№761 2-8-июнь, 2017-ж.
«Май айында көз жарсам, жай башталары менен ишке киришем. Анткени «Turkvizyon» сынагы ушул жылдын сентябрь айында Астана шаарында өтөт» деген Жийдеш 26-майда кыздуу болду. Ырчы учурдагы абалы тууралуу: "Бизде баары жакшы. 28-майда кызым экөөбүз үйгө чыгып келдик. Үйүбүз ымыркай жыттанып эле калды. Бул чеги жок бакыт",- дейт. Ал эми жолдошу, продюсери Андрей Доргай "кызым 50 пайыз мага, 50 пайыз апасына окшош" деп кубанды. Таланттуулар ымыркайга Адел деген ысым ыйгарышты. Наристенин өмүрү узун, ден соолугу бекем болсун дейбиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |