ФИНКА БАНК ДАГЫ ЖАКЫНДООДО

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

FINCA банк май айында Бишкекте дагы бир аманат кассасын ачып жана Канттагы аманат кассасын ыңгайлуу жерге көчүрүп, дароо эки салтанатты өткөрдү.

Эми Бишкек шаары, 7-кичи району, Токомбаев көчөсү, 53/2де жайгашкан («Глобус» гипермаркетинин жаны) FINCA банктын кеңсесинен акча алуу же которуу, акча алмаштыруу, төлөм терминалын колдонуу, депозит ачуу жана насыя алуу мүмкүндүгү түзүлдү.
Банктын Кант шаарындагы 20 жылдан бери иштеп жаткан аманат кассасы шаардын дал борборуна – Ленин көчөсү, 68ге көчүрүлдү. Жаңы кеңсенин ачылыш аземинде банк башкармасынын төрайымынын орун басары Кай Ильм белгилеп кеткендей, жаңы кеңсе банктын өнүгүшүнүн жаңы кадамын чагылдырып турат:
– Биз көрсөтүп жаткан кызматтарыбыздын түрлөрүн көбөйтүп жатабыз жана бул жерде, Кант шаарында да биздин бардык кызматтарыбызды: насыя алуу, депозиттерди салуу, эсептешүү эсептерин ачуу, акча которуу, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонууну сунуштайбыз.
Ачылыш аземдери кардарлардын, банктын өнөктөштөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болду. Банк менен мурдатан бери кызматташып келген кардар жана бул салтанаттын мейманы Чынаргүл Жекшенбаеванын айтымында, кызматкерлердин меймандос мамилеси анын 2010-жылы FINCA`ны тандап алуусуна себеп болгон.
Ал эми FINCA банк башкармасынын төрайымы Маргарита Черикбаева:
– Жаңы түзүмдүн ачылышы биз үчүн жаңы жеңиш, банктын туруктуулугунун, өнүгүшүнүн жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымыбыздын далили. FINCA банктын жалпы жамаатынын, акционерлерибиздин жана насыя берүүчүлөрүбүздүн биримдигинин, ак ниеттүү эмгегинин натыйжасында биздин ишенимдүү өнөктөштөрүбүз, сиздердин колдооңуздар менен жана, эң башкысы, кардарларыбыздын бизге болгон ишениминин натыйжасында ушундай жеңиштерге жетип жатабыз,- деп белгиледи.
Эскерте кетсек, FINCA банктын бүткүл өлкө боюнча бардыгы болуп 70тен ашык тейлөө түйүндөрү бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
05.06.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер канчасын кургаттынар
07.06.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rruslan88, туура айтасын
07.06.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым ушулардан кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо