№762 9-15-июнь, 2017-ж.
Ырчы Чолпонай менен продюсери Эрнест Уметалиев бала кезден чогуу ырдашып, кийин эс тартканы кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш кошушканы маалым. Чыгармачылык табыштырган үй-бүлөдө наристе жыты буркурап, ымыркайдын ыңаалаганы жаңырды. Чолпонай 2-июнда борбордогу төрөтканалардын биринде кызын жарыкка алып келди. 6-июнь күнү эне-бала үйүнө чыгып келишти. Наристеге чоң энеси, "Ак шоола" балдар хорунун көркөм жетекчиси Гүлмира Эсенгулова Лиана деген ысым ыйгарды. Ата болгонуна ишене албай турган Эрнест: "Ата болуу бир башкача, денени калтырак, толкундоо баскан сезим экен. Мен эмдигиче ишене албай жатам. Кыз экенин УЗИден эле билгенбиз, ошондуктан кызымды чыдамсыздык менен күттүм эле",- дейт. Лиананын өмүрү узун, ден соолугу бекем болушун тилейбиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Алар уже бир бутун уй-булоо болушканго?..
А так Лиананын омуру узун болсун!
Кызынар акыл эстуу кыздардан болуп чонойсун.
Жылдын башына заманбап той берип.
Булардын баш кошкондорун билбегендерге тема кызыктай болот экен.