"КЫРГЫЗ КЕРБЕНИ" ГЕЗИТИНЕ 20 ЖЫЛ"

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Коомдогу болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү таасирдүү чагылдырып келген "Кыргыз кербени" гезити быйыл 20 жылдык мааракесин белгилейт. Бул гезит 1997-жылдар аралыгындагы маданий оюн-зоок гезиттеринин арасынан алгачкы болуп чыккан гезиттердин бири болуп саналат. "Кыргыз кербени" журнал-гезитинин ээси жана башкы редактору Гүлбайра Турумова:
"20 жыл мурун "Кыргыз караван" гезитин Жаныш Кулманбетов агайыбыз түптөгөн. Ошол маалда бул гезитке тушташ чыгып жаткан гезиттер ырчыларды, негизи эле маданият адамдарын эмнегедир гезитке чыгарышчу эмес, чыгарса да азыраак эле. Башында гезиттин аталышы "Кыргыз караван" эле. Бир жолу белгилүү агайларыбыздын бири "Кыргыз караван" деген сөздүн кыргызчасынан эле "Кыргыз кербени" деп койбойсуздарбы" деди. Ошол инсандын сунушунун аркасында гезитке учурдагы аталыш берилди. Ош жергесине гезиттин иштери боюнча барып калганыбызда "гезит чыгаргандан көрө журнал чыгарсаңар жакшы болмок..." деген түрдүү кептерди уктук. Ошондон улам журнал чыгаруу идеясы келип чыкты. Быйыл журналдын жарык көргөнүнө 5 жылдын жүзү болот. Биздин редакция саясат, маданият, экономика, социалдык тармактагы алгылыктуу жылыштарды, жаңылыктарды алып чыгат",- деди. "Кыргыз кербени" гезитинин 20 жылдык отчёттук концерти 29-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында белгилүү ырчы, куудулдардын коштоосунда өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо