ӨЛКӨНҮН МЫКТЫ КӨК БӨРҮ КОМАНДАСЫ "ЫНТЫМАК"

№759 19-25-май, 2017-ж.

Быйылкы жылы көк бөрү боюнча ири мелдештерде Таластан чыккан "Ынтымак" командасы алдыңкы орунду эч кимге бербей келүүдө. Талас Бегалиев жетектеген аталган көк бөрү командасы катары менен эки ири республикалык мелдешти жеңип алды.

"ОБЛУСТАН МЫКТЫ ОЮНЧУЛАР ТАНДАЛЫП АЛЫНАТ"

2013-жылга чейин жигердүү жыйынтык көргөзө албай жаткан команданын жетекчилигине Талас Бегалиев сунушталат. Ал кезде команданын аты "Биримдик" болгон. Жетекчи үчүн башкы максат мыкты оюнчуларды курамга чакыруу керек эле. Талас Бегалиев буларды айтып берди:
– 2012-жылы мени "командага жетекчи болуп бер" деп сунушташкан эле. Ошол жылдан тарта команданы башкарып келем. 2013-жылдан бери "Талас" деп аталып, 4 жыл ошол аталышта оюндарга чыгып жүрдүк. Быйылкы жылы гана команданын аты "Ынтымак" аталды. 2014-жылы биздин команда катышкан бардык мелдештерди жеңген. Кыргыз Республикасынын Президентине арналган кубокту бир канча жыл катары менен утуп келе жатабыз. Быйылкы жылы да биз катышкан мелдештерде 1-орунду камсыздоодобуз.
Негизи команданын курамына кышында өткөн айылдык жана райондук беттештерде өзгөчөлөнгөн улакчылар тандалып алынат. Команданын оюнчуларын көрүп жаштарыбыз кызыгат. Курам дээрлик 80 пайыздай жыл сайын өзгөрүп турат. Анткени жаңы чыгып келе жаткан жаш оюнчулар чыгат же жаракат алган оюнчуларды алмаштыруу керек болот дегендей. Командабыз кышы бою машыгуу сборлорун өткөрөт. Учурда командада бир гана оюнчу келишимдин негизинде ойноп келсе, калганы намыс үчүн ойноп келишет. "Ынтымактын" дагы бир өзгөчөлүгү – мелдештерде уткан байге фонддору командага толугу менен бөлүштүрүлүп берилет.

"ЖЕҢИШТИН СЫРЫ – МЭЭНЕТ"

Урмат Шерипбеков, команданын башкы машыктыруучусу:
– Мен 1999-2000-жылдардан бери улак тартчумун. Ал кезде команда жаңы түзүлүп, аты "Беш-Таш" болчу. Анда анчейин ири мелдештерге катышчу эмеспиз. 2003-2004-жылдары гана Талас облусу боюнча бир команда түзүлүп, азыркы "Ынтымак" түптөлдү. Анда улакчылар элден ат сурап оюндарга катышчубуз. Арадан убакыт өтүп, команда алсырап кеткен. Талас Бегалиев командага жетекчи болуп келгенден тарта кайра жанданды десем болот. Учурда өзүбүздүн аттарыбыз бар. Бишкектеги "Аккула" ат майданында сарайда багылат. Өзүм кезинде чабуулчу элем. 2016-жылга чейин оюндарга катышып жүрдүм. Быйыл командага машыктыруучу кылып дайындашты. Учурда өлкөдөгү ар бир команда күчтүү болуп саналат. Жеңиштерге жетишип жаткандагы башкы сырыбыз – бул мээнет. Ар бир мелдешке чыгарда команда бир ай машыгуу сборуна чыгабыз. Анда оюнчулар тоого чыгат, физикалык көнүгүүлөрдү жасап турушат. Биздин балдар өжөрлүгү жана тырышчаактыгы менен айырмаланат деп айта алам. Анткени оюндарда бир упай менен болсо дагы жеңишке жетишүү үчүн ойноп келишет. Буга быйылкы жылдагы Нооруз жана Жеңиш күнүнө арналган оюндар далил. Командабызда 12 оюнчу бар. Жакында, сентябрь айында эл аралык мелдеш орун алат. Ошого даярдык көрөбүз.

"ЧАБУУЛЧУЛУК МЕНИН МОЮНУМДА"

Жоки Орозбаев, улакчы:
– 2009-жылдан тарта "Кабылан" командасында ойноп келгем. 2014-жылы "Ынтымак" командасына кошулдум. Азыр бул командада бирге-бир чыгууда чабуулчулук менин моюнумда. Оюндарда ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарууга аракет кылабыз. Оюн учурунда атаандаштарыбыз менен кызуу беттешип ойносок, улуттук курама командада өлкөнүн намысы биринчи орунда турат. Көк бөрүдө улуттук курама команданын оюнчуларын мелдештерде жеңген команданын жарымы түзөт. Башкача айтканда, курама команданын 6 оюнчусу утуп келе жаткан командаларынан түзүлөт.

"ТАКТИКАГА КӨБҮРӨӨК КӨҢҮЛ БӨЛӨБҮЗ"

Карыпбек Эшиев, улакчы:
– "Ынтымак" командасында 10 жылдан ашык улак тартып келем. Жаш кезде чабуулчу болсом, эми 30 жаштан өткөндө коргоочулукту аркалап келе жатам. Биздин башка командалардан айырмабыз – көбүрөөк тактикага көңүл бургандыгыбыз деп ойлойм. Кичинекей кезимден тарта улак тартып, Таластын командасында ойносом деп кыялданчумун. Эми мына өзүм ойноп жатам. Улак тартуунун артынан унаа, каражат таптым. Жеңиш күнүнө арналган мелдеште "Достук" менен болгон оюнда башкы тактикабыз – атаандаштын чабуулчуларын жакшылап кароо болгон. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңип, 2 улакты тай казанга мен салгам. Финалда "Биримдик" менен ойноп, мен салган улак жалгыз болуп, жеңишке жетиштик. Оюндан соң "Мелдештин мыкты оюнчусу" наамын мага тапшырышты.

"ЫНТЫМАК" КОМАНДАСЫНЫН 2017-ЖЫЛДАГЫ КУРАМЫ:

1.Тынчтык Кабылбеков
2. Нияз Мадылбек уулу
3. Айбек Исаков
4. Марлис Койгелдиев
5. Бактияр Жабагиев
6. Жоки Орозбаев
7. Карыпбек Эшиев
8. Турат Эмилбек уулу
9. Нуржан Мелисбек уулу
10. Урмат Раушан уулу
11. Нооруз Раатбек уулу
12. Сейитбек Анарбек уулу

"Ынтымактын" оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу "Нооруз-2017нин" финалында Манас Ниязовдон улакты тартып алып, жеңиштүү упайды алып келгени менен эсте калды.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
22.05.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Молодцы
22.05.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурунку жарыяланган санда Ынтымак менен Достуктун таймашы, оюнду башкарган судья калыстыктан жаза тайып Ынтымакка тартып койгону коп нааразычылык жаратып коптогон комментарийлер жазылды эле. Судья Ынтымакка тартпаганда Достук чемпион болмок деген да ойлор айтылган... Эми Ынтымактын бул интервьюсу ошого жооп иретинде, б.а.оздорун пиарлоо катарында да болуп калгандай элес калтырды. Достук да, Ынтымак да Кыргыз элимдин сыймыгы, кучтуу командалар! Бирок мурунку оюн калыс отпой калды.
22.05.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
frunze12, сен ал оюнду кордун беле же ал корунушко журналисттин козу мн карап айттынбы, болбосо ал тема озу провокационная болчу, "калыстар калыстыктан тайдыбы" деп, Кыргызстандын эн мыкты оюнчусу Манастан улакты тартып алгандан кийин бул команда деле оной эместир, балким чындап ийгиликке жетишкендир, а мен учун негизгиси казактарга намысты алдырбаса болду. мен озум коргон эмесмин бул оюнду.
23.05.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мактаныштан да биринчиликти бербейтко бул ХХХ туугандар,ал эми оюундарга келсек ноорузда Достуктун 1 упайын жаратпай койушуптур,9-майда Достуктун балдары кара мамыга чыкканда салынды.каманданын курамы толук эмес малда бул жерде Ынтымака калыстар 100%тартып койгону корунуп эле турат.Ынтымак эрежени бузганын калыс корбойт.Ынтымак калыстар мн ынтымак ХХХ болуп жатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-23 16:22:19
24.05.2017. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак кыргыздардын барселонасы, достук реал. Ынтымакка дайым судя жардам берет.
28.05.2017. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,Тескеринче эмеспи, Ынтымак Реал, Достук Барселона. Реалга калыстар коп жардам беретко.
25.05.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга!!! Азаматсынар!!!
25.05.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба 2оюнда тен судья тартып койду,бирок Ынтымактын минген Атары кучтуу ал жагына 5кетем
27.05.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымакта аттары кучту достукта оюнчулары кучту
28.05.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сырларыбы...? Сырлары ХХХ судиянын адилетсиздигинде
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-29 09:36:38
29.05.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilgiz97, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо