№759 19-25-май, 2017-ж.
Жакындан бери WhatsApp аркылуу "бир тири шумдук жандык пайда болуптур, чакса 2 сааттан кийин адам өлөт экен" деген билдирүү менен түрү укмуш курт-кумурсканын бир түрүнүн сүрөтү желдей таркап жүрөт. Адамдын үрөйүн учурган бул эмне жандык? Адамды өлтүрө чагабы? Суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун илимий адиси Дмитрий Милько жооп берди.
"БЕЛОСТОМАТИД КАНТАЛАСЫ – ТРОПИКАЛЫК КУРТ-КУМУРСКА"
– WhatsApp аркылуу таркап жүргөн сүрөттөгү курт-кумурска – бул белостоматид канталасы. Сүрөттөн карап кайсы түрү экенин так айтуу кыйын. Анткени белостоматид түркүмүндөгү курт-кумурскалардын 200дөй түрү бар. Эгер жандыктын сүрөтү эмес, өзү болсо, түрүн аныктоого жеңил болмок.
Негизи белостоматид канталасы Орто Азияда жана Борбордук Азияда жашабайт, булар тропикалык өлкөлөрдөгү сууларды, нымдуу жерлерди мекендешет. Жер шарындагы суулардын булганышынан улам булардын көп түрү жок болуп бара жаткан курт-кумурскалардын катарына кирген. Биз атайын алып келип, ага кам көргөнүбүздө да майдан октябрга чейин эле жашаган, климатыбызга көнүп кете алган эмес.
АДАМГА КОРКУНУЧУ БАРБЫ?
– Адамга эч кандай зыяны жок. Тийишсең аарыга окшоп чагып, бир аз кан чыгышы мүмкүн. Шилекейи лабораториялык изилдөөлөрдө колдонулуучу чычкандар үчүн уулуу экендиги аныкталган. Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрүндө бул курт-кумурсканын түрү ашканада кеңири пайдаланылат.
Сүрөттөгү жабыркаган алакан, манжаларга токтолсом, бир караганда көп изилденбеген тропикалык, өлгөн ткандарга жумуртка таштаган башка курт-кумурсканын түрүнөн жабыркагандай көрүнөт. Бирок бул сүрөт 99 пайыз бутафория (атайын окшоштурулуп тартылган сүрөт, грим)же фотошоп деп айта алам. Анткени акыркы 10-15 жылдан бери интернетте ушундай адамдын үрөйүн учурган, адамдын психикасына атайылап сокку урган сүрөттөр, видеолор, маалыматтар көп таркоодо. Бул эң төмөнкү деңгээлде ой жүгүрткөн, сенсациянын артынан кууган, элдин трипофобия(денесине залака келтирүүдөн коркуу) менен жабыркай турганын жакшы өздөштүргөн адамдардын "учурган өрдөгү" деп эсептейм.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
"Бүгүн понедельник".Бул катты 15 адамга таркатсан эртен вторник болот деген сыяктуу да короче))
Тообо жок эле нерсе экен да ээ?))
Кызык,биз алып келгенде дагы дейт го эмнеге алып келдинер эле...?Жашап кетсин учун болсо жообунар бизге пайдасы зыяны эмне?