Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "АНЖЕЛИКАГА СҮЙЛӨСӨҢ БАЛАҢДЫН БАШЫН КЕСИП, ПАКЕТКЕ САЛЫП КЕЛИП БЕРЕБИЗ ДЕШКЕН"

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Өткөн аптада Айчүрөк Иманалиева көп жылдар бою өзү ырдап жүргөн "Махабат көлү" деген ырды Анжелика уруксатсыз ырдап чыкканы үчүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу нааразычылык билдирген. Анжелика бул ырды Айчүрөк Иманалиева аткарып жүргөнүн билбестигин айтып жооп берди. Эки ырчынын чыры кыргыз шоу-бизнесин эки жээкке бөлүп, "жарашкыла" дегендер да чыгууда.
Бул боюнча Айчүрөк Иманалиевага байланышканыбызда, ал төмөндөгү жоопту берди.

"КЫЗЫМА ЫР ЖАЗДЫРАЛЫ" ДЕП ЖЕ АПАҢ БИР СОМ АКЧА ЧЫГАРГАНБЫ?"

Анжелика, мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени каралаганыңдан кийин, апаң кошулуп мен сени "улуу кишилерге тааныштырган" деген сөзүңөрдөн кийин гана үн катууга мажбур кылдыңар. Анжелика, сен менин айтканымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандын баарын калпка чыгаруудан башка аргаң жок...
7 жашыңда колума келдиң, ошол кезди азыр эстейсиңби? Мен жасаганымды милдет кылган жокмун, бирок "унутчаак" болсоң эсиңе салайын. Алгачкы клиптериңди тарттырдым, ырларыңды жаздырдым. Ыр асмандан түшө калбасын билип жаткандырсың. Сөзүн жазганга, обонун жаратканга, аранжировкасын жасаганга, деги койчу, баары акча. Ага ылайыктуу костюм – бул да бир топ каражатты талап кылат. "Бул акчага кызыма ыр жаздыралы" деп же апаң 1 сом акча чыгарганбы? Жок! Элге атың чыгары менен турмушка да чыктың. Ар бир кыздын барар жери күйөө деп бак тиледим. Турмушка чыкканыңдан кийин "Эки жыл чогуу иштейли, жер кыдырып концерт коёлу, андан кийин өз алдыңча болсоң бол" деп жайынча айттым. А сен "Эже, мен такыр эле сахнадан кетем. Урмат "ырдабай эле кой, тойлордо ырдаган уят" деп жатат, намаз окуйт" дедиң. Аныңа да макул болдум. Ошол кезде "намаз окумакчымын" деп оронуп чыга келдиң. Оронгонуңдан да чечип ыргытканың тез болду.

"ЧАК ТҮШТӨ ЧАККАН ЖЫЛАНДАН САКТА"

– Анан эле "Камбаркан" оркестри менен биргеликте Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен Швейцарияга чогуу кеткениңди уктум... Мени алдап ырдабайм дебей, ачык эле "сизге иштегим келбейт, кылганыңызга ыраазы болуңуз" деп кетсең деле болмок. Ушундай ирээнжиткен калпыңдан кийин ачуум менен эмне иш кылып жүргөнүңдү күйөөңө жана ММКларга айтам дедим. Ошондон 2 жума өтпөй машинабызды талкалап, жолдошум экөөбүзгө кол салуулар болду. Мага телефон аркылуу "Анжелика жөнүндө эми бир сөз айтсаң балдарыңды өлтүрүп кетебиз. Алдагы Аргениңди наркотик менен түрмөгө тыгып, эки кулагын, башын кесип, пакетке салып алып келип беребиз" дешти. Коркконубуздан экинчи уулум Арленди бир жыл чет мамлекетке качырдык. Ошондогу мен көргөн күндү сага каалабайм, Анжелика!
Американы ачып жатам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек "колдоп" жүргөндүктөн милицияга арыз жазганыма карабай көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда күнөөлүүлөр табылды. Апаң "балдардан акча алып, «отказной» жазгансың" деп жатат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып "сүйлөшөлү" деп чакырды. Алар мага «Эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, дары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели" деген сөз сөз бойдон калды. Апаң айткан былчыйган акчанын, Кудай турат, бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун. "Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жыландан сакта" болгонун билип, "жыландын" кылыгынан жаш жигиттер менен жаман-жакшы көрүнүшпөй эле коёлу дедим. Бирөөлөргө кол көтөрүүгө заказ бергениң өзүңдүн кол көтөргөнүңө барабар!

"ФОНОГРАММАНЫ ЖОЙСО ТАСТАҢДАГАНЫҢДЫ КӨРӨТ ЭЛЕМ"

«Эмнеге үнүм жок болсо ырдаткансыз?» деп социалдык желедеги баракчаңа жаздың, сөз убагы келгенде айтпасаң сөз атасы өлөт демекчи, жооп берейин, мында сенин айыбың жок, аны апаңдан жакшылап сура. Ошол кезде топтогу балдар "Анжеликаны ала берели" деп туруп алышкан. Коллективдин ою мен үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. Көрсө, мен концерттен кийин мейманканада калып калганымда топтогу эркек балдарды апаң коноктоп, колго алган экен... Кийинчерээк үнү ачылып кетеби дегем, бирок ачылбаган бойдон калды. Элдин батасы менен алып келгенимден кийин орто жолго таштап коюуга элдин кишиси катары адамдык намысым жол берген эмес. Эгер чынында эле үнүң укмуш болсо, эл аралык сынактарга барып байгелүү орундарды алып келип жаткан таланттуу ырчыларга окшоп сен неге сынактарга барбайсың? Эмнеге Кыргызстандын атын даңазалап желегин желбирете албайсың? Биздин Маданият министрлиги реформа жасап, той болобу, концертпи, фонограмманы жоюп салса сенин азыркыдай мага тастаңдаганыңды көрөт элем.

"МЕНИ УШУНЧА КЫЛЫП ЖАТАСЫҢ, БАШКА АДАМДЫ ЖӨН ЭЛЕ ИШЕНДИРЕСИҢ"

– Гулина апаң "кызымды килтейген кишилерге салып берерде күйөөгө берип салдым" деп жатат. Ал киши ыраматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле? Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып, Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп Назми экөөбүз бири-бирибизди карап "тоңуп" калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди. Мухтар досум менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө, иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Бир күнү Мухтар чалды: «Анжелика мага чалып ооруганын айтты, үйүн билбейт экенмин, көрсөтүп барып келчи. "Кызы ооруп жатса Айчүрөк бир басып келген жок" деп айтат, жүр, досум, көрүп келели»,- деди. Болгону ошо.
Кыскасы, энеңдей болуп камкордук көргөн мага кылган мамилеңди өзүң териштир. Эгер, албетте, абийир соту деген сенде жашаса. Буга чейин да ырларымды ырдадың, «Эжекемдей боломун» деген ырымды концертиңде кыздарыңа ырдаттың. Ошол кезде мамилебиз начар болсо да наристелер үчүн чын жүрөгүмдөн сүйүнүү менен кабыл алдым. 19 жылдан бери аткарып келген "Жар-жар" ырын ырдап чыкканыңда "мейличи" деп унчуккан жокмун. Эми «Махабат көлү» деген ырымды жаздырып чыктың. Бир ооз эле телефондон "Эже, ушул ырды ырдайын деп жатам" деп койсоң мен кантип жок дейин? Менин аткаруумдагы ырларымды Съездбек Искеналиев, Асема, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана Алиса деген жаш кыз уруксат сурап эле жакшынакай ырдап жүрүшөт. Анан да бул кылыгыңды айтып койсом «Бул ырды сиз ырдадыңыз беле, ырдасаңыз, кана видеосу же аудиосу, көрсөтүңүз" деп талап кылып чыктың. Сен ушунчалык элди ишендирип сүйлөгөн жагынан алдыңа киши салбайсың. «Махабат көлүн» ырдаган эмессиң, кана, болсо көрсөтчү» деп мага асылганыңда мен өзүмө-өзүм ишенбей "чын эле ырдаган эмесминби?" деп да ойлоп кеттим. Радиолорго барып архивден таап келгиче жаман акыбалда калдым. Мени ушунча кылып жатасың, сырттан карап турган адамды жөн эле ишендирип коюшуң кеп эмес.
Кыскасы, жасай турганыңдын баарын жасадың, кыларыңды кылдың, эми тастаңдап мени менен ыр талашпа. Эгер мен чын эле силер айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн конкурста кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсом сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң сен да менден алыс бол.

"Айчүрөк эже мени наным деп айтат. Ошондуктан жолдошума нанымды тартып алдың деп доомат кылган.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(96)
30.05.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айчурок озун жазган ыр эмес экен же обону эмне мынча чырылдайсын кызын тцрат ошону ырдатып эми чонойто бер Анжеликага асыла бербей
30.05.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисиники чын, кимисиники калп экенин билбейсиң. Бирок Айчүрөк Иманалиева урушсуз тура албайт окшойт. Эмне жакшылык кылсаң да аны кадыр-колко кылганың менен бир тыйынчалык болбой калаарын Айчүрөк Иманалиева түшүнбөйт окшойт. Ар бир кылганы элге билинип, талкуу чордонунда болуп кантип жашашат? Таң калам!
31.05.2017. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айчүрөк эженики туура көрүнөт,
31.05.2017. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйат куйоонор бар окоондун тен аларда намыс кылса керек мен алганча ушинтип жургон экен деп кимин ким менен журдунор озунор билесинер
31.05.2017. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп бирин кал.Айчурок да Анжелика да башынан эле жакпайт.Откондо Айчуроктун интригадан тажадым сахнадан кетем дегенинин окуп аябай суйундум эле.Качан кетесин Айчурок?
31.05.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бириң кайың бириң тал, бириң өлүп бириң кал десек жакшы болчудай. Ушундай ыйык айда тынч эле жашабайсыңарбы. Гыйбат бул бир тууганынын этин жегенге барабар.
31.05.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашы отуп калган ырчылар кийинки осуп,аты чыгып аткан ырчыларга жол ачып беруунун ордуна кайра бут тосушат, оздору остуруп алып. Мисалы кичинекей Гулмира,Клара Алибекова дегендер жоголуп кетти. Бир Анжелика чыгып атса коро албай олуп атат, же озу кетем деп коюп кетпеди, тушунбойсун буларга. Айчурок ырдап атканда каналды башкага алабыз, Анжелика фонограмма менен ырдаса да аны коробуз как, то озуно тартып ырдайт, кийингени да жарашыктуу. Айчурок каарып батаканын билбей атат окшойт.
31.05.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжеликага деле, ырас куйоосу намаз окуган ыймандуу адам болсо айтпайбы "сен кичинесин, сенен кетсе да кечирим сурап, сизидки туура десен кутуласын"-деп. Жумушта начальник кээде туура эмес айтып урушса "боптур" деп кутуласын го, ошону сынарындай.
31.05.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айчурок эже, уялбайсызбы жаш кызга тенелгенден. Сиздин кылганыныз туура эмес. Корунуп эле турасыз начар экенсиз.
31.05.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарына Аллах тараза.Айчурок эженин эмгеги чон.
31.05.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчуректин эмгеи чон чынле Анжелика тастандабай кичине ийилсе болмок уну такырле жок ырдабай койсода болмок ошол швеясын иштеткени онго дейм.
01.06.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тажаттынарго
01.06.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул соц тармактарда жазышып айтышпай эле коюшса жакшы болмок экен. Экоону тен жаман коруп калдым, бироосу кичуудой эмес, бироосу улуудай эмес! Кудай тараза... а так , мага чын журоктон баарыбир!!!
01.06.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок эже ХХХ ХХХ. Анжеликаны озунузго окшош болушун калаган экенсиз. Кишилер менен суйлошсо кызым сен жашсын деп айтыш керек болчу. Чон кишилерден коргоп. Анын ордуна хахахаа кишилер менен суйлошот дебей. Акылыныз менен иш кылын раз примадонно экенсиз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 10:11:33
02.06.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Miya, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
02.06.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АДМИН Эмне үчүн менин жазган эки билдирүүмдүн бирөөсү да жок??!!мен биринчиден жаман сөздөр менен билдирүү жазган эмес болчум.Мен жазгандан хуже билдирүүлөр турбайбы, Эмне үчүн башкалардыкы өчүрүлбөйт именно Айчүрөк эжеге айтылган сын-пикирлер өчүрүлөт?? Калыс болсоңуздар жакшы болмок?!((((((
02.06.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bella1, саламатсызбы? Сиз жазган билдирүүлөр өчүрүлгөн эмес.
02.06.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayarym, гезитке тиешелүү сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
02.06.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын авторунан сураш керек да уруксатты Айчурок эже.тушунбой жатам же ырды жалгыз мен ырдайм деп сатып алышабы аткаруучулар?
02.06.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок эже куйгонунон баарын так так айтып жооп бериптир Анжеликага окшоп антти мынтти деп майдаланбай. Негизи эле Анжелика жакпайт. Фонограммасыз ырдап корсунчу. Ошондо корот элек кандай ырчы экенин!
02.06.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортодо сыйы калбаптыр.Эмнеси болсо да Айчурок эжени улуу муундагы ырчы катары сыйлайм.
02.06.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
02.06.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды сыртынан карап ичини билип болбойт деген чын туура Анжелика эжени аябай жакшы корчумун корсо ал...
03.06.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже сиз такшалып калган ырчысыз бирок сиздин бул жерде айткан создорунуздун биринада ишенбейм.
05.06.2017. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да Айчурок Эжени кыргыз Эли жакшы билет Анжелика бутунан опсо жарашат Анжеликанын ушул кунго жетишине Айчурок эженин тоодой салымы бар деп билем.
05.06.2017. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликаны коралбаганы билинип эле турат жакшы эле кошпоптур куйоосу
05.06.2017. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул эжени аябай сыйлачумун уялбай жалган вйткандай сезилди эгер ушунчалык чын болсо эмнеге беттешип эле бутуруп салбады дейм да уялбайбы чон эле аял го
05.06.2017. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ойум бойунча пакетке салып берем деген соз жалган болуш керек себеби бир ыр учун ушунча кылып жатат Айчурок эже анда вапще эле каматып салса керек эле
05.06.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага тамаша
Кээ бир ырчы жылдыздардын жашоо таржымалы

ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 11:54:28
05.06.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 12:37:52
07.06.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сотко бергендин эч кандай пайдасы жок . Сот эле акчанардын баарын жеп кетет 100% гарантия. Андан коро эже синди болуп акылдашып алганынар он сыноо жашоодо экоондо тен семья бар . kayrat1985 ноокат.
09.06.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок эже, чын эле Анжеликанын уну жок, ага тенелбениз, ал убагында сизди колдонуп, эми бутуна турганда калагандай сизди шыбап жатат.
10.06.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир ыр учун урушпай соттошпой деле койсонор болотко .ыр деле андай хит эмес.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо