№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
Бир топ убакыттан бери Мирбек Иманбековдун дарегине айтылган «сахнаны таштап кетиптир» деген кептерди угуп келгенбиз. Ырчы мырза менен байланышканыбызда туулуп-өскөн айылында экенин айткан эле. Биз Мирбек мырзанын балалыгы өткөн Таластын Чоң-Кара-Буура айылындагы үйүндө конокто болуп кайттык.
ЧАЙ МАЕК
– Мирбек мырза, айылда жүргөнүңүзгө канча убакыт болду? Эмне менен алектенип жатасыз?
– Айылга үй-бүлөм менен келгениме 1 жылдан ашып калды. Бул жакта жумуш көп. Талаага картошка жана бизде популярдуу болгон төө буурчак эктим. Мындан тышкары тойлорго чакыруулар болуп, кызмат кылып жатам.
– Айылга келүүңүздүн себеби?
– Шаарга каалаган убакта бара берсе болот. Бирок шартка караш керек. Ата-энем 70ке таяп калды. Үйдүн кичүүсү болгондуктан, ата-энемди багайын деп айылга келдим. Буга чейин шаарда бала кездеги максаттарымды ишке ашырдым. Азыркы максатым – ата-энеме татыктуу карылык тартуулоо. Келинчегиме ыраазымын. Айтканыма көнүп айылга келип, ата-энеме ысык чайын, каалаган тамагын даярдап, ак дасторконун жайып отурат.
– Демек, сахнаны таштабаптырсыз да?
– Ырчылыкка, сахнага кыйналып жеткенден кийин таштай албайсың. Өзүмдү карыганда деле сахна адамы катары көрөм. Болгону убактылуу жаңы ыр жаздырып, клип тарттырган жокмун. Айылдагы иштеримди бир калыпка салып алгандан кийин чыгармачылыгыма жаңылык киргизем.
– Балалыгыңыз өткөн үй тууралуу айтып берсеңиз.
– Бул үйгө 7-8 жашымда көчүп келгенбиз. Үйдү ата-энем өздөрү салган деп мактануу, сыймыктануу менен айта алам. Чынында эле ушул үйдү салууга чоң эмгек талап кылынган. Себеби жер айылдын чет жакасындагы тегиз эмес, дөңсөө жер болчу. Ошол 5-6 гектар аң-дөңдү сүрдүрүп, тегиздеп, там салыш чоң эрдик болгон. Айланасын тегерете курчаган бак тигип, курортко айлантып койгон.
– Бул жерде отурукташып калсаңыз, өзүңүздүн кыялыңыздагы үйдү курам деп жатасызбы?
– Ооба, үйдүн эскилиги деле жетип калды. Бирок бузуп, ордуна жаңы там салып ата-энемди таарынтып аламбы деп корком. Атамдан кала турган болгондон кийин буздурбайм. Эгер үй сала турган болсом жер кенен, бактын тиги бурчуна сала беребиз да.
Ушул маалда ырчынын жубайы чайга чакырып калды. Аны да кепке тарттык:
– Айылдын шартына көнүп калдыңызбы?
– Ооба, көндүм. Башында "кыйналам, кантем?" деп сарсанаа болдум. Үй оокаттарын жасоо менен убакыт өтүп кетет. Айылга келгенибизге өкүнбөйм. Берекенин баары айылда экен. Мурун «жерди чукусаң акча чыгат» десе, "кантип чыгат?" деп таң калчумун. Көрсө, жер иштетип, эгин эксең акча болот экен да.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
24
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Атасынын деле бөлмөсү бар да балким ошол учурда атасы уктап жаткандыр. Анан ойгот тартам демек беле... Конок койдон жоош да.