ЯПОНИЯДА РЕСТОРАНДЫ КАРМАГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТ

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Асылбек Асаналиев учурда Япониянын Цукуба шаарындагы рамён (япон тамагынын аталышы) ресторанында администратор да, башкы ашпозчу да болуп иштеп жатат. Бул тармакта ал Япониядагы жападан жалгыз кыргыз. Ал жетекчилик кылган ресторан бир канча жыл катары менен Япониядагы 600 миң рамён ашканасынын ичинен эң мыкты даамы жана тейлөөсү боюнча биринчиликти алдырбай келет.
– Асылбек, Японияга келгениңе 5 жылдын жүзү болуптур. Алгач акчасы жок студент болуп келген жигит кантип жашап кетти экен?
– Мында келгенимдеги максатым – маданият таануу, жер көрүү, тилди өнүктүрүү болчу. Алгачкы жылдары каражат жагынан кыйла оор болду. Окуу программасынын жардамы, албетте, жашоомо жетмек эмес. Ошондуктан өзүмдүн арабамды өзүм тартууга туура келди. Келгенге чейин япон тилин өздөштүрүп сүйлөп калгандыктан, бул жердеги окуумдун изилдөө багыты – чет элдиктер үчүн япон иероглифтерин үйрөнүүнүн оңой усулдук ыкмалары эле. Жыйынтыгында бул ишим боюнча ийгиликтүү презентация жасап бүтүрдүк. Ал ортодо өзүмдү багуу үчүн иштей баштагам.

– Алгачкы ишиң кайсы болду?
– Ишти көп караштырып издедим. Кафе, ресторандарда япондорду алабыз деп туруп алышты. Кийинчерээк өзбек досум шаардын орто ченинде япон рамён ашканасында орун бар экенин айтып, барып көрүүнү сунуштады. Ал ашкана азыр мен иштеп жаткан ресторандын филиалы болчу. Ага чейин кызыкчылык үчүн япондордун тамактарынын түрлөрүн жеп көргөм. Себеби келгенден тарта эле бул жактын тамагына көнө албай кыйналып, тоюп-тойбой жүрдүм. Рамён тамагын да жегем, бирок даамы жакпай калган. Ал эми мен иштеп баштаган "Кигенмон" ашканасындагы тамактардын даамы мага ачылыш болду. Бул жерде даамдар кылдат иштелип чыкканын түшүндүм. Дароо жакты, баа бердим. Тейлөө кызматы да бийик деңгээлде экен. Андай даамдарды башка ресторандар кайталай албайт.
Буюрса, Кыргызстанга барганымда рамён ашканасын ачам деген максатым бар. Себеби мен иштеген ашкананын даамдары кыргыздардын табитине туура келет жана жакшы жаңылык болот деп ойлойм.

– Окууңду аяктагандан кийин жумушуңду таштап, кайра Кыргызстанга кеттиң да?
– Ооба, бирок өзбек досум экөөбүз жакшы иштегенибиз үчүн ресторандын кожоюну бизге ыраазы болуп, "эгер кайра келсеңер, ишке алам, жардам керек болсо айткыла" деди. Кетерибизде бирден жаңы ноутбук белек кылып, байланышып туруубузду айтты.
Кеткиче мугалимдик кесипке окута турган атайын мектепти издеп таап, сүйлөшүп, окууга тапшырып, Кыргыз жергесине келип чакырууну күттүм. Ал жактан кабар болгуча деп чогулткан бир аз акчама "Дордой" базарынан орун алып, "Гамбургер" тез татым түйүнүн ачтым. Аны жасоо ыкмасын, курамын Японияда жүргөндө ирандыктардын кафесинен үйрөнгөн элем. Ошол тажрыйбам боюнча жаңылык кылып жасай баштадым. Кийин чакыруу келген соң аны жабууга туура келди. Бирок мектептеги окуунун бир жылдык акысы 7 миң доллар болгондуктан, андай чоң акчаны кайдан табам деп ойлодум. Бөлүп төлөйүн десем, толук төлөө керек экен. Ошентип "келем десеңер жардам кылам" деген ресторан ээсине кайрылууга туура келди. Аны менен байланышканымда, "окуу акысын төлөп берейин, акчасын менин ресторанымда иштеп кутула бересиң" дегенинен сүйүнүп макул болдум. Ошентип Японияга кайтып, мугалимдик окуум менен рамёндогу жумушту кошо алып кеттим.

– Канча убакыттын ичинде башкы ашпозчулук даражага жеттиң?
– Жарым жыл өткөндөн кийин башкы ашпозчулардын жанында иштей баштадым. Ресторандын ээси "ички ашкананы өздөштүр" деп тажрыйбасы менен бөлүшүп, сырларды үйрөтө баштады. Бара-бара тамактын даамын чыгарганды өздөштүрүп, андан көп өтпөй ашпозчу катары талаптарга жооп берип калдым. Ошону менен ашкана өнөрүнө баш-отум менен кызыктым.
2014-жылдан бери администратор жана башкы ашпозчу же япончо айтканда "тенчо" болуп иштеп жатам. Тенчо – ресторандын тамагынан баштап, кызматкерлерди жана тейлөөгө чейин көзөмөлдөйт. Ар бир тамактын даамын тенчо чечет. Жаңы тамактардын түрүн бекитет.

– Сен жасап жүргөн рамён тамагы тууралуу түшүндүрө кетсең.
– Рамён – лагман сыяктуу камыр тамак. Өзгөчөлүгү – түркүн даамдарга жана даярдоо ыкмаларына бай. Ашпозчу болуп иштеп баштагандан бери рамёндун түркүн даамдагылары менен кардарды таң калтырып, кайра-кайра келгидей кылуу аракетин көрүп келем. Рамён – бул искусство. Тамактын негизи сөзсүз кесме. Бирок анын соусу, шорпосунун курамы, эти жана башка майда-чүйдөсү өзгөрүлмө, ушул жерден болгон чыгармачылыгыңды жумшай аласың.

– Ресторандын менюсу, жамааты тууралуу кыскача айтып өтсөң?
– Менюда учурда рамёндун 25ке жакын түрү бар. Анын ичинен 7 тамакты мен өзүм иштеп алып чыктым (автордук тамактар). Меню убакытка жана сезонго жараша бат-бат өзгөрүп, аба ырайына жараша ыңгайлашып турат. Кол астымда 30 киши иштейт.

– Асылбек мырза, бул жакта иштеп жатканыңда окууга келген мекендештерди дагы жумушка алганың белгилүү.
– Ооба, окууга келген мекендеш студенттердин жумасына бир канча саат иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошол себептүү кыргыздарды жумушка алып, аларга жардам болсун деп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип келем. Буга чейин мени менен иштеп кеткен кыргыздарга рахматымды айтам.

– Нике кайып буюруп япон кызы менен үй-бүлө курупсуң...
– Бул мен үчүн күтүлбөгөн, бирок тагдыр буюрган нерсе болду. Себеби Японияга келгенде ушул жерден үйлөнөм деген ой дегеле келбептир. Ашпозчу болуп иштеп жүргөн кезимде чогуу иштеп жүргөн япон кызына көңүлүм түшүп, ашык болдум. Убакыт өткөн сайын экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калганын түшүндүк. Азыр Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарындабыз.
Келинчегимдин ата-энеси түшүнүктүү кишилер. Экөөбүздүн ортобуздагы мамилени баалашат. Үйлөнүү салтанатыбыз Кыргызстанда, кадимкидей чоң той менен коштолуп өткөн. Тойго Япониядан кайын ата-кайын энем келип, жерибиз, элибиз, салтыбыз менен таанышып, сыйыбызды көрүп кетишкен. Учурда бир кызыбыз бар.

– Келечекте кайдан орун-очок алсам дейсиң?
– Албетте, өз мекенибизден, Кыргызстандан. Буюрса, үй-бүлөм менен Ата Журтума көчүп барабыз.

– Маегиң үчүн чоң рахмат, тилегиң ишке ашсын!

"Рамён – бул искусство. Тамактын негизи сөзсүз кесме. Бирок анын соусу, шорпосунун курамы, эти жана башка майда-чүйдөсү өзгөрүлмө, ушул жерден болгон чыгармачылыгыңды жумшай аласың".


Япон жубайы жана кызы менен.


Айбек Байымбетов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(47)
05.06.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсын байке. Сиздей жигиттер коп коп болсун.
05.06.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы аты ким болду экен а ? Кыргыздын атыбы япондун аты коюлганбы ?
05.06.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
banditka, Гүл Ли экен))))
05.06.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
fanatkg, боорду эздин го
06.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
fanatkg, )))))) Ой куло берип жыргадымго
06.06.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatkg,Япондордо Ли деген ысым же фамилия жок
05.06.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай баракелде!Азаматсын!Кайсы жердин кулуну экенин да жаза кетпепсинер да,кызык да.Мейли эми,неси болсо да ишине ийгилик!
05.06.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат, ишиңе ийгилик каалайбыз..
05.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат экенсиз. А то кыргыз кыздары кытай корей жана негрлерге турмушка чыгып жылдыз болуп жатса мына биздин кыргыз агабыз деле япон кызын бизге жене кылып отурат.
05.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Москвадагы кыргыз кыздарды жазбай эле койоюн албетте баары эмес.
06.06.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ady-88,Тоо десе Бээ деп жазып алыпсын го...
05.06.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Япондордун гени кучтуу болот эле, бул жигиттин кызы озуно окшош экен
05.06.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123456kunduzmederalinur,япондорго эле окшоп турат кызы
06.06.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олко калкынын 99% япондор деп айтылат го статистикада...
05.06.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ко ни чу ва.
05.06.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иии келинчеги жакшынакай экен
05.06.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ,эмгекчил аракетчил экенсинда.
05.06.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргыздан башка куруп калыппы тат мата дегендер кайда жүрөт ! Кыргыз кыздары башкага тийсе каргап шилеп жибересиңер! Япон кызына үйлөнгөн байкеге эмнеге унчукпай калдыңар???
05.06.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Sarana,кайра мактап атпайбы азаматсыз дер))))
05.06.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sarana,кыргыз тийсе кыргыздын тукуму жоголот эркек уйлонсо балдарында кыргыздын каны болот кыргыз болот
06.06.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
audi80,чушь апасы кандай тарбияныздын берсе ошондой болот,японка кыргызча тарбиалабайт, тем более раз в год приезжает
07.06.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
rizolda, не кытайга же негр тийген кыргыз кыз баласын кыргызча тарбиялайбы
06.06.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sarana,бир кыргыз кызы эрсиз калат или негрге тиет
05.06.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
азамат бирок аялы кыргызча суйлосо аны эч ким япон дебейтго бактылуу болгула
05.06.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
телефонун кайдан тапсак болот, балам японияга баргысы келет эле ,мумкунчулук болсо суйлошот элем ,озу менен
05.06.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызы атасынынле кочурмосуго))
05.06.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mumu1986,аялы катуу суйот окшойт)
05.06.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыздар тийсе өлуп аласынаргоо жигиттер не кыргыз кызы тугөнуп калды беле сага
11.06.2017. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalguz_jan, Кыздар Башка улутка тийип Бактылуу жашасанар эчким Эч нерсе дебейт тушунсонор!? Анан тийбей эле ойношуп убактылуу кумарды деп боюнарда болуп калып, же иштей албай акыры ымыркайды торогон жеринерде таштап кетсенер кимдин зеени кейибейт айткылачы? Конечно баардыгы эмес бирок азыркы убакта Москва жергесинде аябай коп катталып жатат ошондой учурлар.....
05.06.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар башка улутка тийсе башкалардын тукуму болот эркектер башкадан алса кыргыздын тукуму бойдон калат эмнеси тушунуктуу эмес??кыздар кыргызга тийгенде гана кыргыз бала торолот..
05.06.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялы кыргызга окшош экен го бактылуу болушсун.мусулманка кылып алган болсо андан да жакшы болмок.
05.06.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Братан азаматсын! Чын журоктон кубандым! Бактылуу жашоо каалайм!
05.06.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келинчеги жакшынакай экен
05.06.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барат окшойм ака ишке альайсызбы деп))
05.06.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз тийсе , баланын гени бузулат. Эркек уйлонсо кыргыз болот! Ошол учун эркектер уйлонсо болот башка улутка.
06.06.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чооң рахмат силерге Супер.кг. Абдан сонун макала болуптур. Мекендештерибизди эмгекчилдикке, жаркын келечекке шыктандыра турган ушундай макалалардан көп-көп жазгылачы сураныч.
06.06.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индиялык кишини жактыргвн кызга асылып атынар эле го. Неге бул балага асылбайсынар?
06.06.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
romantic.girl,Себеби бул кишинин баласы кыргыз деп жазылат,а тигиники индус,айырмасы асман менен жердей
06.06.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар ким озу билет да,кимге тийип,кимге уйлонушун...
06.06.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat ekensiz! Boton jerde ishtep i shef povar bolup... Baktyluu bolunuz! Mekeninizge kaityp keliniz ui bulonuz m-n.
06.06.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит экен. Автордук тамактарды жаратууга дарамети бар чебер турбайбы....Алкыш....

06.06.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкенин изденуусу кыйын экен, ушундай кыргыз жигиттери кобойсун!
06.06.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
японбу, корейби же негрби иши кылып бактылуу болушсо болду да. Жашоо алардыкы го
07.06.2017. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир комментариди окуп борум эзилгиче кулдум, бала азамат ушундай кыргыздын эркектери коп болсо биздин кыздар башка улутка кетпейт бактылуу болгула
07.06.2017. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
supper ui bulo, baktyluu bolsun!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо