Ильяз Абдыразаков: “МИРБЕК ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА АҢДЫШУУ БАР”

№389 16-22-апрель, 2010-ж

Кичинесинен чыгармачылык деген дөңгөлөктө чимирилип келе жатат. «Малыш» деген атка конгону менен, бир топ популярдуу ырлардын «атасы». Өзү көп сүйлөбөсө да, көп кыздардын жүрөгүн багындырып келет. Албетте, сөз ырчы Ильяз Абдыразаков жөнүндө болуп жатат.

– Ильяз, өлкөдөгү окуялар кандай таасир калтырды? 7-апрель күнү кайда болдуң?
– Ушундай кырдаалды баштан өткөрүп жатканыбызга жүрөгүм ооруп турат. Тезирээк эл тынчтанса экен, дагы кан төгүү болбосо экен деп Кудайдан тилеп жатам. 7-апрелде аянтка бир жолу барып келдим. Калган учурда үйдө эле болдум. Продюсерим Баяке ызы-чуу башталгандан тынчыгыча «Ала-Тоо» аянтында жүрдү. Анын достору менин аяш байкелерим болот да. Бир аяш байкем окко учту. Ошол байкемдин жакындарына, жалпы эле каза тапкан замандаштарымдын жакындарына чын жүрөгүмдөн кайгыруу менен көңүл айтам.
– Жеке өзүңдүн турмушуңдан кеп баштасаң. Акыркы жаңылыктарыңа токтоло кетпейсиңби...
– Коогалаңдан мурун Алматыга барып, жеке концертимди коюп келдим. Алтынбек Алымов, Добр болуп бирге барганбыз. Ал жакта билеттин баасы 800-1000 теңгеден болду. Казакстанда деле кыргыздар көп. Концертке казак баурдастар да келишти. Карапайым калк эле эмес, белгилүү ырчылары да концерт көрүп кетишти. Алардын арасында ырларымды сурагандары болду. Ошентип, кошуналарга “Жаным ай” менен Алиханга жазып берген “Жөн” деген эки ырымды белекке калтырып келдим. Эч кандай акчага саткан жокмун. Сурашканынан макул болуп, уруксат бердим. Казактардын бир гезити “кыргыздын Ильяз деген ырчысы ырларын чоң суммага сатып, казактардын теңгесин жыйып кетти” деп жазыптыр.
– Чын эле ырларыңды сураса эле бере салбай, эмгек акыңды алсаң болбойт беле?
– Ырымды сурап алган Бейбут Корган деген ырчы бирге иштешүүнү сунуштаган эле, мен макул болбой койдум. Мага алардын концерттеримди уюштуруп, жакшы тосуп алып, дос болгондору эле жетишет.
– Жаңылбасам, бир кезде Мырза Айдаралиев сага продюсер болуп жүрсө керек эле?
– Ооба, “Арманым” деген ырыма клип тартып бергенден кийин Мырза байке бирге иштешүүнү сунуш кылган. Макул болуп иштеше баштагам. Чындыгында, телефондон эле “тиякка бар, биякка бар” дегени болбосо, берилип иштеген жок. Мен анчалык бекер жүргөн бала эмесмин да. Анын үстүнө бир концертте мени “Азия Универсалдын” ырчысы” деп айтып салып, ырчылардын арасында уят кылган. Ошондон кийин таарынып кетип калгам. Азыр мамилебиз жакшы эле.
– Азыркы продюсериң Баяке милдетин кандай аткарып жатат?
– Биздин ортобузда келишим эмес, ага-инидей мамиле бар. Кээде гана көзөмөлдөп калбаса, баскан-турганыма тыюу сала бербейт. Каражат жагынан да ортобузда талаш жок. Ал деле иштегенден кийин эмгегин алышы керек да. Өткөндө 25-майга чейин тойго чакыруу кабыл алып, акысын алдын ала өзү алыптыр. “Эмнеге минттиңиз?” десем “ошол күн келсинчи, анан айтам” деп койду.
– Устатың катары кимди эсептейсиң?
– Мирлан Ниязовду устатым десем болот. Көп нерсе үйрөтүп, акыл-насаатын айтып турат. Тойго көп барганымды жактырбайт.
– Ильяз, келгенден бери Маликанын сүрөтүнөн көзүңдү албай жатасың, жүрөгүңдө тынччылык элеби?
– Динара эжекебиздин кызы чоңоюп калган турбайбы. Биринчи бетке сонун түшүптүр. Кийими да өзгөчө экен. Өзүнө тартып жатат. Бирок Мирлан байке “ырчы кызга үйлөнбөй эле кой” деген. Мм-мм, балким, Урмат менен Нелядай бактылуу болуп кетербиз, ээ? Динара эже деле балам деп эркелетчүдөй эле кайнене болсо керек...
– Ошондо Абдумалик Шерматов кайнатаң болуп калабы? Менин билишимче, ал ырчы менен да иштешсең керек эле?
– А ошондой болуп калабы? Иштешкем. Ал киши акыркы жолу жайында чалган болчу. Концерт берүүгө даярданып жатсам, мага чалып: “Сен концерт койбо. Мени менен иштеш, Орусияга барып концерт коёбуз”,- деп дагы бирдемелерди айтты, түшүнбөй калдым. “Мен сага аян берип жатам” деди. Эмне дегенин түшүнбөй Мирлан байкеге айтсам, “Абдумалик мага чалсын” деп койду. Ошондон кийин эмне болду билбеймин, тынчып калды.
– Кыздарга көзүң түшө баштаптыр, үйлөнөйүн деп калгансың го?
– Азырынча үйлөнөйүн деген оюм жок. Кыздардын жигиттерге жасаган мамилелерин көрүп кооптонуп кетем. Мага аял башкарганга али эрте го. Анын үстүнө азыр жаштар жакшынакай үйлөнүшөт да, кайра эле ажырашып кетип жатышпайбы. Ошондуктан үйлөнгөндөн корком. Мына жакында бир досубуз келинчеги менен ажырашып кете жаздады. Алардын ортосуна ортомчу болуп келдим. Ушундай тагдырларды карап туруп үйлөнгөнгө шашпайт деле экенсиң.
– Негизи, өзүң ушул кезге чейин кыз жандап көрдүң беле?
– Мектепте окуп жүргөндө бир классташ кызымды жактырып, Чыңгыз деген жээним экөөбүз талашып мушташканбыз. Ал кезде жаш болчумун, азыр оюңдагыдай кызды табуу кыйын болуп калбадыбы. Андан кийин Сайкал, Айперилер менен ойноп сүйлөшүмүш болгом. Бирок сүйө албай койдум. Мурда “Кыз-Буракта” гитарист болуп иштеген таластык кызды жактырып калгам. Артынан барып сүйүүмдү билдирсем, “бир жыл күт” деген сыяктуу ар кайсы шылтоолорду айта берди. Сезими болбосо, кайра-кайра асылып эмне кереги бар, туурабы?
– Ата-энең деле болочокто келин болот деп жактырып, көзгө баскан кыздардан бардыр?
– Жакшы кыз деп сүрөт­төрүн көтөрүп келишет, бирок мага жакпайт. Апамдар деле “үйлөнбөйсүңбү?!” деп урушуп калышат. Мен “кыз тапкыла” деп кутулуп кетем. Негизи, биз, жаштар, чоң адамдардан үлгү алып жашайт эмеспизби. Мисалы, Бек байкени көрүп жакшы ырларды жараткың келсе, Сыймык байкени көрүп адамгерчиликтүү болгуң келет. Урматты көрүп үйлөнгүң келет. Султанды ойго алсаң такыр үйлөнгүң келбей кетет.


– Редакцияга сени таластык болот деген кат келген эле...
– Мен таластык кызды сүйгөнүм эле болбосо, ал жакка тиешем жок. Апам Оштун Араван районунан, атам Кадамжайдан болот. Бир иним бар. Учурда ата-энем Бишкекке көчүп келишкен, чогуу турабыз.
– Кичинекей балдарга жакынсыңбы?
– Жаш балага такыр жакын эмесмин. Ооздорун кыйшайтып ыйлаганда жиним кайнап кетет.
– Көптөгөн ырларга обон жаратып жүрөсүң, нота билесиңби?
– Өзүмө керектүү ноталарды билем. Бирок нота менен музыка жаза албаймын, музыкалык билимим жок. Менде тубаса талант, анан кызыгуу эле болсо керек деп ойлоймун.
– Жогорку билим алуу үчүн окуу жайга тапшырайын деген оюң барбы?
– Консерваторияга же Искусство институтуна тапшырып коюш керек эле. Такыр убак-сааты болбой жатат. Анан башкалардай болуп юрфак, экономфактарга тапшырайын деген оюм жок. Азыр жаштардын баары эле өзүн жашы өткөндөн кийин саясаттан көргүсү келет экен. Мен болсом өмүр бою музыка менен эле кетем. Музыканын деле саясаты бар да. Маданият министри, филармониянын директору сыяктуу жумуштарда иштесең болот.
– Азыркы ырчылардан кимиси менен мамилең жакшы?
– Баары менен эле жакшымын. Көбүнчө Мирбек Атабеков менен сүйлөшөм. Ал мага “мындай кылсаң, тигиндей кылсаң” деп акыл айтып турат. А мен болсом “ошону өзүң жаса” деп коём.
– Мирбек экөөңөрдүн ортоңордо атаандашуу барбы?
– Атаандашуу эмес, аңдышуу бар десем туура болот.
– Жашоодо эмнеге өкүнөсүң?
– Мектепте толук окубаганыма, ЖОЖго убагында тапшырбаганыма өкүнөм. Айта берсем көп. Ошондуктан өткөн ишке өкүнбөгөнгө аракет кылам.
– Качан концерт берейин деп жатасың?
– Билбейм. Баяке “Алтынбек экөөңөр май айында концерт бересиңер” деген. Эми концертти өзүмө койдуруп койбосо эле болду.
– А мындайда сенин оюң эске алынбайбы?
– Алынган менен, кайра эле алар айткандай болуп жатпайбы. Чоңдорду укпай койгонго да болбойт экен.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
19.04.2010. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он молодец уважаю как творескую личность. только казахам много песен не давал бы лучше сам пел бы а то как то обидно
19.04.2010. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын талантын бар молодец.
19.04.2010. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий, мотурайган ананайын, суйлогондорун, жакшы бала, жакшы ырчы деп журсом, аябаайййй жакшы бала турбайсыңбы,!!!!! Азаматсын, ырларынды тажабай угам, орконун оссун!
19.04.2010. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Ильяз ийигилик каалайм
19.04.2010. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз Алматадан салам! Казак баурларым сенин ырларынды аябай суйушот! Жаны ийгилик каалайм, Мирбек уйротсо уйрото берсин ал кыйын да, Таластык эмеспи! хаха
19.04.2010. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ильяз мен сени биринчи Кыз-Бурактан коргондо эле атактуу болот дегенмин,анда сен кичинекей бала болчун,ушунундан жазба ийгилик сага
20.04.2010. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи тебе АРМАНЫМ
20.04.2010. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn Ilyaz 4ynynda talantyndy baalaym, az kaldy ekoobuzda atandashyp kalarbyz, kudayim jetkirsin, bar bol ilyaz.
20.04.2010. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Илязчик!сен чынында красавчиксин,талантынды баалайм!Таразда"Жаным ай"ды ырдаганында кыздар оордунан тура калып,кошо ырдап жатыштыго чиркин,ийгилик сага!
21.04.2010. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Братишка азаматсын! Ырларынды тажабай угам,дагы да жаны жаны ырларды кутобуз. Ийгилик сага!
22.04.2010. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдызы топ келишкен бул бала кайдан болот экеен деп журсо Кадамжайдан эле болот турбайсынбы,молодец,алдына эч кимди чыгарба!ИЙгилик сага!!!
23.04.2010. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз кыргыз элинин эн талантуу жигити.
23.04.2010. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз инимдин мага жонокойлуулугу озгочо жагат. Обу жок мактанган создорун ушул убака чейин уга элекмин. Сага жана уй-булоно Кудайым жалан гана жакшы кундорун ыраа корсун.Чыгырмачылык ийгилик!
23.04.2010. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец.
24.04.2010. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilyaz ty super!!! Mirbek da molochik. Dagy ubakyt korsotot kimin kuchtuu ekenin az ele kaldy. Men oiloim sen kuchtuusungooo! Mirbektin unu jakshy aga da igilik kaalaim!
24.04.2010. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljigit sen Guljigit Satybekov emessinbi? Oshol bolson tel nom kaltyr bir yryn jurogumdu ezip jurot,
29.04.2010. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Iliaz kandaysyn chygarmachylygyna iygilik kaalaym bar bol ech taalykpay ichtey ber ichine iygilik!Alga
03.05.2010. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Илья, озун айткандай сенде тубаса талант бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо