Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аида Кулуева, ырчы: «САХНАДАН КЕТКЕН 5 ЖЫЛДЫ КЫЗЫМА ЖАНА ЖОЛДОШУМА АРНАДЫМ»

№759 19-25-май, 2017-ж.

– Аида, кандайсың? Атың угулбай, сахнадан көрүнбөй кеткениңе көп болду. Чыгармачылыктан алысташыңа эмне себеп болду?
– Рахмат, менде баары жакшы. 5 жыл мурун турмушка чыккам. Турмушка чыккандан кийин үйлөнүү той беребиз деп жатып убакыт өтүп кетти. Анан жолдошум экөөбүз Түркияга барып бал айын өткөрүп келдик. Ошентип үй-бүлөлүк жашоо башталып, сахнадан алыстап кеттим.

– Акыркы учурда продюсериң менен таарынышып жүргөнүң эсимде. Балким, ал окуя да түрткү болгондур...
– Жок, эженин эч кандай тиешеси жок. Чын эле ошол учурда катуу чарчап жүргөм. Эч жакка чыкпай үй оокаты менен алпурушкум келип жатканда турмушка чыгып калдым. Ал кезде бир ресторанда ырдачумун, жолдошум ал жерге иштетпей койду. Бирок ыр жаздырып, клип тарттырып чыгармачылыгымды улантышыма каршы болгон жок. Анан кыздуу болдум. Кызымдын жытына тойбой эзилип отура берип арадан беш жыл өтүп кетиптир. Азыр кызым Айлин үчтө.

– Жолдошуң тууралуу айтып берсең, кайдан таанышып калдыңар?
– Ал мени интернет аркылуу таанып, сүрөттөрүмдү карап, жактырып жүрчү экен. Бир жолу кыздар «кечки тамактанууга чогулуп жатабыз, келбейсиңби» деп калышканынан баргам. Ал кечки тамакты атайын мени менен болочок жолдошумду тааныштырыш үчүн уюштурушканын билген эмесмин. Көрсө, жолдошум «тааныштыргыла» деп мен тааныган кыздарды ортого салган экен. Бир көрүп сүйүү дегенди ошондо биринчи жолу башымдан өткөрдүм.

– Кайсы жердин келинисиң?
Кайын журтум Кара-Балтада турушат. Кайненемдин эң жакшы көргөн келинимин. Экөөбүздүн мамилебиз жылуу эмес, ысык. 3 абысыным бар, алар «апа» дешсе, мен «мама » дейм. Кайнатам мен келин болуп баргыча өтүп кетиптир.

– Кайрадан ырчылыкка кайтууңа эмне себеп болду?
– Кызыма алты ай болгондо эле жолдошум «жан, ырда, мен сенин ырдаганыңды уккум келет» деп баштады. «Жок, мен жаңы эле төрөдүм» деп болбой койгом. Билсеңиздер керек, башында ырчылык хоббим эле. Бажы кызматында иштеп, бош убактымда эле ыр жаздырып коюп жүрчүмүн. Убакыттын өтүшү менен жашоодогу ордум чыгармачылыкта экенин түшүндүм. Анын үстүнө кызым бала бакчага бара баштады. Атасы менен кызы күндүз үйдө жок болсо, мен эмне кыларымды билбей бош отуруп калат экенмин. Ошондон улам жаңы эргүү менен кайрадан сахнага кайттым.

– Кенже Дүйшеева менен «Жүрөгүм» деген ырды дуэт аткарып, клип тартыпсыңар. Чогуу ырдоо кимдин идеясы?
– Негизи Кенже эжени башынан эле сыйлайм, жакшы көрөм. Сүйлөшүп калсак, үй-бүлөсүнө, жолдошуна арнап ырдагысы келип жүргөнүн айтып калды. Угуп көрсөм сонун ыр экен. Мен да турмушка чыккандан кийинки биринчи ырымды жолдошума арнайм деп жүргөм. «Эже, чогуу ырдабайлыбы?» деген сунушумду айтсам, «ырдаса ырдайлы, эмнеге болбосун» деп калды. Ошентип дуэт жазылды, клип тартылды.

– «Жолдошум прессага чыккысы келбейт» деп жатасың, клипке тартылганга кантип макул болду?
– Клипке тартылып бер десем, башында каршы чыкты. «Ырдын маанисин айтып, түгөйүм жөнүндөгү ырга сен тартылбаганда ким тартылат?» деп түшүндүрсөм анан макул болду. Жолдошум өзүнүн эле ролун аткарды. Мени келип кучактайт, мени менен сүйлөшүп отурат дегендей. Бирок ошону деле бир нече дубль менен тарттык. Негизи видеого, сүрөткө түшкөндү жаман көрөт.

– Клипти көргөндөн кийин кандай сын-пикир айтты?
– Негизинен ал аз анан саз сүйлөйт. Айткысы келгенин бир сөз менен эле жеткирип коёт. Бул жагынан атам экөөнү окшоштура берем. Жумушу оор, кечинде чарчап келет. Үйгө келгенде такыр унчукпайт, мен да эс алып алсын деп көп сүйлөй бербейм. Клипти унчукпай көрдү да, «жакшы» деп койду.

– Рахмат маегиңе. Чыгармачылык ийгилик!

«Кызым Айлин 3 жашта, бала бакчага бара баштады».


«Клипке тартылууга жолдошумду араң көндүрдүм».


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Аида Кулуева:"Бир көрүп сүйүп калса болоруна жолдошумду көргөндө ишендим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(27)
Медиа-портал
22.05.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
короче надо было мактангански вот и мактанып алыптыр... Ну незнаю))) балким бироо жарымга корунуш керек)))
22.05.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Отурган кыз орун табат.Бактылуу болгула.!Угуп суйунуп калдым.Турмушка чыкканынды.
22.05.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Alibay, Менда суйунуп калдым:)))Коздорунон корунуп турат бактылуулугу!
Клипин башка сайттан таап кордум, абдан жакшы, назик болуптур.
Ийгилик, бакыт каалайм!
22.05.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенже Дүйшеева менен дуетин качан угабыз супер-инфо?
22.05.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot-bala, саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
22.05.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул кыздын уну сонун да.. завораживает
Медиа-портал
22.05.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mutluluk92,
Саламатсызбы! Видео көрсөтүп жатат, браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
22.05.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Супер инфоле эстеп жазбаса таанылбаган эле ырчы окшойт такыр эстей албадым ыры деле жок окшойт таанылган уй болоону карап отура бер сахнада сенсиз деле тааныбаган врчы коп ото коп
23.05.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
erkeleim,озун кимсин артта калган адам окшойсун эч кимди тааныбай тааныбасан жон отуп кете бер адам конулун оорутуш онойбу озун ким экенин билинди
SUPER.KG видео
22.05.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аа жакшы куйоосу шаардык экен орусча суйлосо))орусча суйлогондор шаардык да бизде))
23.05.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Абысындарым апа дешет а мен мама деймин дейт го апа деген жакшыго из тилинде же мен шаардыкмын дегениби
23.05.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай болуп калыптыр. Бактылуу болгула.
23.05.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фамилияныз жагатта. Атактуу фамилиялардан.
23.05.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула кызы ширингоо
SUPER.KG видео
24.05.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагат мага голос сонун го сырдуу жигит деген ыры дагы деле жагат. Бактылуу болсун мактанбай эле жакшынакай эже
24.05.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул эже менен чогу больницада жаттык эле, палатада место жок болуп коридордо жаткан кызы менен. Эн жонокой, учурашып ал жай сурашып эч уялбай эле коридордо жатып лечение алган!
24.05.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы коргон келинимин дейтго.тиги келиндерин жаман коробу.туура эмес абысынкалар окууп калса таарыныщса керек.суйлот деп эле суйлой беришет.бир аз ойлонгулачы шоу бизнестегилер.кайн журтунар озулору жооб беришсинда.а может ичинен жакпайттырсыз.прям такие самоуверенные однако
24.05.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аида Кулуева канча жашта?Билгендер айтып койгулачы?Мага ырлары аябай жагат.Уккандан эч тажабайм го...
24.05.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну озгочо,башкаларга окшобойт.Мага абдан жагат ырлары,уккандан тажабайм.Сахнага кайтканына кубанычтамын.
25.05.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу урматтуу Супер- Инфо газетасынын жамааты! сураныч! Нена ырчы кызыбыздан да интервью алыныздарчы, жеке жашоосу тууралуу!
25.05.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lunatena, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
27.05.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо мурунку интервсун кпйдан окуса болот. Мурда деген бофдокммун дечу. Анан беш жыл деле болбосо керек
29.05.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
romantic.girl, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/21557
27.05.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу админ Бегимай Эсенгулова деген кыз жонундо жазгылачы
29.05.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidani, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.05.2017. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусча суйлошот деп аябай эле мактанып алыптырсызго эжекеси, кыргыз экенин унутканго дейм. Кайра биз оз тилибизде суйлогондор менен сыймыктанабыз. Ырларыныз жакчуу ...
Медиа-портал
03.06.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай болуп ачылып кетиптир...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо