Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЕРДИН ИЧИ КӨҢДӨЙБҮ?

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

"Темиралы Кунашов Куранда Жердин көңдөй экендиги айтылат дегенди чечмелеп чыкты" дегенди угуп ага жолуктук. Ал "Ыйык Курандын эзотерикалык маселелери" деген китеп чыгардым. Баары, фактылары менен ошондо камтылган. Аталган китепти 28 жыл бою жаздым. Ал эми Куранды 30 жылдан бери изилдеп келем " деп маек курду.

Каарманыбыз 60 жашта. Убагында белгилүү молдо, аалымдардан билим алган. Кыргыз обондорун, залкар күүлөрүн гитарага салып чертип жүрөт.

– Темиралы мырза, "Жердин ичи көңдөй экендиги Куранда айтылат. Ага илимий далилдер бар" деп жаздыңыз. Анда фактыларды мисалга келтирсеңиз...
– Чынында, азыркыга чейин Жер үстүн мекендеген адамдар менен Жер астын мекендегендердин ортосунда түз байланыш жок. Антсе да Жер астындагы дүйнөгө кирип чыккан америкалык адмирал, авиатор Ричард Ивлин Бэрд (Бёрд) деген болгон. Ал Түндүк жана Түштүк уюлду изилдеген. 1947-жылдын 19-февралындагы Түндүк уюлга болгон кезектеги сапарында Жер астына кирип чыккан. Бул тууралуу өзүнүн күндөлүгүнө жазып калтырган. Күндөлүк "Борт журналы: Арктика базасы, 19.02.1947" деп башталат. Ошол күндөлүктүн кыскача мааниси мындай:
Саат 6:10до экөө учак менен обого көтөрүлүшөт. Саат 9:10до учактын приборлору баш аламан иштей баштайт. Муну Түндүк уюлдагы магниттик зонада болчу кадимки көрүнүш катары кабыл алышат да, күн компасынын жардамы менен курсту кармап уча башташат. Көп өтпөй тоо кыркасын, сууну, токойду, мамонтко окшош жандыкты, шаарды көрүшөт. Аңгыча учак өз алдынча башкаруусуз, эки тарабынан диск сымал учуучу аппараттар коштоп учуп баштайт. Саат 11:35те англисче "Биз сизди 7 мүнөттөн кийин кондурабыз" деген радио билдирүү келет. Жерге конушкан соң аларды бир жерге алып барышат. Анан радистти ошондо калтырышып, Бэрдди узун бойлуу адамдар өкүмдарына жеткиришет. Ал "Сиз жакшы адам катары Жер үстүндөгүлөргө кеңири белгилүү адамсыз! Сиз Жер алдындагы дүйнөнүн Арианна деген жериндесиз. Биз силердин расаңарды Япониянын Хиросима, Нагасаки шаарларында атом бомбасы жардырылгандан тарта эмне болуп жатканын билүү үчүн күзөтүп баштадык. Силер адамзатка кереги жок өзөктүк (ядерный) энергияны колдоно билүүнү үйрөнүп калдыңар. Силер менен байланыш жасаганга аракет кылсак, биздин учуучу аппараттарыбызды аткыладыңар. Силердин дүйнөңөрдү каары күч кара туман бир топ жылдардан кийин каптаганы турганын эскертип коюшум керек. Куралыңардан илимиңер коргой албайт. Антсе да кара тумандан расаңардын айрымдары тирүү каларына ишенем" деп Жер үстүнө чыгартып койгон. Ошентип Бэрддин учагы базага аман-эсен барып конгон. 1947-жылдын 11-мартында Бэрд Пентагондун кеңешмесинде көргөндөрүн айтат. Бирок ага билгендерин башкаларга айтууга катуу тыюу салышат.
1956-жылдын 30-декабрында Бэрд күндөлүгүнө "Менин саналуу гана күнүм калды. Мендеги сыр мени менен кошо кетпейт, качандыр бир кезде ачыкка чыгат" деп белгилеген.
Ошентип адмирал Түндүк уюлда Жердин ичине кирип чыккан. Мындан Жердин көңдөй экендигин түшүнсө болот.

– Бэрдден башка да Жердин көңдөйүн көргөндөр болгонбу?
– Болгон. Америкалык белгисиз учуучу объектилерди изилдөөчү доктор Франк Стренжес (Френк Е.Стрэнжез) бар. Ал 2006-жылы "Зайтен шрифт" журналына интервью берген. Анын берген маалыматтары мындай:
"Мен Түндүк, Түштүк уюлга да учкам. Мен көңдөйдү көрүү бактысына ээ болдум. Бэрддин эсеби боюнча, көңдөйдүн диаметри 2250 чакырымга жакын. Бирок Жердин ичиндеги адамдар чакырбаса, ал жакка кирүүгө мүмкүн эмес. Мен да кирген эмесмин. Алар ширеңкенин талындай нурдун жардамы менен учакты көңдөйдүн ичине кондура алышат. Бул учурда учактын мотору өчөт. Жердин ичинде мурдагы доордогу адамдар, йети сымалдар, цивилизациясы өнүккөн расалар жашашат. Борборунда турган Күнү бар. Жердин ичиндегилер күйүп кетпеши үчүн Күнүн булут каптап турат. 1945-жылы швейцариялыктар өз жериндеги тоодогу үңкүр-өткөөл аркылуу байкоосуздан барып, ал жакты көрүп кайтышкан. Жер алдындагы адамдар жүздөгөн жылдар өмүр сүрүшөт".

– Ошондо 2 дүйнөнү Жердин кабыгы тосмо катары бөлүп турабы?
– Ооба, анын калыңдыгы 300-600 чакырым. Картаны карасак, дарыялардын көбү Түндүк уюлду көздөй агат. Ага жеткенде музга айланат. Алардын канча бир өлчөмү эрип Жер алдындагы дүйнөгө агып кирет. НАСАнын серверинен алынган видеодо Антарктидадагы көңдөйдөн Түндүк уюл жаркырагы чыгып, Жер бетиндеги чоң аймакка шакекче түрүндө таралып жатканы көрүнөт. 1968-жылы америкалык метеорологиялык Эсса-7 спутниги Жерге таң каларлык сүрөт жөнөткөн. Анда уюлдагы көңдөй тартылып калган.

– Эми айтсаңыз, Жердин көңдөй экендиги Курандын кайсы сүрөөлөрүндө айтылат?
– Курандын 34-сүрөөсүнүн 2-аятында "Ал (Алла) Жердин ичине киргенди да, чыкканды да, асмандан түшкөндү да, ага чыгып кеткенди да билип турат. Кечиримдүү да, ырайымдуу да ал өзү!" деп айтылат. "Жердин ичине киргенди да, чыкканды да" деген сөз Жердин көңдөй экендигин билдирип жатат. Калганы периштелерге карата айтылган.
Ал эми Курандын 55-сүрөөсүнүн 17-18-аяттарында "Эки күн чыгыштын да Эгеси, эки күн батыштын да Эгеси. Силер экөөңөр Эгеңердин кайсы жакшылыгын жалганга чыгарасыңар?" деп берилет. "Эки күн чыгыштын да Эгеси, эки күн батыштын да Эгеси" дегенди Жер астындагы жана Жер үстүндөгү дүйнө болуп 2 күн батыш, 2 күн чыгыш бар деп түшүнүү керек. Демек, Алла Таала Жер үстүндөгү жана Жер астындагы эки калайыкка кайрылган. Өкүнүчтүү нерсе, Курандын орусча жана кыргызча котормолорунда араб тилиндеги экилик сан туура которулган эмес. Көптүк сан катары эле көрсөтүлөт. Бул Куран туура которулбай жатат дегендик.
Курандан тышкары кыргыздын "Эр Төштүк" эпосунда Эр Төштүк Жер алдына түшкөнү айтылат. Акыркы кылымдарда француз окулисти Жозеф Александар Сент-Ив д`Альвейдер, орус жана поляк саякатчысы, журналист Антоний Оссендовский, орус сүрөтчүсү, сценограф, саякатчы Николай Рерих да жер алдындагы дүйнө (Агарти) тууралуу жазып кетишкен.

Илгертеден сөз болуп келе жаткан жер алдындагы дүйнө – Агартини (Агарта) айрым эзотериктер мына ушундай көрүнүштө сүрөттөшөт.


НАСАнын серверинен алынган видеодо Антарктидадагы көңдөйдөн Түндүк уюл жаркырагы чыгып, Жер бетиндеги чоң аймакка шакекче түрүндө таралып жатканы көрүнөт.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(48)
12.06.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Фантастика го.Куранды да кошуп алганын.
12.06.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Илгери-молдо кожолор "жер тоголок" дегенди жиндиге, каапырга чыгарышчу эле. Жер деген тегиз, ал огуздун муйузуно илинип турат дешчу. Кун жерди айланып учат деп айтышчу... Качан илим-билим онуккондо гана молдо-кожолор пикирин озгортууго мажбур болушту. Ошондо да жер астында жашоо бар деген илгерки молдо-кожолордон дагы эле бар экендиги тан калтырды.
Revolyutsiya2 түзөттү 2017-06-12 12:05:17
13.06.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya2,молдолорду акылсыз ойлосонор озунорду ото акылдуу ойлойт окшойсунар э? Силер чала окумуш болупсунар, ал создорду молдолор айткан эмес. Жакшыраак билип окуп алып анан жазгылачы акылдуу болумуштар. Силер билбеген нерсени молдо аалымдар жакшы билет. Себеби ал Аллахтын тушургон Куран китебин окуп чыгышкан. Азыркы мен кыйын деген окумуштууларын изилдеп чыгып баардык нерсе 1400 жыл мурун Куранга жазылып калганына тан калып жатат. Кобуроок окуп, коп изденгиле, силер да тан калаарсынар?
13.06.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aygul777, молдолор айтпаса ким айткан?!! Абу али ибн Синаны да куугунтуктагандар кимдер?! Баягы эле молдо-кожолор да...
12.06.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Мен апенди тээ илгери болгон деп ойлочумун, менимче ар бир доордун апендилери болот окшойт го...
12.06.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ошондо же астында дагы жер болсо жер устундо да жер барбы ошондо
12.06.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
12.06.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жердин түгүндө ядро бар жок эле нерсени бар деп баары дабдырабасын жердин түбүндө мантия магма лава вулкан ушулар бар 1500 метрге түшкөндө ядродон чыккан каттуу титирөө бар ал тиирөгө эчким чыдап туура албайт.
12.06.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Яджуж маджуж деген жаман нерселер жердин ичинде жашайт деп уккам бул куранда жазылган экен алар бир кун келип жер устуно чыгат деп айтылат алар чыкканда жер устундо эч нерсе калбайт экен
13.06.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Orozbekadylzhanuulu, деп жазып койдун?!! Тообо, акыл калчабай эле баары жокко ишене берген адамдарга тан каламын. Эртен Атамбаев пайгамбар экен десе да ишенип аласынарбы?!!
14.06.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Patriot7, акмак болбочу яжуж мажуж деген шариятта кыяматтын белгиси катары айтылат. молдокелерден айланып кеткирлер асыла бербегилечи. Эки дениздин болунгонун, тоолордун жерге казык сымал сайылып турганын,курсактагы баланын кандай оорчушун, абага которулгондо атмосферанын кысуусун жана башка толгон токой ачылыштар Куранда жазылганын неге сайрабайсынар. Курандын илимин толук чечкенге азыркылардын чама чаркы жетпешин билесинер го.
12.06.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баарын убакыт корсотот. Он сегиз мин аалам бар экенин уккам. Адамдар козубуз менен кормойунчо ишенбейбиз, бирок башыбыз жетпеген нерселерди суйлогонду жакшы коробуз)). Баары болушу мумкун.
06.09.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikera1992, ооба он сегиз миң аалам бар аларды мындай түшүн: суунун ичинде 10миң аалам, кургактыкта 8миң аалам. буларга кайсылар кирет деген суроо туулат? адам өзүнчө бир аалам, кумурска өзүнчө бир аалам, аарылар өзүнчө бир аалам ж.б. аалымдардан уккам (Аллах Таала билүүчү).
12.06.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким билет, ааламдын сырлары көп, изилденип бүтө элек.
12.06.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тугундо эмес тубундо деп айтат кыргызда. Дабдырабасын деген соз жок. Балким далдырабасын деген соз.
13.06.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nurba.kubatovich, тоо десе бээ деп элди экиге болгрнлор тойгузду да. Диалект дегенди уккансынарбы деги айланайындар.
12.06.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жердин усту-астын тен кудай жараткан. Баардыгы болушу ыктымал.
12.06.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бэрддин күндөлүгүн таап окуп чыктым. Ааламда биз билбеген сырлар толтура.
12.06.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куранда айтылат 40 мин турлуу жашоочулар бар деп а биздин акылыбыз жетпейт андай нерселерге Ыйык куран бул жонокой китеп эмес баары так даана айтылган жазылган нерсени аныктап убара болбой жон гана туура окусак жетиштуу болот.
12.06.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
негедир аватар киносун элестетип кеттим
barsa30 түзөттү 2017-06-12 18:47:39
12.06.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динде Ыйык Курандан айтылат го жети кабат жер деп. Мумкун бул чындык, мумкун бул учурулган ордоктур. Бирок чындыгын бир гана Аллаh билет.
12.06.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жердин алдында кайдагы жашоо? ойлонушпайбы... 300-600 метр терендикте дейт, азыр ал терендикке чейин казып кирууго деле адамдын кудурети жетип турган кез. дениздин кээ бир жерлери андан да терен. мисалы Мариана чункуру 11000 метр терен. анда неге ал жактан корунгон жок
12.06.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
originalkgz96, 300 600 км , метр эмес
12.06.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
originalkgz96, 300-600 км дейт
12.06.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
болушу мумкун
12.06.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баары болушу мумкун. Биз комент жазып койгонго эле машпыз. Бул дуйнодо 18000 аалам бар деп айтылатко
12.06.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Аллах жоктон барды жаратуучу" - деп айтылатго, ким билсин? Бирок мен мифалогия катарында кабыл алам..Ал эми Ричарддын жер түбүнө киргени жөн эле түш болушу керек...англис тилин алар кайдан билмек эле..
16.06.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdyrashit.Satylganov,мен ишенем,Аллах улук,ал жаратуучу.Англ.кайдан билмек дейсин,сен барсан ошол уюлга сага кыргызча суйлошот,же Аллахтын кереметине ишенбейсинби?
12.06.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көзүбүз менен көрмөйүнчө ишениш кыйын бирок ошону менен бирге жалган деп да айтууга болбойт эң жакшысы башыбыз жетпеген ишке аралашпай эле койгонубуз оң бул чексиз ааламда бүт баары болушу мүмкүн
KG_studio түзөттү 2017-06-12 23:24:49
12.06.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Илим дегени океан болсо адам акылы бир литр банка сыяктуу. Канча аракет кылып сырларды ачам десе да банкага бир лтрден ашык суу батпайт. Бул ааламдын сырлары тугонбойт. Ойлонсон мээн чарчайт.Бирок бул учу кыйыры корунбогон укмуштуудай ааламдын соссуз бир Жаратуучусу бар экенине мусулман баласы ишенет жана тообо кылып жашайт. Ал жаратуучу Аллах. Ар бир жан олум даамын татуучу. Биздин жашообуз намазыбыз, суйуубуз,омурубуз жана олумубуз ааламдардын ээси болгон Аллах учун!
13.06.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
болушу толук мумкун он сегиз мин аалам бар дейт го
13.06.2017. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын илими биз окуган физиканын закондоруна көз каранды эмес да,адам баласы жердин асты эмес,үстүндөгү эле миңдеген сырларды баамдап билишке кудурети жете элек,жетпейт дагы,анткени пенде акылы чектелүү
13.06.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
атын чыкпаса жр орттоооооооооооооооооооооо)))))
13.06.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуга да ишенгендер бар экен да ботом
13.06.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер астындагы адамдардын америкалыктар менен байланышканынан эле көрүнүп турат бул нерсе жалган экендиги.
13.06.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен анча ишенбедим куранды окуган эмесмин бирок куйоом куранда айтат деп коп нерселерди айтып берет менимче куранда жердин асты деп биз олгондон кийинки жашоону айтса керек.
13.06.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жер алдында жашоо бар.Анткени кыяматка жакын адам тукумунан болгон яджуж маджуж деген эл жер бетине чыгат деп куранда даана айтылган.Алардын саны жер бетиндеги элден 99%коп болот.Ошолордун чыга турган дарбазасы Таласстын тоолорунда бар деп,арабдар келип изилдешкен.[moderated] ка кирсенер бар.
15.06.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanatt,адаптер кытайлар экен го жеиден чыкпайле басып барататко 99% эле болуп.
13.06.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пайгамбарыбыздын (с.а.в) убагында көк мээ каафырлар болгон пайгамбарыбыз ошолордун көзүнчө айды экиге бөлгөн ошондо да көрүп турушуп ишенишкен эмес сен сыйкыйрчысын деп... и азыркы замандагы көк мээ каафырларга таң калбай эле койсо болот фантастика,апендилер дагы деле бар тура,кайдагы жомок дегендерге...
14.06.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1


Според Джанини и Палмър, през февруари 1947, преди да се впусне в едно 2750км пътуване през Северния полюс, Вице Адмирал Бърд казал: "Бих искал да видя Земята отвъд полюса. Тази зона отвъд полюса е в центъра на голямата загадка."

Според някои от тях се вярва, че по време на полета над Северния полюс, адмирала предал по радиото, че долу няма сняг, а огромни площи земя с планини, гори и растителност, огромни езера, реки и животни, които приличат на мамути.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо