Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АТА, МЕНДЕН ПРЕЗИДЕНТ ЧЫГЫШЫН КҮТҮП ЖАТАСЫҢБЫ?!"

№759 19-25-май, 2017-ж.

Үйдүн кенжесимин. Азыр отуруп ушунун баарын жазар алдында атам мени кичинемде эркелетти беле деп эстегенге аракет кылдым. Эркелетпептир. Же мен эстей албай койдумбу билбейм. Атамдын мас болуп, үйдү үч көтөрүп, ач айкырык салып баарыбызды кубалап жүргөнү гана эсимде экен. Апам балапандарын коруган тооктой болчу. А атам кулаалы эле... Мунун баарын көз алдыма келтирүү мага оор. Азыр өзүм балалуу болуп туруп, "кантип баласына ушундай мамиле кылган?" деп атама түшүнбөй кетем. Эсимде, мен анда 5 же 6 жашта болсом керек. Улуу агам менен дарыяга балыкка барып келсек, атам ашканада мас болуп алып кыялын көрсөтүп жаткан экен. Апам байкуш күйпөлөктөп "и-ий, уруш эле чыгып кетпесе экен" деп, анын айтканын аткарып мас атамдын көңүлү менен болуп жүрүптүр. Апам дайыма ушинтчү.
– Арген, бар атаңдын жанына отурчу? Сен кичинекейи эмессиңби. Сени жакшы көрөт. Жанында сен болсоң, сага алаксып ачуусу таркап калар...
– Жок! Мен корком,- атам мас кезинде чындап эле коркчумун. Бирок апамдын көңүлүн кыя албадым. Анын үстүнө "чын эле мени жакшы көрүп кетип, уруш чыгарбай коёттур" деген ойго жетеленип кирип бардым.
– Ок, энеңди... Кайда жүрдүң?- деп кызарган көздөрү менен тик карап атам опурулду.
– Нурлан акем экөөбүз балыкка барып келдик.
– Үйдүн оокатын кыйратып койдуңарбы? Балыкчы болуп кетишет...- арак куюлган стаканы менен мени коюп жиберди. Көзүм жарк эте түштү. Маңдайым ысый түшүп эле, кан кетти. 6 жаштагы чыт курсак, 2 балык кармаганына маашырланып, чечекейи чеч болуп күлкүдөн уурту жыйылбай турган өз баласынын ким башын жара чаба алат? Айткылачы?!

Атам мен 8-класс болуп калганда арагын таштады. Үйүбүз тынчый түштү. Бирок баары бир катаал. Бир ишти туура эмес жасап салсаң, сөз менен да, камчы менен да жетер жериңе жеткирип коёт. Анан атамдын жакшы көргөн сөзү бар. "Мен силердей кезде" эле дей берет. Кандай тың болгонун, бир короо койду алып жайлата жалгыз бакканын айтат. Муну менен токтоп калбай, "баланчанын баласы кара биттин ичегисине суу куят, сенчи, мурдуңду тарта албай жүрөсүң..." деп намысыңа тиет. Атам айткандай, мен ошо мурдумду тарта албаган бойдон эле жүрөм. Албетте, Кудайга шүгүр деш керек. Үй-бүлөм бар, балалуумун. Бирок кээде акча тартыш болуп, жумуш таппай кыйналып калам. Жакында эле атам менен апам Бишкекке келип меникинде (мен батирде турам) жүрүп кетишти.
– 30га чыгып үйү жок жүрөт темселеп. Колуңдан эч нерсе келбейт экен!- деп күнүнө 3 маал каарыйт. Көңүл бурбаган болом. "Ооба деп кой. Башың аман болсо баары болот" деп апам мени жубатат. Эмне демек элем? Атам да. Ал карыганда аны менен жакалашып урушсам шермендем чыкканы жатпайбы.

Бирок бир жарылып: "Эй, ата, сен менин келечегимди түзүп берип койгонсуп сүйлөбө! Кана айтчы? Мени жакшы оку дедиң беле? Окуу жайга өткөрүп, студент кылдың беле? Мен ким элем сага? Малчың болчумун, оокатыңды кылган кул элем. Же баладай кылып эркелеттиңби? Балким мен сенин шыкагыңа, демиңе, колдооңо зар болгондурмун. "Ай, азамат, менин балам кыйын да" деп койсоң төбөм көккө жетип, ишенимим артып башкача болот белем? "Колуңдан бок келбейт. Мурдуңду тарта албай жүрөсүң. Кеңкелес!" деп каарып жүрүп, эми менден президент чыгышын күтүп жатасыңбы? Балким, сенин токмогуңдан, каарыңдан мен өзүмө ишенбеген, өз таламымды талаша албаган, тартынчаак, коркок болуп калгандырмын. Жок, ай, мен муну жасай албайм го деп кетенчиктеген мококтугум ошондон болуп жүрбөсүн?! Негизи, мен Кудайга шүгүр жашап жатам. Эртели-кеч мас болуп, арак менен достошконум жок. Үйдө төргө отуруп алып бурулдатып тамеки тартпайм. Баламды сабабайм. Анын укмуш экендигин, акылдуу экендигин, аракет кылса баарына жетерин азыртадан кулагына куюп жатам. А сен мендей кезде эмне кылдың эле?"- деп кыйкырып алгым келди. Анткен жокмун. Атам да. Ага кыйкыра албайм. Балким, ал мунун баарын гезиттен окуганы жакшыдыр. Кандай болгон күндө да мен мунун баарын айтышым керек болчу. Айттым!

Арген


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(62)
22.05.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып, козумо жаш алдым,бала чагым эске тушот,дейин десем 1-курска чейин.Ичкен адам сыйын жоготот,батпай калат экен,оз баласынан жакшылык кутпой калат экен,арадан аз жыл отсо да, бактылуу коз ирмемдер отуп жатканына Кудайыма мин мертебе ыраазычылык билдирем!Кудайыма шугур папам азыр айланчыктап турат баарыбызды.Рахмат сизге деп бетине айтпасам да ыраазымын..омурун тилеп турам.Адам бир нерсе жетишпегенде,жене албаганда ичет тура,эми тушунуп атам,жашоо ансыз уланууда.Рахмат.Ата энелер бар болу
22.05.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эээх жашоо ушул экенда.мындай көрүнүш менин деле башыман өткөн.союз таркап өзүңүздөр эстеген чыгаарсыздар ошол мезгилди.үйдүн ээң кенжеси болуп Ата эне багыш милдетим эле.Атың өчкүрдүн айынан менда канчалаган кордук көргөм атаман.апам байкуш эээх эне экен,Апа:-атам мас болуп кележатат-дегенимде ооох эстегим да келбейт ошол мезгилди,ошол мүнөттү ошондогу апам экөөбүздүн өңүбүздүүү.7класста окуп районубузда домдорду жылыткан "котельный"да иштедимгоо чооң чоң мештерге көмүр ыргытып күнү т
22.05.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Түнү бир оокумда келип үйдө Апама бозо салып жардам берчимүн апам колдору оруп калчу.эртеси 40-50л бозону алып чыгып сатчумун.эми ошол убакта жаштык шаттык болгон күндөрдү азыр эстесем эсимде деле жок же болгон эместир.мен азыр суранаарым аллахтан балдарыма ошондой күндү салбаганга жакшыы ата эне болууга.ушул атың түгөнгүр атын атагым келбейт дүйнөдөгү балдары бар Ата м.нЭнеге ичпегиле балдарыңар силердин муунуңар демекчимин.жаратканыма миң мертебе шүгүр Алтын апам,5балам жаркылдаган жубайым бар
22.05.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козумо жаш тегеренип кетти. Боорум оруп кетти
22.05.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дааа, тагдыр турдуу болот тура. Балалыгын кулку, бакыт менен откоруу баарына буюрсун.
22.05.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атымы да озгортуп жазууга туура келди анткени ал окуп калышы мумкун
22.05.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откон балалыгым эн бактылуу кундорум экен деп калам,анткени баардык бир туугандар чогуу бир столду тегеректеп отуруп бул кашык меники,бул пияла меники деп энчилеп алган идишине тамак ичип,ата энен болуп божурашып отурчу элек. Эч нерсе менен ишин жок ошол кундорго куса болуп журом,азыр ар кимибиз ар кайсы жакта оз туйшук турмушубуз мененбиз. Чогуу бир дастарконго отуруп чурулдашып тамактанган кундор байоо таза тунук сезим,эх чиркин. Баардык балдарга бактылуу балалык каалайм. Ата энеме таазим.
22.05.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
мындай кундор менин эле башымдан откон десем меникиндей тагдырлар коп экенда ошол арак зына деген нерсени токтотпогон атамдын айынан эки баламды жубайымды таштап дагы талаага иштегени бара жатам аллах сапарымды бей катар кылса экен дуба кылып коюнуздарчы аман эсен иштеп кайтып келейин!
kamchatka түзөттү 2017-05-22 23:38:20
22.05.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kamchatka,Аман эсен барып келинис жолунус шыдыр болсун Аллага аманат байке
26.05.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kamchatka,ак жол жакшы барып жакшы иштеп эсен аман мекенине кайтып кел
27.05.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamchatka,атана дуба кыл!!!
23.05.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамды жакшы кором, жоош, урушпайт бирок Мен сендей кезимде деген жери бар да..))
23.05.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комментарийлерди карап отурсан элдин баарындале мен сендей кезимде деген эле ата-эненин каарыган создоруго. Же элдин балдары шумдук, сен мококсун деген дежур цитаталар. Ырас, ата-энелер ошентип ката кетирип жатыптыр, эми озубузда ошол каталарды кетирбесек.
23.05.2017. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Азамат жигит экенсин! Бирок ичип. Баарын билип туруп. Уй булосуно азап берген Атаны таштап койуу керек. Анткени ал шишени уй було мучолорунон жогору койот. Онолгусу келбейт! Апа бечарага абдан оор. Биринчи жолдошунун заары. Экинчи балдары тузук чыкпаса. Бутпос шору. Албетте атан тузук болбосо. Бала кайдан тузук болмок ....... Бардык Кыргыздын уул,кызы ичседа.Оз ченеми менен ден соолугунун чыналуусуна карай ууртаап турса болот.Ашыкчасы болбойт!
bosmos777 түзөттү 2017-05-23 03:49:34
29.05.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bosmos777,ошо сага окшогондордуг айынан карылар карылар уйу кобоюп атат
23.05.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат атасын кечпеген
23.05.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу окуя негизинен, балачакта мындай окуялар көбүндө эле болсо керек...
23.05.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек экенсин
24.05.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин кичинекей кезим эсиме тушуп кетти(((. Атам менин кыз экениме карабай сабачу, эмнегедир мени жаман корчу. Бир жолу эсимде кышында киймимди кийгизип туруп тунучундо сен кет уйдон деп мени кубалаганы. Анда мен окуй элек кезим болчу. Менин бобокторум тороло элек жалгыз кыз болчумун. Дагы бир жолу бетим менен полго уруп салган((( мындай кундор коп болгон, баары эсимде калган...
27.05.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pochanta,ушундай болушунду билген
24.05.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Союз убагында төрөлгөн аталар ичпесе азыр мурдагыга караганда ичкилик азайып баратат.( өзүмдүн айылымдан мисал)
25.05.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Esenali,туура, ошол убактагы кундо ичкен аталарыбызга чыдаган апаларыбызга таазим!!!!!!!!1
24.05.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин да башыбыздан откон ушундай кундор. Бирок биздин атабыз ичип тополон кылбайт эле. Болбогон майда-барат нерсеге эле уруп-сабап, жээрип турчу. Тундо уйдон бир туугандарым, энем болуп качып чыккан кундор болду. Барып бироонун складында жатканбыз. Анан тундо уктап калганда келгенбиз. Бир жолу эжемдин кол жазмасы начарыраак болгонуна колун газга куйгузгон. Азыр да он колунда шрамы бар...
Атам урганда канча шымымды булгап койгон кундор отту...
Анан мен 14 жашымда башка аял алып кетт
24.05.2017. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун озу кармай албагандык. Уруп алып кайра окунот мындай адамдар. Эген окунбогон болсо азыр эми бирдемке десен сразу журоко жакын алып таарынышат да аталар, апалар. Биздин уйдо экоо тен строгий болушкан, оор балалык отту
25.05.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарынанда комментарийлерди окуп журогум ооруду,Макул ата энелер ал убпкта ката кетириптир,ал катаны биз кацталабайлы,ар бир адамдын жакшы сапаттарын озубузго синирип,жаман сапаттарын алыстатып ар ким оз ойу менен жле эмес айландагы аламдарлында ойу менен болушууну унутпашыбыз керек.
Жогоруда окуп отуруп менин атам ааламда жок ата турбайбы)))деген ойго келдим албетте ичет болчу,бирок ичкенде унчукпайкелип уктап калчу бирок ошондо да жакпайт эле эсимде 2жолу болсо керек босогодон кирип эле
25.05.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам экоолоп аран жылдырганбыз,Элдин балдары деген созду айтса керек бирок конулумо калгыдай болуп жсимде жок жкен,демек аз эле айтканго...
26.05.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашай бергиле туугандар башкалар эле жыргап башкалар эле байлыктан бакыт курган жок суйгон жумушунарды кылгыла сабыр кылгыла бул дуйнодо адилеттуулук деген олгон жок экен. Конул бурбагыла силердин ата эненер бар алар да бушайман болушат билишет эмне болуп жатканын бизден да жакшы билишет алар болгону тушунгулору келбейт. Туура тушунгондун оордуна урушуп кеткенди жакшы билебиз.
26.05.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менде эле ушундай десе башкаларда деле бар тура
элдин баласы деген создон тажадым
26.05.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой,саясатка тийишпей эле койгулачы!!!Эч кандай саясатка тиешеси жок.Окуп алып,ыйлагым келди,атасы окуса эми...
27.05.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда атам коп ичет эле, корбогонду коргозчу апама, акемди урушат эле... Бирок, канча мас болуп, канча жиндилик салып атса да мен "ата уктанызчы, ата болдучу " десем, "алтын кызым, ай кызым, чырагым, азыр десен азыр журогумду сага сууруп берем, сен учун баарын кылам Ак Гулум" дечу. Эч мага катуу суйлобогон. Балким, ошон учун мен атама мээримдуу, акем мээримсиз болуп калгандыр... Ошон учун, эркектерге айтаарым ичпегиле, мээрими балдарынардын очуп кетет. Бирок, кантседа ата
27.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа...бизди кайра чонойгондо эркелете баштады атам.кичине кезимде эстей албайм эркелеткенин
27.05.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата мееримин корбогон мен эле экем деп журсо зато атан менее чогуу жашапсын го атан жок болсо не кылат Элен мага окшоп огой атадан таяк жесен не кылат Элен,
28.05.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ата урушса - демек бир нерсе жетишпейт уй булодо. Бул окуяда финансы маселеси орун алган го. Баласы иштеп аракет кылып жатыптыр.
Эми атасы корор кун да аз калган окшойт баласы чоноюп акча табаар маалы келиптир.
Негизи Ата Энеге карап жардам берип, акча жонотуп турса маселе тез эле чечилгидей.
28.05.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын башынар аман болсо,алтын чойчоктон чай ичесинер! Ден-соолук болсо калганын тапса болот.
28.05.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум сыгылып кетти окуп алып. Менин да жашоомдо болгон мындай окуялар. Атамдын масы таркасын ачуусу таркасын деп отуруп апам байкуш олуп кетти. Мен да уйбулоолумун балдарым бар а атам болсо арагын дагы деле токтото элек. Дуа кылгандан башка колуман эч нерсе келбейт. Аргендин да мен сыяктуу жакшы созго зар болгон экен. Кеч болсо да жок дегенде гезитке жазыптыр.
04.09.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тагдырымдын озу экен. Биздин да башыбыздан ушундай кундор отту. Мен да тартынчаак, чечкинсиз болуп калгам. Бироого оз оюнду ачык айтуудан айбыгып калат экенсин. Атамдын ото катаал, озум билемдик мунозунон эки эжемдин тагдыры талкаланды. Бала кезимде атам ичип келип энемди уруп, биз эже карындаштарым болуп тунучундо кочодо шолоктоп ыйлап тайэнемдин уйуно барганыбыз дале эсимден кетпейт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо