№761 2-8-июнь, 2017-ж.
Айгерим Расул кызынын бий жагынан да таланты бар экенин билчүбүз. Бирок эки жылдан бери Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда башкы балетмейстер, башкача айтканда, башкы бий коюучу болуп эмгектенип келе жатканын эми уктук. Айгерим ырчылык менен бийчиликти гана алып кетпестен, эми тасма айдыңын да багынтам деп билек түрө киришкенин айтты. "Буга чейин кинолорго тартылып калбадым беле. Айрымдардын "ырчы болгондон кийин ырдап эле жүрбөйт беле, киного тартылып эмне кылат?" дегендерин угуп атайын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайга тапшыргам. Быйыл окуумду аяктадым, эми мен диплому бар, билимдүү актрисамын. Мындан ары актрисалык жолумду улантам. Андан сырткары жаңы ачылган "Айхан" тобума ыр жаздырып, клип тарттырып жатам",- дейт ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
А Айгеримде талант жок, одни амбиции