.05.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнөө Жанарада эмес, ар бир аял, эркек, МУСУЛМАН кызганат, сен өзгөрүшүң керек экен
26.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжайна экоонун суротун коруп менин да каным кайнаган Жанара эмес
27.05.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенде каяктагы ун, мына чыныгы акчанын кучу менен ырдады деп сени айтат, живой сен садике да ырдап бере албайсын бул чындык.
27.05.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
боюнда болсо адам озгорт 5 эссе сен чыдап тур да торогондо кайра озуно келет. тушунуп жаша апей жаш бала эмессин го.
28.05.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кош бойлуу адам озгорот. Аны тушуно билуу керек мен деле кеде жон эле ыйлай берет элем. Эч нерсе жакпайт эле. Ошону куйоом тушунуп эч нерсе дебей койот эле. Кийин мен жайдары болгондо гана бая эмне болду эле деп сурачу
28.05.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой тообо ажырашам дебеди го акыры боюнда бар озгорду деп эле атат кыз торойт го аялы бактылуу болгула. Коментчилер ишинер бирооннун башындагы чопту эмес озунордун башыгардагы чоону коргуло биринчи. Элмурат kg молодец эркекче айтыптыр аял аялуу катылуу болуусу керек реклама эмес
29.05.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрадан жарашып бактылуу болгула. Эч кимдин үй бүлөөлүк очогу бурулбасын. Оош кыйыш ар бир үй бүлөөдө болот. Рамазан айында бир биринерди кечиришип жарашып алышыңарга тилектешмин
02.06.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир тараптан аялын шоу дуйного аралаштырбай жургону деле туура,макул эгер озунун кругуна ээрчитип барса ,Кайрат Нуртас аралаштырбайт,даже президенттер да саясатка аралаштырышпайт го
03.06.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боюнда барда аябай озгорот аны тушунуу керек Дайыр!!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо