СӨГҮНҮҮ ЗЫЯНБЫ ЖЕ ПАЙДАЛУУБУ?

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

Жини келген учурда кимдин болсо да оозунан "кооз сөздөр" чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми айрымдар сөгүнүүнү өнөкөткө айландырып алышкан. Сөгүнүүнүн артында эмне жатат? Бул ден соолукка зыянбы же пайдабы? Кантип туура сөгүнүү керек? Бул суроолорго психолог Айзада Танаева жооп берди.

ЭМОЦИЯНЫ ЧЫГАРУУ


Сөгүнүү – бул ачуулануу, кубануу, нааразы болуу сыяктуу эле эмоция. Адам чочуп кеткенде, ачууланганда, бир жери ооруп кеткенде сөгүнөт. Ал организмдин коргонуу реакциясы. Мисалы, бирөө колун балка менен чаап алды да, сөгүндү. Ошол замат организмде ооруну басаңдатуучу эффект пайда болот. Кээ бир учурда аялдар төрөт маалында сөгүнүшөт. Демек, ал ооруну эмоция менен чыгарууга аракет кылганы. Психологияда эмоция ичте калгандан көрө сыртка чыкканы пайдалуу деп саналат.

КҮЧ ЖАНА БИЙЛИК


Адам сөгүнүү менен күчүн, бийлигин көрсөткүсү келет. Бул көп учурда жетекчилерге мүнөздүү. Нааразычылыгын узун жомок кылып айтып отурганга караганда сөгүү менен натыйжага тезирээк жетет. Статистика боюнча, аскер адамдары көп сөгүнүшөт. Аларга өзүнүн каалаганын майдалап түшүндүрүп отурганга убакыт жок. Сөгүнүү менен кыска жана так нааразычылыгын түшүндүрө алат.

КОРКОК ЖАНА ЫЗАКОР


Жашообузда эки сөзүнүн бири "кооз сөздөр" менен коштолгон адамдарды кезиктиребиз. Булар: өзүн кармай албаган, ызакор, өзүнө-өзү ишенбеген, агрессивдүү адамдар. Сөгүнүү менен алар ошол мүнөзүн жашырып, өздөрүн кыйын, күчтүү көрсөткүлөрү келет. Сөз байлыгы аз, оюн так түшүндүрө албагандар да көп сөгүнүшөт. Анткени аларга сөгүнүп түшүндүрүү жеңил.

УЯТ СӨЗДӨР


Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп же жалаң жыныстык органдарды кошуп сөккөндөр бар. Алардын чоң комплекси бар деп түшүнсөк болот. Андайлардын көп учурда жыныстык органдары ооруйт же жыныстык жашоосунда маселелери бар, же өздөрүнө ишенбейт. Аларга психологиялык жана сексуалдык жактан дарылануу талап кылынат.

СИЗГЕ БИЛҮҮ ПАЙДАЛУУ...

  • Сөгүнүү чынында сөгүнгөн адамга караганда угуп жаткан адамга терс таасир берет. Мисалы, күйөөсү сөгүнчөөк болсо, аялы уга берип көңүлү калып, күйөөсүнөн алыстап, кээ бир учурда таптакыр ажырашат. Ата-энесинен сөгүү жеген балдардын өзүнө болгон ишеними азаят. Жетекчисинен сөгүү жеген кызматкер ишин жек көрө баштайт. Ошондуктан бирөөнү сөгүп жатканда анын кийинки эмоционалдык абалын ойлогонуңуз оң.
  • Өспүрүмдөр чоңоюп келе жатканда бардык нерсенин даамын татып көрүшөт. Мисалы, алкоголдук ичимдик ичип, тамеки тартып, сөгүнүп, мушташып. Ата-энелерге "балам сөгүнүп баштады" деп чоң трагедия кылуунун кереги жок. Табигый өсүп-чоңоюп жаткан процесс катары карап убакыт берсеңиз, бала өз калыбына түшөт.
  • Кызыгы, дээрлик бардык тилде "энеңди..." деген сөгүнүү бар. Бирөөгө катуу тийиши үчүн анын талуу жерин кармоо керек эмеспи. Адамга энесинен жакын кимиси бар? Мындай сөгүнүү кимди болсо да чектен чыгарып жиберет. "Энең..." деп сөгүнүү ошондон калганын билсек болот.
  • Кээ бир учурда сөгүнүү каргышка өтүп кетет."Өлүгүңдү көрөйүн", "башыңды же", "ай талаада кал", "жетим" деген сыяктуу кептер адамдын энергиялык талаасын булгайт жана капа кылат. Ошондуктан бул сөздөрдү "тукумуң өс", "бай болуп кет", "бай болгур" деген сөздөр менен алмаштыруу керек.

КЫСКА ЖАНА КЫЗЫКТУУ

  • Дүйнө жүзүндө сөгүнүп сүйлөө боюнча орус тилдүүлөр үчүнчү орунду ээлешет. Ал эми экинчи орунда нидерланддар болсо, биринчи орунда англис тилдүүлөр турат.
  • Ырчы Филипп Киркоров журналистти сөккөнү үчүн нааразы болуп 700 радиостанция жана телеканал анын ырларын эфирден алып салышкан.
  • Германияда айдоочулар жол эрежесин бузганы үчүн эмес, тыгында калып сөгүнгөнү үчүн айып төлөшөт. Полиция кызматкерлери жол жээгинде туруп айдоочулардын сөгүнгөнүн угуп калса айып салышат.

СӨГҮНГӨНДҮ ТАШТАЙБЫЗ

1. Эң негизгиси "сөгүнүүгө болбойт, ташташым керек" деп ойлонбош керек. Анткени мээде болбойт деген нерсеге адам, тескерисинче, жабышып калары белгилүү. Жакшысы "мен бул сөздөрдү азыраак колдонгонум туура" деп өзүңүздү тарбиялаңыз.

2. Алгач кандай учурда көп сөгүнөрүңүздү байкаңыз. Машина айдап жүргөндөбү, тыгындабы же базарда аны-муну алып жүргөндөбү, же түгөйүңүзгөбү, балдар, достордун арасындабы, байкап көрүңүз. Анан ошол сизди сөгүндүргөн абалдан качканга аракет кылыңыз.

3. Сөгүнүү вирус сымал адамдарга жугуу касиетине ээ. Андыктан жакын жүргөн адамыңыз да сөгүнбөгөнү талапка ылайык.

4. Сиз кимден уяласыз? Чоң энеңизден же кызыңыздан, же сүйгөнүңүздөн? Демек, ошол адам ар дайым жанымда деп, аны көз алдыңызга элестетсеңиз да сөгүнүүдөн арыла аласыз.

5. Өспүрүм балдар өзүн "крутой" көрсөтүү үчүн көчө сөздөрүн колдонушат. Ал тургай өз ара ырларды да чыгарып алышкан. Мына ошол таасирден алыс болууга аракет кылыңыз. Сөгүнүү менен коштолгон кино, сериал көрбөй, музыка укпай койгон оң.

6. Позитивдүү ойлонгонго аракет кылыңыз. Майда-барат нерсеге нерв коротуп, сөгүнүп-сагынуудан эч пайда жок. Жумушка кечигип калгандан, сизди шефиңиз сындап койгондон дүйнө аңтарылып кетпейт.

7. Сөз байлыгы аз адамдар оппонентинен жеңилип бара жатканда сөгүнүп башташат. Мындай абалда калбаш үчүн дүйнө таанымды, сөз байлыкты өстүрүңүз, китеп окуңуз. Каршыңыздагы адамды сөкпөй эле, сөз менен "отургузуп" койгонго өтүңүз. Ошондо сиз даана жеңиш даамын сезесиз.

8. Өзүңүздүн жан дүйнөңүздү гармонияга алып келиңиз. Ошондо сөгүнүүдөн арыласыз. Анткени андай адамды эч ким тең салмактан чыгара албайт.

9. Сөгүнүп келе жатканда эле ошол сөздөрдүн ордуна "тукумуң өскүр", "жолуң болгур", "чоң болуп кет, ылайым" деген сөздөрдү колдонгонго аракет кылыңыз.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(32)
12.06.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
men jaman sogunom da, korso paidasy da bar eken
12.06.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Сөгүнбөсө иш бүтпөйт.
18.06.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,Согунбой эле адамча жакшына суйлосон иш бутот эле... Просто адамда желания болуш керек согунбош учун...
12.06.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жыныстык органдарын кошуп суйлогондор толтура.Анда ошолордун баары жыныстык жактан оорушабы?))))Мен эч бир эркектин "эненди" деп сокконун уккан эмесмин.Каерде болбо уят создор мн согунушот!
13.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
-Sumitra-,Кандай эле?, эненди урайын, энендин паланына паланым,апандын паланы деген создорду вообще уккан эмессинби? Андай создорду ар бир адам айтат... Мушташып кеткен балдардыбы,кыздардыбы уксан,мен эч согунбойм деген аппак адамдар деле ушул создорду айтып согунот...)
12.06.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
эн жакшы маалымат жыныс органдарын кошуп согунсо куйоосу конул калып кетет дегени чын окшойт куйоомон ушунчалык конулум калган коргону козум жок согуно бергени учун
12.06.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Согунуу мага ото терс энергия берет.Психологиям булганып,жабыркап калгандай болом.
Согунууну адат кылгандарга бул жонокой эле соз болушу мумкун,бирок мындай создорду колдонбогондор (кобунчо аялдар,жаш балдар) учун ото терс маанайды тушуруучу соз деп билем.
12.06.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХ согунгондун атасын таанытышат. Эки создун ортосуна уят создорду кошуп суйлобосо даамы чыкпачудай))).
Модератор admin_portal түзөттү 2017-06-13 17:06:00
13.06.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikera1992, aibars, meni_kut, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
12.06.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Менден да кээде чыгып кетет конфет сөздөр,бай болгур дегенге алмашсам окшойт.Айткылачы сөгүнгөн да ыр барбы,биринчи жолу угушум.
12.06.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nevestkaa,бегиштин ыры барго кызына арналган,бирок бегиш аны мен ырдаган емесмин деген хй билеби
12.06.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай энен ай энен деген ыр барго Султандыкы
12.06.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жолдошум согунуп баштаса ушунчалык жашоомо нараазы болуп кетем. Ушу менен кантип жашап журом деп.
12.06.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошондо Таластыктар жыныстык жактан оорушабы?.
12.06.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
voennyi88,Оштук, Баткендик, Көлдүк, Чүйлүк,Нарындык, Жалалабддык жана планетадагы бардык адамдарай эле Таласта дагы сизге окшоп жыныстык оорулар менен ооругандар бар, бузукум)))
12.06.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ото жаман кором согунгон сапатты. Сый жоголот ал адамга.
12.06.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аскер адамдары коп согунот дегенге кошулбайм менин суйгонум коп жылдардан бери бери чек ара кызматында иштейт солдаттар менен бир жолу да согунгонун уккан эмесмин даже элементарный Энен деген созду колдонбойт
13.06.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Aidani,суйгонун азамат экен бирок эрин болгондо анан билинет чыныгы жузу...
13.06.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
согунушпой эле жашаганга не жетсин!мен согунбогондор катарына кирем.
13.06.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Erika16,кыз башын менен сага эмне бар согунгону чырагым.
13.06.2017. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетим дебе жетим караңгыда жаман болот жетим дегендер да бар.
13.06.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да согуно берем .согунбойун деп озуму башкарганга аракет кылам жыйынтык жакшы болот экен
14.06.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адепсиз адам көп сөгүнөт,адебиңди жашыңдан сакта деп бекер айткан эмес да.
15.06.2017. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жугуштуу дегени чынго)))
15.06.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул эле калды эле озу талкуу кылбаган
18.06.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulum88,Албетте талкуулаш керек,анткени соз согунуу эмес адамдын психикалык онугуусу жонундо болуп жатат... Создун маанисин байкаштырсан.
16.06.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча куйосу жубайын сокбош керек эч убакта.мен келечекте балдарымды ушуга уйротом...
16.06.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astra93 tuura aitasyz balaga bashynan tuura tarbiya berish kerek.
17.06.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ме да жолдошумду мышыкты пыш дебеген адам де ойлочумун суйлошуп жургондо азыр эми чыныгы жузун коруп жатам ага бир эже бар эле толко жетим деп суйлочу баарына балдарына да ошол отуп кети балдары жетим калды тооба кылдым ошондой согунуунун ордуна Субхон Аллах Аллахамдулилах деш керек
24.07.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aysuluu90, кудай сактасын ушундайдан. Ал эженин балдарына убал. Оозду ондош керек. Туура сүйлөө үчүн ойду түздөө зарыл.
29.12.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошум согунот,жаны келин болуп келгенде кайнатам кайненемдин алдында согунгондо тан калгам. Азыр кичине онолуп баратат согунгонду таштап.
08.06.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектин ар бир оозунан чыккан сөгүнгөн сөзү үчүн акыретте анын энесинин бетине жугунду төгүлүп турат экен....Аллахым эч бир пенденин бетине жугунду чачтыра көрбө...Сөгүнгөн эркек жашоосундагы эң жакын адамдарын сөгүп жүрүп бир күн жоготуп алышын билбейт да.Сөгө берем каякка кетет эле деп оозго алгыс уят сөздөр менен сомго берет.Ошол сөгүнгөнү үчүн өкүнөөр бекен э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо