САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№389 16-22-апрель, 2010-ж

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН ДЕКРЕТИ

15 беренеден турган бул декретте элдин талабы менен мамлекеттик бийлик Убактылуу өкмөткө өткөндүгү айтылат.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги элдин ишеничи менен Убактылуу өкмөткө өттү.
  2. Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам кабыл алынганга чейин 2007-жылдын 21-октябрында референдум жолу менен кабыл алынган Баш мыйзам күчүндө калат. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары Убактылуу өкмөткө өтсүн.
  3. Төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш таркатылсын.
  4. Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана мыйзам чыгаруу укугу жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Убактылуу өкмөткө берилсин.
  5. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары шайлоолор боюнча жаңы кодекс кабыл алынганга чейин токтотулсун.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы убактылуу күчүндө калсын.
  7. Жаңы Жогорку Кеңеш жана өкмөт шайланып ишке киргенге чейин өкмөттүн жана ЖКнын аппараттарынын ишмердүүлүгү Убактылуу өкмөткө өткөрүлүп берилсин.
  8. Мамлекеттик органдар, президентке туурадан баш ийген органдар, 10-беренеден тышкары түздөн-түз Убактылуу өкмөткө баш ийсин.
  9. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, мамлекеттик ишкана жана түзүлүштөрдүн жетекчилери Убактылуу өкмөт жаңы чечим кабыл алганга чейин өз милдеттерин аткарсын.
  10. Президенттин институтуна караштуу мамлекеттик органдардан (Президенттин аппараты, Катчылык, Инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, Коргонуу жана коопсуздук боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматы, Президенттик кеңешме, Өнүктүрүү кеңеши) Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жоюлсун.
  11. Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси жоюулар боюнча комиссия түзсүн. Иш кагаздарын жана материалдарды өткөрүп алсын.
  12. Мамлекеттик кызматка дайындоо жана бошотуулар Убактылуу өкмөттүн декрети менен кабыл алынсын.
  13. Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү Убактылуу өкмөттүн декрети менен кабыл алынсын.
  14. Өлкөдөгү бардык соттордун судьялары кызматынан кыянаттык менен пайдаланса, мөөнөтүнөн мурда Убактылуу өкмөттүн декрети менен кызматынан бошотулат.
  15. Бул декрет кол коюлгандан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн
төрайымы Роза Отунбаева


КУРМАНБЕК БАКИЕВ УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨТ

14-апрелде Курманбек Бакиев Жалал-Абаддагы Тейит айылында укук коргоочулар А.Абдрасулова жана Т.Исмаилованы кабыл алды. Жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев Убактылуу өкмөт жетекчилери менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Төлөйкан Исмаилова Курманбек Бакиевдин “кетиш оңой, кетип калганга да мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок мен кетпейм. Анткени Кыргызстандын бүгүнкү абалын түшүнүп турам. Эртеңки абалын да ойлош керек. Укуктук процедуралар сакталыш керек. Сакталбаса бийликтин алмашуусу легитимдүү болбой калат” деген кебин жарыя кылды. Курманбек Бакиев өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууну Убактылуу өкмөткө биринчи шарт катары койду. Ошондой эле ал президентке караштуу мүлктөрдү рейдерлик жол менен тартып алууну токтотууну суранган. Ал эми бир туугандары жөнүндө “алардын өзүнчө статусу бар, мыйзам чегинде жооп беришсин” деген оюн билдирген. “Эң негизгиси, ал сүйлөшүүлөргө даяр”,- деп билдирди Төлөйкан Исмаилова.
Ал эми Азиза Абдрасулова: “Курманбек Бакиев кандуу окуяларда күнөөсү бар экенин моюнуна алды”,- деп айтты. Алардын айтымында, К.Бакиев Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтып, Роза Отунбаеванын Жалал-Абадга келүүсүн суранган. Отунбаеванын коопсуздугун Бакиев өзү камсыздап берүүгө даяр экенин билдирген.
Бул тууралуу Роза Отунбаева “сүйлөшүүлөр баштала элек. К.Бакиев өзүнө гана эмес, туугандарына жана жакындарына да кепилдик сурап жатат. Бакиевдин жакындарына кантип кепилдик беребиз?! Жакындарынан Жаныш Бакиев, экс-Коргоо министри Бакыт Калыев да бар, аларды кантип жоопкерчиликтен бошотуп коёбуз?..” деген оюн билдирди.


МАДАНИЯТ ИШМЕРЛЕРИ МИНИСТРЛИКТИ КАЙТАРУУ ЖОЛУНДА

Кыргызстандын маданият жана чыгармачыл союздарынын өкүлдөрү Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева­га кайрылуу жолдошту.
Анда кандай гана өлкө, улут болбосун анын жашоосунда маданият зор ролду ойноору белгилүү экенин баса белгилешкен. Ошондуктан агенттикке айланган маданият тармагына кайрадан министрлик статусун берип, жетекчилигине да кесибин мыкты билген маданият ишмери деп баалашып, Садык Шер-Нияздын талапкерлигин сунушташкан.


НУРЛАН МОТУЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Н.Мотуевге Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анткени 25-мартта Нурлан Мотуев “Учур” гезити менин ар-намысыма шек келтирди” деп гезиттин төрт компьютерин талкалап салган. 7-апрелден бери Нарында жүргөн Нурлан мырза болсо “мен Курманбек Бакиевдин кадры эмесмин. Азыр эл менен бирге Нарындамын” деп үн катты.


ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНГА 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЖАРДАМ БӨЛӨТ

Бул тууралуу Орусиянын ММКлары маалымат таратты. Анда Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Кыргызстандын ички ишине Орусия бийлигинин кийлигишпей турганын, бирок мындай оор кырдаалда гуманитардык жана акчалай жардам көрсөтүлөрүн билдирген. Ошондой эле маалыматта Орусиядан Кыргызстанга 20 миллион доллар грант, 30 миллион доллар жеңилдетилген кредит берилери айтылат. Ал эми вице-премьер Игорь Сечин жакын арада Кыргызстанга 25 миң тонна күйүүчү май, 1,5 миң тонна үрөн жөнөтүлөрүн кошумчалаган.


УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ ТАРАТТЫ

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү кабыл алган 12-декрети менен Конституциялык сотту таркатты. Бул тууралуу коомчулукка Азимбек Бекназаров билдирди. Ал: “Консот 1993-жылы түзүлгөн. Бирок ушунча жыл аралыгында ишенимди актабай, Акаевдин жана Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө көмөк болуп келди”,- дейт өз сөзүндө. Жаңы Конституциялык сот кайрадан түзүлөбү же жокпу азырынча белгисиз.


“АК ЖОЛЧУ” ДЕПУТАТТАР К.БАКИЕВГЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАШАБЫ?

Убактылуу өкмөт тарабынан таркатылган парламенттин “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары президентке импичмент жарыялоого макулдугун беришкен. Алар Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоо максатында атайын кол топтошууда. 14-апрелге карата кол топтогондордун саны 21ге жеткен. Алар: А.Салымбеков, Г.Куликова, Б.Наргозуев, Ж.Жакыпов, Н.Молдобаев, Ж.Каниметов, А.Байбураева, Ж.Рахимдинова, Р.Абдраимова, А.Иманалиева, А.Кенжебаева, Ш.Садыбакасова, А.Юсуров, П.Тулендибаев, Э.Арсалиев, Б.Абдырасаков, М.Исанова, Д.Кыдыров, М.Кунакунов, Б.Нуржанов, Г.Базаркулова.


МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВ КЫРГЫЗСТАНДА

Мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев: “Мен чет өлкөгө качып кеткен жокмун, Кыргызстандамын”,- деп ММКларга кайрылуу жолдоду. Ал ММКлар аркылуу “Конгантиев өлкөдөн чыгып кетти” деген такталбаган маалыматтардын таралып жатканына тынчсызданып жатканын да билдирет. “Мен эч жакка кеткен жокмун. Таластагы болуп өткөн окуядан мен гана эмес, башка көптөгөн адамдар жабыркады. Азыр ден соолугума байланыштуу соттун алдына келип жооп бере албайм. Бирок мендеги маалыматтарды акыйкаттык үчүн берүүгө даярмын”,- дейт Конгантиев кайрылуусунда.


15-АПРЕЛГЕ КАРАТА УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫ

Убактылуу өкмөттүн башчысы – Роза Отунбаева.
Өкмөт башчысынын биринчи орун басары – Алмазбек Атамбаев.
Өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министри – Темир Сариев.
Өкмөт башчысынын орун басары – Өмүрбек Текебаев.
Коргоо министри – Исмаил Исаков.
Ички иштер министри – Болот Шерниязов.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы – Кеңешбек Дүйшөбаев.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү – Эмилбек Каптагаев
Убактылуу өкмөттүн социалдык тармак, коомчулук менен байланыш жана ММК боюнча координатору – Элмира Ибраимова.
Сот жана прокуратура иштери боюнча координатор – Азимбек Бекназаров.
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу – Дамира Ниязалиева.
Энергетика министринин милдетин аткаруучу – Осмонбек Артыкбаев.
Баш прокурордун милдетин аткаруучу – Байтемир Ибраев.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын Борбордук аткаруу комитетинин аппарат башчысы – Эдил Байсалов.
Маданият министринин милдетин аткаруучу – Рыскелди Момбеков.
Каржы полициясынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Эркин Бөлөкбаев.
Бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Кубан Кулматов.
Кадрдык кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу – Чолпонкул Арабаев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Алмамбет Шыкмаматов.
КРнын Аскердик прокурорунун милдетин аткаруучу – Айбек Турганбаев.
Жаза өтөө кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Таалайбек Нуралиев.
Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Адылбек Касымалиев.
Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу – Кубанычбек Момбеков.
Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу – Мукан Абулгазиев.
Мамлекеттик материалдык резерв фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу – Темиркан Береналиев.
Медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу – Болот Элебесов.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу – Иса Өмүркулов.
Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу – Мирбек Асанакунов.
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу – Сагынбек Абдрахманов.
Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу – Бектур Асанов.
Талас облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу – Койсун Курманалиев.
Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу – Кубат Касейинов.
Адилет министринин милдетин аткаруучу – Аида Салиянова.
Эсеп палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу – Бакытбек Аширов.
Билим берүү министринин орун басары – Ирина Карамушкина.
Коргоо министринин орун басары – Кубанычбек Орозбаев.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу – Алмазбек Касенов.
Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу – Дүйшөнкул Чотонов
Энергетика министринин орун басарынын милдетин аткаруучу – Эркин Абдыкалыков.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу – Оморбай Нарбеков.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Топчубек Тургуналиев.
КРнын Аскердик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу – Ашимбек уулу Нурлан.
Балыкчы шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу – Замирбек Базарбеков.
“Дастан” ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу – Сергей Даниленко.
Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу – Руслан Казакбаев.

P.S. Өкмөттүн курамы жакынкы күндөрү дагы толукталмакчы.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
19.04.2010. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо-ой эли журт булардын арасында адам саткычтары деле бар экен...АЙ шоруум коркуп кетип жатап,кыргыздардын баарын сатып жиберишпесе болду!..
19.04.2010. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буладын баары тээ Акаев маалында да иштеп келген адамдар, орун алмашса сан озгорбойт дегендей эле болуп жатат
19.04.2010. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде Отунбаева президент болсо жанагы эле жашоонун учунчу сериясы болот
20.04.2010. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 серияга чейин тынчтык эле болсун жоголуп кетпесек болду оппозиция кыргызстанды уят кылды бийлике келип-келбей миллиардтарды мойнубузга илип койду
20.04.2010. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлик, эч болбогондо Бакиевден онураак эле болоруна ишенем. Бийлик эле учун эмес, элдин тагдыры учун да куйгон адамдар деп ишенем.
20.04.2010. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эмне учун азыр бийликке келишти? Келе алгандыктан келишти. Татыктуу болгондуктан келишти. 5 жыл мурун Бакиев тууралуу мындай деп айта алган эмесмин.
20.04.2010. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да здравствует бардак! Алма багынан алыс тушпойт дегендей , бир чакада чириген алма болсо баарын чиритип жок кылат ушул бийликте олтургандар кислород айланган сыяктуу еле кайра айлана берет екен . Бул кислородун дагы пайдаи болсо кана, жашттарга жол бербеди булар. Канча деген озубуздун кыйын кыздарыбыз, жигиттерибиз чет олкодо иштеп аларга пайда келтирип жатышат, озубуздо иштешсе абдан жакшы болот еле го, кичинекей мекенибизди гулдотуп остургонго , озубуздун
20.04.2010. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билимибизди озубуздун Мекенибизде колдонго мумкунчулук бербесе анда еч качан Гулдобойбуз ушундайды ойлогондун ордуна устудогулор ,УЛУУУУ УРМАТТТУ деп койчу беле ООРУНДУ ТАЛАШЫП КЫРЫЛЫШЫП жатышат кан аралаштырышып.
20.04.2010. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу окмоттогулор азаматтар, ушундай кыйын кылдын учунда турган кырдаалда тизгинди кармап, эл четинде туруп жатышканы эле эрдик. Ошентип, такыр колдорун түшүрүп калбай, элдин арасындагы ушунча созго туруштук берип, ушунунардан жазбай, мындан да чыйралгыла дегим келет. Эл силер менен! Кудай биз менен!
21.04.2010. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары биригип бир бычакка сап болоорго жарабайт,Бакиевдин бир кылган ишин кыла алышпайт
21.04.2010. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто Болтбек Шерниязовду эл эмес менттер да министр МВД катарында корбойт экен го!
21.04.2010. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот Шерниязов болгону ст.лейтенант экен
райондук участковойунада жарабайт.
эртеге бул генерал болуп калат.
21.04.2010. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскар Акаев эн мыкты киши болчу интелегент мына жакшы адамды кетирип жиберип онолбой эле жоголуп жатабыз.
21.04.2010. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болсо да элди караса,элге жардам берсе болду,бирок туугандарын кошпосо оздоруно жакшы
21.04.2010. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raketa тура айтасын мен сага кошулам, ищтещсин бирок тууган уруктарын кошпой еле оздору иштешсе жакшы болот болуш керек.
21.04.2010. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне еле мобул жакта бироо жинге тийип Бакиевтин созун суйлоп жатат я? Бакиев Кыргызстанга эмне кылды айтчы анда?
22.04.2010. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин ушунча кылган иштерин корбой,кайсы козунор менен жаны бийликтин келечегин коруп жатасынар? козунор кор,кулагынар дулой болуп калган го,булар уже Кыргызстанды сатып жиберди 50 млнго.
22.04.2010. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин козубуз сеникинен жакшы корот. Биздики емес сенин козун кор болуп калсын. Бакиев Кыргызстанга эмне кылды? Бир еле нерсесин айтчы?
22.04.2010. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыршызстанды сатып жибергенин сен каяктан билесин? Же сатып жатканда сен алардын жанында белен?
22.04.2010. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, убактылуу окмоттогулор! Бакиев 5 жыл болуп эчтеке кылганы корунгон жок эле, булар 15 кундо, болгондо да Бакиев тополон кылып кеткен кырдаалда бир топ эле ишти кылып коюшту. Кудай кубат берсин, жаман ойлуу адамдардын козунон, созунон сактасын. Жаман ойлуу адамдардын создору алардын кимдер экенин эле корсотуп, ушул жерде тамга болуп эле кала беришсин!
22.04.2010. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Италия, анда ойдо-томон создор маани берууго арзыбайт. Жон кой, эсесин албай койбойт.
22.04.2010. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Деби туура айтасын азыр биякта отуруп алып акыя айтышкандын кереги жок. Андан коро Кыргызстандын келечегин ойлойлу.
22.04.2010. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды "кыршыстан" деп отурсан сен эмнени тушунот элен,эрте сени сатканда анан козун кор экенин билесин...
22.04.2010. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева биринчиден аял,эне эмеспи?Кыргызстанды оз баласындай коргоп алаар деген умуттомун.Бакиев баласына алы жетпей Кыргызстанды курутту!
23.04.2010. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сага качан Кыргызстанды кырышсын деп жаздым кичине козунду чонурак ачып и жакшылап тушунуп окуусан е. Ошончолук еле Бакиевке журогун ооруп жаткан болсо артынын барсан болот Беларуссияда еле екен. Бияка келип алып ар кимдин коор болуп калышын каалабай. И мен озумду кыйынмын деген жокмун. Баарыбыздан сен кыйын екенин корунуп турат.
25.04.2010. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыршыстан деп жазганын,аттын кашкасындай болуп корунуп турат! Ук,эч ким эч кимди кор болуп калсын деген жок,оюн да ийри экендиги корунуп турат ,ушу сага окшогондордун артынан ушу кунго тушуп отурат КЫРГЫЗСТАН!
25.04.2010. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кор болуп калсын деп сен жаздын го биринчи же антип жазганынды танганы турасынбы? Сенин оюн жакшы екени корунуп турат.
25.04.2010. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кыргызстанды Кыршызстан деп жазып койгонумду азыр коруп жатам и сенин жазган созунду мен кырышсын деп айтып жаткан екен деп тушунгом а корсо сен менин Кыргызстанды туура емес жазганымды айтып жатыптырсын да ал учун мен сенден кечирим сурайм мындай туура емес жазганым учун и туура емес тушунгонум учун болуптурбу? Мындай жанылуу ар бирибизде болот да чынбы?
25.04.2010. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун болсо электрондук адресинди берчи экобуз озунчо жакшылап суйлошолу е? И дагы бир жолу айтарым жанагинтип ката жазып койгонумду азыр еле коруп анан башкача тушунгонумду азыр тушунуп жатам. Мен таптакыр болокчо тушунгом сенин жазган создорунду. Дагы бир жолу сенден кечирим сурайм.
27.04.2010. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу italia жана nurhan, бул жерде айтышпай, макалага гана ойлорунуздарды билдирсенер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо