Бактыгүл Бадыева: "КӨП ЧОКУНУ БАГЫНДЫРГЫМ КЕЛЕТ. БИРОК МЕН ҮЧҮН 1-КЕЗЕКТЕ ҮЙ-БҮЛӨ"

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

– Бактыгүл, саламатсыңбы? Өтүп кеткен туулган күнүң менен! Кандай тостуң?
– Рахмат. Туулган күн менин жакшы көргөн майрамдарымдын бири. Узаткан ар бир жылыма ыраазы болуп, кийинки жылды Кудайга рахмат айтып тосуп алам. Кудай берген жашты жашап, жыл өткөн сайын ар бир бырышыма сүйүнүү мен үчүн чоң бакыт. Достошконду жакшы көргөн, достукту баалаган адаммын. Жыл сайын өздүк майрамым досторумдун курчоосунда өтөт. Бул сапар да салт бузулган жок.

– Үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыгыңда бир аз тыныгуу болду. Эми жаңы дем-күч менен кириштиң окшойт...
– Чыгармачылыкта жүргөнүмө быйыл 13 жыл болду. Албетте, 13 жыл ичинде тыныгуу да болду. Тыныгуу болгондо чыгармачылыгымды капка салып оозун бууп, өзүм таптакыр башка аралга кетип калган жокмун. Дайыма сахналаш досторум менен катташып, алардын жакшылыктарында, меникинде чай ичишип жүрдүк. Бирок сахнага чыгып ырдоо деген башка экен. Сахнанын күчүн, кудуретин сагындым. Күйөрмандардын кол чабуусу, алардын көздөрү, жылмайганы ырчыга кадимкидей дем берет. Кээде түшүмдө сахнада ырдаган да учурум болду. Жан дүйнөсү чыгармачылык менен байланган адам сахнадан кете албайт экен. Тыныгууда жүргөнүмдө 2-3 ыр жаздыргам. Бирок купулума толбогондуктан элге чыгарган жокмун. Азыр дагы бир жаңы ырым даяр. Дароо клип тарттырсамбы же аудио форматта коё берсемби деп ойлонуп жатам. Андан сырткары Гүлнур Сатылганова эжем экөөбүз дуэт жаздырдык.

– Элибизде "бала – бакыт" деген жакшы сөз бар. Бакытың тууралуу айтып берсең...
– Улуу кызым Ширин үч жарымда, кичинекейим Эркеле эки жарымда. Ширин атасына окшоп токтоо. Эркеленин мүнөзүн мага окшоштурам. Каякка барбасын баары менен күлүп-жайнап саламдашат, кетип бара жатканда ар бир киши менен "пока" деп коштошот. Урушуп койсоң бир аз таарынат да, кайра бат эле күлүп калат, анан ким менен болбосун тил табышып кетет. Сүйлөшүп алгандай улуусунун келбети чоң атасына, кичүүсүнүкү чоң энесине окшош.

– "Бактыгүлдүн бала багуучусунун айлыгы 1000 доллар экен" деп айтып жүрүшөт, ушундайбы?
– Ага жетпейт (күлүп). Бала үчүн эч нерсе аябайбыз го. Албетте, ар бир ата-эне баласынын жакшы каралышын каалайт. Бала багуучубузга өзү талап кылган маянаны төлөп беребиз.

– Чыгармачыл айымдарга үй-бүлөсүнүн колдоосу өтө керек эмеспи. Кайрадан ырчылыкка бет алышыңа жолдошуң кандай карады?
– Жолдошумдун "ыр жаздырып, клип тарттыр. Күндүз бардык жумуштарыңды бүтүрүп алганга жетиш" деген талабы бар. Ошондуктан гастроль, той-топур деген тема жабык. Эртең менен баарыбыз жумуштарыбыз менен чыгып кетсек, кечинде саат 7де баарыбыз чогулуп калышыбыз керек. Эгер белгиленген убакыттан кийин да жумуштарым болсо, анда ал жерге жолдошум экөөбүз чогуу барабыз.

– Жаңы турмушка чыкканыңда "кайын журтум "үй-бүлөңдү чыгармачылыгыңа аралаштырба" деди" деп алардын сүрөтүн берген эмес элең. Азыр алар да ырчылыгыңды колдоого алышкан өңдүү...
– Алар бардыгына туура көз-караш менен караган түшүнүктүү адамдар, алардын мага айтылган сөзүн түшүнүү менен кабыл алам. Ырчы айымдар үчүн кайын журттун колдоосу өтө керек. Эки апам тең менин аткаруумдагы "Энекем" деген ырымды жакшы көрүшөт. Буюрса, эстеликке ушул ырымдын клибине 2 апамды тартсам деген ниетим бар.

– Бактыгүл Бадыеваны келин катары кандай элестетсек болот?
– Азырынча кайын журттан сын уга элекмин (күлүп). Биринчи барган күнү эле өз үйүмдө жүргөндөй болгом. Апам менен атамды да өз ата-энемдей көрдүм. Алар дагы мени кызындай кабыл алышты. Айрым кайненелер келининин жасаганын жактырбай, үстөккө-босток сын айтканын билем, биздин мамиле эне менен кыздыкындай. Ушул мамилени өмүр бою сактаганга аракет кылам. Баласынын кийими таза, курсагы ток, үйү жыйналуу болсо, эч бир кайнене жөн жерден келинине тийишпейт болуш керек. Жолдошума, өзүмдүн апама сөз тийбесин деп турам.

– Жолдошуң кыздарына кандай ата, үйдө кандай кожоюн? Балким, жөн жерден майрам уюштуруп жиберген романтик...
– Жолдошум жумуштан чарчап келгенине карабай дайыма кыздары менен ойнойт, ар бирине өзгөчө кам көрөт. Кыздарым да атасын сагынып, издеп турушат. Ооба, жолдошум романтик. Таанышканыбызга 2 ай болгондо туулган күнүм болуп, 1001 роза белек кылган. "Көп го?" десем, "бир кутулуп алайын дедим, башка күтпө" деп тамашалаган. Азыр майрамдарда гана эмес, мындай күндөрү деле "сага көптөн бери гүл тартуулай элекмин" деп гүл көтөрүп келет. Капыстан оозумдан чыгып кеткен сөздү деле кээде романтикага айлантып жиберет. Мисалы, бир күнү бет майым түгөнүп калып, "жок калган турбайбы" деп сүйлөп алгам. Ошол күнү мен такай колдонуучу фирмадан "сиз биздин дайымкы кардарыбызсыз, бет май утуп алдыңыз" деп алып келип беришти. Мен ишенип алыптырмын, көрсө, жолдошум акчасын төлөп буюртма бериптир.

– Жакшы. Ишиң аркылуу чет жерге көп каттап жатасың, эмне ойлонтот же кубаныч тартуулайт?
– Акыркы убакта Москвага көп каттап жатам. Ал жакта Кыргызстанда жүргөндөй эле болом. Көчөдө кезиктиргенден башка, кафеге кирсем дагы, мейманканага баш баксам дагы тейлөө кызматындагылар жалаң кыргыздар. Ак эмгеги менен акча таап жанын багып жатышканына бир чети сүйүнөм, бир чети өз өлкөбүздө жумуш жок, ага-тууган, бала-чакадан алыс жүргөнүнө өкүнөм.

– Келечекте сени башка тармактан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?
– Чыгармачылык, ишкерлик менен эле кетем го. "Генералдыкты эңсебеген жоокер жок" дегендей, Эл артисти наамына жетүү ар бир ырчынын кыялы болсо керек. Мен деле көп чокуну багындыргым келет. Бирок мен үчүн эң биринчи кезекте үй-бүлө. Аялзаты бул жашоого бала төрөө үчүн келет экенбиз. Көп балалуу болуп, аларды жакшы адам кылып тарбиялоо, мыкты билим берүү жолдошум экөөбүздүн эң негизги милдетибиз деп билем.

– Рахмат маегиңе. Ишиңе ийгилик!

"Күнүгө кыздарыбыздын ар бир кылык-жоругун айтып, жаңы үйрөнгөн сөздөрүнө бир сыйра каткырып алабыз".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(59)
05.06.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматсыз ичинд кири жок айымсыз!бактылуу болуңуздар!
05.06.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жаш баланы алдагандай интерьвюююю го??? Видеосу жок.
05.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшынакай эле экен жолдошу.Эки дуйно бактылуулук каалайм...
05.06.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sen ozundu bilip alchy myshyk maiga jetpei sassyk deptir Baktygul Badyievanyn yrlary kee bir yrchylardykynan maaniluu lichno men sizdin chygarmachylygynyzdy koldoim eger mumkun bolso siz menen vatsap arkyluu suiloshsom kandai deisiz menin vatsap nom 0773 86 43 90 atym Dinara.
05.06.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гулнур Сатылганова мн кантип дуэт ырдайт экен.Биринин уну бар,бириники жок.
05.06.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ырдап не кылат,бирок мага жагат ырлары, томпойгон жонокой ОЗУ, уй булоону биринчи орунга койгону чокуну багынтканыда
05.06.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ырчылардын жашоосу эле уумуш.анан дагы озулорун супер келин кылып коюшатго.кантип жктишесинер уйроткулочу.байларга тийип алсанар конечно бала багуучу.домработницанар болсо анан супер келинка болуп чыга келесинер да.
05.06.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Менин эн жакшы коргон ырчым Бактыгуль!Уй булонду биринчи орунга койгонун эн туура!Мен да сен менен тен экенмин менин 5 балам бар!Мен да бактылуу аялмын!Болгону ырчы эмесмин!
05.06.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азаматсыз!!! Алкыш! Ар бир созу орундуу,мааниге ээ. Чын дилден суктандым, жолдошу экоо тен жузунон нур тогулуп турат,жакшынакай кыздары турат. Аллахым бактынызды боксортпосун.
05.06.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалык сизди жакшы коргондуктон 6-7-класста пломастер мн сиздин суротунузду тартып(оюмда оккшош тимеле) сиз катышкан концертке барып,бирок, жаныныздан корсом да жолугуп кол койдуралбагам, Сыйлайм.
05.06.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Suranyp atyp interview aldyryp alyp negativ interviewnar emne ushul kyrgyzdar aman ele bokoluchu. Kuioosu en ele soonun jigit eken biri birine para. Uibulooluk bakyt Baktygul.
05.06.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгулаа кол кармашкан эки жаш
05.06.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай сыйлайм Бактыгул эже бактынызга коз тийбесин кыздарыныз татыктуу балалыкта чоноюшсун ишинизге ийгилик адамгерчилиги аябай жагат интервьюнузду коптон куткон элем
05.06.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото жонокой... мазмундуу суйлогон...
05.06.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула. Чон эмес сегиз жаш аралыгы. 25 жаш чон го тийип атышпайбы. Окшош экоо бири бирине бактылуу болсун.
05.06.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эл артистигин кээ бироолорго окшоп сатып албасан, унуно берилиши кыйын. Унун жок, Гулнур эже экоонукун салыштырайлычы... короорбуз.
05.06.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз кыргыздар сындаганга аябай устабызда.Жон гана бакыт каалап койгонду качан уйронобуз.Бактылуу болунуз,ушул жашоонузду Аллах кут кылсын...
05.06.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне иш кылат болду экен? Москвага тез-тез каттайм дептир. Мага жагат. Ичинде кири жок экени коздорунон эле билинет. Коз тийбесин.
05.06.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн жакшы маек болуптур. Мага жакты коп эле ырчыны ,сахнага келбей эле койсон,унутулуп деле калдын дейт элем,Бактыгулго Антип айтканга ооз барбайт. Тетирисинче,сагынып калгандайбыз. Ал Эми куйоосу кандай корунот,кимдин иши канча . Бактылуу болсо болду да. Силерден оокат сураваса болду да. Ийгилик. Кыздарын менен бактылуу бол.
05.06.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аксакал канчанчы жылкы?
05.06.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосу канчанчы жылкы болот?
05.06.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласын мен деле бакмакмын 1000доллар берсе
06.06.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактыгул сиз дайыма элдин эсиндесиз уй-булонузду биринчи орунга койгонунуз жакшы ырдабай эле коз тийип соз тийип кетиши мумкун бактылуу болунуз
06.06.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар. Жонокой уй-було экен Алла ыраазы болсун жараткан Алла озу колдосун!
06.06.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул качан эрге тийди, хит болуп кетти эле го
07.06.2017. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактыгул да азамат турмушка чыгып ызы чудан алыс журот, бактылуу болсун! Ырлары жагат уну бар эле суйлойт десе Эле суйлой бересинер,
08.06.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз
09.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактыгул молодец кудай сага унду дагы сулуулуу дагы аябай берген. Сени сахнадан кайра кутобуз
10.06.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жагат ушул ырчы айым тообо кылдым кээ бирлер бакыт каалап койгонго да жарашпайт кайдагы негатив создорун жазып колунардан келбесе унчукпай эле койгулачы
10.06.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптүү сулуу болсоңчу,бактың да сулуу болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо