Асема Токтобекова: «ХАДИЖАНЫН ӨЛҮМҮ МЕН ҮЧҮН ЧОҢ СЫНОО БОЛДУ»

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Асема Токтобекованын актрисалык менен катар кинорежиссёрлукту аркалап келе жатканына бир топ болду. Бул жолку тасмасын тартуу учурунда кинонун администратору болуп иштеп жаткан Хадижа Исмаилова ат чаптырып бара жатып, кулап каза болгон. Окуяны Асема өзү айтып берет.

– Кандайсың, Асема? Хадижа Исмаилова туурасындагы чындыкты өз оозуңдан угалы дегенбиз. Хадижа чын эле тасма талаасында, киного роль жаратуу учурунда каза болдубу?
Хадижа мен тартып жаткан кинодо администратор болуп иштеп жаткан. Чыгармачыл топ cъёмкадан келгенде тамак-ашын белендеп, жатаканабызды даярдап, кыскасы, кем-карчыбызды жөнгө салып турчу. Негизи биздин кинодо ат колдонулган эмес. Ат минген эпизод да жок. Кырсык болгон күнү биз эртең менен саат 8де тоого чыгып, кезектеги тартуу иштери менен алпуруштук. Хадижа айылда үйдө калыш керек эле, бирок эмнегедир ал биз менен кошо тоого чыгыптыр. Анын тоого чыкканын деле билген эмесмин. Анткени тартуу талаасына 4 машина менен барган элек. Ал башка машинада барыптыр. Актёрлор съёмка кылып жатканда Хадижа ал жакта жүргөн аттардын бирин кожоюнунан сурап минип, чаптырып кетиптир. Көрсө, ат азоо экен. Биз анын ат минип кеткенин көргөн эмеспиз.
Кырсык болордон бир күн мурун жамгыр катуу жааган. Жер тайгалак болуп калса керек, адырдын ичине ат менен кошо тоголонуп жыгылыптыр. Өлүктү экспертизадан өткөргөндө адистер менен мен да жүрдүм. Эмне болуп каза болгонун билүү, далил мага да керек болчу. Анткени ким болбосун өзүн менин ордума коюп көрсө, бул нерсе өтө оор экенин түшүнөт. "Хадижа аттан жыгылыптыр" десе, колу-буту сынды го деп ойлогом. Машина менен алып кетели деп барганыбызда башка окуяга туш болдум. Буту-колу, денеси таптаза, башынан жаракат алыптыр. Ошондо мен нес абалында өзүмдү жоготуп коюптурмун. Хадижанын ат минип кеткенине бир жарым саат болгондо аттан жыгылганын уктук.
Менин оюмча, жыгылгандан кийин бир аз жатып калган. Төрт машина жолго чыгып, анын өмүрүн сактап калалы деп тез ылдамдыкта Кара-Балтага жетип келдик. Орто жолдон бир машинабыздын дөңгөлөгү ыргып да кетти. Башында бизге эч ким эч нерсе деген эмес. Көрсө, Хадижа жыгылганда эле каза болуптур. Бизге түшкө жакын угузушту. Себеби ал учурдагы биздин абалыбызды көрсөңөр бир башкача элек.

– Съёмка кайсы жерде болду?
– Тартуу иштери Панфилов районунун Кум-Арык айылынын тоолорунда болду. Жаштарды айылга үгүттөй турган кинобуз 10-майда тартылып баштаган, ошентип Хадижасыз 29-майда соңуна чыкты.

– Хадижанын туугандары сени күнөөлөшкөн жокпу?
– Алар менин эч кандай күнөөм жок экенин түшүнүштү. Жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылышса деле айтып беришет. Бул тууралуу бурмаланган маалыматтарды тараткан адамдарды сотко берем деп жатам. Анткени Хадижанын кинодон сырткары, киного тиешеси жок жерден каза болгондугу тууралуу далилдер көп.

Хадижа Исмаилова 1992-жылы туулган. Ал "Доктор Айболот" тасмасында, "10-канал" сериалында роль жараткан.


star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
05.06.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кырсык каш кабактын ортосунда.
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
05.06.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
жайы жаннаттан болсун жаш экен эле байкуш тооба
05.06.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Өзүнчө эле ат минип кайда кеткен экен? Ала качып кеткенго, ат жаман негизи минбегенге...
Жаткан жери жайлуу болсун!
05.06.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ажал келсе кайда жүрсөң да алып кетет. Хадижага аллах бейиштен жай берсин.
05.06.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура ажал жеткен,Асемада эмне куноо интервью сонун суйлогон,ишине ийгилик
05.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Хадижанын жакындарына Аллах сабыр берсин жана жаткан жери жайлуу болсун
05.06.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чооон эже окшойт десем,92-жылкы дйт го.
05.06.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азоо атты мингизип жиберген кожоюунга сурак кылдыбы??андай сыр билгилер аттардан абайлаш керектигин айтып эскертип алыс жакка жана чаап кетпешин айтып койсо эмне???
05.06.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыз баягы Доктор Айболот деген кинодогу улакчынын кызы беле же адаштымбы?
06.06.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dilbaranurdinova,оа туура соонун айткарган
05.06.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жаннатта болсун! Жаш экен эле. Жакындарына Сабыр тилеймин.
05.06.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун. Ото эле жаш кетиптир. Асема болсо,кино тартпай эле койсо. Сапатсыз кинолор ансыз деле бир КамАЗ.
06.06.2017. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,Асеманыкы жакшыеле го
06.06.2017. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема "Кокжалдын"продолжениесин чыгарасызбы?
06.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш кыз олоорун билбеген,эртен эмне болорун билбейбиз ар бир адам даяр болуш керек олумго,Хадижанын жаткан жери жайлуу болсун,бейиши жанаттан болсун!
06.06.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дегендей ушу ырчылар ырларын ырдап,актрисалар ролун аткарып журо беришсе дейм да.бул эмне деген онор ыя,колдон келсе да келбесе да тумшугун тыга берген корунгон жакка?Айгерим,Асема кино тартып,Самара дизайнер болуп,даже жамакчы болуп кетип,Анжелика ырдап,ун болбосо да...ар ким озунун колунан келген нерсе менен алектенсе онукмокпуз,мисалы Айгерим бийле,Асема роль аткар,Самара ырда,Анжелика алып баруучулук онорунду улант,бул мисал гана,андан башка примерлер толтура
07.06.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777,дааа туура айтасыз
08.06.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
surgeon777,четте турган сага баарибир эмеспи кандай кыйын экенсин бала бакчадан баштап Жогорку кызматтагыларга чейин коррупция, адилетсиздик тамырын жайган ошону тазала бирден жулуп. Ак мээнет кылган кишилерге асылбай.
10.06.2017. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sely,бээ десе тоо дейсин да..биякта коррупция,саясат,система жонундо соз болуп жаткан жок,ар ким колунан келген нерсе менен алектенсе олко онолот,ак эмгек дейсин,ошо мээнетин колунан келген онорго жумшап майын чыгара эмгек кылышсын,сапатсыз клип,кинолорду жык-жыйма кылыштын кереги жок...
06.06.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздын жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко,жайы жаннаттан болсун!
06.06.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кино эмес эле кыйноо болгон тура
06.06.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче ат сүрүп кеткен окшойт. Ата-энесине сабыр берсин.
07.06.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асема баары жакшы болот сизге ийгикик.
18.06.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы бейиштен болсун! Ата-энесине сабыр тилейм. Олум кары-жашка карабайт деген ушул экен да, окунучтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо