№761 2-8-июнь, 2017-ж.
Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго Башкы прокуратура тарабынан 29-май күнү кылмыш иши козголду. Буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдары негиз болуп берген. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, эки эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси "коррупция" боюнча иш козголгон. "Алар өкмөттө иштеп турганда 2009-2015-жылдары "Унаа сыноо станциясы" ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган" деп айыпталууда. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |