Чемпиондор Лигасы: «РЕАЛДЫН» рекордуна «ЮВЕНТУС» бөгөт коёбу?

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Быйылкы футбол сезонунун эң негизги, маанилүү жана жыйынтыктоочу оюну 3-июндан 4-июнга караган түнү Уэльстин Кардифф шаарында орун алат. Анда Италиянын чемпиону «Ювентус» Зинедин Зидан машыктырган «Реал» менен ойнойт. Аталган оюнда кимиси жеңүүчү болору күйөрмандардын кызыгын жаратып жаткан учур.


ИТАЛИЯ ФУТБОЛУН ЖАНДАНТКАН «ЮВЕНТУС»

2015-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында «Барселонага» жеңишти тарттырып жиберген «Ювентус» ошол кезден бери бир кыйла күчтөндү. Муну быйылкы сезондо дал ушул каталондук клубду чейрек финалда ишенимдүү түрдө утуп алганы көргөздү. Туриндик клуб бул мелдешти 1996-жылдан бери жеңе элек. Андыктан негизги күчтү дал ушул финалга сактап турганы анык. Акыркы убакта «өчүп» бара жаткан Италия футболун кайрадан жандантып жаткан Массимилиано Аллегринин командасын бүтүндөй өлкө колдоп жаткан убагы. «6 жыл катары менен Италия чемпиондугун багындырды, эмки кезек Европанын ири мелдешин жеңүү. «Ювентус» «Реалдан» эч коркпой турарын футбол талаасында далилдейт»,- деп айтты клубдун директору Жузеппе Маротта.
«Ювентус» азыркы «Реалга» туруштук бере алчу жалгыз команда. «Актардын» жылдыздуу курамына «Юве» тактикалык оюн менен жооп берет. Аллегринин бул жаатта Зидандан алда канча тажрыйбалуу экендиги испан клубун чочутат.

БУФФОН ҮЧҮН АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

39 жаштагы италиялык дарбазачы өзүнүн карьерасында Чемпиондор Лигасын багынткан эмес. Эртеңки финал Буффон үчүн акыркы мүмкүнчүлүк. Легендарлуу дарбазачынын коллекциясында бир гана ушул мелдештин алтын медалдары жок. Андыктан бул фактор да финалга өзгөчөлүк берет. «Финалга чыгуу жетишкендик эмес. Чечүүчү беттеште болгон аракетибизди жумшашыбыз керек»,- деп айтат өзү.

«РЕАЛДЫН» РЕАЛДУУ КҮЧҮ

Азыркы «Реалдын» күчтүүлүгү өзгөчө болуп жаткан маалы. Бул клубду Роналдунун «Реалы» деп айтып жатышса, эми Зидандын «Реалы» деп айтышат. Анткени команда бир жылдыздуу футболчудан көз каранды болбой, командалык оюну менен өзгөчө таасир калтырууда. Жыл өткөн сайын Криштиану Роналду күчтүү боло албайт, бирок Зидан бул маселени да чечип койду. Португалиялык футболчуну эң керектүү оюндарда негизги курамда чыгаруу жетиштүү. Алгач сезондун башында буга нааразы болуп келсе, эми Роналду Зиданга ыраазычылыгын билдирип жатат. Падышалык клуб бир канча жылдардан кийин кайрадан Испан чемпиондугун багындыра алды. Муну менен Месси баштаган «Барселонадан» чындыгында мыкты боло алгандыгын далилдей алышты.
Чемпиондор Лигасынын жаңы тарыхында аталган мелдешти эки жылы катары менен жеңген бир дагы клуб болгон эмес. «Реал» футбол тарыхында жаңы барактарды ачып, жаңы рекорд койгонго шарт түзүлдү.

«АЛТЫН ТОПТУН» ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛЕТ

Адатта Чемпиондор Лигасын кайсы команда жеңсе, ошол клубдун мыкты футболчусуна «Алтын топ» ыйгарылат. Демек, бул оюнда дүйнөнүн мыкты футболчусу ким болот деген суроого жооп табылары анык. «Реал» жеңип кетсе, албетте, Роналдунун кезектеги «Алтын тобуна» күбө болобуз. Ал эми «Ювентус» утса, Игуаин же Дибала эмес, Жанлуижи Буффондун мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

ЗИДАН ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ ОЮН

Учурдагы «Реалдын» машыктыруучусу Зинедин Зидан үчүн бул финал өзгөчө сезимдерди тартуулайт. Анткени дал ушул «Ювентуста» Зидан мыкты оюнчу болуп өскөн. Ал жалпы 5 жыл «Юведе» (1996-2001-жылдары) ойноп, 2 жолу Италия чемпиондугун жеңген. 1998-жылы «Алтын топту» туриндик клубда ойноп жүргөндө багынткан. «Реалга» 2001-жылы кошулуп, 2006-жылга чейин ойногон. Бул клуб менен Испан чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын бир жолудан жеңген. «Мен үчүн эсте калчу учур. «Ювентус» жүрөгүмдүн бир бөлүгүндө орун алган»,- деп билдирет ал.



Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
05.06.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ювентус Реалга туруштук бере албай койду!Буффондун настроениеси"носкиде".1-4 эсебинде оюн бутту.Реал чемпион!
05.06.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал чемпион болду уже
05.06.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллегри Зиданды чочутпай эле Зидар Алегрини чочуттуго
06.06.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ювентус биринчи 45 минутада жакшы оюн көрсөттү, андан кийин өзлөрүн таштап салдыбы айтор ойной албай калышты. РЕАЛ АР ДАЙЫМ БИРИНЧИ)))
07.06.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin_superstan озубуздун футболдук клубдар,футболчуларыбыз жонундо деле макала жазгылачы сураныч мисалы Ислам Шамшиев,Ильяз Алимов ж.б
07.06.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал ардайым жеңип келген
09.06.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роналдосуз реал реал боло алабы.силерлин оюнар?менимче анда Бейлдин авторитети бир кыйла жогорулайт.
29.08.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ювентус богот койбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо