“Кеңеш” тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов: “КАРЫШКЫРГА КОЙ КАЙТАРТЫПМЫН”

№390 23-29-апрель, 2010-ж.

Катка жооп

Өткөн сандардын биринде “Кечир мени” рубрикабызга келип түшкөн каттардын бири “Кеңеш” тобунун ырчыларына арналган эле. Уурдалган буюмга эмес, ишенимдерине көлөкө түшкөнүнө кейиген ырчылар кеп салып беришти.

– Мүзүр, сизден кечирим сурап кат жөнөткөн Бакыт аттуу жигитти жакындан таанычу белеңиз?
– Ал жигиттин аты – Адилет. Куудулдугу бар бала болчу. Бизден мурда куудул Жакут Сыдыков менен иштешип жүргөн. Кийин биздин топко келип кошулган. Эки жарым жылдай иштешкенбиз.
– Катты окугандан кийин кандай абалда калдыңар?
– Мен анын дароо эле Адилет экенин билдим. Анткени биз эч кандай Бакыт аттуу жигит менен иштешкен эмеспиз. Катта жазылгандай, Адилет «соттолуп кеткен Каныбекти жолуктурдум» деп келген эле.
– Ал эми Каныбек деген жигит ак жеринен камалып кеткенби?
– Ошол күнү концертке катышып, үйгө түнөбөй калганбыз. Келсек, эшик талкаланып калган экен. Коңшулардын айтымында, Каныбек үйүбүздү талкалап киргенге аракет кылыптыр. Андан мурун Каныбек чөнтөк телефон уурдап кеткенин байкап калганбыз. Ошондуктан бул жолу да Каныбек кылды деп ойлогонбуз. Көрсө, уурулукту Адилет кылган экен. Балким, андан кеч келгенби же эрте келгенби, билбейм.
– “Астыңа келсе атаңдын кунун кеч” дегендей, кечирим сураган жигитти кечирдиңизби?
– Кечирерин го кечирдим. Бирок ошол кезде бизди да ойлобогону таң калтырды. Мен ошол аппарат менен акча таап, үй-бүлөмдү бакчумун. Таң калганым, ошол окуядан кийин деле Адилеттин биздин үйгө келип жүргөнү болду. Ага ушунчалык ишенип, үйүбүздү да таштап кете берчү экенбиз. Мындайча айтканда, карышкырга кой кайтартыппыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
28.04.2010. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тушунбой калдым, булар мурда бирге иштешкенби?
29.04.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музур, необычныйго аты.....
02.05.2010. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу болбосо деле мейли,бирок кичиииине болсо дагы жакшына кызды алышса болмок экен ;(...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо