№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
Концерттин аталышы – "Арсен шоу-концерт"
Концерт өткөн күндөр – 17-18-май
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (18-майда 1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Мыкты номер – "Чувства мои"
Алып баруучу – Санжар Мыкыев
Билет баасы – 250-700 сом
Арсендин ырдаганына кафе-ресторандарда ырдап жүргөн кезинен бери кызыккандыктан, жеке концертине жетип бардым. Кыргыздын концерттери деги эле убагында башталбай, зарыгып күттүрөт. Андан тажап бүткөн жаным жарым саат кечигип бардым. Кирип эле залда отурган бирин-серин элди көрүп дендароо боло түштүм.
Сахнага көз чаптырсам укмуш жасалыптыр. Өткөндө ырчы гезитке берген маегинде "шоу-концерт берүүгө чуркап жүрөм" деп бекер айткан эмес экен. Кара фон, музыканттардын сөлөкөтү түшүрүлгөн декорациялар, түрдүү жарыктарга толгон сахнанын көркүнөн көзүм ачылды. Арсендин бул мээнетине "бали!" гана деш керек.
Орун алып, көрүүчүлөрдү Арсенден кем калбай эле акыйып күтүп отурдум окшойт. Кечиккенди адатка айлантып алгандар шашпай келе башташты. Сааттын жебеси 20:00дү какканда күйөрмандар кол чаап "Арсен, чыкпайсыңбы!" дегендей болушту. Ушуну эле күтүп тургансып залдагы жарыктар өчүп, бас гитаранын катуу добушу жаңырып, үч бурчтуу декорация ачылып, тепкичтен секирип Арсен чыкты. Көрүүчүлөрдүн көбү кыздар экен. Чыйылдап эле кыйкырып калышты. Шоу-концертин "Тагдырың сага жазганда", "Арманым" аттуу ырлары менен ачты. Үнү такшалганын ушундан билиңиз, Денис Колючий баштаган музыканттардын, бэк-вокалисттердин коштоосунда жандуу үн менен гана ырдады. Ар бир ырын толгон-токой бийчилер коштоп турду. Ортодо бийчилер улан-кыз болуп бөлүнүп таймаша да кетишти. Бир маалда кайра жарык өчүп, Арсенден кем калбай элдин көңүлүн буруп сахнада Санжар Мыкыев пайда болду. "Мен "тиги ырчыны тосуп ал, муну тосуп ал" деп улам чыгып башыңарды оорутпайм. Арсен кийим алмаштырганча эле алаксытып турам" деп бир жылмайтты. Сөзгө тапан алпаруучу "Эмнеге эл аз деп турасыңарбы? Арсенди жакшы көргөн бир кыз экинчи кабаттан 700 билетти өзү жалгыз сатып алыптыр" деп боорду эзди.
2 мүнөткө жетпей Арсен бир жеңи чолок кийим кийип чыкса, анда жанымда отурган кыз курбусуна "апам муну көрсө "ай, өлүгүңдү көрөйүн, бул эмнеси, ыя?! Ит-мышыктын таландысында калганбы?" деп чочумак" деп күлүп калышты. Анткен менен Арсенге бул формасы деле жарашат экен. Жалпы жонунан концерт мыкты деңгээлде өттү. Эл "кол чаап коюңуздар" деп суранткан да жок. "Чувства мои" деген ыры концерттин көркүн ачкан чыгарма болду. Бул ырды чогуу ырдап, термелип бийлеп көңүлдүү отурган элге ырчы жигит ыраазычылыгын билдирди. Акыркы ырын аткарып бүтүп көпкө чейин жүгүнүп турган Арсен дагы бир ирет ичти жылытып койду. Концерттен чыгып, ырчынын "Чувства мои" деген ырын кыңылдап ырдап үйгө жөнөдүм. Концерт жакшы маанай тартуулады.
Толик сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Гулжигиттен айланып эле кеткилечи
Бунун концертин бироо корсо гастролдойбу?
Кыскасы Сиезбек,Кайрат принбедиев учоон суйлошуп ырдабай эле, ХХХ
Ийгилик жана Ильхом каалайм Арсен мырзага!
"Менин ырларымды жалан гана шаардыктар угат жана тушунот" деп. :-)