Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алтынай Эмильбекова, "Супер сулуу-2016" сынагынын "Сымбаттуу сулуу" наамынын жеңүүчүсү: "ДЕПУТАТ БОЛУШУМ МҮМКҮН"

№759 19-25-май, 2017-ж.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү
– 1995-жыл, 17-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Параметри – 83-61-89
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин саясат таануу факультетинде магистратурада окуйт
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Үй-бүлөдө 6 бир тууган, 1 эжеси, 4 иниси бар

– Алтынай, сени Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" ырынын клиби таанымал кылды окшойт. Ал кезде канча жашта элең?
– 10-класста окуп жүргөндө шоу чөйрөгө кызыгуум ойгонду. 2011-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыков "Нурлан Насиптин клибине тартыласыңбы?"деп жазып калды. Нурлан ал кезде көп тааныла элек жаңы чыгып келаткан ырчы эле. Ноябрь айы болчу, студияга келип, Нурланды 3 саат күттүк. "Ал эмне болгон жылдыз?! Кетем, үшүп калдым, суук тийип калат" деп кетип баратсам, Нурлан келип калды. Кичинекей бөлмөдө тартылган клип элге тарап популярдуу болуп кетти. Кийин Нурлан "клиптерге түшпөй тур, меники жайылып алсын" деп чалып жүрдү. Андан соң моделдик агенттик менен келишим түзүп, байланып калдым.

– Моделдик агенттиктер менен келишим түзүп алып өкүнгөн учур болгонбу?
– Келишим бул формалдуу түрдө гана. Анчалык олуттуу документ эмес. Эң башкысы, тапкан акчаңдын жарымын моделдик агенттикке бересиң. Толбош керек, чачты кеспеш керек деген пункт бар. Мурун көргөзмөлөргө чыкканда акчамды сурай албай уялчумун. Чоңойгон сайын "карышкыр" болуп алтындай убактымды эсептеп калдым. Кээ бирөө "Алтынай акчага эле тартылып калган" дешет. Убакыт деген акча да.

– "Моделдик агенттиктер кыздарды сатат" деп айтылып келет. Бул кептердин чындыгы барбы?
– Моделдик агенттиктер кыздарга өзүн алып жүрүшүнө карата мамиле кылат. Эгер мен бир жактан коркунучту сезсем, дароо ал жактан кетип калам. Жалжактабай, ичип-чекпей, эркектерге жабышпай өзүңдү татыктуу алып жүрсөң андай сунуштар болбойт. Кыздардын андай кылыктарына шам кармаган эмесмин. Бирок бар болушу керек. Анткени шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи.

– "Атам катуу кармайт" деп көп айтасың. Өзүңдү жакшы алып жүргөнүң катуу тарбиядан болуш керек?
– Атамдын көз карашын карап эле "демек, бул кийимди чечип, башка кийиш керек турбайбы" деп түшүнөм. Ошондуктан атамдын көзүнчө лосина, чолок шым кийбейм. Ал баарыбызды катуу кармайт.Эрте иштеп калгандыктан үйгө кеч келсем атам урушпайт.Анткени анын ишеничин актагам.Эжеме бир жолу "саат 12де келесиң" десе 1де келип калып, ошондон кийин үйдөн чыга албайт.

– Учурда мамлекеттик жумушта иштеп жатасың. Чыгармачылыкка жакын адамдар кеңседе кысылып кетчү эле...
– Атам жаш кезинде өзүнүн кыялдары орундалбай калганы үчүн "кызым, акчага кызыкпа, мамлекеттик жумушка эч нерсе жетпейт" дейт. Мурун мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп жеке ишкерликке өтүп кеткен. Азыркыга чейин "кетпей эле койсом болмок" деп өкүнөт. Атам үчүн окудум, иштеп жатам десем болот. Мен үчүн да мамлекеттик кызмат идеалдуу жумуш. Улуу адамдар менен сүйлөшүп жашоого тажрыйба топтойсуң. Жумуштан тышкары башка долбоорлор менен иштейм. Өзүм чыгарган кийимдерди сатып кошумча каражат табам. Дүкөн ачууга камынып жүрөм. Жеке ишкерликти жалгыз өзүм баштай албайт болчумун. Бир күнү апама айтсам, колдоп кетти. Калп айтпасам, 3 миң сом менен баштаганбыз. 2 костюм чыгарсак бат эле сатылган. Андан кийин кийимдердин саны көбөйүп, ийгиликтүү уланып кетти.

– Мамлекеттик жумушта иштеп кайсы кызматка чейин көтөрүлүшүң мүмкүн?
– Депутат болушум мүмкүн. Шаардык кеңеште тандоо болуп жатканда "өзүңдүн аймагыңан чыгып көрбөйсүңбү, аудиторияң бар" дешкен. Бирок ага көп каражат, убакыт керек. Жөн эле узун тил менен чыгып кетпейсиң. Анын үстүнө быша элекмин, бери дегенде 5 жыл керек. Азыр бийликке деле көзүм күйө элек. Саясат таануу факультетинде окугандыктан ушул бийиктикти багындырышым мүмкүн.

– "Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү болгум келет" деп сынакка катышкансың. Бул тилегиң орундалбай калып капа болгон элең...
– Бул сынакка 2 жыл мурун катышайын дегем. Бирок 2 жыл уюштурулган жок. Бир ишти кылбай калсаң жүрөгүң ооруй берет го. Ошондуктан сынак старт алары менен сүрөт жөнөтүп, утам деген ой менен баргам. Көрсө, тагдыр деген нерсе бар экен да. Таажыны утканга жараша колдоно билиш керек деп ойлойм. Мен жеңсем мага башка статус бермек. Утулуп калганда катуу эле сыздадым. Ошон үчүн башка сынактарга катышпайм деп чечтим. Мен албаган таажыны кызым алсын деп тилеп койдум. Мурун утуп жүрүп көнүп калганга жаман болдум окшойт."Кечке сен эле жеңе бересиңби?! Башкаларга деле жол бербейсиңби!" деген бир кишинин сөзү жүрөгүмдү тынчтандырды. Башымдан сылап "баары жакшы болот, сен утмаксың" деген сөздөрдү жаман көрөм.

– Маегиңе рахмат!

"Нурлан Насиптин "Эркелетсемби" ырынын клибине тартылганда 10-класста окучумун".


"Мага буюрбаган таажыны кызым алсын деп тилек кылдым".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Алтынай Эмильбекова, модель: “Мен албаган таажыны кызым алсын деп тилек кылдым”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(64)
22.05.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ бекерчинин баары ырчы менен депутат болуп атат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-22 17:15:58
22.05.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ою тетик,жакшы эле кыз экен го.Ооа шарият боюнча кыз жабык кийинип журуусу шарт.Бирок,биз деле сиздер деле ачык эле кийинип журобуз го,эгер бизде да сырткы сулуулук жана келбет болгондо биз да сиз да кудум эле ушул кыз сыяктуу болмокпуз.Ачык кийингени мн жакшы эмгектенет экен,убактысын да ченеп журот экен.Айткым келгени бул кыз баардык иштин отосуно чыгат экен да.Айрымдар бар го,журо беришет ата-энесинин акчасын чачып,шапар тээп,корунгон жигит мн тескери басып, ашата согуп.
22.05.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондон Аллахым озу сактасын.Бир кун баарыбызга ыйман келип,жабык кийинип журо турган болойлу...Шайтан музыка уккан,ачык кийинген кыздар бар жана бироонун артынан ушак тараткан адамдар жашаган уйдо болот дейт,ошондуктан биз да оозубузду,интернетке жазып жатканда колубузду тыйып коёйлу.Менин оюм боюнча озун сыйлаган,турмуштан коп нерсени билген,бироонун ордуна озун коё жана аларды аяй билгендер бироонун артынан соз калтырбайт.
lunaika1 түзөттү 2017-05-22 16:37:35
22.05.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
депутат болуш оной болуп калды
Ырчы болом дегендей эле
22.05.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кийимдери мн берген маеги төп келиптир, азаматсың!!
22.05.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Нурлан Насипти бир аз жерге чаап койгон эмеспи?! Ал убакта тааныла элек болчу, болду кетем дегем, кийин башка тартылбай тур клип тараганча деп чалып журду деп. 10-класста окуган кызга аябай куну тушкон экен да ээ)). Чон кыз, унутпа, ошол клип болбосо сени эч ким таанымак эмес. Бул учун Нурлан байкене ыраазы бол. Мен лично сени ошол клиптен башка жерде коргон эмесмин. Ушинтип кичине тааныла калса эле оздорун которуп алгандары зээнди кейитет. Акылдуу,чыныгы таланттуу, залкар адамдар жонокой б-т.
22.05.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aa93,menin oiumdu jazdyn++++
22.05.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кыскасы озун мактаптыр
22.05.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасы каттуу кармап ушунча кийинсе анан калганын элестеткенден да коркомун.
allanna түзөттү 2017-05-22 21:53:05
23.05.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы бир да гезит окубайт окшойт э атасынан коркуп ушундай кийинсе атасы унчукпаса элестетип койдум
23.05.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атан катуу кармап турса лифчикчен элдин алдында журсон, атан кармабаса аларды деле чечип коесунго дейм.))
23.05.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сен эле калдын эое депутат болбогон
23.05.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасы каттуу кармаган кыз ушундай болсо, каттуу кармабаган кыздар кочодо жыланач эле журот экенда а? Ойду чолду эле мактанатго, бул депутат болсо деле, элге кызмат кылбай, ббаарыдык кыздарды ХХХ кылат, азыр баардык моделерлер заказ мн иштейт, ошон учун баары модилер
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-23 10:55:14
23.05.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы жакшы атасы катуу кармайт экен, болбосо ХХХ башына кийип чыгып алмак ХХХ болуп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-23 10:52:33
23.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada, этика нормаларын сактаңыз.
23.05.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ммдааа мастер участка дагы эмес же начальник участка дегин таза болбосо директор дегин сразу депутат ушундай депутаттан кийин балдарымдын келечегин ойлоп ыйлагын келип кетет. Бир соз менен айтканда куйгузбочу..........
23.05.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз оорусу менен ооруп калган го
23.05.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыз обужоктонуп мактанганын койбойт экен да. Супер Инфонун сулуулар сынагына катышаар алдында өзү жөнүндө кыскача ролик тартканда Ак үйдө депутаттын жардамчысымын, мамлекеттик кызматта иштейм деп апырткан. Калп. Мээрбек Мискенбаевдин коомдук жардамчысы болсо керек эле. Ар бир депутатта 15тен коомдук жардамчы бар жана алар мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт. Алтынай депутат боло турган болсо шефи Мискенбаевден ашса ашат, бирок кем калышпайт. Көөбүрөөк оку. Деңгээлди өстүр анан кыялдан)))
23.05.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурлан жонундо айтканы аша чаап кеткен го.Нурлан кантсе да мыкты ырчы,ачылып чачылбай эле эл алдында барктуу.Бул кыз эмнесине озун звезда сезип алган?!
23.05.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири биринин аркасын ачып журо беришет экенда. Дайыр KG Элмуратты айтса,бул Нурланды айтса. Сен жонундо соз болуп жаткандан кийин аралаштырбай эле кой
23.05.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокойлукту уйронсок болот эле э
24.05.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы татынакай кыз.Бирок,биздин ушундай сулуу кыздарыбыз ачынып чачынбай эле аял затына жарашыктуу кийимдерди кийип эл алдына чыгышса болот.Атасынын жанында ласина кийбей жүрүп,анан эл алдына купальникчен чыгып койгону чатак экен...((
25.05.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайт элем,ит уро берет кербен журо берет,оз мандай тери менен акча таап окуп жаткан жаштарга улгу болсун дейт элем,балким депутат болуп олкобуз онолоор,тыйиндын эки бети бар дегендей жалан жаман жагын жазыпсынар жакшылыктан умут узбош керек
25.05.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минус толуп кеткен го "какшык" созго!? Эмне дейбиз,акчанын кулу болбой,ыйман кирээр кун дагы келээр..
25.05.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ай куйгузгу ай...бул ким озу...бир клипке тартылып алып эле учуп журотко асманда...Нурлан азыр бир топ ырлары элге синип белгилуу болсо да сенден жонокой....а сен озунчо эле звездасын го...атам катуу кармайт деп кулкуну келтирип бул жактагыларга эрмек болупсун
27.05.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tattybubu93,
SUPER.KG видео
25.05.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир ушул кыз жага бербейт, кулгону жасалмалуу, суротторго да кызыктай тушотко ( бул менин пикирим жаман ойлобогула)
SUPER.KG видео
26.05.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага журналист кыз жакты коп боенбой сулуу экен
SUPER.KG видео
26.05.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты мага Алтынай,ишине ийгилик!!!
SUPER.KG видео
27.05.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пфффф ((( коп окуш керек сыягы. ...
27.05.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ким эле бул нурландын клибинде сен никто сун
27.05.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо трусий менен чыгып алып атам катуу кармайт дейтго
03.06.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигурасы сонун экен, жузу анчалык эмес.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо