ЖИГИТ СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫН ӨЛТҮРҮП, КӨМҮП КОЙГОН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ. МАРКУМ ЖОГОЛГОН ЖАРЫМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ АНЫ ЭЧ КИМ ИЗДЕГЕН ЭМЕС

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Жакында Чүй облусундагы Тепши капчыгайына барган эс алуучулар таанылгыс болуп калган кишинин өлүгүн таап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 25 жаштагы Сокулук районунун тургуну экендиги билинген. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары маркумдун жигити кармалган.

«ДЕНЕ ЧИРИЙ БАШТАГАН ЭКЕН»

Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Назира Имангазиева бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 8-май күнү болжол менен 12:30дарда Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Тепши капчыгайында жансыз аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери жашы 25-30 чамасындагы аялдын жансыз денесин чала көмүлгөн абалда жаткан жеринен табышкан. Анын өлгөнүнө көп убакыт өтүп, дене чирий баштаган экен. Соттук-медициналык экспертиза анын киши колдуу болуп каза болгондугун аныктаган.
Маркумдун өздүгү такталып, ал 1991-жылы Сокулук районунда туулган Мунара деген аял экендиги аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип 13-май күнү 1991-жылы туулган У.А. аттуу ушул эле райондун Беловодское айылынын тургуну кармалган. Бул кылмыш боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми Москва райондук соту кылмышка шектүүнү 2 айга камоо чечимин чыгарды.

«МАШИНАМ МЕНЕН ТЕБЕЛЕТИП АЛЫП, КОРККОНУМДАН КӨМҮП САЛДЫМ»

Кылмышка шектүү У.А. сурак учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Бул окуя 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Мунара экөөбүз жакшы тааныштардан болчубуз. Ошол күнү талаада ичимдик ичип отурганыбызда ортодо түшүнбөстүк болуп, уруш чыгып кетти. Ал «үйгө кетем» деп баштаган. Арыраак барып, менин унаамдын дөңгөлөгүнүн жанына отуруп алган экен. Мен билбей унааны айдаганда аны тебелетип алдым. Мунара ошол замат эле каза болуп калыптыр. Коркуп кетип, Тепши капчыгайына алып барып денесин жерге көмүп салгам. Мунаранын жакындары ал тууралуу менден сураганда, аны "Москвага иштеп келгени кеткен" деп айтып койгом. Ошентип жакындары аны издебей эле жүрүшкөн.

«АПАСЫ ТЕЛЕФОН ЧАЛСА, МУНАРАНЫ МОСКВАГА КЕТКЕН ДЕП КОЮПТУР»

Маркумдун таякеси Жапар Сүйүнкуловго жолукканыбызда, ал буларды айтып берди:
– Мунара менин жээним болот. Биринчи жолдошу менен ажырашып кеткен, ортосунда 1 кызы бар. Аны өлтүрдү деп шектелип жаткан жигит Беловодское айылынан экен. Жээним экөө турмуш курабыз деп чогуу жүрүшкөн. Мунара менин үйүмө көп келчү эмес, өлтүрүп салган жигит экөө инимдикине келип-кетип эле жүрүшчү. Кызынан кабар алуу үчүн апасы жигитине телефон чалса, ал «Мунараны Москвага иштегени жөнөтүп койдум» деп койгон экен. Бирок Мунара апасына «мен Москвада иштеп жүрөм» деп бир дагы жолу чалбаптыр. Кызынан кабатыр болгон карындашым ал жигитке телефон чалып сураса, ал «эми мен дагы Москвага кеткени жатам» деп коюптур. Биз деле экөө жакшынакай эле жүрсө керек деп ойлодук да. Мунараны май айында кызынын туулган күнүндө келеби деп күтсөк келген жок. Ошондо аны издесекпи деп ойлоп баштаганбыз, бирок минтип өлүгү табылып калды. Денеси таанылгыс болуп калыптыр, менин үйүмө куран түшүрүп, ушул жерден сөөгүн жерге бердик. Азыр болсо иш тергелип жатат.

Чүй ОИИББи маркумдун ушул кийимдери аркылуу издөө салган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(12)
29.05.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Күдай баарыбызга ыйман,ынсап бер. Жамандан адаштыр жакшыга жанаштыр. Байкуш кыз ...
29.05.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ой тообооо....Жаш баланы алдагансып донголоктун жанына олтуруп алыптыр деп коет!!!
29.05.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каап башында эле никесин окуп баш коштуруп койгондо мындай иш болбой беле. Ичимдик да себепчи болуптур да. Не дейбиз эми откон иш отту Кудайым кыздын акыретин берсин,калган омурун кызына берсин, туугандарына сабыр берсин, балага ынсап берсин
29.05.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
жарым жыл энеси кантип чыдады..бир тууганын бир ай дайынсыз чалбаса санааркап издейсин
29.05.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арактын пайдасы мына
29.05.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакындары эмнеге издебейт тообо Москвага унчукпай кетип калсада
29.05.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туугандарына деле баари бир окшойт, жарым жылдан бери кабарын билдирбеген кызды издебей. 3 күн телефону өчүк же телефонго жооп берген адамга канча кабатыр болосуң, тытып издеп.
29.05.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүнүн ата энеси жок сыяктуу,алар дароо эле издеп чыкмак. Аллах жаткан жайын жайлуу кылсын!
30.05.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык жердин астынан таап алышса кыныр иш кырк жылда билинет деген ушу да кудай сактасын жаман иштен барыбызды
01.06.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олум жазасын киргизиш керек. ошондо мындай канкорлор азаят.
01.06.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пайгамбарыбыз мухаммад саллалоху алейхи васалам айткан мас кылуучу ичимдиктерди ичпегиле себеби ал бардык жамандыктын ачкычы дегеношондуктан ичпей эле койолучу туугандар бардыгы ушул ичкиликтен улам болуп жатпайбы АстафирАллах Аллах өзү кечирсин
03.06.2017. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин изилдоочулорубузда билинбегени менен кучтуу эээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо