ЖАЙКЫ СУНУШ: СЕРГИТҮҮЧҮ СУУСУНДУКТАР

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

Жайкы ысыкта организмден тер аркылуу суу көп бөлүнүп чыккандыктан, адам аябай чаңкайт. Мындай учурда көпчүлүгүбүз лимонад же болбосо ар кандай газдалган суусундуктарды сатып алып ичебиз. Эгер сиз үй шартында таза жемиштерден суусунду кандыруучу суусундуктарды жасап ичсеңиз, организмиңизге да, капчыгыңызга да пайда келтирген болосуз.

МОХИТО


Керектелүүчү азыктар:

Лайм – 2 даана (100 сом)
Кумшекер – 4-5 аш кашык (5 сом)
Газдалган суу – 1 литр (20 сом)
Жалбыз – 20 грамм (10 сом)
Жалпы чыгым – 135 сом

Даярдоо ыкмасы:

  • Лаймды жууп, кабыгын аарчып, 4кө бөлүп, кумурага ширесин сыгабыз.
  • Үстүнө кумшекерди, лаймдын кабыгын, жалбызды жана музду салып, газдалган сууну куябыз. Жакшылап аралаштырып, 30 мүнөттөй муздаткычка сала турсак, мохито даамына чыгат. Куюп берерде бокалга муздан салып, жалбыз менен кооздоп коёбуз.

Мохито тамак-аштын сиңүүсүн, дем алуу системинин иштешин жакшыртып, мыкты маанай тартуулайт. Ресторандарда, барларда бул суусундукка ак шарап, ром кошуп алкоголдук түрүн көп даярдашат.

ЛИМОН ЛИМОНАДЫ



Керектелүүчү азыктар:

Минералдык суу – 1 литр (20 сом)
Бал – 3 аш кашык (15 сом)
Лимон – 2 даана (30 сом)
Жалбыз – 10 грамм (5 сом)
Жалпы чыгым – 70 сом

Даярдоо ыкмасы:

  • Лимондун ширесин сыгып алып, ага балды кошуп аралаштырабыз.
  • Буга муздак минералдык суу (газдалганы да, газдалбаганы да боло берет), жалбыз жалбырагын жана муз кошуп аралаштырабыз. Лимонадыбыз даяр. Бокалдын четин лимондун кесими, жалбыз менен кооздоп койсоңуз болот.

Бул суусундук организмди С витамини менен камсыздап, иммунитетти бекемдейт. Табитиңизге жараша бул лимонадга апельсин, лайм, кулпунай, киви ширелерин да кошсоңуз болот.

МОРС

Керектелүүчү азыктар:

Малина – 200 грамм (25 сом)
Кумшекер же бал – 3 аш кашык (15 сом)
Суу – 1 литр
Жалпы чыгым – 40 сом

Даярдоо ыкмасы:

  • Мискейге сууну куюп, отко коёбуз. Кайнап чыкканда жуулган малинаны салабыз.
  • Жай отто 5 мүнөттөй кайнатып, муздагандан кийин сүзгүчтөн өткөрөбүз да, балды салып аралаштырып, муздаткычка салып коёбуз.

Морс адамдын суусунун кандырып, сергитет жана иммунитетти бекемдеп, вирустардан коргойт. Малинанын ордуна кулпунай, карагат, кызыл карагат, алча, өрүктү колдонууга болот.

КУЛПУНАЙДАН СМУЗИ



Керектелүүчү азыктар:

Сүт – 1 литр (35 сом)
Кулпунай – 500 грамм (25 сом)
Кумшекер – 3 аш кашык (3 сом)
Балмуздак – 100 грамм (15 сом)
Жалпы чыгым – 78 сом

Даярдоо ыкмасы:

  • Кулпунайды жууп, тазалап, блендерге салабыз. Үстүнө бышырылып, анан муздатылган сүттү (ал эми пастеризацияланган сүттү ошол бойдон) куюп, балмуздак менен кумшекерди салып 6 секунд аралаштырабыз. Смузи даяр. Бокалга куюп, четин кулпунай менен кооздоп дасторконго берсеңиз болот.

Витаминге бай смузи энергия тартуулап, кан тамырлардын серпилгич болушун шарттайт, эрте картаюунун алдын алат. Смузи помидор, бадыраң сыяктуу жашылчалардан да жасалат. Сүттүн ордуна айран кошууга болот.

ВИТАМИНДҮҮ КӨК ЧАЙ



Керектелүүчү азыктар:

Кургак көк чай
– 1 чай кашык (2 сом)
Бал – 4 аш кашык (20 сом)
Апельсин – 1 даана (35 сом)
Жалбыз – 10 грамм (5 сом)
Суу – 1 литр
Жалпы чыгым – 62 сом

Даярдоо ыкмасы:

  • Көк чайды демдеп, жылуулугу бөлмө температурасындай болгондо, чамасын сүзүп алабыз. Андан соң чайга балды, апельсиндин ширесин кошуп аралаштырып, муздаткычка салып коёбуз.
  • Муздагандан кийин бокалга куюп, жалбыз жана музду салып иче берсеңиз болот.

Көк чай суусунду кандыргандан сырткары, тери жана сулуулук үчүн керек болгон антиоксиданттарга бай.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(7)
12.06.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасап коруш керек экен
12.06.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалбыздын орусчасы кандай аталат
12.06.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuke9292, маани-маңызы окшош текстти кайталап жаза берүудөн алыс болуңуз. Жалбыздын орусчасы - мята.
15.06.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke9292,
Мята
13.06.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаүшы кеңештер экен.
14.06.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер экен мага жакты кенешинерге рахмат.
14.06.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен лимонадды жасадым, даамдуу болот экен аябай. Болду эми көчөдөн сатып ичпейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо